presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Нурайым АЗЫКБАЕВА, "Эне-Сай" тобунун жетекчиси:
"Атам Нурсултан Назарбаевдин сунушуна көнбөй койгон"
- Нурайым, алгач чыгармачылыгыңдагы жаңылыктардан кеп салсаң?
- Азыркы учурда "Эне-Сай" тобунун түзүлгөнүнүн жыйырма жылдыгына жана атамдын туулган күнүнө карата опера жана балет театрында чоң программадагы концерт берсекпи деген оюбуз бар. Ушул концертте атам официалдуу түрдө мага "Эне-Сайды" өткөрүп берет. Азыркы күндө концертке даярданып, чуркап жүрөбүз. "Эне-Сай" тобу үй-бүлөлүк ансамбль болгондуктан, топтун алдында мен да өзүмдүн жаңы стилдеги, жаштардан турган тобумду ачкам. Топтун курамында скрипкада ойногон Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттан тандалып алынган кыздар. Ал кыздардын скрипкада мыкты ойногонунан тышкары, тартип -тарбиясы да каралгандыктан, учурда тандалып алынган он кыздын ичинен үч-төрт эле кыз калды.
- "Эне-Сай" тобунун 23-февралда өтүүчү 20 жылдык отчёттук концертинде көрүүчүлөр кандай өзгөчөлүктөрдү көрө алышат?
- Бизде эстрадалык концерттер жалаң ыр менен башталып ыр менен бүтөт. Керек болсо, концерт берүү идеологиябыз да ошону менен чектелип калган.
Отчёттук концерттин эң биринчи өзгөчөлүгү, төрт жанрда өткөндүгүндө. Биринчиси - фольклор, экинчиси -классика, джаз , дүйнөлүк эстрада жана андан тышкары көп тилдеги ырлар жаңырат. Концерттин басымдуу бөлүгүндө музыкалык аспаптар ойнолот. Скрипка ансамблине эле он беш номердей берилген. Башка артисттер келип ырдабастан , жалаң гана биздин үй-бүлөнүн чыгармачылыгы тартууланат. Апам дагы "Эне-Сай" тобунун эң биринчи солисткасы болчу. Азыр ал киши да даярданып, ушунча жыл ырдабай жүрүп, эми кайра чыгып ырдаганы атат. Жыйынтыктап айтканда, концерттин өзгөчөлүгү бир убакытта бардык жанрда ойноо жана музыкалык аспап, дүйнөлүк классикалар көбүрөөк болот. Бирок, эстрада менен аралаш. Кызыктуу шоу көп коюлат десем жаңылышпайм.
- Апам демекчи, бир гезитке берген маегиңде "апамды алгач он сегиз жашымда көргөм",- дегениңди окуп алып: "апасы ушунча жыл бир басып келген эмеспи" деген ой келет экен?
- Негизи бул интервью такыр туура эмес берилип калган. Мен ал жерде "акыл сезимим келгиче, чоң апамдын колунда Нарында өскөм. Кийин, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык-интернатта окуганда, ата-энем менен аз көрүшчүмүн" дегем. "Он сегиз жашымда апамды көргөм" деген эмесмин. Журналист эже: "сенин ата-энең ажырашып кетип жарашпадыбы"деген мааниде суроо берип калды. Мени ушундай суроолор аябай таарынтат. Ошол суроону берген адамдын ойлогон ою ушунчалык тайыз да. Эмне себептен так ошону сурашат, биз чыгармачылык адам болгондон кийин, чыгармачылыгыбызды сурасын. Экинчиден, алар деген менин ата-энем, алардын жашоосун отуруп алып талкуулаганга акым жок. Ошол учурда апам дагы ооруканада жаткан убагы эле, маекти окуп алып жүрөгү ооруп, мага аябай таарынган. Ушул интервьюдан кийин, ал журналист эже менен көп келишпестиктер да болду. Бирок, ал эже: "Бул - деген шоубизнес да, эмне болбосун, бардыгы эле ушинтип жазышат" деп койгон. А бизде үй-бүлөдө башкача тарбия, айттыңбы, демек ошол сөзгө жооп беришиң керек. Эмне үчүн, мындай жазат (?) мен ал журналистке түшүнө алган жокмун.
- Акыркы убакта классикалык англисче ырларга да басым жасап жүрөсүң. Дегеле, жан дүйнөңө ырдоо жакынбы же аспапта ойнообу?
- Мен 3-4-классыман баштап эле кечинде Уитни Хьюстон, Мерай Керинин ырларын угуп жатып уктап калчумун. Музыканы укканда, жөн эле угулуп калбай ыргагы ички дүйнөңө, каныңа да сиңип бүтөт экен. Анан ырдап баштаганда өзүң эле ошол стилге түшө баштайсың. Башында ырдап кетериме анча ишенбегендиктен, ырга көп басым жасачу эмесмин. Кийинчерээк өзүмөн-өзүм эле ырга ыктай баштадым. Аспапта ойноп атканда деле ички дүйнөң ырдайт. Болгону колуң аспапта ойноп, ички обонуң аспап аркылуу сыртка башкача болуп чыгат. Азыр мен ырдап кеталарымды түшүндүм жана учурда көбүнчө кыргызча ырларга басым жасап атам.
Апам мага: "ырдын маанисин түшүнүп ырда. Ырдын сөзү менен обону бири-бирине шайкеш келгендей болушу керек" деп, эски сөздөрдү чечмелеп берип, ыр тандоодо жардам берет.
Аспаптар аркылуу музыкалык жактан сабаттуу адам болдум. Себеби, ыр менен чектелген адамдын ою тайыз болуп калат. Алыс кеткиси келген адам, дүйнөлүк классикадан кабардар болушу керек. Чынын айтканда, ырдоого караганда аспап ойноо аябай эле кыйын. Анткени, ырдоодо сенин аспабың -көмөкөйүң болуп, аны башкарып турган акылың, башың бир денеде турат. Бирок, ошол аспапты башкарып, ага жан киргизип, аны тарбиялап ойнотуу бул кыйыныраак. Бул жакта башың менен да иштеп, колуңду да машыктырышың керек. Ошондуктан, аспапка көбүрөөк убакыт бөлүүгө туура келет.
- Чет мамлекетке көп концерт берип жүрөсүңөр. Ал жакка койгон концерттин программасы менен Кыргызстанга койгон концерттин программасынын айырмасы барбы?
- Биз ал жакка такыр башка программа менен барабыз. Алар да калктын социалдык катмары боюнча бөлүнүшөт. Элчилик аркылуу баргангабы, айтор концерттерибиз элиталарга коюлуп калат. Алар жалаң фольклор менен джаз, классиканы угушат , искусствону баалап, абдан бийик көтөрүшөт. Эстрадага булар көп жакын эмес. Ошондуктан, биз аларга жай, тынч музыкаларды, жай джаздарды, фольклорду, классикалык музыкаларды коёбуз. Концерт бүткөндөн кийин көптөгөн сунуштар, чакырыктар түшөт. Кээ бирөө аспаптарыңды сат деп акча сунушташат. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев: "Келип, аспапта ойногонду биздин балдарга үйрөтпөйсүңбү, алдагы аспаптарды казактарга таандык кылбайсыңбы", - деп байлык сунуштап атамды Казакстанга чакырган. Бирок, атам: " бул эски аспаптарды биздин ата-бабаларыбыз жасап кеткен. Бул жөн эле аспаптар эмес, мунун ичинде кыргыз жаралгандан бери жуурулушкан нечен тарых, мурас, кыргыз жеринин жаратылышы жатат. Мен муну башка элге берип койсом, бабалардын арбагы уруп кетет. Экинчиден, мен өз элимдин патриотумун, мындай кадамга эч качан барбайм"деген. Бизге да атам дайыма: "эч качан өз элиңердин байлыгын башкага алмашпагыла, себеби ата-бабанын калтырган мурасынан өткөн байлык жок" деп көп айтат.
- Профессионал ырчылар эстрададагы ырчыларды көп сындашат. Эстрадага сенин мамилең кандай?
- Азыр консерваторияда сабак берген мугалимим Москвадагы дүйнөдөгү эң күчтүү консерваторияны кызыл диплом менен бүтүп келген. Ал киши канчалаган күчтүү скрипачтарды окутуп чыгарды. Бирок, аны азыр эч ким тааныбайт. Себеби, булар абдан таза, советтик тарбияны алышкан, керек болсо, кимге барып эмне айтышты да билбеген адамдар. Ошон-дуктан, мындай адамдардын эмгеги көзгө көрүнбөй эле калып атат. Айла жок, байкуштар өзүнө жакын оркестрга барат. Ал жакка бир жумада 2-3 жолу барып, суук залда оркестрда ойнойт да, айына 3.5 миң сом алып жүрө берет. Мен деле эки жыл иштедим, же оңдуурак концертте ойносоңчу. Кыргызстанда классикалык концерт коюлбай калган да. Классиканы көтөрсөк, маданиятыбыз көтөрүлмөк. Фольклор эч качан унутулбайт, анткени ал биздин каныбызда бар. Эстрада бул сахнага чыгуунун эң оңой жолу, ар кимдин колунан келет. Фонограмма менен ырдагандардын жандуу үнгө келгенде так фонограммадай эч кимиси ырдай албайт. Окуган музыкантка окубаган адамдын ырдап атканы дароо байкалып, үйрөтүлгөн обонду талкалап салгандай сезим калтырат. Профессионалдар ошондой жасалсма ырларды уккусу келбесе, анан сындашат да. Кээ бир ырчылар, үнүн жаздырганы барганда, аранжировщикти ала барат. Себеби, үнүн жазып атып да, түзүк ырдап бералышпайт. Аранжировщик жазып атып кайжери кандай ырдаларын билет. Анан ал барып: "эй, экинчи үндү ал, минт" деп айтып турат. Биздин кээ бир ырчылар 2-3 -үндү алганды да билбейт. Анан ошол жерин компьютер менен көтөрүп жасашат. Ыр жасалып бүткөндөн кийин, уккандар " а бул абдан жакшы ырдаптыр" деп калышат. Ал жерде музыканы жазып, нотага түшүрүп, кооздоп берген аранжировщиктин эмгеги айтылбай калып атпайбы. Ал эми башка мамлекеттерде , "эмгек сиңирген аранжировщик" деп наам берилет. Классик музыканттар да өмүр бою нота карап келип акыры эч нерсеге жетпей калып атса, кантип нааразы болушпасын.
Нурайым РЫСМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??