Рыскелди аттанабы?
Рыскелди Момбеков деген жигитти тааныйсыздар. Бакиев бийлиги кезинде калемин найза кылып, журналистика чөйрөсүндө диктатордук бийлик менен күрөшкөндөрдүн бири. 7-апрелден соң кызмат акысына Маданият министрлигин алган. Бирок, техникалык өкмөт деген түзүлө калып, Рыскелди министрликтен кеткен. Кетээринде бийликтегилер "жакшы кызмат беребиз" деп сүт эмизишиптир. Негедир алигүнчө Рыскелди мырза бош жүрү. Премьер-министр Атамбаев эмнегедир өз чөйрөсүндөгү Рыскелди өңдүү мыкты жигиттерге көңүл бөлбөгөнү өкүнүчтүү. Аныгында Атамбаевди, анын мүдөө-максаттарын бүт элге жеткизген так ушул Рыскелди эмеспи. Убакыт улам создугуп келаткандыктан улам Рыскелди мырзанын бетке чабаарлыгы кармап, тарс жарылыптыр, "керек болсо оппозицияга кетем" таризинде. Мындай жигиттерден айрылуу, анүстүнө алар оппозиция катарын толуктоо өздөрүнө кандай сокку болоорун бийлик башылары сезээр бекен?


Жекшенкуловду жеңинен тартышууда
Бийлик күн өткөн сайын трагикомедияларынын репертуарын жаңыртууда. Алардын бири Жекшенкуловго арналып туру. Дегеним, Жекшенкулов Бакиев бийлиги менен түздөн түз кармаша баштаганда өткөн бийликтин жасоолдору Аликеңдин өзүнө, эки бирдей биртууганына кылмыш иш чүргөп жиберген. Акыры өзүн темир торго салып, иниси Таалай Медеркуловду таптаза эле жок шылтоо менен үй камакка алышкан. Бийлик алмашкан соң Жекшенкулов өзү акталганы менен иниси дале кылтакта. "Балыкчы шаарында вице-мэр болуп турганда суу түтүктөрүн мыйзамсыз алмаштырган" деген жалаа менен Жекшенкуловдун иниси эки жыл эки айдан бери үй түрмөдө. Соттук отурум белгисиз себептерден улам жылдырылып эле келатат. Түшүнгөн чыгаарсыңар? Себеби жөнөкөй, учур бийлигине каршы оппозициянын башын бириктирген Жекшенкуловдун айдыңынан чочулаган бийликтегилер Аликеңдин жакасына түз асыла алышпай, инисин барымтага кармап, жеңден тартып туру. Бирок эл үчүн башын сайган баатырлар мындайга байланып калбайт.


ОБОНдун өкүлү парламентте отурат...
Бакиевдердин камчысын катыра чаап, алардын ар ишине ынтызарлык менен жүгүргөн бир айымдын бүгүнкү парламентте суйкайып отурганын коомчулук кеп кылышууда. Албетте, көпчүлүк "Ата-Журт" партиясынан деп ойлошкондур, бирок, ал "Ар-Намыс" партиясынын популист депутаты болуп чыга келиптир. Ал ким десек, бир кезде экс-бийлик менен абдан жакын ымалада, башкача айтканда үй-бүлөлүк катышта болуп, бир мезгилде Жалалабаттын замгубернаторлук кызматтын активдүү аркалаган Камила Талиева дешүүдө.
Анын депутат болуп келер алдындагы ишмердигинен кеп салсак, бакиевдик шайлоодо ага чуркап, иш алалбай коюп, шаабайы сууп, иштерине шылтоолоп, Москвага кетип калыптыр. Бирок, апрель окуясынан кийин ал шайлоо алдында шайдоот тартып, Кыргызстанда пайда болот да, "Ар-Намыстын" ардактуу талапкерине айланат. Каңшаар кептерге караганда, Камила айым Москвадан бакиевдердин бирине жолугуп, оңбогондой суммадагы акча каражат алып, парламенттен орун алууга "Ар-Намыска" кудаланып келген сыяктуу. Балким, чын балким калптыр, парламентке кимдер гана келген жок...

Колот баатырлары көбөйдү го…
Ыраматылык Салижан Жигитов ушинтип айтчу эле, "колот баатырлар" деп. "Баласы же небереси капчыгын кампайтып алып эле атасынын, чоң атасынын атын көчөлөргө койдуруп, тээ сөөгү сөпөт болгон бабасына эстелик тургузуп, китеп жаздырып жатып калышты. Тактай келсең аларың же бир эл үчүн өтөгөн кызматы жок, аркайсы кокту- колотто уурулук, каракчылык кылгандан башка кесиби жоктор болуптур" дечү. Алар го эми өткөн ата-бабаларын баатыр көргөзгүсү келгендерге айтылган. Бүгүнчү? Бүгүнкүлөр Сакемдин "каармандарынан" да ашып кетишти, кокуй. Кызылдай эле өздөрүн баатыр сезе башташты. Апрель, Ош окуяларынан тарта өзүн баатыр сезип алгандардын анабашында Оштун "ханы" Мырзакматов Мелис деген мырза татырактап чуркап келатыры. Макул, Ошко кадыры бар экен, ал жакка эмгек өтөп атыптыр. Мунусу эрдик дейли. Бирок, негедир учур бийлиги менен ит ыркырашта. Жакындан бери "Президенттикке атсалышам" деп делөөрүп атыптыр. Мейли атсалышсын, буга ич күйдүлүк жок. Бирок, бирогу бар. Ой, бу кыргыздар, качан хандыктын кадырын бийик тутабыз, ыя? Эки хан сөрөйүбүз ырысын көтөралбай көөп кетти. Эми болсо маркум Салижан Жигитов айтмакчы "колот баатырлар" минтип кыргызды бийлемекке жутунуп атышат. Деңгээлдерине карабай… Жыргаптырбыз.


Алкомагнаттын "арты" ачылабы?
Билесиңер, Бакиевдин кандуу бийлиги учурунда буйрутма өлүмдөрдүн саны күн санап өскөнүн. Ошол курмандыктардын бири депутат Жыргалбек Сурабалдиев болгон. Анын өлүмүнө бир кездери Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеген Эркин Мамбеталиев күнөөлүү делинип түбөлүк түрмөгө да кесилген. Бүгүн болсо таптакыр башка маалыматтардын учугу чыга баштады. Айрым акыркы маалыматтарда Сурабалдиевди Эркин эмес, кримчөйрөнүн аттуу-баштуу бир өкүлү өз колу менен жайлаптыр. Ал эми депутатты жок кылуу үчүн ал киллерди өлкөдөгү белгилүү эле алкомагнат жалдаган экен. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген ушу.


"Акжолчудан" аңкилдек
Бакиев арааны жүрүп турганда бир топтор элге жасаган пайдасы жок туруп, өкүртө чартаңбай тебишкен. Өзгөчө "Акжол" деген партиянын тонун жамынгандар. Ошолор бүгүн да "концерттерин" аякташа элек. Алардын бири Турдукан Жумабекова деген апчебиз. Айтымда апчебиз алигүнчө ЖоКеден алган кызматтык үйүн өткөрбөй аңкилдек атып жатат дешет. Кызыгы Турдукан апчебиз убактылуу жашаганга берилген кызматтык үйдү "түбөлүктүү" деп угуп алса керек. Баарынан да ал үй мамлекеттики, элдики экенин эстегиси келбеген Турдукан апчешкага күйөт экенсиң, эй… Андай болчу эмес апче, аңкилдек атасызбы, тоңкулдак атасызбы, ал деген элдин таман акы, маңдай теринен курулган мамлекеттин менчиги экенин унутпасаңыз.


Актоо эмес тактоо
Гезитибиздин 19-январдагы санында ЖОЖдордогу коррупция, тагыраагы студенттерден экзамен учурунда акча алып, баа койгон айрым мугалимдердин аты-жөнү берилген. Бирок, бизге ошол ЖОЖдордун студенттери сурамжылоо учурунда паракор мугалимдерди өздөрү атап беришкен эле. Ошол маалыматта, Бишкек Гуманитардык Университетинин(БГУ) окутуучусу Тимур Саралаевдин дагы ысымы аталган болчу. Көрсө, ал аталган окуу жайдан бир топ убакыт мурун эле иштен бошонуп кеткен экен. Демек, бул жерде агайдын атын сатып, акча өндүргөн мугалимдер болсо керек деген бүтүмгө келдик. Гезиттеги пикирлер редакциянын жалпы көз карашын чагылдырбасын эске салып, биз Тимур агайдын алдынан өтүп коёлу деп чечтик.


Турдугожоев Отунбаеванын "терисин" жамынып…
Хохма, эй. Турдугожоев Жыргалбек деген мырза бар. "Кабар" агенттигинин директору. Бир кездери Роза Отунбаева депутат болуп турганда жардамчы болуптур. Ошол мырза бир топтон бери өз кызматкерлери менен чыркырашып келет. Бул эми башка сөз. Хохма дегеним, Жыргалбек мырза ким менен урушса деле, кайсы жерге барса деле "мен Отунбаеванын жардамчысы болгом" деп ооз көптүрө бербейби. Акыры бул сөз Отунбаевага да жеткенби же Роза айым бул сөздү уга берип тажаганбы, айтор Турдугожоевди "экинчи бул сөздү айтпай жүр" деп катуу кагыптыр. Ындыны өчкөн Турдугожоев ошондон бери жамынган терисинен айрылып, жама-ан болуп атыптыр.