Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Нуржамал ТЕМИРОВА:
"Балдарымды күйөөм Пакистанга уурдап кетти"
Пакистандык 1978- жылы туулган, Шаукат Али аттуу күйөөсү эки уулун алып, өзүнүн Пакистан өлкөсүнө качып кеткендигин айтып, 26 жаштагы Нуржамал Темирова аттуу келин редакцияга келди. Бул окуя үстүбүздөгү жылдын 7- январында болгон. Нуржамал балдары атасы тарабынан уурдалганын угаар замат Октябрь РИИБине, УКМКга арыз менен кайрылган. Тилекке каршы, алар "Бул биздин компетенцияга кирбейт" дешип кол куушуруп коюшкан. Ошондон уламбы, эч кандай кылмыш иши ачылбай же "карай албайбыз" деген кагазды колуна карматышпай келишет.

Эмне үчүн менин бактыма чекит коюшу керек
- Шаукат менен акыркы эки жылда ажыраша албай жүргөм. Менин ажырашам дегениме ал таптакыр каршы болчу. Анткени, анын бизнесине, ишине, ошондой эле кардарларынын, өнөктөштөрүнүн ишеничине кирүүгө үй- бүлөлүү деген "статус" ыңгайлуу болчу. Акыркы убакта Кыргызстандын жарандыгын алганга да аракеттенип жүргөн. Бирок, ал "үй- бүлөлүү" болгону менен экөөбүздүн эки башка жашап атканыбызга 1 жылдан ашып калган. Мага үйлөнгүчөктү интернет клубда жөнөкөй оператор болуп иштеп жүрчү. Экөөбүз үйлөнгөндөн эки жыл өтүп иши жүрүштү. Япониядан машине, автотетиктерди алып келип сата баштады. Азыркы учурда ага алданган адамдар да бар экен. Алардан машине алып келип берем деп аванс акча алыптыр. Алар акчадан же машинеден жок, аны издеп жатышканын уктум. Акыркы жылдары чет өлкөлүктөргө виза ачып берип, ортомчу да болуп жүргөн. Көбүнчө пак, афган, негрлерге жасап берчү. Мунун ТИМде, УКМКда тааныштары бар болчу. Мен азыр да балдарды энесинин уруксатысыз чет мамлекетке чыгарып кеткенге ошол тааныштары документтештирип, жардам берди го деп жатам. Бүгүнкү күндө ага карата, ага жардам берген чек арадан чыгарып ийген адамдарга да кылмыш иши козголбой, "издейбиз же издебейбиз" деп ачык айтпай атышат. Болбосо, эмгиче табылмак. Өзү деле жашырынган жок. Пакистанга жеткенде мага телефон чалды. "Эгерде балдарды көргүң келсе, Пакистанга кел" деп. Мен арыз менен кайрылып барсам, ачык айтпаса да "Пакистандыкка тийип алган өзүң күнөөлүүсүң" дегендей карашат. Мен айтаар элем, эгер кааласам мен экинчи жолу да пакистандыкка тийем, бирок, менин балдарымды эч ким, эч качан менчиктеп албашы керек. Мен аны ээрчип кетип калган жокмун. Мен өз мамлекетимде турмушка чыктым. Анан эмне үчүн мен өз мамлекетимде басынып, өз укугумдан чектелип калышым керек? Эмне үчүн менин бактыма, кыялыма башкалар чекит коюшу керек? Жашы жетелек баланы ата- энесинин бирөөсү чет мамлекетке алып чыгып баратканда, экинчисинен уруксат алышы керек деген мыйзам кана? Эмне үчүн бизде принцип деген жок?

Башымды айлантып алды деп ойлойм…
Шаукат менен интернет клубда бирге иштеп калып, таанышканбыз. 2005- жылы нике кыйдырып, официалдуу түрдө 2006- жылы баш коштук. Ата- энем каршы болгонуна карабай турмушка чыктым. Сүйөм го деп ойлогом, азыр ойлосом, менин башымды айлантып эле алган окшойт. Булар магияга катуу ишенишкен калк келет экен. Бир курдай үйгө кирсем, үйдүн ичин бүт чачып алып, ары- бери басып жүрөт. "Эмне кылып атасың?" десем, "Мага эжем сен мени эмнеге сүйбөй калганыңдын себебин айтты. Бирөө бизди окутуп коюптур. Ошол "порчаны" издеп жүрөм" деген. Ошол кезде эле уруш- талашыбыз көбөйүп калган. Ал окуядан кийин, "башымды айландырып алды" деген шегим огобетер курчуган.
Биринчи жылы жакшы эле жашадык. Андан кийин эки башка салттын кагылуушусу келип чыкты. Жөнөкөй эле нерсе чырга айланып кетчү. Ал палоо жегиси келсе, мен шорпо ичким келчү. Алар тамакка абдан көп кошулмаларды (специи) салып жешет, а мен андай тамакты жактырбайм.
Анан мени "паранжы кий, иштебей үйгө отур" деп өзүнүкүн таңуулай баштады. Же өзү кыйратып акча тапчу эмес. А мен курулуш компаниясында бухгалтер болуп иштеп аткам, азыр да иштейм. Ошентип, акыры бирге жашай албай калдык. Ал өзүнчө квартираны ижарага алып жашачу. Бизге эч кандай жардам берчү эмес. Мен да сурачу эмесмин.

Балдар ата- энени тандабайт экен...
- Улуу балабыз Ахмед Али 2006- жылы төрөлсө, кичүүбүз Судэс 2007- жылы төрөлгөн. Экинчи баланы төрөшүмө каршы болгонуна карабай төрөгөм. Апам да "Бойдон алдырган күнөө" деген эле. Боюмда кезинде бир жолу "Ажырашсак мен уулумду алып кетем, сен кызды алып каласың" деп айткан. Экинчиси кыз болот деп күтсө керек. Экөөбүз эки башка жашаган менен ал балдарына бир жумада бир келип, алып кетип, кайра жеткирип берип турчу. Бала деген ата- энени тандабайт экен, атасын жакшы көрүшчү, сагынышчу. Алар атасынын жаман экенине ишенгилери келчү эмес. Кээде менден "апа, атам негрби?" деп сурап калышчу, эшиктен ойноп, ботола болуп кирип келишип, "Апа, атама окшоп калдык" деп күлүшчү, ойлорунда эчтеке жок. Чогуу жашап жүргөндө мени уруп- сабап атканын көрүп, ыйлап атсам жаныма келип, бетимден сылап, сооротушчу. Улуусу "Атам сени баары бир жакшы көрөт да" деп мени кучактап калчу.
Азыр балдарым тияктын абасына көнө албай, тамагын сиңире албай кыйналып ооруканага жатып калышыптыр. Кичүү уулум жакшынакай эле сүйлөчү, баягы чалган күнү "мм- м" дегенден башка эчтеке дей алган жок. Шаукаттын үй- бүлөсү Афганистанга жакын жайгашкан аймакта жашашат экен. Жакында эле чоң жардыруу болуптур. Алар шарият менен жашашат, бирок бири- бирин өлтүрүү көп катталган өлкө экендигин мага өзү айтып берген. Анан ушундай өлкөгө балдарымды алып кеткени чыккынчылык. Мен балдарымдын алар жашаган, эң начар жашаган шартта, алардын менталитети менен жашашын каалабайм. Ал өзү "Мен Кыргызстанда бейиште жашагандай жүрөм" деп айтчу. Анан ал жактын жашоо- шартын билип туруп, мени болбосо да, балдарын аяса болмок. Анын мындай кылыгын балдарым кечирбейт деп ойлойм. Аларды ал жакка мен өлүп калып, анан чыгарып кетсе бир жөн. Телефон чалып алып "Силер кыргыздар мындайсыңар- тигиндейсиңер" деп сөгүнүп, "балдарымдын кыргыз болушун каалабайм" дейт уялбай. Балдарым 18 жашка чыкканда пакистандык болобу, кыргыз болобу өздөрү чечишет. А мен ушуну менен эле отуруп калбайм, балдарымды кайтарып алганга бардык күчүмдү жумшайм. Мен дагы бир жолу айтам, мени балдарымдан эч ким, эч качан бөлө албайт.

Эльмира МАДИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"




Яндекс.Метрика