Мода- 2011
Дизайнерлер өздөрүнүн мол идеясы менен келерки жылдын модасын ар дайым иштеп чыгышат эмеспи. Быйыл 2011-Коён жылында кандай коллекцияларды ойлоп табышкан? Кандай стиль мода болот? Кандай түстү көбүрөөк учуратабыз? Дегеле бул жылы кандай сумка, баш кийим, бут кийим, чач жасалгасы, польто ж.б. жөнүндө "Ассоль" мода үйүнүн жетекчиси Ассоль Молдокматова ой бөлүшмөкчү. Ассоль айымдын автордук коллекциясы бир гана өз өлкөсүндө эмес, чет жактарда да кеңири колдонулуп, вип-персоналар Ассолдун брендин кийип жүргөнүн айта кетели. Алардын айрымдарын атай кетсек: Лолита, Ангелина Вовк, Елена Проклова, Чулпан Хаматова ж.б.

Чач жасалгасы
Бул кышта чач жасалгасынын эң жөнөкөйү актуалдуу. Эч кандай кошумча аксессурды такпастан, тарап туруп жайып алганыңыздан өтөрү жок. Ошентсе да өзгөчөлөнгүсү келген айымдар үчүн быйыл, чачты бийик кылып түйүп алуу жана чачты бир капталга түшүрүп жүрүү сунушталат.

Мээлей

Айымдар колдун көркү болгон мээлейди да унутта калтырбай, гардеробунун бир бурчуна чогултканы жакшы. Быйылкы кышта, былтыркыдай кыска эмес, узун мээлей мода. Кайсы түстө, кандай кездемеден тигилген, аны ар бир айым өз каалоосуна жараша сатып алып же тиктирип кийсе болот.

Макияж

Же көзгө же оозго көбүрөөк басым жасалган макияж мода болот. Ошондой эле баштапкыдай "smoky eyes" деген түрү да кеңири колдонулмакчы.


Юбка

Быйыл узун этектүү юбкалар кайрадан модага кайрылып келди. Жайындасы үстүңүзгө ак кофта менен көк, күлгүн, кызгылт, сары, бирюза түстүү юбканы кийип алсаңыз, көркүңүзгө көрк кошулат. Себеби, быйыл ак менен ак, кара менен кара кийиш керек деген чектөө жок


Шым

Классика үлгүсүнөн тышкары быйыл, кенен тигилген, "галифе", "клеш", "афгани" үлгүсүндөгү шымдарды да кийсеңиз болот. Ал кездемени өзүңүздүн табитиңизге жараша, чыйбаркыттан, жибек, булгаары деп тандап аласыз.