"Лозунг- сериал" сандан- санга

Токтош ТОЛКУНОВ

Арзуу аудиториясы
Ошентип, кыштын ызгарлуу кечинде филфактын 333- аудиториясында стундент кыз менен агайы экөө гана маңдай-тескей, жалгыз отурушту. Агайы улам саатын карап, терезени ойлуу тиктеп үнсүз. Маңдайындагы кызды таптакыр эле карагысы келбеген сыяктуу башка жактарды тиктеп, анан кайра үнүн олуттуу чыгарып, суроосун кайталайт.
- Качкынбекова жооп бересиңби же жокпу?
Кыз болсо колундагы дептерин шытыратып, жер карайт. Демейде, зал менен толтура болуп шарактап жүргөн бул бой-мүчөсү келишкен 3-курстун студенткасы ушул агайдын алдына келгенде таптакыр эле чүнчүп калды. Анткени, күнөө өзүндө. Университетке жарым карыш жайгашкан жатаканада жашаганы менен, акыркы күндөрү сабакка таптакыр эле көңүлү чаппай, негедир жалкоолук мойнуна минген. "Сессияда айрым агайларга анча-мынча акча берип, каалаган бааны койдуруп алам" деген сокур ишенимден чыга албай, анын үстүнө жана "Орифлейм" дегендин жумушу дагы окуудан биротоло алаксытып салган. Анткени менен ал акыркы күндөрү колуна толтура акча кармап, анан өзү иштеген косметикалык фирманын каражаттарын да өзүнө кенен-чонон колдонуп, ого бетер көркүнө чыгып калган. "Кызылы кызыл, агы ак" болуп, чырайына чыкканы артынан ээрчип, СМСтерди "эзген" жигиттердин да саны арбып, кино менен кафеге чакыруулардан башы айланып бараткан. Бирок, ошонун баарын мобу маңдайында отурган Сатарбеков деген агайы бир жумадан бери күбүп таштады. Агайынын артынан ээрчип, ар кайсы шылтоолорду айтып, ал тургай тааныш-билиш эжейлерин ортого салып көрдү эле тыянак чыкпады. Тескерисинче, агайы кечээ аны көргөн жерден жеп жиберчүдөй карап, сөөмөйүн көзүнө кезеп: "Ай, Качкынбекова, сен эмне мени коркуткуң барбы?! Мени алдап кетейин дедиң беле?! Эмне көрүнгөндү көчүгүмөн ээрчитесиң? Сен качан мен берген тапшырмаларды аткарасың, ошол күнү баа аласың. Антпесең, окуудан кулаганың ошол. Кайран ата-энеңдин шору ушу сендей жалкоого 3 жыл контракт төлөгөн... " деп басып кетти.
Студент кызда жан жок. Жер тиктеген бойдон жатаканасына кирип, керебетке ошол бойдон кулап, эч ким жоктугунан бугун чыгарып алгысы келип, бүктүшкөн боюнча ыйлап да алды. "Ушинтип, жалгыз эле Сатарбековдун сабагынан өтө албай, окуудан чыгып каламбы? Айылдагы апамдар укса не болот? 3 жыл ичиндеги 40 000 сомду кантип актайм? Баарынан да айылга кеп болуп, "Калыйдын кызы окуусунан чыгып калыптыр" деген кеп канча?" Ушунун баарын ойлогон студент кыздын жүрөгү түштү. Баарын жыйыштырып, агайынын айткан тапшырмаларын окуп, жазып, аткаруудан башка арга жок деген бүтүмгө келди. Залга чыгып, курсташ кыздарынан беш-алты китеп, конспектилерди көтөрүп келип, бир сыйра көз жүгүртүп, керектүү жерлерин жазып кирген. Тынбай чырылдай берген телефонун өчүрүп, курсагынын курушканына карабай, китептерди "тытып" чыгып, бүгүн таң атпай филфактын босогосун аттаган. Эси-дарты түндө окуган сабактын темаларында болуп баратып, маңдайында келаткан Сатарбековду да көргөн эмес.
- Эй, Качкынбекова, эмне көрмөксөн болуп?
Маңдайында турган агайын көргөндө, студент кыздын бүт окуганы ойдон чыгып, шашып калды.
- Агай, мен... Мен сизге келаткам...Суралайын деп....
- Мен бүгүн бош эмесмин, эгер ошончолук эле кыйрата турган болсоң кечинде, 5:20да 333кө кел. Келесиңби?
- Келем агай, сөзсүз келем, рахмат.
Шарт бурулуп, артын карабай басып бараткан студент кызды сырдуу тиктеп, "кылтыңдап турчу элең, көгүчкөнүм, колго бат эле түшөт бекенсиң" деген ойду ичинен кайталап алды, агайы.