"Чөнтөк кеңеш" качан
жөнтөк кеңеш болот?
Эсиңиздерде болсо, 2008-жылдын 5-октябрында Кыргызстандын бардык айыл, район, шаарларында жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүп, ала байрактар ар жерге илинип, кашык, чөмүчтүн баары май болгон. Ошол кездеги бийликтин майдачылдыгын ушундан билгиле, тээ алыскы айылдардын кеңешине чейин Акүйдөн талапкерлер тандалып алынган. Ашкере административдик ресурсту колдонуу өңчөй бийликчил, акчалуу адамдарды колдоо айрыкча Ош менен Бишкектин шаардык кеңештеринде болуп, андан да оппозициялык маанайдагы партиялардын өкүлдөрү өгөйлөнүп, кала беришкен.
Ооба, ошол шайлоо убагында, Бишкек шаары союз учурундагы "1-май" майрамындай шаңга бөлөнүп көчөлөр түстүү жарнамаларга толуп, ар бир бош калган аянтча эстрада ырчыларынын бекер концерттик сахналарына айланган. Айтайын дегеним, шаардыктардын алдына чыгып, "тилдери менен попкорн куурган" ошондогу талапкерлердин далайы шаардык кеңештин бакыйган депутаттары болгону менен, тырмактын учундай эмгек өтөшкөн жок. Көрсө, алардын баары эле эптеп бийлик бутагына илинип шаардагы өздөрүнүн бизнестерин ар кандай текшерүүчүлөр менен көзөмөлдөөчүлөрдөн коргоп калуунун аракети болгон тура. Башкасын билбейм,бирок биз №31-Гагарин шайлоо округунан шайланган Абдыкеев Нурбек, Аманкулов Марат, Докенов Эрнис, Стамкулов Кумарбек деген депутаттардын аталган округ боюнча жарытылуу иш кылганын алигиче көрө элекпиз. Айталы, аталган округдагы эң эле көп добуштуу Арчабешик жаңы конушунун маселелерин кол менен санап бүтө албайбыз. 40 миңге чукул түтүн эл жашаган бул чөлкөмдө бир дагы бала бакча жок, жогорку Чоңарык айылынан шаркырап агып келген сууну нукка салып бакчаларга киргизип берүүнү эч ким ойлоно элек. Орто жердеги атайын парк жана балабакча, спорт комплекс салынат деп аруу тилек менен сакталып коюлган 3 гектарга чукул бак аянтчасы акчалууларга карыштап сатылып кеткен, ички жолдоруна асфальт тургай тыңыраак шагыл төгүлбөй, жаздын келиши менен баткакка тыгылган унааларды көрөсүң. Алар "обещать" эткен Криваносов көчөсүнүн ремонт иштери кан буугандай токтоп турат. Ага кошумча бул чөлкөмдөгү жолбун иттердин көптүгү түнкүсүн колуңдагы баштыгыңды колдон талашат. Жашылдандырып, көрктөндүрүү боюнча эч бир аракет жасалган эмес. Кыскасы, азыр Арчабешик конушунун элдери күңдүн балдарынан бетер күн кечирип келишүүдө. Ал эми бизден шайланган шаар кеңешинин депутаттарынын буларды козгоп, демилге көтөрүп чыга турган түрлөрү жок. Өткөндө мэриянын алдынан "элдин кулу болом" деп аткан Марат Аманкулов аттуу жигит менен бет келдим. Крокадилдин терисинен ботинка кийип, үстүнө 300 доллардын тонун жамынып, колунда булгаары мээлей, кычыраган унаасынан чиренип түшүп келе жатат. Сынып кетчүдөй басып. Башын шилисине тартып, чалкалайт эле чалкалайт. Учурашмак тургай, маңдайынан чыксаң, киши катары теңер кебетеси жок. Аны карап туруп, "Атаңдын гана көрү, бир кезде Максим менен Наримандын алдында шыйпаңдап, экөөнүн чөнтөгүн толтуруп жүрүп депутаттыкка илинди эле, эми кимге айланчыктап аттың экенсиң" деп ойлондум да басып кеттим.
Бирок, абай салсак, азыр шаардык кеңештин депутаттарына шаар тургундарынын басымдуу көпчүлүгү нааразы. Көрсө, "чөнтөк кеңештин" депутаттары эч убакта элге жарытылуу жумуш жасап бере албаптыр... Кол көтөргөндөн башканы билбеген булардын, анда пайдасы канчалык? Балким кереги жоктур....
Жусуп ЧЕРИК




Нарындан жазган салам кат
21-февралда КР Президенти Роза Отунбаеванын Нарын областына болгон иш сапары башталды. Алгач эле Президент Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын "Кошой-Коргон" этнографиялык музейинде аксакалдар менен жолугушууда, жергилктүү калк Нарын шаарындагы эт комбинатынын иштерин кайрадан жаңыртууну өтүнүштү. Андан тышкары Роза Исаковна Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык юбилейине арналган автордук кечеге катышып, акынга куттук сөзүн айтты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы "Ой-Терскен" орто мектебинин бүтүрүүчүсү, 2010-жылы апрель коогалаңында каза болгон Канатбек Чыныбаевдин эстелигине гүл коюп эскерген Президент орто мектепке 6 компютер жана окуу куралдарын тапшырды.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жайгашкан Кубанычбек Кожошев атындагы балдарга билим берүү борборунда болгон Мамлекет башчысы борбордун педагогдорунун мүдөөсүн угуу менен балдардын талантына да күбө болду. Ушул эле күнү Роза Исаковна "Дордой" спорттук комплексинин күрөш жана бокс менен машыккан балдардын машыгууларын көрүп , спорт менен машыгуу улуттун денинин сак болушун шарттарына токтолду.
Эртеси, 22-февраль күнү Тайлак баатыр атындагы №2025 чегара кызматкерлери Президентти салтанаттуу тосуп алышты. Атамекенди коргоочулардын күнүнө карата 11 телевизор белек кылган Роза Исаковна, бул тармакта атайын кызмат орундары жетишсиз, ошондуктан 500 адамга жумуш орду ачылып, ал үчүн бюджеттен 90 млн. сом керек болорун айтып өттү. Нарын районунун Достук айылындагы жүндү кайра иштетип, кийизден жасалган улуттук буюмдарды чыгаруучу "Урмат Уз"кооперативинин иши менен толук таанышты. Айтмакчы, бул кооператив 2007-жылы Германиянын техникалык борборунун колдоосу менен ачылган.
Иш сапардын акырында Мамлекет башчысы Нарын областтык Күч структурасынын башчылары менен жолугушуп, коңшу мамлекеттердин ортосундагы такталбаган чегара маселесин тезинен ишке ашырбаса өлкөдө кооптуу кырдаал түзүлгөндүгү жана экстремизм, кылмыштуу жагдайлар тууралуу маселелер ортого алынды.




Шадиевге шаңк!
Кечээ шаарыбыздын чок ортосу болгон, мурунку Акүй, азыркы Жогорку Кеңеш тарапта свет "жалп" өчүп, чыдамы кеткен шаар тургундары Батыш РЭСине коңгуроо кагат. Коңгуроо барган менен диспетчерлер алышпайт. Оо, бир далай убакыттан кийин трубканын ары жагынан диспетчерлердин үнү чыгып, Ал жактан кызматкерлер "Сү-үф, дегенде күйүп калгыдай сыйкырчы белек!" дешип, бюрократтык жообун узатышып, ыңгырынып атып, "оңосок 2-3саатта оңойбуз, болбосо жок"-дешет. Ушундай жоопту уккан шаар тургундары биздин редакцияга чалып, "мына, баягы эле көрүнүш кайталанмай болду, Шадиев деле кыйратпайт го..." деп нааразы болгонунан, биз түз эле министрдин өзүнүн телефонун тердик. Жагдайды уккан Аскар мырза, баягы "2-3 саатта оңосок жарык берилет, оңобосок качан күйөөрү так белгисиз" деген бюрократ энерго-кызматкерлердин сөзүн жокко чыгарып, жарым саатка жетип-жетпей жарык "чачтыртты". Бийликтин сүрүнө баракелде деп айтуу менен бирге, Аскар мырзаны азамат!- демекчибиз. Министр деген ушундай болушу керек го ыя, кандай дейсинер?




Билем, бирок айтпайм...
"Ата- Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Чиркешович кечээги өткөн фракциянын жыйынында Өкмөт менен Роза Исаковна АКШ администрациясына, Пентагонго басым жасап, алардын заказдарынын жарымын Кыргызстанга берүүнү мажбур кылганын ыраазы боло айтты. Жыйында депутат дагы бир "кыңыр иштин" башын кылтыйтты. Анын айтымында, "КЗК" деген жабык акционердик коом 5 жылдан бери аталышын гана өзгөртүп, жалгыз өзү авиакаттамдарды күйүүчү май менен камсыз кылып, акциз салыгы менен кошумча салыгын (НДС) төлөбөстөн, жылына 10 млн. доллар акча таап жүргөнүн, бул жабык акционердик коомдун башчысы кайсы бир чиновниктин иниси экенин белгиледи. Бирок, кайсы чиновник, инисинин аты-жөнү ким экенин айтпай адатынча жашырды. Болгону, эгерде ушул ишканга кайрылып, заказынын жок дегенде жарымын мамлекетке өткөрүп бер деп сурансак, жарым млрд. сом акча таап, акчанын жок дегенде жүзүнчү бөлүгүн, т.а. 50 млн сомун мугалимдерге методикалык жардам катары бөлүп берсек, бир топ жардам болорун баса белгиледи. Балким, чиновниктин инисинин аты-жөнүн, бул сунушка макул болуп калар деген ойдо айтпаган чыгар, кантсе да каныккан саясатчы эмеспи...