presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ЖК депутаты Карганбек САМАКОВ:
"Манасты" ордуна койгула!"
Өткөн сандарыбызда парламент депутаты Карганбек Самаковдун АКШнын президенти Барак Обама менен сыйтамакка отурууга чакыруу алып, аны менен кошо конгрессмен достору менен бир катар мамлекеттик маанилүү иштер боюнча сүйлөшкөнү жөнөп кеткенин жазганбыз. Эл өкүлүнүн иш сапарынын жыйынтыгын чогуу угалы...
- Карганбек Садыкович, АКШга болгон иш сапарыңыздан айтып берсеңиз?
- Өзүңөр билгендей, мен АКШдагы конгрессмен кесиптештеримдин атайын чакыруусу менен бардым. Ал жерде жыл сайын февраль айынын башында дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнүн спикерлери, премьер-министрлери, жазуучулар, саясатта, исскуство, илим жаатындагы төбөсү көрүнгөн өкүлдөрү менен бирге АКШнын президенти Барак Обама сый тамак үстүндө баарлашып, жыл ичиндеги маанилүү окуялардын күнгөй-тескейин талкуулашат. Мен Кыргызстандын атынан чакырылып, өзүмдүн 12 000 доллар каражатым менен катышып, көп маселелерди көтөрүп келдим. Баарлашуу учурунда АКШнын сенаторлору менен конгрессмендери Кыргызстандагы окуяларга чын дилден маани беришип, Орто Азиядагы биринчи парламенттик башкаруудагы республиканын чыныгы демократиялык жол менен өнүгүп кетишин тилек кылышты.
- Сиз көтөргөн маселелер кайсыл болду?
- Биринчиден, мен Нью-Йорк шаарындагы БУУнун башкы штабында болуп, ал жердеги маданият жана илим тармагын тескеген ЮНЕСКО уюмунун жетекчиси Филипп Криделко менен жолугуштум. Ага чейин ошол БУУнун башкы имаратынын залында 1994-жылы атайын уюмдун резалюциясы менен бекитилип коюлган Манас атабыздын эстелигинин чоо- жайын тастыктаган документтерди алдым. Ошондой эле 2003-жылкы ЮНЕСКОнун кыргыз "Манас" айтуучуларын "шедевр айтуучулар" деп каттаган документтерин чогулттум. Ошону менен жолугушуу учурунда Филипп Криделкого ошол колумда турган эки документте тең "Манас" Кыргызстандын атынан катталганын айтып, ага карабай эле БУУга "Манас" эпосунун кытайлардын атынан катталып калганы катачылык экенин түшүндүрдүм. Бул ишке албетте, ошол учурда Кыргызстанда иш жүргүзгөн ЮНЕСКОнун улуттук комиссиясынын да катышы бар. Эгер алар убагында коңгуроо кагып, тиешелүү жерлерге чуркап коюшканда мындай болмок эмес эле. Мен ЮНЕСКОнун жетекчилигине маселени кабыргасынан коюп, " "Манас "-кыргыздын кылымдап келе жаткан руханий асыл байлыгы. Ал эч кандай азчылыктардын эпосу катары коргоого муктаж эмес. Кыргызстан - эгемендүү, эркин мамлекет. Бул маселени Кыргызстандан, Кытайдан, БУУдан атайын биргелешкен комиссия түзүп, тезинен карап чыгалы, "Манасты" ордуна коёлу" дедим. Бул боюнча мен биздин парламенке да билдирүү менен чыгып, "Кыргызстандын атынан атайын кайрылуу жазып, Жогорку Кеңеш БУУга жөнөтөлү" деп айттым.
Экинчи менин жолугушуум, Улуттук демократиялык фонддун россиялык, евразиялык, Борбор Азиялык институттарынын жетекчилери, координаторлору менен болду. Бул жерде ошол демократиялык институттар менен Кыргызстандын байланышы, демократияны бекемдөөнүн жолдору талкууланып, көп жерден пикирибиз дал келди. Алар деле жаңы парламентаризмге өткөн Кыргызстандын келечеги, демократиялык өнүүгүнү камсыздоого карата өз жардамдары, кызматаштыктардын деңгээли боюнча жакшы пикирлерди айтышты. Биз эки жарым саат бою демократиянын биздеги орду тууралуу сөз кылдык.
Үчүнчүдөн, АКШнын мамлекеттик департаментинин жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздүм. Бул жерде болсо АКШнын мамлекеттик департаменти менен кыргыз бийлигинин өз ара карым-катнашын сөз кылдык. Мен бул жерде эки тараптын парламенттери расмий статус менен байланышта боло электигин, буга чейин жөн гана иш сапарлар болуп келгенин ачыктап, келечекте эки парламенттин иш-тажрыйба алмашуусун кеңейтүү сунушун бердим. Алар сунушту кубаттоо менен кабыл алышып, буюрса бул кызматташуу өз үзүрүн берерин айтышты.
Мындан кийин "Сорос" фондунун координатору менен жолугуп, Кыргызстандагы Орто Азия боюнча Америкалык Университетин өнүктүрүү, кампус куруу боюнча сунуштарды киргизди. Бул жаатта да жаңы жардам көрсөтүүлөр болмок болду.
Ошондой эле эң негизги жолугушуунун бири - бул Капитолийдин өзүндө конгрессмендер менен болуп өттү. Бул жерде мен учурдан пайдаланып, маселени ачык эле айтып, суроонун талуусун алдыларына койдум. Маселен, Америка башында турган НАТОго 45 мамлекет мүчө. Кыргызстан болсо аларга 46-мамлекети катары эле кызмат көрсөтүп келе жатат. "Себеби, силер эл аралык терроризмге, экстремизмге, наркотрафикке каршы кандай күрөшүп жатсаңар, биз дагы силердей салым кошуп, араңарда болуп жатабыз. Мына улуттук аэропортубузду берип келатабыз. Ошол "Манас" транзиттик борборунан ай сайын 13 миллион фунт жүк ташылып, 50 миң жүргүнчү жол жүрөт экен. Биз болсо ал эмне болгон жүк, кимдерди ташып жатабыз билбейбиз? Ачыктык жок. Биз алар менен бирге эле жабык болуп турабыз. Бизден учкан учактар Афганистанга барып атабы, Ирак мнен Иранга барып атабы, Пакистанга барып атабы белгисиз? Эгер АКШ эртең коалициялык күчтөрүн жаап, Кыргызстандан алып чыгып кетсе, бизге ошол ислам мамлекеттери кандай мамиледе болот? Согуш ачпайбы? Буга эч кепилдик жок. Анткени алардын номур биринчи душманы биздеги АКШнын авиабазасы болуп турат",-деп маселени кабыргасынан таштадым. Ошондой эле мен аларга "Урматтуу конгрессмендер, мына канча жылдан бери кызматташып келе жатам, силер деле бизге жан тартып келе жатасыңар. Эгер чындап эле жакшы ниетте болсоңор, чындап эле ибадат тамагына чогулуп, Кудайдан тилек кылган болсоңор, менин сунушумду кабыл алгыла. Мына мендеги айрым маалыматтар боюнча Пентагон бир суткада 2 миллиард АКШ долларына май куят экен. А биздин тышкы карызыбыз да 2 миллиард. Ошондуктан бир дем алыш күнү эртең менен Кудайга сыйынып, ынтымакта тамак ичели дагы, силер учактарыңарды учурбай, май куйган каражаттарыңарды биздин тышкы карызыбыздан куткарып койгула. Бул силердин чындап эле Орто Азиядагы биринчи парламенттик башкарууга, демократиялык башкарууга кадам койгон жакын өнөктөшүңөрдү колдогонуңардын далили болсун",-деп айттым. Антип айканымдын себеби, АКШнын Улуттук Конгрессинин чечимисиз сокур тыйын эч жакка жумшалбайт. Ошондой эле Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы, Азия Өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Валюта фонду дегендердин баарынын көзөмөл пакети АКШнын колунда. Алар бул маселени оңой эле чечип койсо болот.
Ошентип, бул иш сапарым ийгиликтүү болду десем болот. Жакшы жыйынтыктар алдыда.
-Акыркы жылдары кытайлар менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосунда Жетимтоо баштаган, Теңир тоонун кен-байлыктары боюнча сөз бүтпөй келет. Буга темир жол куруу дагы кошулду...
- Түшүндүм. Бул маселе боюнча "Атамекен" фракциясында жыйын өтүп жатканда Транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков билдирүү жасап, "Биз 268 километр темир жол куруш үчүн кытайларга 4 кенди сунуштадык. Ушул 4 кенди карап көрүп, каалаганыңарды алгыла да, бизге темир жолду куруп бергиле дедик",- деп айтты. Бул деген таптакыр акылга сыярлык иш эмес! Бул деген элдин кызыкчылыгы эмес! Бул сөз деген барып турган сокур саясат, алысты көрө албагандык! Биз ошол "арадай жерден чарадай" чыр чыгардым да Өкмөттүн бул сунушун тезинен артка кайруу боюнча аракеттеримди жасадык. Мен өзүм Нарындын кулуну катары жергемде кандай байлык бар жакшы билем. Айталы, Жетимтоо кыркаларында 11-14 миллиард тонна темир жатат. 645 миллиард куб мөңгү жатат. Ал жерде кызыл китепке киргизилген жаныбарлар жашайт. Фауна-флоранын баары ошол жерде жатат. Мына ошолордун баарын 2 миллиард долларлык жол үчүн талкалап, кытайларга салып бериш керекпи? Адистердин орто эсебинде Жетимтоо кыркаларында 3 триллион доллар баасында кен-байлыктар катылып турат. Ошондой эле кытайларга сунушталган Жумгалдагы Сандык кенинде 50 миллион тонна руда жатат. Бул деген орточо рыноктук баа менен алганда 100 миллиард доллардын кени. Ушул байлыктарды 2 миллиард үчүн кармата берүүнүн кажети барбы?
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ


P.S.Кийинки санда эл өкүлү кыргыз-кытай темир жол курулушу боюнча кызыктуу фактылар менен сунуштарды, Бишкек-Торугарт канжолунун табышмактуу тагдырын айтып берет.






кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??