presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ырга айланган тагдырлар
Алп акын Алыкулдун жашоосунда арзыганы Айдай менен Зейнеп аттуу эки айым болгонун адабиятты түшүнгөн адамдын баары билет. Бирок, акын ырларында эки айымдын атын толук атабай З... менен А.. деп же каймана мааниде гана жазган. "Акындардын бир сыры- каармандын атын атабоо" деп акындар өздөрү көп айтышат. "Талантка тагдыр керек" дегендей, таланттар тагдырдан, турмуштан алып жазбаса, анда сонун-сонун чыгармалар кайдан жаралат эле. Ошон үчүн алардын арзуулары муундан-муунга аңыз, уламыш болуп айтылып келет эмеспи. Буга мисал катары, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматов менен белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүүсүн айтсак болот.


Обончу Айбек Карымов менен Гүланданын ортосун алгач чыгармачылык гана байланыштырып келген. Бирок убакыттын өтүшү менен Айбек мырза сахналашына арбалып калат. Эч бир жан биле элек сүйүүсүн ырга айланткысы келген Айбек мырза акын Лариса Асанбековага келип "Мен бир кызды чындап сүйдүм. Мага сүйүүмдү далилдеген ыр жазып бериңизчи?" деп суранат. Кыздын атын айтпаган соң, акын айым деле сурабайт. Бирок, акын: "Ыр жазып атканда көз алдыма Гүланда элестей берди. Анын образын көз алдыма келтирип жазып берген элем,"- дейт. Ошентип, жыйынтыгында "Сенсиң" деген ыр жаралып, ага Айбек мырза обон кошуп, өзү сахнага аткарып чыккан.


Жүрөк сыздаткан кайрыктардын ээси Асанкалый Керимбаев бекер жеринен "жүрөк" ырларын жазбаптыр. Анын "жүрөк" оорусу өзүнүн эле жубайы болгон экен. Асанкалый ага биринчи жубайы Айнашты аша сүйүп үйлөнөт. Бирок, жубайлар перзенттүү боло алышпай, ынтымак жолу менен эле эки башка жолду тандашат. Кийин өзү "Тагдырдын тамашасын кара, мен башкадан, ал башкадан балалуу болдук. Кудай экөөбүзгө перзент ыраа көрбөдү" деп айткан.
Экөө ажырашып кеткенден бир топ өтөт. Обончунун сөздөрүн жазып жүргөн акын Анатай Өмүркановдун юбилей-концертинде Асанкалый ырдап бүтүп, сахна көшөгөсүнүн артына өтүп: "Айнашымды көрдүм. Концертке келиптир," -дейт барбалаңдап сүйүнүп. Жанындагылар "Коюңузчу, толтура кишинин арасынан кантип көрдүңүз?" деп ишенишпесе, "Көзүм эмес, жүрөгүм таап алды, жүрөгүм…" деген экен. Экинчи ирет үйлөнсө да Айнашын эч качан унута алган эмес дешет. "Сенден сулуу болсо дагы алганым, сендей мага бул дүйнөдө табылбас…" деген ыр саптары эле бул чындыкты дагы бир жолу далилдеген. Чындыгында Асанкалыйдын экинчи аялы Дамира Айнаштан ашкан сулуу, келбеттүү аял болчу.


"Сендей мага…"
Дарак билип…
Жазда бүчүр байларын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынган.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбас.

Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Кызга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсыл кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача.

Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч.

"Сенсиң"
Асылым менин ардагым айдай,
Арбаган мени жан элең кандай?!
Жараткан берген жан биргем белең,
Сүйүүңө турам кумарым канбай.

Жарыгым менин жайдары күлгөн,
Жан биргем сени бир көрүп сүйгөм.
Жанымдын жарымы сен белең күнүм,
Жанымда жүрсөң тептегиз дүйнөм.

Гүлүмсүң менин жыттаган тандап,
Жактырып миңден жүрөмүн жандап.
Сезимди бийлеп, оюмду ээлеп,
Алганың чындык түбөлүк арбап.

Сезимдин аруу ачкычы сенсиң,
Жүрөктүн сүйгөн жакшысы сенсиң.
Бир келген ушул өмүрүм көрктөп,
Баарысы сенсиң бактысы сенсиң.


"Мен сага таарынгым келет"
Күлгүн, күлгүн черткен күүлөр, ырларым,
Сага гана арналарым бир жаным.
Бакыттын бол мелт-калт толгон кесеси,
Эч бөксөрбөй ээлеп турсун жыргалым.

Кайырма:
Мен сага таарынгым келет,
Мен сени сагынгым келет.

Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген,
Эстен кетпейт эс тандырган көз ирмем.
Эгиз жандай өткөрөлү өмүрдү,
Экөөбүзгө энчиленип бир келген.
Кайырма:
Мен сага таарынгым келет,
Мен сени сагынгым келет.

КРнын Эл артисти Роза Аманованын "Мен сага таарынгым келет…" деген ырын кимдер гана тамшанып угуп жаттабаган. "Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет" дегендей, Роза айым азыркы жолдошу Кубанычбек Жумалиевге турмушка чыга элек, аны сүйүп жүргөн кезинде, "Мен сага таарынгым келет, мен сени сагынгым келет -деген саптарды улап, ыр жазып бересизби?"- деп суранганын, ырдын автору Анатай Өмүркановдун айтканы бар. Ошентип Роза Аманованын жүрөгүнөн суурулуп чыккан муңдуу обонго, ыр саптары бап келип, 1998-жылдан бери ооздон түшпөй ырдалып келатканынын сырын, тагдырдан алынганы менен байланыштырсак болчудай.


КРнын Эл артисти Роза Аманованын "Мен сага таарынгым келет…" деген ырын кимдер гана тамшанып угуп жаттабаган. "Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет" дегендей, Роза айым азыркы жолдошу Кубанычбек Жумалиевге турмушка чыга элек, аны сүйүп жүргөн кезинде, "Мен сага таарынгым келет, мен сени сагынгым келет -деген саптарды улап, ыр жазып бересизби?"- деп суранганын, ырдын автору Анатай Өмүркановдун айтканы бар. Ошентип Роза Аманованын жүрөгүнөн суурулуп чыккан муңдуу обонго, ыр саптары бап келип, 1998-жылдан бери ооздон түшпөй ырдалып келатканынын сырын, тагдырдан алынганы менен байланыштырсак болчудай.


Соңку кезде кай жерде болбо жаш ырчы Аскат Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" деген ыры жаңырып, популярдуу болуп келет. Ырдын авторун билгендер "Элмирбек жөн ыр жазбай калсын…" дешти. Чын- төгүн экенин ким билсин, бирок Элмирбек Иманалиев бул ырын алгачкы алган жубайы Гүлбүбү Иманалиева менен ажырашып, санаага батып жүрүп, капыстан жүрөк дарты кармап ооруканага түшүп, жанга дары таппай жаткан Элмирбек ошол жерден медайым кызды, мындайча айтканда азыркы алган жарын көрүп, төмөндө ыр саптарын төккөн дешет.
Казак элинин таланттуу кызы Майра Керим кызы биринчи никесинен бактылуу боло албаган. Бирок, Кудай анын экинчи никесинде багын ачып,Ысык-Көлгө келин болуп, жолдошу Канат мырза менен өмүрү өткөнчө бирге жашаган. Кыз кезде кыялданган жарга туш болуп, Майра эже "Кыз кезде көксөгөндү, кыргыздан жолуктурдум" деп ыр сабына салыптыр. Төкмө акындын бул ыры 27 жашында жазылган. Ошондон бери ыр турмушка чыга элек кыздардын "гимнине" айланган десек болот.
"Жар керек"

Мага жар керек,
Өзөктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал болсо,
Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек,
От болуп жалындаган,
Сөз айтсам таарынбаган.
Жагымсыз адаттардын,
Артынан салынбаган.

Мага жар керек,
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил ушактардан.

Мага жар керек,
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген.
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек,
Деп көңүл ооруп турду.
Купулум толуптурмун.
Кыз кезде көксөгөндү,
Кыргыздан жолуктурдум.




кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??