Ысык-Көлдүн аккуусу Асел "Назик" бий тобунда чимирилип жүргөнүнө 5 жылдын жүзү болуптур. Мүнөзү токтоо, бирок ошол эле учурда шайырланганды да билет. Айрыкча куйкум тамашалары досторуна абдан жагат. Ал эми үйдө күйүмдүү кыз, үйдүн улуусу болгондуктан, эки бир тууганына камкордук көрөт.
Асел ЗАЙЫРКУЛ кызы, бийчи:
"Таарыныч сөз көп угам"
- Асел, үйдүн улуусу болгон кандай?
- Жоопкерчиликтүү. Менден кийин Нуржанат деген сиңдим, Эржан деген иним бар. Алардын сабагына, баскан-тургандарына камкордук көрүү, атам экөөбүздүн милдетибиз. Анткени, апам учурда Москвада иштейт. Апам мага ишенип алыста жүргөндөн кийин мен да улуунун милдетин так аткарганга аракет кылуудамын.
- Канчадасың?
- 1990-жылы туулгам. Буюрса 26-февралда 21 жашка чыгам. Мен Бишкек Гуманитардык университетинин чет тилдер факультетин аяктап жатам. Бизге төртүнчү курстан, анан быйыл мугалимдик тажрыйба топтоо үчүн мектептерге, колледждерге 2 ай практикага жолдомо беришти . Менин сүйүнүчүмө мени БГУнун өзүнө калтырышкан. Ошондо өзүмдөн улуу студенттерге сабак өтүп аттым. Студент балдар да ушул суроону көп беришчү. Мен бирок аларга "Кыздын жашын сурабайт" деп кутулчумун. Бир чети жооп бергенден уялсам, экинчи чети "Мени тоготпой койбосун" деген ой болчу.
- Жогорку окуу жайын бүтүп жатыпсың, өз кесибиң менен иштейин деген пландар барбы?
- Буюрса, өз кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүктөр чыгып атат. БГУда эки жыл катары менен 2айдан студенттерге сабак бергеним өзүнчө тажрыйба болсо, Вьетнам балдарына сабак бергеним өзүнчө тажрыйба болуп топтолду. Минтип айткан себебим, эки жыл катары менен каникул учурунда Москвага барып, апамдын жардамы аркылуу бири 11 жаштагы, бири 6 жаштагы вьетнамдыктардын кичинекей балдарына англисче үйрөтүп иштеп келгем. Мен балдарга абдан жакынмын же бөбөктөрүмдү өзүм көтөрүп баккангабы. Ошондуктан кичинекей балдарга сабак берген, студенттерге сабак бергенден эки эсе кызык сезилип атты мага. Окууну бүтөр менен өз кесибим менен алектенейин деп, "Айсик" деген Эл аралык программага жазылып койгом. Бул программа чет тилди билген жаштарга 110 мамлекетке иштөөгө шарт түзүп берет экен. Мамлекеттик экзамендерди тапшырып, дипломду жактап алсам, чет мамлекетке кетип иштеп келейин деп атам. Бирок, чет жерде биротоло калайын деген оюм жок. Англияга, Америкага, Кытайга керек болсо Индияга кетсем дагы баары бир Кыргызстанга эч бир шаар жетпесин билем.
- Сыртка чыкканда "Назикти" унутуп калбайсыңбы?
Жо-ок, кантип унутайын. Чынын айтканда бий аркылуу ушул деңгээлге өстүм да. Анткени, бий мени көп жаман нерседен алыстатты. Мисалы, кээ бир кыздар мен бийге келип, даярданып, тердеп-кургап жүргөндө, алар дискотекалап сайрандап жүрүштү дейли, а бирок алар андан эч кандай пайда таба алышкан жок. А мен бий аркылуу жамаат менен иштешкенди, адам менен баарлашканды, элге аралашканды, жоопкерчиликти үйрөндүм. Жакшы -жакшы белгилүү адамдар менен тааныш болдум дегендей. Андыктан мени бийлетип өз тобуна алган Назик эжени, "Назик" тобундагы кыздарды унутпайм эч качан. Ошондой эле учурдан пайдаланып, мага 5 жыл бою кеңешин айтып, колдоо көрсөтүп келген чет тил факультетинин деканынын орун басары Гүлайым Шимеевнага да ыраазычылыгымды билдирип кетет элем.
- Бийчилер дискотекага барабы?
- Калп айтпайын, мен 3- курста "золотая серединам" болуп, бүт группа дискотекага чогулушту. Ошондо мен топтогу кыздарды чакырып, баарыбыз Назик эжеден суранып атып, концерттен кийин дискотекага бардык. Эже өзү кошо барды. Барып алып же бийлесекчи. Уялып отурабыз. Анда Назик эже " Бийлейм деп келдиңер беле, бийлебейсиңерби?!" деп урушат. Бий аянтчага чыксак, ичип алышканбы, балдар тийишип коюшат. Аларды Назик эже жаман көзү менен карап, бизге болушуп кагып атса, таң калып карашат. Ошондон кийин баргыс болгонбуз, эже дагы "Экинчи дискотека деп көргүлө!" деп күлүп атат. Мындайча айтканда, биз ал жактагы музыка менен коошпой койдук. Же биринчи жолу барганга өзүбүздү ыңгайсыз сездикпи, билбейм.
- Анда өзүңөрдүн майрамдай турган "салтыңар" бардыр..?
- Биз баарыбыз тортту жакшы көрөбүз. Топто башкы группада беш кызбыз, Назик эже менен алтообуз. Эч ким бири-бирибизге, "Жүргүлө, кафе, дискотека, караоке, жаратылышка ж.б." деп сунуш киргизбейбиз. Бир нерсе болсо дароо эле "Торт алалы ээ?" деп калабыз дагы, студияга эле торт, сок көтөрүп келип, ортого коюп алып сүйлөшөбүз. Ошол учурда ар кандай талкуулар болот, жаңы идеялар жаралат. Кээде фантазиябыз ашып-ташып кеткенде Назик эже күлүп, "жетет, жетет, ушуну эле кыйраталычы. Силерди жөн койсо асманга чыгып кетесиңер. Айткандан кийин аткарыш керек да" деп күлүп калат. Ал эми майрам күндөрү бизде өзүнчө эс алмай деген жок. Дайым концерттерде болуп калабыз. Менин классташ, группалаштарым кээде туулган күндөрүнө чакырганда концерт, той, корпоративдик кечелердин айынан бара албай калам. Анын айынан дайыма таарыныч сөз угам.
- Досторуң сени кандай мүнөздөшөт?
- Мени "душа компании" деп жакшы көрүшөт. Өзүм токтоо жүргөнүм менен, тамашалап сүйлөгөндү жакшы көрөм. Ошондуктанбы "сен келбесең, кече көрксүз болуп калат" деп турушат. Алардын чакырган жерине канчалык аракет кылып барайын десем деле, болбой эле бир нерсеси чыгып калат дагы дайым кечигип барам.
- Клиптерге ырчылар менен чогуу даярданасыңарбы?
- Негизи, ыр менен бий айкалышып турушу үчүн бирге даярдануу зарыл. Ушунун айынан Назик эже ырчылар менен көп урушат. "Дискиңерди эле берип кетип калбай, машыгууга келгиле. Чогуу даярданалы, бир сценарий менен чогуу бийлейли" деп. Бирок, ырчыларыбыз жалкообу же убактылары тарбы, көпчүлүк учурда алардын ырын коюп алып өзүбүз эле даярданабыз. Мисалы, жакында Нурлан Насиптин ырына бийлеп чыктык, а өзүн концерт болгон күнү көрдүк. Бир курдай Султан Садыралиевди кошо бийлетебиз деп, сценарий ойлоп таап, сахнага чыгарсак, үйрөткөн бий кыймылдарын жасабай койсо болобу. Карасак, тимеле берилип ырдап атат. Бүткөндөн кийин өзү да "Ырыма берилип кетипмин" деп коёт. Кээ бир ырчылар ушундай берилип ырдап атышып, артында биз бар экенин деле унутуп коюшат.
- Өзүңөрдүн топто учурда эмне жаңылык?
- Мен билгенден бизде бийчилердин өздөрүнүн клиби жок. Биз буга чейин Бек Борбиев, Эрлан Андашев, Гүланда ж.б. ырчылардын ырына клипке түшүп жүрдүк. "Жалаң бийден турган клип неге болбосун?" дедик да жакында эле испан, индия, чыгыш ж.б. бийлерди "по-пури" кылып клип тарткан жатабыз. Ошондой эле "Назик" тобунун түзүлгөнүнүн 10 жылдыгына карата "Келгилечи, бийлейли!" деген чоң программадагы шоу-концерт тартуулайлы деп даярдыктарды эмитен баштадык. Март айынын аяк чендеринде айтылган концертке күбө боло аласыздар.
Мунавар МУНДУЗОВА