Жеңил өнөр-жайынын
оор турмушу
Кыргызстанда 100 миңдеген адамдын үй-бүлөсүн багып, экономикабызга реалдуу салым кошкон тармак - кийим тигүү цехтери. Жеңил өнөр-жайында негизги тармакка айланган кийим тигүүчү цехтер Өкмөттөн бир тыйын жардам албай, өз арбайын өзү согуп келатканы менен топтолгон көйгөйлөрү иттин кара капталынан. Биз ал көйгөйлөрдүн үстүндө, негизи эле кийим тигүүчү өндүрүштүн абалына чакан журналисттик иликтөө жүргүзүп көрдүк.

Базарда отурганга караганда жакшырак...
Тигүү цехин иштетүү арабасын түртүп, түйшүгүн көрүп жүргөн жеке ишкер Венера Абыкеева өз иши тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:
Ыңгайсыздыктар көп эле. Мисалга, иштеген жерибиз муздак. Үтүкчүлөрдүкү жумушу оор. Бул жакта жашы өтүп калган аялдар чыдай албайт. Жумуш оор эле, отуруп иштеген жумуш болгондуктан, бел уюйт, омурткалар ооруйт, көрүү органын начарлатат. Базарда отурганга караганда, көбүнчөсү тигүүчү болуп иштегенди тандашат. Кышында базарга караганда ичи жылуу, түшкү тамактарын алып келишет.
- Тигүү цехинде төлөп берилген маянага нааразы болгон жумушчулар болобу?
- Биздин цехте андай нааразычылык жок. Мисалга, азыр жумасына беш-алты миң алганда деле азык -түлүктүн баасы кымбаттады, ал акча жетпейт да. Негизи тигүү цехиндеги кыздар акча аз деп арызданыша берет. Бирок, алардын арасында кожоюнунан көп алган жумушчулар бар. Кээ кезде тигилген кийим өтпөй, пайда түшпөй калат. Продукцияны өткөрдүңбү, жокпу баары бир кыздарга айлыгын төлөп беришиң керек. Жакшы иштеген кыздар аябай эле жакшы алышат. Ишемби күн сайын, сөз жок иштеген акысы берилет. Ошол өтпөй калган товар 300 сомдуку болсо, аны 50 сомдон "Элкивейт" алат. Кожоюндар деле күйөт бул жерден. Кээде машиналар бузулуп калат, ижара акысын төгөбүз. Акчаң барбы, жокпу, жумушту үзгүлтүккө учуратпай, ушунун баарын камсыздап туруу зарыл. Жумушуң токтоп калдыбы, кыздар дароо башка цехтерге кетип калышат. Кээде киреше болбосо да, эптеп кыздарды кармап турайын деп жан талашасың. Жыйырма жыл болду тигүү цехин иштеткениме. Абдан жумуш оор, мен мисалга иштетким келбейт. Айла жок эле кыйналып жүрөм.

Улан, үтүкчү:
- Иштегениңе канча жыл болду?
- Иштегениме үч ай болду. Оорчулук деле сезилбейт. Башында шымымды үтүктөгөндү билбей келсем, азыр Кудайга шүгүр, жумушту өздөштүрүп кеттим.
- Ден-соолугуңа зыяны тийбей элеби?
- Жок. Азырынча билине элек.
- Жумасына канча табасың?
- Үч-төрт миң сом алам.
- Бир күндө канча шым үтүктөйсүң?
- Күнүнө 100 шым үтүктөйм. Негизинен заказ менен иштейбиз. Дегинкиси, күнүнө эле товар жөнөтүп турабыз.

Жаркынай, тигүүчү:
- Иштегениңе канча болду?
- Үч жыл болуп калды.
- Цехиңердеги түзүлгөн шарт сени канааттандырабы?
- Ооба, бир күн кечке отуруп иштегенге омурткаларыбыз ооруганы болбосо,эч кандай деле нааразычылык жок. Ичи жылуу. Айлыгыбызды иштегенге жараша алып турабыз.


"Казынага киреше бергенибиз менен Өкмөттөн жеңилдик жок"
Жеңил өнөр-жай тармагындагы оош-кыйыш маселелер тууралуу кененирээк маалымат алуу иретинде жеңил өнөр-жай ишканалары ассоциациясынын жетекчиси, Сапар Асановго суроо узаттык:
- Сапар Жекшебаевич, Кыргызстандагы жеңил өнөр- жайларынын абалы кандай?
- Жаман эмес, Кудай буюрса жакшы. Мына былтыркы 2010-жылдын көрсөткүчү боюнча, негизинен абдан жакшы болду. Бирок, Россияга кетип аткан экспорт жакшы болгону менен Орто Азия, Казакстанга начар болуп калды. Анткени, апрель окуясынан кийин чек ара жабылып, жеңил өнөр-жай тармагында иштеп аткандар бир топ кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Жалпысынан алып келгенде көйгөйлүү маселелер көп. Биринчиден, соц.фонд боюнча маселе көйгөйлүү болуп турат. Анткени, 2009-жылдын июль айында камсыздоо полюсу боюнча 238-мыйзам кабыл алыныптыр. Ошонун залакасы бүгүнкү күнгө чейин тийип, ишкерлерге камсыздоо полюсу боюнча төлөм 13 эсеге көбөйүп кетти. Бүгүнкү күндө бийликтин, ар бир тармагына, Роза Исаковнага чейин кайрылып атканыбызга карабастан, ал маселе дагы эле чечилбей келет. Кудай буюрса, бул маселе чечилип калса, Кыргызстандагы жеңил өнөр-жайларынын ишинин алдыга жүрүшүнө шарт түзүлүп калат эле. Анткени, 2005-жылдан бери легализация, көмүскө экономика деп баарын ачыкка чыгарсак, бүгүнкү күндө салыктын өтө жогорулашы, жеңил өнөр-жайларын кайра көмүскөгө киришине алып келиши мүмкүн. Демек, мамлекеттик деңгээлде биздин өнүгүүбүзгө жол жабылат. Кийин өнүгүп-өсө албай калабыз. Ошондуктан ушул маселе менен Өкмөткө кайрылып атабыз. Андан тышкары, бүгүнкү күндө чече турган маселелер көп. Апрелден тартып октябрга чейин тигүү цехтеринде жумушчулар жетишпейт, экинчи маселебиз өндүрүшкө имарат жок. Жертөлөлөрдө, ар кайсы жерлерде аргасыз иштейбиз. Бүгүнкү күндө "технополюс" деп, атайын уюшулган чоң-чоң ишканалардын башын бириктирип, Бишкектин тегерегине эки же үч технополюс курсакпы деген ниетибиз бар. Ал үчүн Өкмөттөн жер сурап атабыз.Бизге жер бөлүп берсе, технополюстарды куруп алсак, ал биздин кийинки өнүгүүбүзгө, анан батыш өлкөлөрүнүн рыногуна чыкканга абдан чоң тепкич болот. Эми, айтып отурсак жеңил өнөр-жайына байланышкан көптөгөн маселелер бар. Аны өзүнүн орду, убагы менен чечиш керек.
- Жеңил өнөр -жайларынын ичинен тигүү цехтеринин экономикабызга алып келген кирешеси тууралуу маалымат берсеңиз?
- Биздин тармак Кыргызстандын экономикасына социалдык жактан абдан чоң киреше алып келип атат. Себеби, канча адам жумуш менен камсыз болуп, канчалаган үй-бүлө ушул тармактан акча алып жашап атат. Өкмөт, жылына 1млрд. 600млн. сомду мигранттар жиберет деп мактанышса кыйын. Бирок, ошол сырткы кирешенин негизги булагы жеңил өнөр-жайларына тийиштүү экенин моюндашпайт. Андан башка төлөгөн салыктарынын так санын айталбайм, анткени, салык инспекциясына кайрылганда да, бизге бул тууралуу маалымат беришпейт. Бирок, билишимче 100 млн. сомго чейин салык төлөнүүдө. Мурунку көмүскө экономикасын алып көрсөк, ал учурда болгону биздин тармактан мамлекеттин чөнтөгүнө 8 млн. сомдой эле түшчү. Ушул тапта кирешени 10 эсеге көбөйттүк. Бул менимче жакшы көрсөткүч. Ошентсе да Өкмөт менен биргелешип бул тармакта дагы да тийиштүү иштерди жүргүзбөсөк болбойт. Антпесек, болгон жетишкендиктерибизден артка кетип калышыбыз мүмкүн.
- Тигүү цехтеринде иштеген жумушчуларга шарт түзүп берүү, иштөө убактысын мамлекеттик стандартка ылайык көзөмөлдөөгө сиздердин ассоциациянын мүмкүнчүлүгү барбы?
- Мындай аракеттерди жасап атабыз. Стандартка ылайык адам баласы сегиз саат иштеп эле, андан ашык иштебеши керек дегенде да болбой калып атат. Себеби, базар экономикасы болуп аткандан кийин, заказ болгондо кээ бир күндөрү көбүрөөк иштеп, кээ күндөрү жумуш жок отуруп калышат. Ар кандай болот. Ошолорду жөнгө салыш үчүн технополюс куралы деп атканыбыз ошондон. Анткени, жакшырак шарт түзгөнгө жаңы имараттарды салбасак, бүгүнкү имараттардын андай мүмкүнчүлүгү жок. Биз ушуга аракеттерди кылып атабыз. Менимче жакында бул маселелерди да чечсек болот.
Нурайым РЫСМАМБЕТОВА



Так маалымат эч жерде жок...
Алгач "Кыргызстанда канча кийим тигүү ишканасы жана канча жумушчу бар?" өңдүү суроолор менен кайрылып, Улуттук статистика комитетинин, жеңил өнөр-жай бөлүмүнөн төмөндөгүдөй жооп алдык:"Жалпы кийим тигүү цехтеринде 104647 адам иштейт. 2009-жылдын жыйынтыгы менен 64 ишкана юридикалык жактан катталып отчёт берген. Жылдык өндүрүлгөн продукция 3578,6 млн. сомду түзөт. Бул көрсөткүч да өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркы менен эсептелген, чын-чынына келгенде, бул цифрадан он эсеге көп болушу мүмкүн. Кийим тигүү цехтеринде 104647 адам иштейт, 64 ишкана бар деген формалдуу эле бизге жеткен көрсөткүч. Кыргызстанда канча кийим тигүү цехтери бар жана анда иштеген жумушчулар канча экендиги тууралуу так маалымат эч жерде жок. Салык инспекциясында гана чындыкка жакындашкан маалымат болушу мүмкүн".
Андан ары кийим тигүү цехтеринен мамлекеттин чөнтөгүнө канча салык түшөт? Ар бир тигүүчү машинага канча сомдон салык коюлган? Кыргызстанда канча кийим тигүү цехи бар? өңдүү суроолор менен Салык инспекциясынын пресс-кызматына кайрылсак, "кат жөнөткүлө" дешти, жөнөттүк. Бирок, ал жакта иштеген Эркин Сазыков аттуу кызматкер "суроону бөлүмдөргө жеткирдим, качан жооп беришсе ошондо берем, бүгүн жыйналыш болмок"деген ар кандай шылтоолор менен эки жума сүйрөдү. ММК элге өздөрүнүн жашап аткан коому тууралуу, кичине маалымат алып бералбай аткандан кийин, иштин бүткөнү да. Кантмекпиз, учурда прокуратура, салыкчылар Кудайды тааныбай баратышса?