"үчүнчүдөн" үмүт кылгандарга
Мындан бир жарым ай мурун, тагыраагы парламентке өткөн партиялардын коалициясы куралбай турган чакта "Жаңы жылга Өкмөтсүз барабызбы?" деген ой толгоону жазып, ага удаа эле Кыргызстанда эгер мындай кырдаал созула берсе 3-революциянын болушу толук мүмкүн деген пикирлерди берген элек. Бирок, жаңы жылдын башынан тартып коалициялык өкмөттүн курамы бир топ алгылыктуу иштерди алып баруу менен саясый туруксуздуктун болуп кетишин төгүнгө чыгарды Буга себеп...


Ооба, Кыргызстан өткөн жылы болуп көрбөгөн азап-тозокторду башынан өткөрүп, өлкө көп жагынан айыккыз жараат алганы чындык. Үй-бүлөлүк бийликтин кысымы, кымбатчылык, анын артынан келген элдик төңкөрүш, качкан бийликтин элди бөлүп-жаруу аракеттери, Ош, Жалалабаттагы сепаратисттик күчтөрдүн мыкаачы аракеттери Кыргызстанга оңбогондой оор жоготууларды гана алып келбестен, эл аралык коомчулуктун көз карашына да көп ой жаратканы белгилүү болду. Бирок, кыргызда "чыгашасыз киреше болбойт" демекчи, негизгиси эл бүтүндүгүн сактап калды, коррупциялык, криминалдык бийликтин системасын кулатып, мамлекеттин алдыга жылышына эми башкача жолду-парламенттик башкарууну тандап, аны ишке ашыра алды. Парламенттик шайлоодон кийин коомчулукта ар түркүн нааразычылыктар жаралып, "парламентке эски жүздөр келди, олигархтар келди, эч нерсе өзгөрбөйт" сыягында чуулдагандар арбын элек. Бирок, өлкөнүн келечеги, жаңы Кыргызстан үчүн баштарын гана эмес, идеяларын бириктирген "Республика", "КСДП", "Атажурт" партиялары артта калган бир жарым айдын ичинде аз эмес жумуш аткаруу менен коомчулуктагы ар кандай ишенбестиктерди төгүнгө чыгарып келе жатат. Бирок, албетте, айрым кызматчылардын буга чейинки аткарган иштери, сүйлөгөн сөздөрү, репутациясы революциядан кийинки максаттарга шай келбегенин айтпай коюу болбостур. Антейин десең, эл деген бир эмес миң. Бир мамкызматкер жүз адамга жакпаганы менен 200 адамдын ишеничине ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан азыркы Өкмөт мүчөлөрү биринен сала бири сындалып, макталганынан "какталганы" көп болуп жатканы ошондон эмеспи. Ошенсе да, жаңы Өкмөттүн а деп баштаган аракеттерин алгылыктуу деп айтууга негиз бар.

1.Коалициялык Өкмөт өлкөнү абдан оор акыбалда кабыл алды. Алар тонолгон бюджет, аркасына кеткен айыл чарба, өрттөлгөн турак-жайлар, баасы асмандаган азык-түлүк, олчойгон ички, сырткы карыз, башаламан кадрдык саясат менен бет келишти. Ошондой эле азыркы бийликке биздин сырткы өнөктөш эсептелинген өлкөлөр да анчалык ишенбегендей түр менен мамиле жасап турушту. Жумушсуздук каптап, жакырчылык күн санап өсүп турган эле. Мындай маалда Өкмөттүн башына келип, кырдаалды турукташтырууга аракет жасоонун өзү эле эмне деген эрдик?

2. Мына, учурдагы Өкмөт экономикага жан киргизип, калктын социалдык маселелерин чечүүгө иш башынан киришкенин көрүп турабыз. Үстүбүздөгү жылдын бюджетин так эсептөөөлөр менен тез арада иштеп чыгып, коомчулуктун калыс сынынан өткөрүп, мурда көмүскөдө, коррупцияда жаткан бир канча мамлекеттик кошумча кирешелердин булагын таап чыгышты. Ошону менен бирге адегенде мугалимдер менен дарыгерлердин, андан кийин башка социалдык кызматкерлердин жашоо-шартын көтөрүүгө кылчактабай түз киришип отурушат. Мурдагы эки бийликтин жолоюна түшүп, көрүнгөн мамлекеттин чөнтөгүнө үмүт кылып отурбастан, ички мүмкүнчүлүктөрдү колдонуунун жолун ачышты. Коңшу мамлекеттер менен тең ата мамилеге өтүп, конкреттүү кызматташтыкка жетүүгө далалаттар жасалып, инвестициялардын кепилдик менен келишине шарттарды түзүүнү колго алды. Буга бир мисал, бир жарым айдын ичинде сырттан келген күйүүчү, майлоочу майлардын(ГСМ) 7 сом, 50 тыйынга чейин арзандашын ошол саясый илинчек издегендер эле көрбөй жатпаса, карапайым калк кадимкидей кубануу менен кабыл алганы турмуштук факт.

3.Муну менен катар азыркы Өкмөт экономикалык өнүгүү албетте, саясый стабилдүүлүккө көз каранды экендигин сезүү менен бирге Кыргызстандын тагдырына көңүл кош карабаган бардык саясый күчтөрдүн биримдигин түзүп, алардын кеп-кеңеши менен эсептешүүгө барып жатат. Ушул бир жарым айдын ичинде Президент менен Өкмөт башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы шайлоодо жеңилген партиялардын жетекчилеринин дээрлик бардыгы менен ийри отуруп, түз кеңешип көрүштү. Алардын коомчулукта жүргүзүп жаткан иштерине, жер-жерлерде өткөрүп жаткан курултайларына кийлигишкен жок. Ошол эле өтпөй калган партиялардын лидерлерине мамлекеттик кызматтарды сунуштап, ал партиялардагы айрым иш билги адамдарды кызматка коюшууда. Мурдагы бийлик учурунда антип кызмат сунуштап, ийри отуруп, түз сүйлөшмөк тургай, бийликке тең ата болуп жарышка чыккан күчтөрдү басып, сындырып коюуга кызматка отурган күндөн баштап киришип келгенин кантип айтпай коёбуз?

4.Учурдагы Өкмөт мамлекеттик башкарууга өз таасирин тийгизип, кош тизгиндин бирин ээлеп келе жаткан жашыруун күчтөргө, ачык айтканда криминалга каршы фронт ачты. Бул деген эчен жылдан берки тоңуп турган музду эритүү менен тең катар иш. Криминалдардын бийлик бутактарына чейин жеткенине, күч структуралары менен коюн-колтук алышканына, жада калса карапайым калктын терисин жамынып алганына карабай, бүгүн Өкмөт криминалитетке сокку урууну баштаганы, саясый эрктин бекемдиги эмей эмне?

5. Мурдагы өкмөттөрдөн айырмаланып, коалициялык өкмөт мамлекеттик кадамдардын бардыгы коомчулуктун көз алдында болуп турушу, бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди жаратарын алдын ала ойлонуп келди. Учурда парламенттеги талкуулар, Өкмөт жыйындары, жер-жерлерге болгон иш сапарлар бардыгы ММКлар аркылуу элге дароо жеткирилүүдө. Мурдагы бийлик учурунда премьер-министр, вице, спикер сыяктуу жогорку даражалуулардын журналисттер менен ай сайын жолугушуп турганы эсиңерде барбы?
Демек, биздин оюбузча, Өкмөттүн жаңы таштаган кадамдарында ич жылытаарлык аракеттер арбын болууда. Ошондуктан бүгүн "жумурткадан кыр издебей", аларга колдон келген көмөктү көрсөтүү менен чындыкты чындай айтып туруу оң болор.
Бирок, тилекке каршы, айрым саясый күчтөр, анын ичинде парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартып калгандар Өкмөттүн ар бир кадамынан кыйкым таап, "кумурсканы төөдөй кылып" көрсөтүү менен коомчулуктун башын айлантып, "булар болбой калды, Отунбаеванын уулу Максимден өтүп кетиптир, Бабанов орус нефтибарондору аркылуу байыганы калыптыр, Атамбаев Түркияга тигини сатат экен" сыяктуу суу кечпеген ушактарды таратып, 3-революцияга шыкактап жаткандар да аз эмес. Буга кошул-ташыл болуп, Жогорку Кеңештин айрым фракциялары, анын ичинен Акылбек Жапаров баш болгон каржы боюнча комитеттин башчылары да 2011-жылдын бюджетин кабыл алып бербей, кычаштык кылганына жол болсун. Бир караган кишиге бул албетте, профессионалдуулуктан мурун саясат ролун күчөтүп, атайылап Өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратуу максаты тургандай. Эгер алар каршыкканын койбой, Өкмөт мүчөлөрүнүн сокур тыйынына чейин эсептеп берген бюджетин кабыл албай тура берсе, анын арты айланып келип эле карапайым калкка сокку болорун алар түшүнүшпөйбү?! Айталы, эгер бюджет кабыл алынбаса, эртеңки айдап-себүүгө камынган дыйкандар Өкмөт тарабынан берилүүчү 9 пайыздык насыяны ала алышпай, талаа иштери үзгүлтүккө учурайт. Айталы, эгер бюджет кабыл алынбаса, эки айдан кийин мугалимдер кайрадан иш таштоого чыгып, "май айынан тартып айлык маянаны көтөрүү убадаңар кайда?!" деп сурак кылышы турган иш. Аларга Акылбек Жапаров кантип жооп берет? Же кайрадан ур-тепкиге калабы?
Болуптур, бардыгы алар айткандай болуп, эл кайрадан толкуп, 3-революцияга чыксын дейли, табаар пайдасы кайсы? Кайрадан Бишкекти талап-тонообу? Кайрадан Акүйдү, Көкүйдү өрттөөбү? Кайрадан бийлик бөлүшмөйбү? Кайрадан жер басып алуубу? Кайрадан саясый кырдаалды курчутуп, сепаратисттик күчтөрдүн "чырагына май тамызуубу?"Араң жерден туруп келеткан экономиканын белин биротоло бүктөп, социалдык абалды жер менен жексен кылуубу? Эгер ушул суроолорду айланып өтүп, Кыргызстанды максималдык тездик менен өнүктүрүп жибере турган күчтөр болсо, буга чейин кайда жүрүштү? Анда эмнеге ошол ойлорун элге жеткирип, шайлоодо жеңип чыга алышкан жок?
Кыскасын айтканда, 3-революциядан үмүт кылгандар чоң жаңылышат. Себеби, ага негиз жок. Негизсиз жерден саясый төңкөрүш жасап, мамлекетти өз колуна алгысы келгендердин максаты эзели ишке ашкан эмес, кыргыздын тарыхында. Бардык нерсенин өз учуру болот, азыр революция жасай турган учур эмес, азыр иштей турган, бириге турган, үн кошо турган учур.
Жусуп ЧЕРИК