Бегалы НАРГОЗУЕВ, экс-депутат:
"Мергенчиликке кызыгам,
бирок, "Жашылдарды" колдойм"
Мергенчилик ата-бабадан калган өнөр. Тоо аралай бастырып, ар түркүн айбанаттарга аңчылык кылуу адамга ырахат тартуулап, экинчи жагынан олжолуу да болуп кайтасың. Биздин маалыматыбыз боюнча кыргыз кыйынчыкмаларынын ичинен "аңчылык десе жатпагандардан" экс-депутат Бегалы Наргозуев менен Өмүрбек Суваналиев алдыңкы орунда турат. "Мергенчилерден" шыралга сурап кайрылдык эле, Өмүке зарыл иштер менен бошой албасын айтып, "Мен жөнүндө Бегалы эле кенен айтып берсин" деп астейдил суранып кетти. Бекебиздин берген жообу болсо бул...


- -Бегалы байке, мергенчиликке кызыгасызбы?
-- Ооба, кызыгам бирок, акыркы жылдарда дүйнөлүк "жашылдар" кыймылынын идеяларын колдоп келем. Менин апам Түймөкан Аксынын Мундуз айылынан болот. Ал айыл тоонун арасында жайгашкандыктан, таякелерим түтүн сайын мергенчи эл келет. Мен болсо жаш кезимде таянемдин колунда өскөндүктөн, ошол кезден эле таякелериме аралашып ууга чыгып, алгач кекиликке, андан кийин элик уулаганга чыгып мергенчиликке аралашкам. Атамдын мылтыгын жакшы атканымдан биздин айылдык Сартмырзаев Акпар деген аксакал "Бегалы, сен тагаларыңды тартып көзгө атар мергенчи чыгат окшойсуң", деп мактаганы эсимде калыптыр. Ал кезде Мундуз айылынын эле үстүндө жайгашкан Чер деген токойлуу жерде жапайы камандар ушунчалык көп болор эле. Алтургай түн ичинде айылга жакын түшүп келгенин көп көрдүк. Мына ошол жайнаган камандарды райондук военкоматта иштеген аскер кызматчылары автоматтар менен барып эле кырып жатышчу. Кийинчерээк ошол камандар тыптыйпыл кырылып кетишти. Бозбу-Ата тоосу тараптан элик, тоо эчки-текелер жоголду. Ошондон кийин мен мергенчиликке кызыкканым менен ошол жапайы жаныбарларды атпайын деп өзүмчө ниеттенип калдым.
-Кыргызстандын кайсы тоолорунда мергенчилик кылгансыз?
-Чаткал тоо кыркаларында мылтык менен мергенчилик кылсам, Тянь-Шань тоо кыркаларында жана Франциянын Альпы тоолорунда фотоаңчылык кылгамын.
-Өз колуңуз менен карышкыр, каман, улар же аркар аттыңыз беле?
-Өз колум менен элик, кекилик, түлкү гана аттым да кийин мергенчиликти токтотуп койдум. Мылтыктын ордуна "SONY" деген кубаттуу профессионалдуу фотоаппарат сатып алып фотоаңчылыкка өттүм. 2006-жылы октябрда уулум Амантурду алып, дагы бир Мелис деген жигит үчөөбүз мобу эле Ала-Арчанын үстүндөгү Аксай капчыгайын өрдөп, "Корона" чокусун көздөй кеткен бир таман альпинисттик жол менен тырмышып чыгып баратсак кеч кирип кетип, кар бурганактап жаап жиберди. Тез чатырды тиге коюп, түнөп калдык.Эрте менен эрте, саат 6 да ойгонсом, биздин кичинекей бир-эки адамдык туристтик чатырларыбыз кар басып көрүнбөй калыптыр. Сыртка чыга калсам бир үйүр тоо теке эчкилери менен өтүп баратыптыр, "жаркылдатып" эле фотоаппаратыма тарта баштадым. Текелер үрккөн бойдон качып жөнөштү. Жакын жерден бир-эки күн мурун жаңы эле атылып, союлгандан кийин калган чоң текенин башын, мүйүздөрүн таптык. Ал эми 2007-жылы октябрда Францияга барып Альпы тоосундагы Мон-Блан чокусунан түшүп келатып, токойдон бир нече үйүр тоо теке-эчкилерине туш келгем. Аларды да фотоаппартка түшүрүп алдым. Мындай мисалдар көп. Ошол сүрөттөрдөн фотокөргөзмө уюштурсамбы деген оюм бар.
--Аңчылык десе жатпаган кайсы чиновниктерди билесиз?
--Көп эле чиновниктерди билем. Бирок аңчылык десе ичкен ашын жерге коё койгон чиновниктерден Өмүрбек Суваналиевден өткөнү жок болуш керек деп ойлойм. Качан көрсөң мергенчиликке аттанып турат. Болгондо да карышкырга аттанат. Жаңы жыл астында эле Арпа, Аксай тараптан топозчулар телефон чалып "карышкыр көбөйүп кетти, малга тийип, тынчтык бербей жатат", деп суранышканынан атайын барып, төрт карышкыр атып келди. Бирөөсүнүн терисин мага шыралга деди, буюрса мен атама ичик тиктирип берейин деп турам. Аңчылыктан келгенден кийин ал жердеги окуяларды, карышкырлардын амалдуулугун суктанып, бир нече саат айтып берет. Өмүкенин айтуусу боюнча эң куу, акылдуу жырткыч түлкү эмес эле карышкыр дейт. Өздөрү жортуп жүргөндө алар сөзсүз түрдө бийик жерге бирөөсүн кароолго коюшат да сак болушат. Мергенчинин милдети ошол кароолдо турган карышкырга байкатпай өтүп, топ жүргөн бөрүлөрдүн үйүрүнө кол салуу. Бул өзгөчө кылдаттыкты талап кылат. Ээн жаткан тоонун арасында, шырп эткен үн жаңырып турган жерде, эң ыңгайлуу стратегиялык бийиктикти ээлеп жаткан карышкырдын дозорунан айланып өтүү өзүнчө эле азап.
Карышкырга кол салганда алар тобу, үйүрү менен качпай дароо ар кимиси ар башка тарапка чачырап качышат. Бул болсо алардан чыгымды азайтат. Бирөөсүн кууп аткынча экинчисин таппай каласың. Таш арасында болсо ташка аралашып жата калса өңү-түсү окшош болгондуктан издеп, таппай сыйпалап каласың. Карышкырлар сак болгондуктан аларга 300-400 метрден жакын барыш өтө кыйын. Өмүке акыркы олжолорун да ошол 300-400 метр аралыктардан атып алыптыр. Анан карышкырлар өздөрүнө мылтык атылган жерге кайра кайрылып келбей, башка жакка ооп кетишет. Ошондуктан топозчулар Өмүкеге кайрылышып, "карышкырларды чочутуп бербесең болбой калды", деп жатышпайбы. Ат жаныбар аябай сезгич келет да карышкырдан катуу коркот дейт Өмүке. Бир жолу кар калың, тоо арасында ат менен мергенчиликте жүрсөк, бир кырды жакшы ашып, экинчи кырды ашаарда эле аттар такыр баспай туруп калса болобу. Жетелесек да баспайт. Акыры бир метрдей карды жөө кечип, кырды ашсак эле, так карышкырлар бир аркарды жаңы эле баса калып, тойлоп жатканынын үстүнөн чыкпадыкпы. Тарсылдатып эле калдык.
Карышкырлардын өздөрүнүн аңчылыктары да дайыма эле жолдуу боло бербейт. Бир нече күн ачка жүргөн карышкырлардын үйүрлөрүнө да туш болгонбуз. Бир жолу атып алган карышкырларыбыздын терисин сыйрып жатып, курсагын ачып көрсөк, ашказаны куру, эч нерсе жок. Байкуштар, аңчылыктан жолу болбой келатып бизге кабылып калган экен. Бирок карышкырлар таза аңчылык кылышат дейт Өмүке.
Өз мээнети менен аңдып жүрүп, кууп жүрүп өз олжосун алат. Ошон үчүн карышкырларга да ошондой таза мамиле кылыш керек. Аларга да аңчылык кылганда качып кутулуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек, деп калат. Дайыма ат менен жүрүп аңчылык кылган Өмүке бир жолу бизнесмендер чакырганынан вертолёт менен Аксай, Арпага карышкырга аңчылыкка чыгып, олжолуу кайтканы менен кабагы салыңкы келгенин көргөм. Келип эле, "бул деген аңчылык эмес, бул деген жөн эле убийство турбайбы? Карышкырларга качканга эч мүмкүнчүлүк калтырбайт экен, ушу да аңчылыкпы? Тим эле үстүндө туруп алып эле кыра беришет экен. Экинчи вертолёт менен чыкпайм", деп калды. Ошондон кийин Арпа, Аксайга чейин машина менен барышат да андан ары ат менен кетишет. Күн сайын ат үстүндө 12-14 саат жүрүүгө туура келет. Мындайга кыргыз баласы эле чыдабаса, башка эч ким чыдабайт го. Өмүкеде көздүн жоосун алган мыкты, көзгө атар мылтыктардын коллекциясы да бар. Кыргызда "Улуу тоого чыккан барбы, улар этин жеген барбы?" деген улуу сөз бар эмеспи. Анткени улар да бийик , улуу тоолордун арасында жан багат. Сейрек куштардан болгондуктан, ага аңчылык кылыш да татаал. Мына ушул куштун- улардын этин мен да жеп калдым. Бир жолу куштарга аңчылык сезон ачылганда Өмүке атайын барып, атып келип мага улардын этинен шыралга берген. Анан Өмүке көптөн бери мени аңчылыкка кошо чакырып көндүрө албай жүрөт. Жакында жакшы мылтык сатып алганга көндүрдү.
--Куш агытып, тайган салууга кандайсыз?
-- Суктанам. Аңчылыктын бул түрү мылтык менен "тарс" этип атып алганга караганда алда канча гумандуу эмеспи. Бирок өтө машакаттуу келет. Итти-кушту багыш керек, тапташ керек дегендей. Менин уулум үйдө эки тайган кармайт, бирок менин баамымда таптоосу жарашпай жатат. Жакында досум Турусбек Мамашов уюштурган ушул тайган, куш менен аңчылык кылуу боюнча "Салбуурун" фестивалына барып, досума, уюштуруучуларга аябай ыраазы болуп кайттым. Кыргыздын ушундай салттарын жандандырыш керек.

Даркан ЧЕРИК