Ай толду, карачы…
Көпчүлүк адамдар бейтааныш жерде түндүк-түштүк, чыгыш-батыш кайда экенин күндү карап баамдашат. Ал эми бөлөк-бөтөн жерге түнкүсүн туш болуп калсаң, толгон айдын жарыгы менен түндүк-түштүк, чыгыш-батышты туура иликтесе болобу?

(Жообу: Ай толгон маалда түштүк тарапта өз сызыгында эң бийик абалда болорун эсиңерден чыгарбагыла. Бул мезгилде айдын жарыгы жерге тегиз түшүп, айлананы бөтөнчө жарык кылып, ар нерседен түшкөн көлөкө таасын болот. Ошондон улам ай толгондогу эң кыска көлөкө түн ортосу маалында гана болот. Демек, көлөкөнүн багыты түндүктү көрсөтөт. Түндүктү аныктаган соң, калган тарапты оңой эле баамдаса болот)


Гүлчөтай, ач бетиңди!
Сүрөттөгү кубиктердин капталдарына 0, 1, 4, 5, 6, 8 деген сандар окшош иретте жазылган.
Эмесе, сүрөттөгү үч кубиктин жер караган бетинде эмне деген сан жазылган?

Динозавр го бул?!
Бирөөдөн жашын сураса, айтат дейт: "Биртопко барып калдым, кээ бир туугандарымдан алты жүз эсеге улуумун" деп.
Чын эле ушундай болушу мүмкүнбү?


Кубик-рубикти чагасыңбы, ыя?!
Сүрөттө майда кубиктерден тургузулган геометриялык түзүлүштү көрүп турасыңар. Ар кайсы жеринен айрым кубиктер түшүп да калган экен.
Эмесе, жалпысынан бул сүрөттө канча кубик бар жана канчасы өз ордунан түшүп калган?