presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ташиевдин калпы кармалды
Коомдук биринчи канал менен "Азаттык" үналгысынын биргелешкен "Азаттык+" теледолбоору өлкөбүздөгү айрым аты таанымал адамдарды "Калп детекторунан" өткөрдү. Алгачкылардан болуп катышып, өзүнүн актыгын далилдейм деген "Атажурт" партиясынын лидери, Бакиев бийлигинин камчы чабарларынын бири Камчыбек Ташиевдин калпы чыгып, үйүнө үңүрөйгөн бойдон кайтыптыр. Алып баруучунун "7-апрелден кийин бакиевдердин бири менен байланышкансызбы?" деген суроосуна Камчыкебиз ишенимдүү түрдө "жок" деп жооп бергени менен, калп детекторунун кызыл жарыгы күйүп, бул жооп калп болгонун ашкереледи. Ошондой эле кийинки "Кызмат абалыңыздан пайдаланып жакындарыңызды кызматка койгонсузбу?" деген суроого берилген "жок" деген жооп дагы калп экени далилденди.
Кызыгы, 7-апрелден кийин айрым электрондук сайттардын бирине канкор президент Бакиевдин иниси Жаныш менен соргок уулу Максимдин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү чыгып, анда Максим "Сейчас вышли Акмат с Камчы, с Ташиевым, со мною встреча ищут на следующей неделе, говорят " Унас люди, все ест, давайте поддержите. Ну чтобы мы из деньгами поддержали" деген сөзүн баарыбыз укканбыз. Камчыбек Ташиев болсо муну караманча танып келген, "кыңыр иш кырк жылда..." деген ушул экен да?! ...

"Замандашка" амандашып...
Кечээ, парламенттин спикери Акматбек Келдибеков "Замандаш" партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновду кабыл алып, мамлекеттик иштер боюнча өзү пикир алышыптыр. Анын мындай кадамдарга барып жатканын айрымдар, алдыдагы президенттик шайлоого карата, алдына тарапташтардын тамырын тартуу деп болжолдошууда.
Эгер чындап эле ошондой болгон күндө, Муктар мырза эзели "атажуртчулар" менен биригип, бийликке жутунбашын ачык айтып коёлу. Анткени, ал эч качан бийликке жутунбастан эле, кыргыз элине орошон жардам берген, намыскөй жигит. Тигилерден айырмаланып ал эч бир бийликтин бутуна жыгылып, кошомат кылган эмес, булганган эмес...

Сабировдун "сааты" токтоп…
Алишер Сабиров деген экс-депутат бар эле. Кезинде депутаттыгынын аркасында эски "Турбазанын" жанына "Жибек Жолу" деген базар курганга жетишкен. Аялынабы, кыскасы бир аялга каттатып койгон экен. Анысы курулган менен курук бойдон турчу. Алишер мырза жаңы бийликтен күчтүү таяныч тапкан өңдөнөт. Анткени, учурда аталган "базарчигине" контейнерлерди коюп, соодагерлерди "ошол контейнерлерде гана соода кыласыңар" опузасын жүргүзүп атыптыр. Болгондо да контейнерлеринин ижара акысын олчойто коюп алып. Дегеле каягынан алып караба, баягы эле "карышкырлар" кайра жойломойго өтүштү. Демек, бул бийликтен деле жыргалчылык үмүт этүүгө болбой калды өңдөнөт.


"Кыргызтелекомго" кимдердин көзү кызарууда?
Кыргызстандагы кирешелүү тармактардын бири катары эсептелинген "Кыргызтелеком" мекемесине азырынча жаңы жетекчи дайындала элек. Бирок, имиштерге таянсак, "Атажурт" партиясы бул мекемеге өз адамдарын коюуга жандалбастап, учурда коалиция жетекчилерине катуу талап коюп жатышканын айтышууда. Буга удаа эле партиянын ичинде да бул орунга отуруну көздөгөндөр көбөйүп, ич ара кер-мур айтышуу, шайлоо убагында ким канча салым кошконун кайрадан "эсептешүү" башталыптыр. Бизге жеткен так эмес маалыматтар боюнча азырынча "Кыргызтелекомдун" жетекчилигин Садыр Жапаров, Жусуп Иманалиев жана Азиз Суракматовдор өз ара талашууда.
"Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" демекчи, алар канчалык талашпасын бул ишти партиянын "паханы" Камчыбек Ташиев гана чечерин билишсе экен...




Бабанов кымбатчылыкка каршы иш баштады
Өкмөт канчалык мамлекет үчүн аракет жасап, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын арзандатып жатканы менен азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кеткенине баарыбыз күбөбүз. Монополисттер менен алып сатарлардын мындай алешем аракети, ошондой эле сырттан алынып келүүчү азык-түлүктөрдүн бажы төлөмдөрүнүн өсүшү боюнча тынчсызданган 1-вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов дүйшөмбү күнү жумушчу жыйынын өткөрдү. Ал азык-түлүктүн баасынын тынымсыз өзгөрүшүнө карата айрым тармактардын эмгиче тиешелүү чараларды көрбөгөнүн айтып, "Мен азык-түлүк бааларынын стабилдүүлүгүн кармап туруу-Өкмөттүн бирден-бир милдети экенин айтып, мурдагы жыйында министрликтер менен ведомстволорго бир катар тапшырмаларды берген элем. Эмне үчүн алар толук аткарылган эмес?!",-деп айрымдарды жарга такады.
Андан ары ал азык-түлүктүн баасын арзандатуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү менен элдин кызыкчылыгын орундатууга мезгил келгенин билдирип, тиешелүү тармактарга жаңы милдеттерди койду. Айталы, Экономиканы жөнгө салуу министрлигине бир күндүн ичинде КРдин тиешелүү ведомство-министрликтери менен макулдашылып, иштелип чыккан Өкмөттүн сырттан келген азык-түлүк товарларынан мамлекеттик төлөмдөрдү алып салуу боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыгуу милдети тагылды. Бул жол учур талабы катары абдан маанилүү. Анткени, айрым жакынкы мамлекеттер импортко чыгарган азык-түлүктөрдүн баасын кымбаттатканы, ага кошумча мамлекеттик төлөмдөрдүн кошулушу азык-түлүктүн баасынын кескин кымбатташына алып келген эле. Буга удаа эле министрликке сырттан ун алып келүүчү адамдарга киргизилген ундун көлөмү боюнча чектерди алып салуу дагы тапшырылды.
Ошондой эле вице-премьер эртең жаз келип, айдап-себүү иштери башталарын эскертип, айыл чарба министрлигине үч күндүн ичинде республика боюнча канча жерге үрөн себилери, ага кандай даярдык бар экени, түшүмдү мол алуунун пайдалуу жолдорун массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка түшүндүрмө берүү боюнча иш планды иштеп чыгууну тапшырып өттү. Албетте, "жаздын камын кышта көр" демекчи, азыртадан жазгы талаа жумуштарына шайма-шай турууну уюштуруу Өкмөттүн иши эмеспи. Ошондой эле Монополияга каршы мамагенттикке, Өкмөттүн агроөнөр- жай жана жаратылыш ресурстарын колдонуу бөлүмүнө да таасын тапшырмалар жүктөлдү.
Муну менен катар Өмүрбек Бабанов обладминистрациялардын, райондор менен шаарлардын жетекчилерине айылчарба азык түлүктөрүнүн жарманкелерин жума сайын уюштурууну сунуш кылды. "Айыл чарба жарманкелери алдынала коомчулукка маалымдалып, элдер азык-түлүктөрдү болушунча арзан баада сатып алууга жетишилсин. Мында биз алып сатарлардан арылып, жергиликтүү дыйкан-фермерлердин түз сатуусуна көзөмөл кылабыз. Андыктан жарманкеде базардагыдан арзан азык-түлүктөр сатылат",-деген ал бул ишти уюштуруу үчүн 10 күн мөөнөт берди.
Ошентип, желкеден баскан кымбатчылыктан жакынкы арада кутулат окшоп калдык.



кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??