Ошурахунова обун таппай...
Акыркы убактарда өзүн укук коргоочу катары көрсөтүп жүргөн, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясын жетектеген Динара Ошурахунова деген айымдын таскагы катуу чыга баштады. Тилекке каршы, ал укук коргоо жаатында эмес, кайым айтышуудан "биринчиликти" бербей турган кези. Аз күн мурда депутат Турсунбай Бакир уулунун "сакалын сыйлабастан", алым-сабак айтышында утуп алган. Талашкандары Акүйдө намазкана ачыш керекпи же жокпу? деген маселе. Анда Динка намаз окууга каршы чыгып, "бул башка диндегилердин укугун чектейт" таризинде алкынып алды. Кызык, деги ал өзү мусулман кыргыз кызыбы же жанагы динден адашып кеткендердин бириби?
Ошону менен эле Ошурахунова отуруп калса кана? Тескерисинче, Турсунбай Бакир уулунун сары изине чөп салып, анын жүрүм-турумун тескеп, ага укук коргоочулардын атынан бойкот жарыялап жиберди. Ал эми коомчулук болсо аны колдомок тургай, нааразычылыктарын интернет-баракчалардагы пикирлер аркылуу байма-бай билдиришүүдө. Буга удаа эле өткөн жылкы Ош окуясын изилдегендер дал ушул Динкага окшогон укук коргоочулар өзбек менен кыргыздын кырчылдашуусуна түрткү болгондугун ачык айтып, "булар батыштын акчасына тоюп алып, улутун саткан адамдар" таризинде сындап жатышканын кантип танабыз???


Өмүкеден Камчыке, кай жеринен кем эле?
Парламенттин өткөн жыйындарында экс-спикер Өмүрбек Текебаевге мамлекеттик резиденциядан үй берүү жана мамлекеттик кайтарууга алуу маселеси каралган. Анда бир катар депутаттар Өмүкенин өмүрүнө кооптонуулар бар экендигин, анын криминалга каршы чечкиндүү күрөшүү демилгеси көп адамдардын "түн уйкусун бөлүп" жатканын айтышып, бул сунушту колдоо демилгеси менен чыгышкан. Натыйжада сунуш кабыл алынып, Президент Роза Отунбаеванын кароосуна жөнөтүлгөн болчу.
Эми ошол негиздеги маселе кайрадан көтөрүлүп, кезекте Камчыбек Ташиевге да мамрезиденциядан үй жана мамлекеттик кайтаруу кызматы керектиги, бул депутатка да тымызын "тиш кайрагандар" арбын экендиги айтылып, сунуш көпчүлүктүн колдоосун тапкан имиш. Биз уккан маалыматтарга ылайык азыр бул колдоо тапкан сунуштар президенттин иш столунда кароо кезегин күтүп туру. Эгер президент кол койсо, эки депутат ээрчишкен бойдон мамрезиденциядан орун алышмакчы.


Дамира айымга дайны жок тийишип...
ЖКдагы КСДПчы депутат айым Дамира Ниязалиева качан болбосун социалдык тармактын кызматкерлеринин укугун коргоп, алардын жакшы жашоосу үчүн ачык күрөшүп келет. Өткөн жылдын аягынан тартып, жер-жерлердеги окутуучулардын айлык маянасынын аздыгы боюнча нааразычылктары чыкканы, Дамира айымда уйку жок. Аларга кошумча каражаттарды табуу боюнча депутаттык комиссиянын курамында иш алып баруу менен алек. Комиссиянын жыйыны учурунда ал чындыкты чыркыратып, "мугалимдердин айлыгын көтөрүүдөн мурун, аларга зордоп өкмөттүк гезиттерди сатууну токтотуш керек",-деп айтканын кулагыбыз чалган. Айтса, айтпаса төгүнбү, акыркы 20 жылдан бери эле өкмөттүк "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана", ведомстволук "Кутбилим" сыяктуу гезиттерди өзгөчө айыл жерлериндеги мугалимдерге таңуулап сатуу адатка айланган. Орто эсеп менен алганда эле аталган төрт гезиттин бир айлык баасы 500 сомдун тегерегинде. Демек, 2-3 миң сом алган байкуш мугалимдерге бул чоң сокку экени талашсыз. Демек, Ниязалиеванын ниети туура болгон.
Бирок, "ар ким өзүн ойлойт" болуп, анын сөзүн айрым почта кызматкерлери жактыра беришпей, ар кандай сын-пикирлерди жаадырып жатып калышты. "Республикалык эркин гезиттин көпчүлүгү аймактарга ташылып, сатылат. Бул демилгеси менен ал басма сөздү муунткусу келип жатат",-дешти алар. Бирок, эркин гезиттер эч кандай почтасы жок эле, атайын өкүлчүлүктөр аркылуу сатылып, сатылганда да эч кимге зордолбостугун биз кошумчалап коёлу дедик...


Куловдун курулай маалыматы
Кечээ, көктөн түшкөн көгүчкөн сымал "ар-намысчыл" Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал "америка" ачкансып, аябай толкундануу менен "Кыргызстанда мамлекеттик кызматтар коррупцияланып бүткөн. Алардын аттарын атоо анча маанилүү эмес, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилет",-деп болдурады. Бирок, өз сөзүнө өзү каршы чыгып, "азыр коррупция менен күрөшчү тармактын баары өздөрү коррупцияланышып бүткөн",-деп, "алы жетпеген акыретчил" сымал наалып алды. Кызык, биз канча жылдан бери мамлекетте ошондой ойрон иштер болуп жатканын айтып да, жазып да, кимдер экенин атап да келе жатканда, Фекебиз кайда эле? Антарктидада пингвин кайтарып жүргөнбү? Жок, ушул эле жерде, болгондо да бакиевдердин короосунда жүрбөдү беле?! Кубаласа деле кайра барып...
Көрсө кеп башкада экен. Ал "мен бармын" таризинде курулай маалыматтар менен коомчулуктун көзүнө илинип, ошону менен бирге Президент Роза Отунбаева, премьер Алмаз Атамбаевдерге акырындык менен "кара пиар" жасоону азыртадан баштаптыр. Президенттикке анын командасы катуу даярданып жатышканы ошондон улам болсо керек...


Мадылбеков маалкатты...
Парламенттин "атамекенчи" депутаты Турат Мадылбеков мурдагы укук коргоо кызматкери катары ар качан криминалдарга тиш кайрап келет. Жыйындар учурунда, көпчүлүк топтолгон жерде "Кыргызстан криминалдардын өлкөсүнө айланды. Мен алардын тамырын кыркыштын жолун билем",-деп күпүлдөгөнү күпүлдөгөн. Бирок, кайсы криминалдар жөнүндө айтып жатканын жашырып коёт. Бу жолу дагы ошентти. ЖК трибунасынан "керек болсо парламентте да криминалдар бар",-деп бакылдап, бирок, эч кимдин атын атай алган жок. Ал эмнеси? Билсе ачык эле айтып, "Сен баланча деген кылмыш жасагансың, төлөнчө деген криминалдык топтун мүчөсүсүң, ага мобулар далил" деп жарылып салса болбойт беле? Эгер чындап эле кесиптештеринин криминал экенин билсе, эмнеге чогуу иштеп отурат? Айтор, коомчулукта Турат мырзага суроолор арбын. А бизде болсо сөздү туюк бойдон аяктап коюу модага айланды...




Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматынын билдирүүсү
Массалык маалымат каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибековдун ушул жылдын башында Араб Эмиратына барып эс алып, ал жактан бакиевдер менен жолугуп келгендиги тууралуу жазылып, төрага "А. Атамбаев, Ө. Текебаевдерди саясаттан биротоло тээп түшүп, өлкөгө президенттик башкарууну алып келет" деген имиш маалыматтар тарады.
Төрага А. Келдибеков чет өлкөдө, же мамлекеттик артыкчылыктарына таянып Бишкектеги, областтардагы мамлекеттик резиденцияда эмес, бардык жарандар катары жаңы жылды үй-бүлөсү менен көпчүлүк эл барчу жерде тосту.
Мыйзамга ылайык төрага улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 24 саат бою сактык көзөмөлгө алынуучу мамлекеттик кызмат адамы, анын ар бир аракети коомчулуктун көңүл борборунда. Ошондуктан, айрым массалык маалымат каражаттары жазып жаткандай, төраганын мамлекеттик деңгээлге жатпаган жолугушуулары болушу мүмкүн эмес жана андай жоромол кептер чындыкка жатпайт.
Төрага белгилегендей, "Ата- Журт" партиясы саясый чоң жарышка аттанганда да, шайлоо кампаниясы учурунда да анын ысымына байланыштуу ар кыл кептер таратылып, А. Келдибеков ушак-айыңдарды териштирүү деңгээлине түшкөн эмес. Жогорку мамлекеттик кызмат адамы болгондуктан, мындан ары да такталбаган маалыматтар таратылышы мүмкүн. Ушундай кырдаалды эске алып, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы массалык маалымат каражаттарын объективдүүлүккө чакырат.
Мамлекеттик башкаруунун Кыргызстан үчүн жаңы үлгүсү-парламенттик башкаруу формасын коомчулук толук кабылдай албай жатканда массалык маалымат каражаттары менен жарандык коомдун сергек, объективдүү позициясы өтө кымбатка турат. Мындай колдоого жана өнөктөштүккө биринчи учурда парламенти муктаж.
А. Келдибеков "Ата-Журт" фракциясынын лидери катары парламенттик коалиция, андан кийин коалициялык өкмөттү түзүү процессине катышып жатып да, төрагалыкка шайланып жатканда да бир гана максаты- мамлекеттеги саясый туруктуулукка жетишүүнү көздөгөндүгүн дагы бир жолу белгилеп кетебиз. Ошондуктан, өзүнүн саясый өнөктөштөрүнө карата жеке амбициясын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коёт деген жоромол-имиштер айрым массалык маалымат каражаттарынын окурмандардын көңүлүн өзүнө бурдуруу гана далалаты деп эсептейбиз.
Ал эми Кыргызстандын мурдагы президенти К. Бакиевдин тегерегинде айтылып жүргөн кеп боюнча А. Келдибеков Жогорку Кеңештин трибунасынан жооп берген. Эске салсак, А. Келдибеков эгер К. Бакиев апрель окуясында курман болгон жарандардын өлүмүнө күнөөсү болсо, ал жооп берүүгө тийиш деп айткан.
Азыркы парламент жана коалиция курамы коомчулукту толук канааттандырат деп айта албайбыз. Бирок Жогорку Кеңештин азыркы курамы-коомчулуктун күзгүсү, анын каалоосу, анын добушунун натыйжасы. Ошондуктан массалык маалымат каражаттарын шайлоого чейинки жана андан кийинки кыска ойлордон арылып, узак убакытка созулган кризистен кийин жаңы калыбына келе баштаган саясый жана атуулдук тынчтыкты ар кыл ушак-айыңдар менен эмес, сергек ой-максаттар менен бекемдесек деп чакырабыз.