Cакалдуулап "төргө" өтүштү...
Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Каржы рыногуна көзөмөл жүргүзүү жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматы бар. Мамлекеттеги кыбыр эткен тыйынды сары эсепке салып, казынанын кириш-чыгышын эсептеп туруучу. Ошол жерге Акаев-Бакиев бийлигинде майлуу орундарды ээлеп, "акчаң болсо калтаңда, каалагандай талтаңда" болуп, кошоматчылык менен креслосун сактап келген Юруслан Тойчубеков деген аксакалды азыркы Өкмөт кайрадан отургузду. Мурда ал жерде катуу иштеп, "чачы түшкөнчө" мээнет кылган аксакал албетте, "Атажурт" партиясынын арты менен кайра ээрине минди.
Ошондой эле бул партиянын атынан мурдагы "акжолчу", Ажыбай Калмаматов колдон суурулган жаш кадрларды төбөсүнөн басып барып, "Кыргызпатент" кызматын ээлеп калды. Чынын айтканда, бул кызматка заманбап технологиянын тилин мыкты билип, илимий инновациялык багыттын шамалын алдынала сезген жаш кадрлар отурушу абзел эле. Бирок, коалицияга башы байланган Алмаз Шаршенович "атажуртучуларды" ашыккан жерине алпарбаска аргасы барбы?
Атаганат, "атажуртчулардын" напсиси ушуну менен эле тыйылып калса кана?... Омуроологон бойдон келишип, Ормон Шаршенов аттуу дагы бир аксакалды Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына отургузуп тынышты. Ар убак "мен легендарлуу парламентте депутат болгом" деп мактана калчу Ормон аксакал болсо мурда Акаев менен Бакиевдин шайлоо штабдарын жетектеп, далай добуш уурдоо "махинацияларынын" чиймесин чийген, коомчулуктун көзүнөн далдаа жүрүп, көп иш бүтүргөн мыкты бийликчил адис экени бизге маалым. Өткөн парламенттик шайлоо учурунда "Атажурт" партиясы так ушул Ормон Шаршеновичтин аркасы менен жеңишке жеткенин айтып келишет. Ошон үчүн аксакалга жогорку кызматты "уча" катары алдына тартып турушат. Ооба, барышса барышсын, ич күйдүлүк жок. Болгону, учурдагы Өкмөт ар бир сөзүндө жаш кадрларды мамлекеттик бийликке тартууну кыпчыганы менен, ишке келгенде убадаларына турган жок. Пайгамбар жашына келип, аксакал болуп, балдарынын чайын ичип отурчу кишилерди кайрадан бийлик сересине жетелөөнүн кереги бар беле? Же мындай адамдардын тызылдап чуркап, ийкемдүүлүк менен иш алпарарына ишеним барбы? Айтор, "баягы, байкемдин байкуш аялы" демекчи, кадр саясатында баягы эле "чөнтөк кадыр" саясаты орун алууда...

"Манастагы" коррупциянын тамыры кыркылды
АКШнын Кыргызстандагы "Манас" жүк ташуу борбору менен күйүүчү май сатуу боюнча келишимге кол коюлду. Буга КР Энергетика министри Аскарбек Шадиев жана АКШнын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Ларри Маммот Бишкектеги мамлекеттик "Манас" ишканасынын имаратында кол коюшту. Эгер бул келишимдин кол коюлган долбоорун Жогорку Кеңеш ратификациялап берсе, күйүүчү майдын баасы бычылып, андан соң Коргоо министрлиги менен да кол коюлуп, тастыкталат.
Мурда коррупциялык схемалар аркылуу аталган борборду күйүүчү май менен камсыздоо орун алып, орто жерден миллиарддаган сомдор мамлекеттик коррупционерлердин чөнтөгүн калыңдатып келген эле. "Биз бул келишимди ишке ашыруу менен жыл сайын 50 миллиондон ашык доллар мамлекеттин казынасына киреше түшүрө алабыз",-деп шаттанып туру, Шадиев мырза. Атаганат, андан да көп тапсак кана деп турбуз биз...

Бийлик парламентте, байлык президентте
Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн өзүн эмес, элди ойлогон айрым топтору өз чыгымдарын азайтып, мамлекеттик казынага аз да болсо жөлөк болуунун аракетин көрүп жатканын билип турубуз. Бирок, ошол эле убакта Президенттин иш башкармалыгында эч кандай реформа байкалбай, ансыз да тартыш бюджеттен эч уялбастан, ушул жылга 800 миллион сом сурап турганын кандай түшүнөбүз?
Айталы азыр, Президенттин иш тармагына караштуу ири чарбалар, анын ичинде "Аврора" пансионаты, "Ысыккөл" мейманкана комплекси, Мамлекеттик 2 резиденциянын конок үйлөрү, Ала-Арча жаратылыш паркы, спорттук бассейндери өзүн-өзү каржылап, олчойгон каражат тапканы менен, ал буга чейинки жол менен айрым адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатканын коомчулук көрүп турат. Айталы, №1-резиденцияда 12 мейманкана тибиндеги элитүйлөрдү айрым бийликтин эрке талтаңдары каалагандай тебелеп келсе, азыр аңгырап бош турат. Ошол эле убакта Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген чет конокторду баасы асманга жеткен мейманканаларга жайгаштырып отурат?! Буга кошумча ошол резиденциядагы жасалгасы, мүмкүнчүлүгү "Хаяттан" кем калбаган конференция залдарын Өкмөттүк структуралар өздөрү пайдаланышпай, мамлекеттик казынанын көп акчаларын менчик конференция залдарга төлөп келишет.
Мындан тышкары Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү болгон Кегети, Кыргоол, Кырчын мергенчилик коруктары, 54-асыл тукум жылкы заводу , Госплем станция, Госсорт участок, Нооруз лыжа базасы , 7-кичирайондогу спорт комплекси, Ош базарындагы "Суусамыр" рестораны сыяктуу чарбалардын жылдык чыгашасынан мурун кирешесин эсептеп, мамлекетке канча пайда алып келгенин эсептеген жан барбы?
Кыскасын айтканда, азыр Президент Роза Отунбаева өз репутациясына доо кетирбеши үчүн иш башкармалыкты тезинен реформалап, керек болсо бул чарбаларды Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент чогуу пайдалана тургандай абалга алып келүүгө аракет жасашы зарыл. Ансыз иш башкармалыктагы коррупция Президенттин башына тийген муш болору турган иш...

Коёналиевдин колу куушпу?
Кудум туулганда эле, Акүйдө көз жаргансып, акыркы 20 жылдан бери бийликтин ар кайсы майлуу да, маанилүү да кызматтарын аркалап, кайсы президент болбосун, чын дилинен кызмат кылган Турусбек Коёналиев деген бар. Азыркы Өкмөт башынын чукул тууганы дешет. Жакында Турусбек мырзанын ашкере "принципиалдуулугу" тууралуу бир имиш уктук. Айтсак, кримавторитет делген кыргыз патриоту Рысбектин атасы Абдымалик аксакалдын колундагы баасы 34 000 АКШ доллары турган асыл тукум айгырды, Кочкордун мурдагы акими Курманбек Байтереков экс-президент Курманбек Бакиевге тартуу кылуу үчүн 16 000 АКШ долларына сатып алат. Бирок, ал айткан акчанын болгону 2800 долларын гана төлөп, убагында калганын бербей, жетимиш төрт жаштагы карыга спортсмен балдарды жиберип коркутуптур.
Кийин Абдымалик аксакал сураштырса, анын айгыры көлдөгү 54-жылкы заводуна келип түшөт. Акчасын ала албай жүргөн аксакал баягы Байтереков төлөгөн 2800 долларды төлөп берип, айгырды кайтарып алайын десе, ишке Турусбек Коёналиев киришип, айгырды бербей келет. Көрсө, анын сыры акчада экен. Асыл тукум айгырдан тукум алып калууну каалагандар, заводдун директоруна 1000 доолар беришип, айгырды бээлерине коё беришээрин кеп кылышууда. Айтаарыбыз, Туке акчага кызыкпай, "ээси келсе, бээсин бер" демекчи, айгырды эртеби-кечпи ээсине бергени оң болор...