presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Турдаалы Аскарбеков:
"Дүйнөлүк хоккей серепчилери Кыргызстандыктарга тан берди!"
Жылдын башында Казакстанда өткөн Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей командасы Азия контингентиндеги алты өлкөнү утуп чыгып, алтын медалды бөктөрүп келген эле. Албетте, бул жеңиш кыргыз хоккей тарыхындагы алтын тамгалар менен жазылып калчу биринчи жеңиш болгондугу талашсыз. Анткени, баарыбыз эле билгендей, биздин өлкөдө башка тармактар сыяктуу эле спорт тармагы да бутунан туруп кете элек, ага бөлүнгөн каржынын аздыгынан кыргыз спорту көп жагынан аксап келет. Бирок, биздин намыстуу, эрктүү жана мээнеткеч жигиттерибиз колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өз дараметтерин жумшап бирин-экин жеңиштерди камсыздап келет.


Сөздү кайрадан хоккейчи жигиттерибизге буруп, биз бул жолу ошо Казакстандагы жеңишти камсыздоого өз салымын кошкон, хоккейчи, ырчы-аткаруучу, тамада Турдаалы Аскарбеков менен чай кайнам убакытка маек курдук...
- Турдаалы байке,хоккейди канча жашыңыздан баштап ойногонсуз?
- Хоккей менен тээ мектеп жашымдан, бала кезимден алектенип калдым. Адегенде бутума конькини байлап, айылдын четиндеги чоң сайдын үстүндө муз тепчүмүн. Анда СССРдин учуру, хоккей оюну популярдуу болуп, жаштардын баары кызыгып турган кез эле. Анан биз дагы акырындап команда топтоп, колубузга клюшка кармап, шайба кубалап баштадык. Башында Тогуз-Торо райондук курама командасын түздүк. Ошол мезгилде хоккей бардык эле аймактарда модага айланса керек, тез эле "Золотой шайба" деген райондук мелдештер уюштурулуп, биз Нарынга чейин келип, мелдештерге катышып калдык. Биздин муундун дээрлик көбү хоккей ойноого кызыгып калган эле. Ошентип жүрүп мектепти бүткөндөн кийин бул оюн калып калды. Анткени, баягы чогуу ойноп жүргөндөр өз алдыбызча кеттик, шаарга келсек бул жакта эч кандай муз аянтчасы курулбаптыр. Буга удаа демократиянын келиши дагы, жаштарды хоккей ойномок тургай, кантип жан багуусун ойлонтуп салды. Кыскасы, мектепти аяктаганы бутума коньки байлап, колума клюшка кармаган жокмун.
- Анан?
- Ошентип күнүмдүк турмуш-тиричилик, чыгармачылык менен жүргөн күндөрдүн биринде, мындан эки жыл мурун Бишкекте шаардык муз аянтчасы ачылганын угуп, "унутуп калдымбы, жокпу" деген санаркоо менен муз тепкени бардым. Канткен менен арадан 30 жыл өтүп кетти да. Алгач коньки менен муз үстүнө чыкканда буттарым ооруп, баса албай калдым. Болбой эле бала кездеги кызыгуум ойгонуп, жумасына бир-эки жолу барып жүрүп, кайрадан көнүп кеттим. Ошентип муз үстүндө эркин жүрүп калган кезде, ошол жердеги балдар хоккей ойноо сунушун киргизип калышты. Мындай сонун демилгени баарыбыз колдоп кеттик. Жумасына үч жолу, кечки саат ондон кийин хоккей ойноп баштадык. Теңибиздин клюшкабыз жок, теңибиздин формабыз жок дегендей. Акырындык менен өзүбүзгө керектүү формаларды сатып ала баштадык. Аягы келип, "Хан Теңири" деген команда түзүүгө жетиштик. Ошол эле убакта бул муз аянтчасында дагы бир команда "Мегаполис" аталып уюшулганын уктук. Бул албетте, жакшы жөрөлгө болду.
- Команданын эң эле сакалдуусу Сиз болсоңуз керек?
- Биздин "Хан Теңири" командасында эң жашы 16-17 жашта болсо, улуулардын жашы 60 жашка чейинкилер. 50 жаштагы байкелер муз үстүндө жаштардан калбай чуркап, шайба менен шаштыңды алат. Ал эми өткөн Казакстан оюндарына каташкан курама команда арасында эң эле сакалдуусу 45 жаштагы мен болдум. Эң жаш оюнчубуз 18 жаштагы жигит болду. Бул жерде "күч атасын тааныбайт" дегендей, жашыбыз өтүп баратса да бизде мурдатан калган тажрыйба бар дегендей, оюн учурунда колдоно турган айрым опуттарды жаштардан кем калбай жасап, күч берип келебиз.
- Казакстандагы оюндан кеп салыңыз? Атаандаштардын эң күчтүүсү ким болду?
- Биз кышкы спорттук оюндардын хоккей түрүнөн мындай ири мелдешке биринчи жолу катыштык. Тушообузду кескенде эле ийгилик жаратып, рекорддук эң көп голду, 95 жолу атаандаштардын дарбазасына шайба киргизип, алтын медалды бөктөрүп келдик. Андыктан бул Кыргызстанга сыймык алып келген оюн болду. Бирок, биздеги хоккейдин өнүгө электигинен кабар алышканбы, оюндан алдынала эле жыйынтык чыгарып, финалга кимдер чыгарын болжолдоп коюшуптур. Бизди болсо биринчи оюнда эле муз таалаасынан чыгарып коёбуз дешип. Бирок, андай болбой калды. Биринчи чыккан күнү эле Таиланддын командасын 15:4 эсебинде жеңип алдык. Мындан кийин бизде ишеним пайда болду. Кийинки оюнда өздөрүн "чемпион" сезип алышкан Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилери менен болгон оюн абдан курч кырдаалда өттү. Булар чынын айтканда чырыраак келишип, орой оюн көргөзүү менен эптеп эле бизди оюндан четтетүүнү максат кылышты. Эгер биз дагы аларга өздөрүндөй мамиле жасап, ар кандай эрежеден тыш күч колдонуп, ачууга алдырганыбызда, оюн калыстары тигилерге тартып, бизди оюндан чыгарып салмак. Бирок, биздин машыктыруучубуз "чагымга алдырбагыла, силер күч көрсөтпөй оюн көрсөткүлө" деп жатты. Калыстык деген бар да, биз араб оюнчуларын 14:0 эсебинде утуп алдык. Бул оюн бизге финалдык беттешке жетебиз деген ишенимди пайда кылды. Андан кийин Россиянын мектебинен өткөн Монголияны 13:3, Малайзияны 23:2, Бахрейнди 15:10, Кувейтти 15:4 эсебинде утуп алуу менен Кыргызстандын желегин бийикте желбиреттик.
- Аяктоо аземинде Кыргызстандын курама командасынын дарегине кандай сөздөр айтылды?
- Казакстандагы кышкы олимпиадалык оюндарга кышкы спорт боюнча дүйнөлүк федерациядан коноктор, серепчилер келишиптир. Биздин хоккей командабызга жогорку бааларын беришип, келечекте татыктуу команда болорубузга ишеничтерин айтышты. Ошондой эле биз Словакияда өтө турган эл аралык мелдешке жолдомо алып кайттык. Андан тышкары дүйнөлүк жогорку лигага ойноо үчүн келерки жылдагы Японияда өтө турган дүйнөлүк хоккей чемпионатына жолдомо алдык. Мунун баары кыргыз кышкы спортунун өнүгүшүнө чоң стимул болот деп ишенем.
- Алтынды алып келгени, мамлекет тарабынан кандай сый-урмат көрсөтүлдү?
- Оор суроо бердиң. Кышкы Азия оюндарынан келгени баарыбыздын күткөнүбүз эле ошо мамлекет тарабынан кичине куттуктоо болобу деп күтүп келебиз. Тилекке каршы азырынча эч бир тарап, "сыйлыгыңар кут болсун" деп колубузду кыса элек. Мунун өзү спорттко болгон мамилени билдирет да. Эгер биздин бийлик ушундай нерселерге көңүл бөлүп, ансыз деле айрымдар "жымырып" кетип жаткан акчалардан кыргыз хоккейчилерине бөлүп берсе, биз дагы татыктуу оюндарды көргөзүп, Кыргызстандын атын чыгармакпыз.
- Жеңишке кимдер салым кошту?
- Албетте, бардыгыбыз. Бирок, биз машыктыруучубуз жана Хоккей федерациясынын башчысы Анвар Оморкановдун салымы чоң. Ал тааныш-тамырына чыгып, бирдиктүү форма, клюшка сатып келип, каржы маселесин чечпегенде, балким ушу турган Казакстанга да барбай калмакпыз. Ошондой эле Олимпиадалык комитетке да ыраазычылык билдире кетмекчимин.
- Хоккейди өнүктүрүү үчүн биричи кадам?
- Жылы бою иштей турган муз аянтчаларын салуу, ич-ара мелдештерди өткөрүү, каржылооо булагын табуу, коомчулуктун көңүлүн буруу.
Маектешкен
Тынчтык Алтымышев




Кулактандыруу!
"Жети Нур" борбору Мухаммад (САВ) Пайгамбары-быздын туулган айына карата Пайгамбар жөнүндө мыкты обонго сынак жарыялайт. Обону да, сөзv да мыкты болгон ырларды дискке жаздырып алып келиңиздер. Сынактын жүрүшү 1-апрелге чейин. Жеңүүчүлөргө: 1-орун 20 000 сом, 2-орун 15 000 сом 3-орун 10 000 сом. Сыйлыктар апрелдеги "мавлют" кечесинде тапшырылат.
Сурап билүү
10-17ге чейин:
0312 32 50 85,
0559 77 11 41.
Жарыя!
Окуу борбору күзөт, инкассация кызматчыларын жана жан сакчыларды даярдайт.
Байланыш телефондору:
(0312) 32 45 92,
(0559) 65 56 28
Кулактандыруу!
Ракымбаев Адисбек Жайдарбековичке таандык айдоочу күбөлүк жоголду таап алгандар болсо
0778 18 40 49 номерине чалыңыздар. Сүйүнчүсү болот.



кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??