Алтын балык кеп айтат, ал "эмне үчүн" деп айтат?
Эмне үчүн секс-сезимдердин туу чокусу?
Жаныбек Жанызак, журналист:
- Так ошондой, буга аныктама бериштин кереги жок. Балакет сезимдер болсун, баарынын түбү жыргалды эңсейт да, туурабы? Өбүшөбү, кучакташабы, баарынын чеги, түбү ошого жетүү да. Андыктан, сезимдердин, эңсөөнүн, жыргалдын, кумардын, деги койчу, жашоонун маңызынын анык туу чокусу, бийиктик-жыргалы так ошол-секс. Болгон сезимди, тамырдын баарын ошол жерге алып барып чогултуп койгону үчүн Кудайга миң мертебе ырахмат айтыш керек.


Эмне үчүн молдонун айтканын кылыш керек да, кылганын кылбаш керек?
Жыргалбек Касаболотов, конфликтолог - талдоочу:
- Бул сөз аныгында түз эле молдолорго айтылган эмес. Илгери билимдүүлөрдүн баарын эле молдо деп койгон эмеспи. Ошол себептүү билимдүүсүнүп айткандары менен өздөрү аны жасабагандарга карата айтылган пикир. Бүгүн деле мындайлар оголе көп экенин көрүп жүрбөйбүзбү. Сүйлөгөндөрү таптакыр башка да, жасаган иштери теңирден тескери.


Эмне үчүн сөөгү сынган айыгат да, сөзгө сынган айыкпайт?
Акылбек Усупбаев, уролог-дарыгер:
- Сөз деген улуу да. Гиппократтын айтканы бар, "сөз менен адамды айыктырса да болот, сөз менен адамды өлтүрсө да болот" деген. Аныгында сөөктүн сыныгы бүтөт. А сөзгө сынган адамды дарылаш кыйла оор. Айрым учурда таптакыр мүмкүн эмес. Анын дарысы ошол адамды сындырган сөздүн эмнеден улам айтылган себебин табууда.


Эмне үчүн зордун арты кор болот?
Бейшен Болотбеков, экс-губернатор:
- Эгер кимдир бирөөгө кезинде чокчоңдоп, эч себепсиз зордукчулук кылсаң ал эртеби, кечпи сенин башыңа кордук апкелет. Ошондуктан кордукка кабылгың келбесе, бирөөлөргө жөнү жок зордук кылбоо керек. Мен бул сөздүн маңызына макулмун. Ким болбо, эртеңкиңди эстей жүрүшүң керек.


Эмне үчүн "койнуңда жатып билинбейт, катындан өткөн душман жок" делинет?
Шайырбек Абдрахман уулу, ЭлТР коомдук телевидениесинин директору:
- Менимче мунун чындыгы болсо керек. Кыргызда бир кеп бар "катын душман" деген. Бирок бул кайсы бир кырдаалга жараша айтылып калса керек. Турмушта ар кандай тагдырлар, кырдаалдар бар да. Менимче ошондой шарттардан келип чыккан сөз. Ал эми өз турмушума келсем, Кудай сактасын мындайдан. Дегеле бул сөзгө кошулам деп да айталбайм, кошулбайм деп да айталбайм.


Эмне үчүн аял үндүү эркектин кубаты жок, эркек үндүү аялдын уяты жок?
Назира Жетигенова, куудул:
- Аял үндүү дегендер жанагы "голубойлор" да ээ? Эй, эркек деген эркектей эле болушу керек да. Аларың канча чоюлуп, созулганы менен кыз эмес да. Эркек болуп да жыргатпайт аларың. Элестетсең, "кыз" болгусу келип созулуп атса, анда каяктагы кубат. Ошон үчүн андайлардан Кудай сактасын. А жанагы дарылдап сүйлөп, "дерзкий" жүргөн аялдар деле анча жакпайт.


Эмне үчүн ууру тойгончо жейт да, өлгөнчө карганат?
Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери:
- Бүгүнкү күндө биздин уурулар тойгончо эле эмес, кусканча жеп атышпайбы. Бул биздин саясатчыларга кадыресе адат болуп калган. Ушундай кылыктарынан улам алар элдин өздөрүнө болгон ишеничин таптакыр жоготту. Биз мындан арылыш үчүн уят деген түшүнүккө кайрылышыбыз керек. Болбосо уяттан айрылган уурулар кусуп атса да караманча кашайып, "сүттөн акпыз" деп карганып атышат. Биз элибиздин уят, намыс, абийир деген бийиктиктерине кол сунмайын, аны тутунмайын уурулар да көбөйө берет. Анан алар уурдаган соң актанбай коймок беле? Актанганда да "уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат" болуп кайра элдин бетин тырмап, карганмайга өтүп алышпадыбы. Муну токтотуш керек.


Эмне үчүн каранын жини келгиче сарынын жаны чыгат?
Аскат Мусабеков, ырчы:
- Каралар сарыларга караганда токтоорок келет го. Мен өзүм сары болгондуктан мунун маңызын түзүк эле билем. Биз сарылар жинденгенде кызарып-татарып кетебиз. Каралардыкы билинбейт деле да. Анүстүнө сарылардын баарынын ачуусу чукул, нерви жукараак болот окшойт. Кыскасы, бул сөздүн чындыгы бар.

Даярдаган Кадырбек Темир