Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кайда барып иштөө керек?
- Алло, досум, кайдасың өзүң?
- Шаарда элемин, эмне болду?
- Кечээ мени таштап баса берипсиң го?
- Каякка, омей?!
- Жанагынча ургаачынын арасына…
- Эй, быратан, "бул үйүр меники, кет үйүңө!" деп мени бөлүп, "кишенеп" атпадың беле… чылбырыңа чалынып?!
- Чылбыр да жок, жүгөн да жок, ээр- токум бүт жок!
- Өзүң аман- эсенсиңби?
- Өзүм бүгүнтөн баштап диссидентмин. Аяшың айдапашол деди.
- Катын кайын- журтка кетти деп ээлигип- жээлигип атпадың беле, тез эле келип калдыбы аның?
- Аяшың жеткен бир жүүт болду го. Калп эле кетимиш болуп, бадрушкесиникине жайгашып алыптыр, карачы куусун! Калыстык жок, эй!
- Аялдын амалы канча эшекке жүк экенин унуткан экенсиң, кокуйгүн десе, анан ыпысык колго түшүп бердиңби?
- Тиги экөөнүн бирин өңөрүп, экинчисин учкаштырып кирип баргам да!..
- И- и, анан эмне болду?
- Эмне болмок эле, быратоубийственный согуш болду! Экөөнү эки жакка тоголото тепти. Бирөөсүн чандырга серпкен экен, чаңырган боюнча чала- була кийинип чыга качты. Аларды жайлап бүтүп мени көздөй басканда, көзүм жамандыкты көрбөсүн деп башымды каттым…
- Чатыңабы?
- Энеңбашы! Сага күлкү да, мага трагедия болуп атат быякта. Эми кайда барам, ыя, быратан?
- Үйдө бош орун жок, досум, кайын- журт, төркүн- төстүн баары толуп алган. Катыным экөөбүз жинибизди кимден чыгарышты билбей атабыз. Баарытең "гулухой саш- шитага" өтүп алышыптыр. Нервибиз зымкарагайдай зыңылдап турган кези азыр. Такушто, бизге жакын жолобо азыр!
- Туу, иттики, эми эмне кылдык анда? Баягы сержант досуң бар эле, ал кайда?
- Ал бизди карабайт азыр, пара берип атып генерал наамын алгандан бери жекеменчик СИЗОсуна жаткызбай калган. Кусат экенсиңер дейт, бузат экенсиңер дейт, дагы үч күнгө жата турайын деп чырдайт экенсиңер дейт…
- Эми кайда барам, ыя, былтыйбай бирдеме десең боло?!
- Россияда бир досум бар эмеспи, ошол чалыптыр, бала караганга бирөө керек дейт, ошол жакка?..
- Келесоого мобу!.. Эркек башым менен бала багайынбы?
- Анын эмнеси бар, азыр эркектин баарыле үйүндө бала багып отурбайбы, челнокчу катындарынан акыя акча күтүп. Үйдө багасыңбы, Чүйдө багасыңбы - айырмасы кайсы?
- Бирөөнүн баласынын погун кантип жууйсуң, эй?! Өз баламдыкын да жууган эмесмин!
- Анын эмнеси бар, бир күчүк кошо багып аласың, чычар менен көтөнүн жалатып ташта, эч түйшүк жок. Убагында мен өшөнтүп баккам балдарды.
- Өзүңдүн балдарыңдыбы?
- Келесоосуңбу?! Экинчи, үчүнчү катынымдын балдарын!
- Тууйнең, тиштеп алса эмне болот?
- Келесоосуңбу?! Тиштерин өгөөлөп ташта да.
- Убара кылбай ушул жактан эле иш тапчы.
- Анда мындай кылалы, бир гезиттен окудум, "Маданият үйү- ХХ" деген фирмага жумушчу керек экен…
- Эмне болгон "Маданият үйү- ХХ" экен?
- "Маданият үйү" дегени - ажаткана, "ХХ" дегени - жыйырманчы кылым. ХХ кылымда калган жаштыгын сагынган байлар ал жерге агылып келишет дейт. Ностальгия!!!
- Мен эмне жумуш кылам ал жерде?
- Чыпооку жумуш. Эски гезиттерди кайчы менен чактап кесесиң да, ушалап туруп кардарларга сунуп турасың.
- Эй! Чычкыны келтирбечи! Баары бүтүп, ошо калыптырбы! Боктон башка жумушуң жокпу сенин?!
- Эй, жатыпичер, мен деле ошо сен айткан эмеден баштагам. Бизнесим жакшы кетип, эми карачы кандай деңгээлге жеттим. Намыстангандын погун жейсиңби, иштей берсеңчи.
- Сен качантан бери ошол жакта иштеп калгансың?
- Түшүмө ошонун өзү сип- сивежий киргенден бери иштеп келатам. Азыр шаардын алты точкесинде жекеменчик ажатканам бар. Арты үч сомдон, алды алты сомдон төлөйт, энди эсептей бер, достум…





АНДИГИДОТТОР


Эки доско бир доллар
Чукоткадан экөө Москвага келип, сойкуканага туш болот. Жакшы тилек менен келген чукчалардан сутенер минтип сурайт:
- Акчаңар барбы?
- Бар,- дейт тигилер,- бир долларга экөөбүзгө бир сойку салып бергиле.
Сутенер жылмайып:
- Бир долларга бири- бириңди "эметкиле"!..- деп эшикти ичинен жабат.
Жарым саатка жетпей эшик такылдайт. Сутенер барып ачса, жанагы эки чукча:
- Акчасын кимге төлөйбүз?- деп бир долларды сунат дейт.
Тоок биринчи!..
Үй ээси банкет өткөзмөй болот.
"Буюрса, сөөккө тоёт экенбиз, ур- ре!"- дейт иттер.
"Кожоюн банкет өткөзөт экен, тооккана боюнча терип- терип эле чакырыптыр. Гриль- барда чардайт экенбиз!" деп семиз тооктор сүйүнүп атат дейт.
Тык токто дейм, суволуш!
Официант өз кесибин өзгөртүп, гаишник болуп ишке орношот.
Бир айдан кийин андан сурашат:
- Жаңы жумушуң кандай экен?
- Жаман деле эмес, бир аз чаңдуу жумуш дечи, бирок чай ичип кой деп акчасын кабелтең беришет. Эң негизгиси - клиенттики дайыма натуура экен!
Жаңгак бышты
Түн ортосунда күйөөсү мас болуп келип, эшикти такылдатат.
- Бул ким?- дейт аялы.
- Жаңгак!
Аялы эшикти ачат. Күйөөсү ыктытып:
- Чага турган болсоң, баштагын маалкатпай!..- деп башын сунат.
Жазда келем өлкөңө…
Биздин элде үч алаамат бар: элдик революция, качкын президент, морадерлор.
Оюң жаман сенин
- Өз оюн угуза айткан киши менен угузбай айткан кишинин айырмасы болобу?
- Болот. Өз оюн угуза айткан кишинин маңдайкы тиштери жок болот…
Ай чыкты суйкайып…
- Айды ким ойлоп тапкан, билесиңби?
- Билем.
- Ким?
- Светке акча төлөгүсү келбегендер.
Ийри отуруп, түз кеңеш өкмөтү
- Моңголдор, эмне үчүн силердин бутуңар ийри?
- Биз орустардын мойнунда үч жүз жыл жылбай- чычпай отурдук…
- Көзүңөр эмне мынча жүлжүк?
- Ошого кичине уялып атабыз да…
Үстөлдү үйгө калтыр
- Сен эмне сатасың?
- Каттама, пилимен, манту, самса. Баары тең үйдүкү.
- А сен эмне сатасың?
- Мен мебель сатам. Үйдүкү…
Эмгекти сүйгөн еврей
- Еврейлер күрөктөп акча табат дейт, ошо чынбы?
- Калп! Күрөк көтөргөн еврейди өмүрү көргөн эмесмин!..






кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"




Яндекс.Метрика