presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Z Fashion"-
сулуулук сырын үйрөтөт!
Биздин коомдо сулуулук жаратуучуларынын орду өтө чоң. Дизайнер болобу, стилист болобу, визажист болобу, кыскасы, адамзатка сулуулук тартуулап келаткан чеберлердин өнөрүн элге тартуулап, көрсөткөн модель кыздар болот эмеспи. Андыктан модель сулуулуктун бардык талаптарына жооп бериши керек. Ошондуктан, белгилүү стилист жана имиджмейкер Замира Молдошева өзү жетекчилик кылган "Z Fashion" сулуулук жана моделдик агенттигинде көптөгөн кыздарды баскан-тургандан тартып, өзүн айлана-чөйрөдө кантип алып жүрүүнү, боёнгонду, кийингенди, сүрөткө түшкөндү, бийлегенди ж.б. окутуп келет. А биз "Z Fashion" агенттигинде сабак алып жаткан, алып бүткөн кыздар менен окурмандарды четинен тааныштыра бермекчибиз. Бүгүн окурмандарды Айтурган Исраилова менен тааныштырмакчыбыз.


- Айтурган Бишкек шаарында төрөлүп, өскөн. Учурда 11-класста окуйт. Төрт бир туугандын улуусу. Бир иниси, эгиз сиңдилери бар. Атасы орган кызматкери, апасы психолог болуп иштейт. Ата-энеси иштен келгиче "Золушка" болуп үй жыйнап, тамак жасап коёт. "Үй күчүк" болуп отура бербей, эс ала да билет. Анда-санда мектеп администрациясы уюштурган дискотекаларга барып турат. Спортту сүйөт. 6-классынан баштап баскетбол ойнойт.
-Өзүнө жакпаган сапаты- уйкучу, жаккан сапаты-калыстыгы. Келечекте кара кылды как жарган калыс юрист болгусу келет. Ал эми моделдик ишмердиги- хоббиси катары кала бермекчи. Андыктан, эки кесипти бирдей алып кеткенге аракет кылам -деген кыялы бар.
- "Жаштыктын өзү сулуулук" -деп, жумушунан тышкары убакта боёнбойт. Бетин дайыма муздак сууга жууйт.
- Айтурган жаштардын табитин тапкан "Тамашоу" лигасына да "Саяктар"командасы менен катышып жүрөт.
- Моделдик бизнесте 8-класстан бери келатат. Алгач "East models" моделдик агенттигинде 3 ай тарбия алган. "Красавица Кыргызстана" деген сулуулук конкурска 18 жаштан 25 жашка чейинки кыздарга сынак жарыяланганда Айтургандын боюнун узундугу жардамга келип, 15 жаш курагында талапкер болуп өтүп кеткен. Тилекке каршы конкурс, белгисиз себептер менен өтпөй калган. Ошол учурда даярдыкка барып жүргөн Айтурган дизайнер- модельер Замира Молдошева менен таанышат. Замира айым аларга "визаждан" сабак берчү. Өзүнүн "Z-Fashion" агенттигине кызматташууга чакырган Замира айымдын сунушунан соң Айтурган бул агенттик менен ушул убакка чейин тыгыз байланышып келет.
- Моделдик бизнес -бизнес деген сөз менен коштолгону менен, Кыргызстандын моделдери ири суммага маарыша элек. Айтурган алгачкы тапкан акчасын эч унутпайт. Ырчы Б. Бадыеванын бир ырынын бетачарында конокторду сүйкүмдүү жүзү менен тосуп, төргө өткөргөнү үчүн алган акысы 2000 сом болгон. Тапкан акчасын Айтурган апасына берет. Анткени, ата-энеси ага андан он эсе көп акча коротушарын айтат. Кызынын ийгилиги үчүн апасы тикесинен тик туруп, кайда барса жанында жүрөт.




 [ Акчөлмөк ]

Кундуздун "Санаты"
Саламат Садыкованын тун кызы Кундуз журналистика чөйрөсүндө эмгектенерин баарыбыз эле билип калдык көрүнөт. Кундуз айым көптөн берки кыялын ишке ашырып, www.sanatkg.com деген кыргыздын жыты өрдөгөн жаңы сайт ачты. Сайт десе эле "Оо-уу, канча каражат кетти, демөөрчүсү ким?" дей саларыбыз бышык. Бирок, азырынча Кундуз өзүнүн акчасын сарптап, жалгыз иштөөдө. Кызматташууну каалаган студенттер арасында кастинг жарыяланган. "Интернет аркылуу кыргыздын маданиятын, турмушун чагылдыргым келет" деген Кундуздун сайтынан маалыматтардан тышкары фотогалерея, музыка, видео бөлүмдөрүн таба аласыз.


Назира автоунаалуу болду!
14-февраль- Сүйүшкөндөр күнүндө алып баруучу Назира Айтбекова өзү айтмакчы, жанынын жарымы "Honda-CRV" автоунаасын белекке берген. Мындай кубанычын биз менен бөлүшкөн Назира айым, жакында "Замана" студиясында алып баруучулук ишин улантарын да билдирди. Эмне дейбиз, унааңыздын алдында зуулдап шамал ойноп, дайым ишиңизде ийгилик боло берсин!


"Фабрика звезд" Кыргызстанда...
Жакында Коомдук биринчи каналдан орустардын "Фабрика звезд" берүүсүнүн "көчүрмөсүн" көрө аласыздар. Кыргыздын таланттарын таптап чыгарчу теледолбоорду продюсер Динара Эсенгулова жетектесе, даярдап эфирге алып чыкчулар көлдүк "ага-инилер" Юрий Бобков менен Тынчтыкбек Кожобеков.


Сахнада "Кардиохит" болду!
Кечээ сүйүүшкөндөр күнүндө Канат Култаев "Кардиохит" деп шоу өткөрүп, көп кишинин ээсин оодарды. Эки-экиден болуп ырдашкан ырчыларды, экиден келип ээрчишип көрүшкөн "жүрөктөштөр" "Булар да бизчилеп бири-бирин сүйөт окшойт ээ..?" дешип, эки анжы ойдо кетишти. Көрүп келгендерди ошондой ойго салган продюсерге да, ырчыларга да баракелде!


Абакта-сулуулар конкурсу
Аял -абакта да аял- демекчи, келе жаткан 8-март -Аялдардын майрамына карата Бишкектеги №2 түзөтүү мекемесинде сулуулар конкурсу 4-март күнү болгону турат. ЖАМК (Жазаларды аткаруу мамлекеттик күзөтүү) төрөгасы Байзаков баштаган бир топ, аттуу-баштуулар (арасында аял депутаттар да бар) аялдардын бул күнкү кубанычын тең бөлүшмөкчү. Ал эми чыгармачыл адамдар ыр белегин көтөрүп алып барышмакчы. Буюрса, андагы репортажга биздин "Лозунг" гезитинин окурмандары да күбө болушат.


Эльмира МАДИЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??