Вьетнам согушу жана
абийири төгүлгөн Америка
Напсибиздин айынан аалам да жабыр тартууда. Шайтандын азгырыгына алданган Обо Эне алмадан ооз тийе коём деп, Адам Ата экөө бейиш багынан куулуп чыгышканы көз алдыга тартылат. Көрсө адам-пенде жаралгандан эле ачкөздүктүн, ичи тарлыктын, карөзгөйлүктүн, айбандык сезимдин үрөндөрүн өз боюна кошо сиңирип алганбы деген ойго кетесиң. . .

От менен ойношкон саясатчылар бир мамлекет менен бир мамлекетти, алтургай, бир эле мамлекеттеги бир улутту бири-бири менен кайраштырып туруп, кырып-жоюп жиберүү оңой-олтоң эле колдорунан келээрин тарыхтан окуп-билип жүрөбүз. Анын ачык далили катарында, XX кылымдагы айыгышкан кармаштардын дагы бири - Вьетнам согушу болуп эсептелет.
*****
Вьетнам согушу ХХ кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөгө дүрбөлөң салган тарыхтагы кандуу тактардын бирине айланып калды. Бул согуш оту алгач Түштүк Вьетнамда граждандык согуш катарында башталып, кийин ага Түндүк Вьетнам кошулуп, СССР менен Кытай, АКШ өңдүү ири мамлекеттердин кийлигишүүсүнүн аркасында бир далай жылдарга чейин тутанып кеткен. Вьетнам согушун 1955-1964-жылдар аралыгындагы Түштүк Вьетнамдагы партизандык согуш, 1965-1975-жылдардагы АКШнын аскерий күчтөрүнүн толук кандуу аралашуусу, андан кийин 1973-1975-жылдардагы согуштун аякталыш этаптары деп бөлүп кароого туура келет.
*****
XIX кылымдын экинчи жарымында Вьетнам өлкөсү Франциянын карамагындагы колониалдык өлкө катары саналган. Биринчи Дүйнөлүк согуш аяктаган кезде, бул мамлекетте улуттук аң-сезимдин жандануусу менен катар, көз карандысыздыкты жактаган саясый ийримдер пайда болуп, куралдуу козголоңдор күч алган. 1941-жылы Кытай мамлекетинин ичинде француздук баскынчыларга каршы турушкан "Вьетнам мамлекети эгемен өлкө болсун" деген талапты койгон саясый уюмдар түзүлөт. Мунун ичинде албетте, коммунисттик идеологияны жактаган, кийин Вьетнам мамлекетинин жетекчиси Хо Ши Мин да бар эле.
*****
Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында француз администрациясы Япония менен келишимге келет. Япон өкмөтү Вьетнам мамлекетинин Франция колониясында калышына көмөк көрсөтүү менен стратегиялык жактан да мүмкүнчүлүк алуу укуктарына ээ болууну самайт. Бул келишим 1944-жылга дейре сакталып, Япония Тынч океан аркылуу толук куралданууга мүмкүнчүлүк алган. 1945-жылдын сентябрь айында Япония Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңилүүгө дуушар болуп, Вьетнам мамлекетинен чыгып кетет. Бийликтин убактылуу жоктугунан пайдаланып, Хо Ши Мин 1945-жылдын 2-сентябрында Вьетнам Демократиялык Республикасы деп коомчулукка жар салат.
Басып алган мамлекетинен айрылгысы келбеген Франция муну жокко чыгарууга жанүрөп, Түштүк Вьетнамга аскер күчтөрүн киргизүү менен 1946-жылдын декабрь айында Вьетнам Демократиялык Республикасына согуш жарыялайт. 1950-жылы Хо Ши Мин жетектеген Түндүк Вьетнам - Кытай тараптан колдоо таап, аскер күчтөрү жардамга келген кезде француздар артка чегинүүгө мажбур болушат. 1954-жылы напсисин агыткан Франция Дьенбьенфу салгылашында оор жоготууларга учурап, Индокытайдагы ээлеп алуучулук максатынан аргасыз таят. Ошентип, 1954-жылдын июлунда Женева келишиминен кийин сегиз жылдык согуш соңуна чыгат.
АКШнын согушка кирүүдөгү алгачкы кадамы
Женева келишиминен кийин Вьетнамдын территориясы 17-параллелден убактылуу экиге бөлүнүп калат. Түндүк Вьетнам - Вьетнам Демократиялык Республикасы деп аталып, аны кызылдай коммунист "Түштүк Вьетнамды Бошотуу Улуттук Фронтун" жетектеген Хо Ши Мин башкарат. Ал эми Түштүк Вьетнам француздардын көзөмөлү астындагы мамлекетке айланып, Нго Динь Зьемдин башкаруусунда калган. Мурдатан айтылып келген эки мамлекетти бириктирүү иши 1956-жылы өтчү эркин шайлоо мезгилине жылдырылат.
Мына ушул аралыктан тартып АКШнын Вьетнам иштерине кызыгуусу арта баштаган. Кытайдагы коммунисттердин жеңиштеринен кийин АКШ - Вьетнам өлкөсүн коммунисттерден тазалоо үчүн Франция мамлекетинин согуштук аракеттерине кол кабыш кылууну туура көрүшөт.
Түштүк Вьетнамды колго алуу жана коммунисттерге каршы күрөшүү үчүн 1957-жылы АКШ президенти Дуайт Эйзенхаузер менен Нго Динь Зьем Вашингтон аэропортунда жолугушуп, келечектеги иш-аракеттери жөнүндө сөз козгошот.
Нго Динь Зьем ашкере тууганчыл болгондуктан, жашыруун полиция кызматынын башчылыгына бир тууган инисин жана башка чоң кызматтарга жакын жоро-жолдошторун коюу менен алектенген адам болгон. Андан тышкары эзелтен келаткан элеттеги вьетнамдык өзүн-өзү башкаруу каадасына каршы чыгып алып, жумурай- журтчулуктан аброю кете баштайт. Түштүк Вьетнамда жашап, Зьемдин бийлигине нааразы болушкан дыйкандар да коммунисттерди жетектеген Хо Ши Миндин "Түштүк Вьетнамды Бириктирүү Улуттук Фронтуна" кошулуусу менен согуш күндөн-күнгө өөрчүй берет. Мындай көрүнүш албетте, АКШга жакпаганы белгилүү. 1961-жылдын декабрында Зьемдин бийлигин бекемдөө, Түштүк Вьетнамдын үстүнөн үстөмдүк кылуу максатында АКШ Куралдуу Күчтөрүнүн эки ротасы ташталат. Америкалык аскерлер Түштүк Вьетнамдагы Зьемдин тарапташтарын аскердик окуулар менен машыктырып, аны менен катар каршылаш ири державасы болгон СССРге кыр көрсөтө: "биз өзүбүздүн пикирлештерибизди ушинтип колдой алабыз" деген ойду далилдөөнү туура көрүшөт. Бул жылдары Американын ичинде президент Джон Кеннединин аракеттерине калк анчейин деле маани беришкен эмес. 1963-жылы январда Апбак деген жерде Зьемдин бийлигине каршы Вьетнам коммунисттери өжөрлүк менен салгылашышып, бир топ эрдиктерди көрсөтүшөт. Өлкөдөгү басымдуу көпчүлүк будда динин тутунгандыктан, христиан дининин католик агымын карманган Зьемге нааразы экендиктерин далилдейбиз деп бир нече монах өзүн -өзү өрттөөгө чейин барышат.
Хо Ши Минге каршы күрөштө ишеничти актай албасына көздөрү жеткен Америка Нго Динь Зьемди 1963-жылдын 1-ноябрында бийликтен алып, эртеси эле күнү бир тууган иниси экөөнү тең өлтүртүп салышат. 1965-жылы мартта Дананг аэродромуна АКШ Деңиз флоту жөнөтүлөт. Ошол эле жылдын соңуна чейин Америка аскерлеринин Вьетнамга жөнөтүлгөн жалпы саны 540 миңди чамалап барган.
"Тет" операциясы 1968-жыл
1968-жылдын баш чендеринде Түндүк Вьетнам - Түштүк Вьетнамдагы шаарларга бир катар ири операцияларды жасады. 30-январь күнү түндүк вьетнамдык аскерлер көп жылдардан бери америкалыктар жайланышкан Кхешанды курчоого алышат. Вьетнамда белгиленчү "Тет" Жаңы жыл майрамында Куинен, Нячань, Данаг жана Контум шаарларына азганакай сандагы партизандар чабуул жасап, Сайгондогу америкалыктардын жайгашкан элчилик имаратына кол салышат. Ал салгылашта америкалыктардын тынымсыз аткылоосунан императордук борбор Хюе менен кошо шаардын бир катар борборлорунун күлү көккө сапырылат. 1,5 миллиондон ашуун адам качкын аталып, 700 миңдей адам үстүндө үйрүп алаар кийими же башпаанек кылаар жайы жок калышат.
"Тет" операциясынан "Түштүк Вьетнамды Бириктирүү Улуттук Фронту" (ТВБУФ) көптөгөн айыл-кыштактарга ээ болуп, америкалыктардын азга болсо да кайратын качырганга жарайт. 1969-жылы июнда Хо Ши Миндин кол астындагы ТВБУФ төңкөрүшчүл Убактылуу Өкмөттү түзүүгө жетишет.
1968-жылы 16-мартта америкалык аскерлер Куангнай провинциясындагы Сонгми деген кыштакта тынч өмүр сүрүп жатышкан 500дөй адамды айбандык менен өлтүрүп, бардык турак-жайларды өрттөп, мал-жандыктардан өйдө кырып ийишет. Аталган айылдагы кылмыш иши дүйнөлүк коомчулук арасында, анын ичинде Американын өзүндө да аша чапкан зөөкүрлүк делип, чоң нааразылыктарды жараткан. "Тайгер Форс" чалгындоо бөлүгүнүн 101-аба-десанттык дивизиясынын жоокерлери колго түшкөн туткундардын тирүүлөй кулак-мурдуларын кескилеп, баш терилерин сыйрып мазактаганга чейин барышкан. Мындай көрүнүш, Вьетнам согушуна Америка аралашкан жылдардан тартып, акыр аягына чейин кайталана берген. Ал эми СССР ондогон жылдар бою АКШ бийлигинин Индокытайдагы үстөмдүгүн бүлгүнгө учуратууга күч жумшап, Ханойго аскер базаларын орнотот. Кытай коммунисттеринин нааразычылыгын жаратпаш үчүн СССР - кыймыл-аракеттерди дипломатиялык негизде гана жүргүзгөн.

Вьетнамдаштыруу саясатына чекит эмес, үтүр. . . .

1969-жылы Американын бийлик башына жаңы келген Р.Никсон миңдеген америкалык жарандардын кулактын кужурун алган массалык митингин көргөн соң упай топтош ниетинде, Вьетнам согушунан аскер күчтөрү алынып чыгат деген убадаларды берет. Америкалык аскер күчтөрүнүн саны 1972-жылдан баштап кыскара баштайт да, 1973-жылы 536 миң аскерден 24 миңге төмөндөйт. Анткени менен Таиланддагы Гуам аралында 100 000 аскер кызматкерлери бөдөнөдөй бөгүп, "кырдаал кай жакка оойт" деген арам ниетте жашырынып жатышат. Ошону менен катар АКШ Вьетнамдын Түштүк бөлүгүн, андан кийин Түндүк тарабын бомбалоо иштерин кыйла күчөтүп, Индокытайдагы аскердик кырдаалды курчутуп жиберет. Аскер-аба согушунун катуу күч алганын ушундан билиңиз, ошол 1972-жылдын соңуна чейин америкалык 8500 учак кыйроого дуушар болгон. 1972-жылдын октябрь айында президент Р.Никсондун Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Г.Киссинджер менен Түндүк Вьетнамдын атайын өкүлү Ле Дык Тхо, согуштук кырдаалдарды жумшартуу негизинде жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. АКШ тогуз пункттан турган ал келишимге кол коюуну кечеңдете бергендиктен, декабрда ал сүйлөшүүлөр жокко чыгарылат. Америка ошол жылы бейгам жаткан журтчулуктун башына ар балээни үйүп, буга чейин эзели болуп көрбөгөндөй бомбалоо иштерин улантат. Ал бомбалоо иштеринде Ханой жана Хайфонго бир ыргытканда туурасы 0,8 чакырымды, узуну 2,4 чакырымды чапчыган бомбаларды ташташкан.

Согушту соолутабыз деген соңку аракет

1973-жылы 27-январда Париж шаарында Киссинджер менен Ле Дык Тхо кайрадан өз ара сүйлөшүүлөргө барып, согуштук аракеттерди болтурбоо, тынчтыкты орнотуу туурасында кең-кесири масилеттешет. Бул сүйлөшүү бүтүндөй коомчулукту аргасыз октябрь айындагы ишке ашпаган сүйлөшүү, алтургай, тээ эзелки 1954-жылдагы Женева келишиминдеги кургак убадалардай болбойбу деген ынанымсыз ойлорго түрткөн. Париждеги ал сүйлөшүүдө Вьетнам мамлекетин тез арада бириктирүү, Сайгондон биротоло америкалык аскер күчтөрүн алып чыгып кетүү, бомбалоону токтотуу, туткунга түшкөн америкалык аскерлерди бошотуу туурасында убадалар берилип, байкоочу кеңештин курамына Венгрия, Польша, Канада жана Индонезия өлкөлөрүнөн келген аскердик атайын комиссия түзүлөт. Мындан тышкары отуз күн ичинде Индокытайга тынчтыкты орнотуу максатында, Эл аралык атайын конференция өткөрүү иши болжолдонот.

(Тапкан пайда)

Брюс Лолора аттуу Борбордук Чалгындоо Башкармалыгынын (ЦРУнун) кызматкеринин айтымында, Хо Ши Мин жетектеген коммунисттерден куралган партизандык отряддар да Түштүк Вьетнамдагы Дакшон деген айылга кол салып, тынч өмүр кечирип жаткан 250 тургунду аёосуз өлтүргөндүгү, өзүлөрүнүн эле улутташтарын идеялары келишпегендиктен душман катары санап, туткундарды мыкаачылык менен кыйнашканын, ичеги-кардыларын жарып, кыздарды ата-энелеринин көз алдында зордуктоого чейин барышканын айтып чыккан.

*****

Түштүк Вьетнам менен Түндүк Вьетнамдын ортосундагы кагылыштан миллиондогон адамдар өлүмгө учурады. Мурдагыдай аскердик күчтөрдүн жардамга азыраак келишинен Түштүк Вьетнам салгылашта бир топ алсырады. 1974-жылы түндүк вьетнамдыктар душмандарынын абалын текшерип көрүш максатында, Фуоклон провинциясына чабуул жасашат. 1975-жылы март айында коммунисттер жеңишке жетет.

*****

Өз кезегинде америкалык аскерлер чытырман токой арасындагы партизандарды жок кылабыз деп, учактары аркылуу уулуу химикаттарды себишкен. 14 миллион тонна жардыргыч заттар жарылып, ал Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы жардыруулардан эки-үч эсеге көптүк кылган. Кытай бул согушта 14 -21 миллиард, СССР 8-15 миллиарддай акча жумшаса, АКШ финансылык жактан 350 миллиард доллар, азыркынын эквиваленти менен айтканда, 1трлн. доллар короткон.

*****

Вьетнам согушу Боштондук үчүн болгон согуш же Америка согушу деп айтылып келет. 1961-жылы башталып, 1975-жылы акыр аягына чыккан согуштан Вьетнамда жалпы эсеп менен 2 миллион адам өмүрү кыйылып, андан Америка өзүнө аброй албастан, тескерисинче дүйнөлүк коомчулук алдында айыптары ачылып, маскара болушкан. Түндүк Вьетнамдагы америкалык учактардын уулуу заттар менен бомбалоосунан инфраструктурасы бузулуп, жүз миңдеген адамдар оорукчал болушту. Ошол эле учурда Американын согуш ардагерлери психикалык жактан жабыр тартып, 30 миңдейи азиз, 10 миңдейи кереңдикке кабылышкан. Дене мүчөлөрүнөн ажыраган 83 миң мунжу аскерлерден он миңдейи "ушинтип жашабай эле койдум" деп, өз жандарын өзүлөрү кыйганга чейин барган фактылар катталган. Төмөндө жоготуулардын жалпы санына көз жүгүртүп көрсөк:
Түштүк Вьетнамда 250 миң адам өлүп, 1 млн. жарадар болсо, АКШдан 58 250 адам өмүрү кыйылып, 303 600 жарадар болгон. Түндүк Вьетнамдан 1млн. 100 миң адам набыт болуп, 600миңи жарадар болсо, тарапташтары болгон Кытайдан 1 000 адам, Түштүк Кореядан 5000 адам өлүп, 11 миңи оор жарадар болгон. СССР мынчалык жоготууларга ээ болбосо да, аскер техникалары жана миллиондогон акчалай жардамдарды көрсөткөн.

*****

1975-жыл. 30-апрель. Саат 11:30.
Сайгондогу администрация сарайына туу илингенде, карапайым калктын кубанычтары коюндарына батпай турду. "Алааматтан кантип арылып, деги, тынчтык заманга качан ээ болобуз?" - деген суроолор көрүп турган калайыкты көптөгөн жылдар бою кыжаалат кылып келген. Аларга саясаттын да, ашыкча байлыктын да кереги жок болчу. Анткени, чыныгы байлык деп - тынчтыкты түшүнүшкөн!


Да

Уландысы кийинки санда
Данияр Исанов