Абдымалик АКМАТБАЕВ;
"Рысбек, Тынычбегимдин эмгеги унутта калды"
Кезинде кыргыздын кыраан уулдары болгон ага-ини Рысбек, Тынычбек Акматбаевдерди мүлдө кыргызда тааныбаган жан жоктур. Айрыкча, Рысбек Акматбаев коомчулукка криматалык катары таанылганы менен, а кишинин кыргыз дегенде бардыгын жогору койгон патриоттуулугу, наркотрафикти Кыргызстанга киргизбейм деген мекенчилдиги, алсызга жардам берген адилеттиги аликүнчө эл оозунда. Ал эми, Тынычбек Акматбаев да кыргыздын бычакка сап жигиттеринин бири эле. Эсиңиздерде болсо керек, Т.Акматбаев 2005-жылы 20-октябрда иш үстүндө трагедиялуу өлүм тапкан. Мыйзам боюнча, Тынычбек Акматбаевге "Эрдик" медалы берилиши керек болчу. Ошол учурдагы Парламент да ушундай чечим кабыл алган. Бирок, мурунку президент К. Бакиев негедир кол койбой койгон. Бакиевдерден үмүт үзгөн Абдымалик аксакал маселени кабыргадан коюп, бүгүнкү бийликтен үмүт кылып туру.



- Абдымалик ата, ден-соолук, турмуш-тиричилик жакшыбы, деги кантип жатасыздар?
- Жашы өткөн кишиге жардам берген киши жок болгондон кийин кыйынчылык деген болот экен. Бирок, Алла-Тааланын күчү, касиети менен, берген кайраты менен жашап жатабыз.
- Рысбек, Тынычбек уулдарыңыздын балдар-кыздары кандай жүрүшөт?
- Эки уулумдан калган неберелерим жакшы, чоңоюп жатышат. Окуп атышат.
- Учурда эмне маселеңиздер бар?
- Эми маселе, Тынычбек уулум Жогорку Кеңеште депутат болуп турган 2005-жылдын 20-октябрында 31-колонияга иш сапары менен барып каза болгонун билесиңер. Ошондон бери Жогорку Кеңеш жактан эч кандай "Кандайсыңар, кандай жашап атасыңар?" деп бир сурап койгон киши болбоду. Анысы ал эле, балам кимдин заказы менен каза болгону сот жыйынтыгында айтылган жок. Кыскасын айтканда, картайган бизге күйгөн киши болгон жок.
- Жергиликтүү бийлик балаңыздын элге кылган жардамын эстеп, бир нерсе кылыштыбы?
- Ой, аны биз эстетпесек, эч ким эстебей калды көрүнөт. Тынычбектин 2005-жылы апрелден баштап, октябрга чейин өзүнүн Ысык-Көл районунун № 69 шайлоо округуна кылган кызматын эч ким баалаган жери жок. Мисалы, Балыкчы шаар болгондон бери стадиону жок эле, чоң стадион куруп берди эле, жок дегенде ошол стадионго атын берип коюшкан жок. Бала-бакчага 60 орундуу инвентарь алып берди. Сарыкамыштан баштап Балыкчыга чейин жөө барып -келип окуп аткан балдарга автобусун алып берди. Чырпыкты, Тамчы айыл өкмөтүнө, үч жүз сегиз миң сомго таза суу киргизип берди. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн "Жаштар" көчөсүнүн жашоочулары көп жылдан бери свети жок отурушуптур, аларга трансформатор койдуруп берди. Кара-Ой айыл өкмөтүнүн 70 түтүн үйүнө свет койдуруп берди. Жашоочуларга дары-дармек, кем-карчтарын алып берип канча жардам кылды. Кароосуз калган балдарга жардамын аячу эмес. Ар бир мектепке майрам сайын белек-бечкегин камдачу эле. Өзгөчө өзү окуган Чолпон-Атадагы Киров атындагы орто мектебине абдан жардам кылчу. Ага Тынычбек Акматбаевдин ысымын ыйгарып бергиле деп директору баш болуп, мугалимдери суранып аткандарына беш жылдын жүзү болду. Аны уккан жергиликтүү бийлик тескерисинче, "Антип айтпагыла!" деп мугалимдерди тескери үгүттөп атышат. Уулум Жогорку Кеңештеги азыркы депутаттар А. Келдибеков, К. Ташиевдер менен убагында бирге депутат болуп иштеди эле. Алар Тынычбектин кылган эмгектерин толугу менен билишет. Ушул балдар анын арбагын сыйлап жок дегенде өзү окуган мектепке ысымын ыйгарттырып беришсе деген алардан суранычым бар. Ушуну аманат кылып айтып койсоңор, биз ыраазы болот элек айланайындар.
- Жогорку Кеңешке Марат Султанов төрагалык кылып турган тушта "Эрдик" медалы сунушталып кандайдыр бир саясый оюндардын негизинде берилбей калбадыбы?..
- 2006-жылы 5-декабрда Марат Султанов төрага болуп турган кезде "Тынычбек Акматбаев иш үстүндө каза болду, "Эрдик" медалы берилсин" деп Жогорку Кеңештин чечимин чыгарыптыр. Ага рахмат. Ал чечим мурунку президент К. Бакиевге жетип, бирок эки жолу кайтарылыптыр. Андан кийин Марат Султанов түшүп калбадыбы. Азыр эми Марат кайрадан парламентте отурат , жардам берер. Бул оң жагына чечилсе, ата-энеси ыраазы болот элек. Үмүт кылабыз. Эгерде эки балам тирүү турганда кыргыз элине эчен жакшылыктарды кылмак. Башта айтканда мына, эки балам салган Эр Табылдынын күмбөзү турат. Жердештерине мечит салып берди эле, жаркыраган мечити турат. Аны берки уулум Рысбек салып берген. Рысбегим Орто-Токой айылына да мечит салып берген. "Ата, Кудай буюрса, Бишкекке Орто-Азияда жок мечит салып берем" деп жүрчү. Акыры Көк-Жардагы мечиттен шейит кетпедиби. Кийин уксам, ошол мечитке да жардам берип жүрүптүр.
- Эки азаматыңыздын өлүмүн кимден көрүп калдыңыз?
- Булар Бакиев колдуу эле болду го. Рысбек, Тынычбек каза болгондон кийин Ф. Кулов "Жаныш Бакиевге генералдыкты бербесек болбойт" деп капитан Жанышка дароо генералдык чинди бердиртпедиби.
- Сот чечимине канааттандыңызбы?
- Кандайча канааттанам. Камалгандарга зонага дача куруп берип коюшса. Алар ал жакта жыргап, өлүмгө заказ берген чыныгы күнөөкөрлөр бул жакта жыргап жашап жатышат.
- Тынычбек байкенин балдарына мамлекет тарабынан пособие берилип атабы?
- Жо-ок. Он төрт баланы өзүм багып атам.
- Мурда эки балаңызды жогорку жакта иштеген чиновниктерден тартып, бизнесмендерден бери жандап жүрүшчү эле. Алардан жардам болдубу?
- Жоок, кайдан?
- Казакстандагы айрым достору келип ал-акыбал сурап, анда-санда жардам берет экен деп уктук го…
- Ооба, келишет. Кээси анча-мынча жардам берип кетишсе, кээси жөн гана куран окутуп кетип атышат. Аларга абдан ыраазымын.
Нарын МАМЫТОВ