presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жаңы губернатор ишинде
Парламентте көпчүлүктү түзгөн үч партиядан түзүлгөн фракция бүтүндөй бийлик бутактарын үчкө бөлүп алышты. Анын жаман-жакшысы башка сөз.
Мына ошонун натыйжасында КСДПнын өкүлү болуп эсептелген, Ысык-Көл облусунун губернаторунун ордуна "Ата-Журтка" бөлүнгөн бул облуска губернатор болуп Нурдин Абдылдаев келди.
Бул жигит кайдан келген? деген суроо биздин редакцияга да кез-кези менен берилип жаткандыктан, бул чакан материалды даярдаттык.
Нурдин Абдылдаев Фрунзеден жана Москвадан жогорку экономисттик билим алган экен. Иниси Нурлан экөө казак тараптан бензин бизнеси менен алектенип, май куюучу жайларга да ээ болушат да, кийин сатып жиберишет. Айта кетели, Нурдиндин атасы менен энеси өз кесиптеринин "эмгек сиңирген кызматкерлери". Андай бүлөдөн начар жигит чыкпайт го…
Ошондон соң Нурдин мырза немистер менен бирдикте Токмоктогу айнек заводун бутуна тургузуп, аны Орто Азияда гана эмес, Россияга чейин белгилүү кылат. Токмоктон чыккан айнек мурунку Совет республикаларына гана экспорттолбостон, Афганистан, Пакистан сыяктуу чет өлкөлөргө чейин жетет.
2005-жылы Абдылдаев Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланат. Эки жылдан кийин парламент тарап кеткенин билерсиздер.
Ошондон соң Абдылдаев ишсиз жүрөт, кийинки Бакиев бийлиги тушунда "Ак- Жолго" чакырылат, барбайт. Ошону менен бирге бийлик тарап ага бир катар кызматтарды сунуш кылат, ал сунуш кылынган кызматтардан баш тартат. Билгендер айтат: "ал кызматтарды Абдылдаев өз деңгээлиненби же ишмердүүлүгүнөнбү, төмөн көргөн" деп.
Былтыр ал Кара-Балтадагы спирт заводуна деректир болуп шайланат да, дароо эле заводду автоматташтырууга кам көрөт. Дал ошол багытта мурун бутуна тургузуп мыкты завод атыктырган Токмоктогу айнек заводунан тажрыйбалуу инженерлерди чакырып, спирт заводун автоматташтыруу үстүндө кам көрүп жүргөндө Ысык-Көл облусуна губарнатор болуп чектелет.
Абдылдаев борбордо төрөлүп, орусча окуган. Анткен менен кыргызчаны дурус сүйлөйт. Интрига, арамдануу, көралбастык жана башка биздин элге "жарашып жатып калчу" сапаттар анда жок. Түз жүрүп, түз сүйлөйт, экономикалык маселелерди "семичкедей чагат".
Абдылдаев губернатор болуп келген күнү мурунку облбийлик тарабынан уюштурган адамдар келип, анын губарнатор болушуна каршы экендигин айтышат. Аз күн өткөндө ошол адамдар бирден-экиден келип кечирим сурап жатышканын караколдуктар айтып жатышат.
Жаңы губарнатор бардык райондорду Шайлиева эжекебиздей шаан-шөкөтү жок эле шашпай кыдырып чыкты, аз сүйлөп, көп байкады. Өзүнө кайрылган адамдардын суроо-талаптарын, каалоолорун кунт коё угуп, алардын биринин да өтүнүчүн жерде калтырбасын билдирди.
Райондорду кыдырып бүткөн соң Абдылдаев облустагы тармак жетекчилерин бирден кабыл алып, алардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө укту.
Ысык-Көл облусу маанилүү облус, анткени, бул жерге көптөгөн өлкөлөрдөн эс алуучулар келет, ар кандай Эл аралык симпозиумдар, жолугушуулар, кеңешмелер ушул жерде өтөт, дүйнөгө аты чыккан саясатчылар, өкмөт башчылары, спортсмендер, маданият жаатындагы бир катар адамдар да ушул жерден эс алышат. Экинчиден, бул облустун криминалы көп, коррупционери андан арбын, курорттук зона болгону менен чарбалык кем-карчы толтура…
Ошентип, Абдылдаевдин алдында өтө чоң, жооптуу иш турат. Аны жакшы билгендердин айтымында, эгерде ага өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк берсе, анда облуста эл күткөн далай иштер аткарылмакчы.
"Жаңы шыпыргы-жаңыча шыпырат" деген кеп бар эмеспи, Абдылдаев аны тутунабы, азырынча белгисиз. Урунттуу орундагы кызматкерлердин баары азырынча ордунда.
Баса, губернатор жардамчысы кылып Кара-Балта спирт заводундагы орун басары Нурдин Куткеевди ала келиптир. Бул жигит да билимидүү, ишмер жигиттердин бири экен. Ал Политехникалык Университетти, Улуттук Университетти бүтүргөн, юридикалык да билими бар. Тың жигит, Москвадан да бир окууну бүтүп келиптир. А балким ушул жигит губернатордун орун басары болуп калышы да мүмкүн деген да кеп кетти.
Кандай болсо да экөөнө тең ийгилик каалайбыз!
Азирет ТЕҢИЗБАЕВ, Каракол шаары





Сиз экөөбүз
ЖК депутаты Ыргал Кадыралиевага
Саламатсызбы, Ыргал айым? Балким, менин сизге кат жолдоп, купуя сырымды жарыя этип атканымды туура көрбөстүрсүз. Бирок, мен туура көрдүм да, анымды сизге билдирип коюуну чечтим. "Каадалуу кишиче табышмактанткан мунун не купуя сыры болду экен?" деп ойлошуңуз мүмкүн. Түз эле айтайын. Жан тынчтыгымды уурдаган жаркын жүзүңүздү капилет көргөнүмө туура жарым ай болду. Демек, жарым айдан бери сиз менин жан дүйнөмдө жашап келесиз. Айтмакчы, үй-бүлөлүү экениңизди да билем. Албетте, үй-бүлөңүз менен бактылуу болушуңузду миң мертебе каалайм. Бирок, сезим селине туруштук берүү таптакыр мүмкүн эмес экенин да сездим. Ошол маалда сизди кимден да болсо кызылдай кызганып кетчү болдум. Алтургай, мен сизди кыялымда өзүмдүкү кылып да энчилеп алганга жетиштим. Кыялымда сиз менен дүйнөнү чарк айлана кыдырып, махабат мазарларына сыйынт кылмайды адатка айлантып барам. Кез-кезде теледен жүзүңүздү ирмемге эле көрүп алып, сизге бетме-бет жолуккандан бетер дабдырай түшөм. Адам эстей бергенден ушундайбы же сезим жиби себепкерби, айтор түшүмө да үч төрт жолу кирдиңиз. Кандайча, эмне болуп киргениңизди катка божурай берүүнүн кажети деле жок го деп ойлодум. Тагдыр буйруп, балким жолугуп калсак, өзүңүзгө гана айтып берермин. Качан сиз эсиме түшөр замат кыял кемеси экөөбүздү кайдадыр алып учат. Бирде деңиздерди жара сүзүп жөнөсөк, бирде нөшөрлөп төккөн жамгырда калабыз. Экөөбүз гана. Кыскасы, азыр сизди кыялымда багып, сүйүп, эркелетип жүрөм. Каршы болбостурсуз?.. Бир кезде кыялым чынга айланып, сиз менен жок дегенде бир ирет жолугаарыма үмүт артып…
Д. Максат





Кожогелди КУЛТЕГИН, КРнын маданият жана маалымат министринин орун басары
"Чыныбайды мыкты акын катары баалайм"
- Кожогелди мырза, сиздин досуңуз, депутат Чыныбай Турсунбековдун дарегине ММКда көп сындар айтылып келет. Мисалы, "Ч, Турсунбеков филология факультетин эптеп бүткөн, кыйраткан деле акын эмес" дегендей. Негизи сиз ушул Чыныбай Турсунбековду акын катары эсептейсизби?
- Эсептемек турсун, мен Чыныбай Турсунбековду мыкты акын катары баалаймын! Студент кезден бирге ыр жазышып, бирге ыр окушуп чоңойдук. Эч жасалмасыз,табигаттай көркөм, жанга жагымдуу, сонун ырларды жазып келет. Чыныбай студент кезде эң мыкты окууга да жетишип, - көп жагынан үлгү болчу. Университетти кызыл диплом менен аяктады. Кийин "Жүрөктөгү жаңырык" деген тунгуч китебине мен редактор болуп калдым. Китеп жаштардын сүйүктүү китебине айланды. "Арчалар" деген ыры бар эле. Азыр да эсимде:
"Тоо бетинде бутак жайган арчалар,
Оттоп жүргөн кулжалардай мүйүзү.
Мергенчидей көзүн артып канчалар,
Канча жандын жанып турат сүйүүсү."
Түндү сүрөттөгөн бир ырында мындай түрмөгү бар:
"Сугатчынын колундагы кетменге,
Чагылышып айдын бермет нурлары.
Кыл муруттуу буудай, арпа өскөн жер,
Балык болуп туйлап жатат суудагы."
Дагы бир түрмөгү... Азыр... эстей албай атпаймынбы...
И-и... мындай:
"Ак-каранын дайым түгөй болушу,
Адам үчүн кимден калган акаарат?
Экөөбүздү табыштырган жол ушу,
Экөөбүздү бөлүп кайда апарат?"
Көргүлөчү, чыныгы акындын гана колунан келер саптар. Кулжа менен арчанын окшоштуктарын кандай сонун тапкан. Сугат сууда титиреген кыл муруттуу арпа менен сууда сүзгөн балыкты кандай сонун салыштырган. Андан кийинки түрмөктөгү: жолуктурган жол кайра бөлүп салганы - ар бир адамдын чыркыраган чындыгы, тагдыры эмеспи.
Чыныбай азыр дагы сонун ырларды жазып жүрөт. Бирок, азыраак. Анткени, убактысы жетише бербейт экен. Акундун акын уулу ак ун чыгарып, элди багып келатпайбы. Болгондо да эң керектүү кезде! Эми депутат болуп - саясатка аралашты.
Бирок, Чыныбайда бир кемчилик бар. Аны мен жолуккан сайын какшап айтып келатам. Ушунча сонун ырларды жазгандан кийин - ошо баарысын чогултуп, татынакай бир китеп кылып чыгарып коюшу керек эле. Башкалар акчасы жоктугунан китеп чыгара албай жүрөт. Чыныбай убактысы жоктугунан чыгара албай жүрөт. Бирок, убакыт таппаса - уят. Ырларына кесир болот. Мыкты китеп болот эле, аттиң, чыгарса. Ошондо көптөрдүн оозу жабылмак.






кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"





??.??