presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Теңир-Тоо жергесине көңүл бурулчу кез келеби?
Татаал тоо климатынын шартында жарытып дыйканчылык кылынбаган, инфраструктура деген тармагында ит улуган, социалдык сферасы өлгөн, союз кезинде эле зоот завод-фабрикалар курулбаган мал киндиктүү Нарын жергеси үч бийликтин тушунда да тең каралбай келатканы эч кимге жашыруун эмес. А нарындыктардын көйгөйү айтыла берип Бишкек - Торугарт жолундай айрылып, тытылып, тамтыгы чыгып бүттү. Ошентсе да ал проблемаларды бүгүнкү бийликке дагы бир сапар эскертүүгө милдеттүүбүз.

Атамбаевге кулак кагыш…
Өткөн айда, өкмөт үйүндө премьер-министр Алмаз Атамбаев менен кыргыз тилдүү басылмалардын бейформал жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда журналисттердин жеке проблемасынан тартып, учурдагы бычак мизиндеги саясый-экономикалык абал, бийликтин кетирип жаткан одоно каталары, улут аралык мамилеге чейин ар түрдүү сөз, ачуу сындар айтылды.
Кеп кезеги мага да келип, премьер-министрге кайрылдым: "Алмаз Шаршенович, Бакиев бийлигинин күчөп турган кезинде бир ууч оппозиционерлерден бир ууч оппозициялык багытта иштеген газеталардын журналисттери гана интервью алчубуз. Ошондо Сиз баштаган оппозиция лидерлери маек берсе эле "Бакиев бийлиги өлкөнү тоноп бүттү. Бажыканада өлкөнүн бюджетин толтурчу коррупция көмүскөдө жүрөт. Энергетикадан энергобарондор миллиондогон долларларды кемирүүдө. Ширшовдордун орду - түрмөдө! Кытайдын оор жүк ташуучу унаалары төрүбүзгө чейин тепсеп келишет. Анткени алардын "крышасы" Акүйдө. А биздин айдоочулар Кытайдын чек арасындагы Топо аймагынан ары өтө албайбыз. Бакиев бийлиги качан Ат-Башы жергесине соода терминалын жана Торугарт бажыканасына тараза коёт? Таразанын жоктугунан Кытай автоунаалары Бишкек - Торугарт жолун талкалап бүтүштү. Теңир-Тоо жергесинин кен байлыктары, темири, алтыны бакиевдерге акча бере калып, мыйзамсыз иштеген шойкомдуу Кытай компанияларына берилбеши керек" - деген сөздөрдү көп кайталачу элеңиздер. Эсиңиздеби, Алмаз Шаршенович?
Эми өзүңүздөр мурда айтып келген, коррупция гүлдөгөн, экономикабыздын кыраркасы саналган бажыкана, салык, энергетика тармагында уурдамайларды токтотууда силердин колуңарды ким байлап атат? Бюджеттин дефицити 20 млрд сомдон ашты деп атасыңар. Ал дефицитти ушул жерден издебейсиздерби? Ширшов качып кетти дейсиздер, бирок аны менен бирге иштеп, бери дегенде 200-300 млн. долларды чогуу кымырган шылуундар ошол эле энергетика системасы, ошол эле "Түндүкэлектро" АКда иштеп жатышпайбы. А эмнеге буларга кылмыш иши козголбойт?
Нарын облусундагы көйгөйлөр да өзүнчө бир чоң тема. Катаал климаты бар Теңир-Тоодо 20 жылдан бери чечилбей келаткан социалдык-экономикалык маселелер бир тең дагы, эзели оңдолбогон Бишкек - Торугарт трассасы бир тең.
Торугарт бажыканасында жүк тартуучу тараза болбогондуктан Кытайдын автоунаалары унаанын өздүк салмагынан сырткары 60-70 тонна жүк ташып келишет. Ал эми Бишкек - Торугарт трассасы болгону 25 тонна жүк ташып өтүүгө ылайыкталып курулган. Кытайдын автоунааларынын кесепетинен жол талкаланып бүттү. Бишкекке эки сапар барып келген нарындык айдоочулар "ходовойун" кайра жасатууга мажбур. Тамтыгы чыккан кан жолдун аңгек-дөңгөгүндө машинанын поддонун, коробкасын талкалаганы канча. Жакшы жол тандайм деп каршы багытка сала коюп, кырсыкка учурагандар да көп. Булардын баары азыркы замандын шартында айдоочулар үчүн ашыкча чыгым. Тилекке каршы, алардын чыгымын Транспорт министри төлөп берген жок да.
Кайсы бийлик келбесин алар Нарынга барганында эң биринчи кезекте Бишкек - Торугарт жолун бүткөрүүгө убада берет. Бирок убадасын аткарбайт. Сиз дагы бүгүнкү бийликтин теңиртоолуктарга берген убадасынын аткарылышын көзөмөлгө алсаңыз" - деп агыман жарылдым.
Бир саамга абай салсам, премьер-министр ачуу сөздөрүмдүн керектүү жерлерин жазып аткан экен. Ичимен Алмаз байке намыстуу, сөзүнө турган киши эмеспи, айтылгандарды четинен аткарар деген ойго жетелендим…
Багы ачылбаган Бишкек-Торугарт кан жолу
Төшөлгөн асфальттын сапаты эл аралык трассанын негизги критерийлерине караандабаса дагы "эл аралык" статусу бар Бишкек - Торугарт кан жолунун 20 жылдан бери багы ачылбай койду. Бомба түшкөн согуш талаасы кейиптенип, асфальтынан аң-чөнөгү көп бул кан жол нарындыктар менен Кыргызстанга дембе-дем жардам берген эл аралык каржы донорлордун чечилбеген баш оорусу.
Транспорт министрлигин жыл сайын Кыргыз өкмөтүнүн ортомчулугу аркасында узундугу 539 километрди түзгөн Бишкек - Торугарт жолун реконструкциялоо, реабилитациялоо үчүн кимдер менен гана кредиттик жана гранттык келишимдерге кол койбоду десеңиз.
2005-жылы Бишкек - Торугарт техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоору даярдалып, Бакиев бийлиги ал долбоорду бетке кармап Ислам банкы, Азия Өнүктүрүү Банкы жана Жапан өлкөсүнө кайрылган. Биз билгенден Азия Өнүктүрүү Банкы аталган кан жолго 167 миллион доллар кредит, ал эми Жапан өкмөтү 5,5 миллион доллар грант эсебинен Кыргызстанга жол салуучу техниканын ар кандай түрүнөн 62 транспорт жардам берген. Ушул эле Жапан грантынын арты менен Кочкордо 1 асфальт заводу, 1 ташты майдалоочу заводу курулмак. Өткөн бийликтин ашкере түштүкчүл саясатынын аркасында Жапан техникаларынын көбү Төө-Ашуудан ары ооп кеткен. Азыр да бери келелек.
2007-2008-жылдары Бакиев бийлиги Бишкек-Торугарт жолунун курулушуна Кытай Республикасынын "Экспорт-Импорт Банкы" 200 млн. доллар, Ислам жана Азия Өнүктүрүү банктары биргелешип 85 млн. доллар бөлгөнү турат. Буюрса, Бишкек - Торугарт жолу толук оңдолот деп элди алдашкан. Булар элди далай жолу алдашты деңизчи, бирок бөлүнгөн акчалар кайда?!
Былтыр, 4-июнь күнү "Кабар" агенттигинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаев Долон ашуусунан баштап, Ат-Башынын кире беришиндеги Чар деген жерге чейин (Бишкек - Торугарт жолунун 272-365 километринин ортосундагы аралык) оңдоо иштери башталат деп пресс-конференция берген.
Бул участокко Ислам Өнүктүрүү Банкынан жеңилдетилген исламдык принциптер менен 16 млн. 950 миң доллар бөлүнсө керек эле.
Былтыр, апрелден кийин Транспорт министри Эркин Исаков, президент Роза Отунбаеваны коштоп Нарын жергесине барганында Бишкек - Торугарт жолу оңдолот деп кабатынан убада берген.
Натыйжада, жол оңдолбоду. Баягы эле таз кейпинде, талкаланган боюнча турат. Эгер Транспорт министрлиги жолдогу аңгектерге шагыл төгүп, анын үстүнөн топурак менен тегиздеп койгонун айтып жатышса, анда иштин өлгөнү да?!
10 КамАЗга жетпеген шагылды Долондон Чарга чейин төктүрүп, ага баланча миллион каражат кетти деген отчет беришсе, Бишкек - Торугарт жолу качан реконструкцияланып бүтөт? Деги эле ушул жолго акыркы 4-5 жылда бөлүнгөн Каржы донорлорунун акчасына Транспорт министрлиги отчет берчү күн болобу?
Себеби, "мына, быйыл оңдойбуз" деп донор банктардан миллиондогон кредит алганыбыз менен карызды төлөө маселесине келгенде, ар бир салык төлөөчү жараныбыздын чөнтөгүнөн "кумга, кулкунга сиңген" акчаларды төлөп жатканыбыз жалганбы?! Мисалы, өткөн жылы Транспорт министрлигинин бюджети 1 млрд. 300 сомду түзгөн. Анын 331,9 млн. сому мурда-кийин жолдорду оңдоо үчүн алынган кредитордук карыздарды төлөөгө кеткен.
4-февраль, 2011-жылы министр Эркин Исаков өзүнүн тармагындагы начальниктеринин 2010-жылды жыйынтыктаган отчетун укту. Отчеттун жүрүшүндө статс-катчы К.Мамаев өткөн жылы табигый кырсыктардын алдын алуу, кырсыктан куткаруу иштерине министрлик бюджетинин 42%ы (болжол менен 546 млн. сом) кетти десе, андан кийин сөз алган Экономика жана каржы башкармалыгынын начальниги М.Дыйканов Мамаев айткан иштерге болгону 95,8 млн. сом эле кетти дейт. Ортодогу жүз миллиондогон сом кайда? Андыктан, бүгүнкү Өкмөт Транспорт министрлигин тыкыр аудиттик жана жол адистиги боюнча эксперттердин текшерүүсүнөн өткөрүп, Бишкек - Торугарт жолунун курулушун көзөмөлгө алса.
Болбосо, былтыр Теңир-Тоонун ызгаарына карабай көтөрүлүп, агездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду баш кылып титиреткен нарындыктар көтөргөн орчундуу маселенин бири - Бишкек - Торугарт жолун тез арада оңдоо эле.
Тилекке каршы, былтыр Транспорт министрлигине республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнчү каражат бөлүнгөнү менен алар деле иш кылышпады. Эгер мындай көңүл бурбаган мамиле быйыл да уланчудай болсо, Бакиевди алып түшкөн нарындыктар азыркыларды деле алып түшөрү турулуу иш.
Жогоруда айтылгандардан сырткары, Атамбаев өкмөтү Ат-Башы районунун Кара-Коюн талаасына соода терминалын куруп, кытайлык оор жүк ташуучу жүктөрдү ошол терминалдан бери киргизбесе дурус болмок.
Эгер ал терминал курулса, биринчиден, булар оппозицияда жүргөн кезде элге берген убадаларына турмак. Экинчиден, соода терминалынын курулушу Нарын облусуна экономикалык жактан ири киреше алып келмек.
Үчүнчүдөн, соодагерлерден тартып айдоочу, жүк түшүргүчтөргө чейин канча жумушчу орун табылмак.

Семетей
ТАЛАС уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??