Нургүл БЕЙШЕН
Президенттин
ойношу
Кызык, бу киши деги тамашаны түшүнөт болду бекен? Турдукан машинеге жайланышып отурду да, эки жагын каранды. Салондун ичи кызыл жыгачтан жасалган, жаздыктары булгаары менен капталып, бут алдында чакан килемче төшөлүптүр. "Өмүрүмдө чоң жаңылыш кетирип жаткан жокмунбу?" деп кыз дагы санааркап ойго бата түштү. Анын күмөн санаганын сезгенсип Президент байкалаар-байкалмаксан жылмайып койду эле, кыздын жаман ою чар учкандай тарады. Сыягы, чын эле бул эркек кызга абдан күчтүү таасир берет өңдүү, ага каршы туруш кыйын, же эч эле мүмкүн эместей.
- Бүгүнкү күнүң кандай өттү? - деп ал кыздан сылык сурады.
- Кадимкидей, кыйкырык-сүрөөн менен. - деди Турдукан күлүп, - Сиз тынбай сүйлөгөн алты жашар балдардын арасында бир нече саат отуруп көрдүңүз беле?
Турдукан сыртынан тамашаламыш болгону менен ичинен далбастап өзүн-өзү тынчытууга аракет кылып жатты. Бирок ал аракетинен азырынча майнап чыга элек. Атүгүл жылмаюусу да бетине жабышып, денеси кан жүгүрбөй катып калгансыйт. Ушундай да болобу? Бул кишинин таасири күчөгөндөн күчөп баратат, мындайга жол бербеш керек.
- Жок, - деп Президент ойго бата башын чайкады, - Андай мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Кыз түшүнөм дегендей башын ийкеп тим болду... Капар Алиевичтин көңүлү жайланып, эми өзүн эркин кармап алдыдагы боло турган жыргал кеч жөнүндө кыялданды. Турдуканды каалаган сайын, тим эле жинди немече бир ордунда тура албай, акылынан адашып кетчү болду. Бүгүн кечке ушу тыпырайган кара тору кыз эси-дартын ээлеп, жолугушуу кокусунан болбой калат деген ойду жакын жолотпой алыс айдады. Ушул убакка дейре бир да аял анын чакыруусунан баш тарткан эмес.
Президент күмөн саноо, тайсалдоо дегендин баарын четке какчу. Кырктын кырына чыккыча өзүн дайыма ишенимдүү, салабаттуу алып жүргөн... Анан эле ушул кыз тынч уйкусун бузуп, тынч жашоосуна бүлүк салды.
Миллиондогон акчаларды айландырып иш жүргүзгөн киши айтканы айткандай, дегени дегендей болгонго көнгөн. Чоң кызматтагы кишинин үй-бүлөсүндө туулуп, эч качан муктаждыкты билбеген неме он алты жашында эле секс деген жыргал бар экенин билген жана ошондо эле көзү түшкөн кыздардын бирөөсү да ага "жок" дей алган эмес.
Эрезеге жеткенде эки куралды тең: эркектик сүйкүмү менен сансыз байлыгын бирдей колдоно баштады. Бир гана кыйынчылык: өзүнө жаккан кыз-келиндердин арасында аялдыкка ылайыктуусу болбоду. Анткен менен күнүмдүк ойноп-күлгөнгө кыз издеп убара болгон жок, бирөөнөн жадаганча экинчиси кезекке туруп калчу.
Кийинчерээк жумушка көбүрөөк кызыгып, акырындап аялдарга көп карабай калды. Аялдардан жадап да кетти болуш керек. Тобокелге салган опурталдуу келишимдерге барып, акча менен байланышкан иштерге өтүп кетти. Чоң бизнеске баш-оту менен кирип кетип үй-бүлө күтүштү да ойлогон эмес экен. Анткени чоң бизнес көп акылды, күчтү жана убакытты талап кылат эмеспи. Ошондуктан акыркы үч-төрт жылдан бери туруктуу ойношу жок, болгону убактылуу бир-эки күндүк "көпөлөктөр". Ал мындай жашоосуна эч өкүнчү эмес.
Бирок азыр Турдукандын табигат берген сулуулугуна көз кыйыгын салып, суктана карай берип, каалоосу улам күчөгөнүн сезип баратты.
- Астанага кандай барып келдиңиз? - Турдукан күтүүсүздөн сурады. Машинанын ичи ысык болгондуктан, курткасынын топчуларын чечти.
Кызды карап кыялдын кемесинде термелип бараткан Президент шыр жооп бере албай такала түштү. Чын-чынына келгенде жөнөкөй, жакасы топчуланма кызыл жемпирди сексуалдуу кийим деп айтууга болбойт. Мисалга, азыр Турдукан жибек ич көйнөк кийип отурса алда канча ажарлуу көрүнмөк. Бирок ага эмнегедир ушул жүндөн токулган жемпир укмуш жарашып, сымбаттуу мүчө келбетин көркүнө чыгарып турду. Көкүрөгүндөгү топчулары ачылып, толук эмчектери чала-була көрүндү. Аны карап турган эркектин дем алышы башкача болуп баратты. Кызга жооп берерден мурда шилекейин жутуп, көзүн түздөдү.
- Буюрса, азыр биз орун ала турган мейманкананын ээси менен келишим түзөм. Көрөсүң го, аябай кооз жана тынч жерде жайгашкан, жасаган тамактары укмуш даамдуу, бөлмөлөрү мизилдейт, жайлуу, андан башка сапаттары да арбын. Биздин Бишкекке дал ошондой мейманкана салыш керек.
- Анда жетээрибиз менен тамактанып алалы.
Турдукан курткасын чечип, экөөнүн ортосуна коюп жатканда кичинекей сумкасы жерге түшүп кетти. Экөө тең бир убакта эңкейишти эле ийиндери тийишип, көздөрү чагылыша түштү. Турдукандын каалоосу заматта дүрт эте тутанып, боло турган иш тезирээк эле болсо экен деп эңсеп да кетти. Мындай көз ирмемдерди эңсеп, күткөн сайын убакыт өтпөй калат эмеспи.
Эркек кызды эриндеринен кумарлана өпкүсү келди. Капар Алиевич өзүн кантип кармаганы белгисиз, бирок кыздын бөрсөйгөн, мала кызыл, ысык эриндеринен көзүн албады. Эриндери кантип ачылаарын, адегенде эркектики менен акырын тийишерин элестетти... Ушул эриндерге өзү гана ээлик кылаарын ойлоп ичинен корстон болду.
Эгер машинадан башка жерде болгондо минтип өзүн кыйнап кармап отурмак эмес. Азыр болсо Капар Алиевичтин башка аргасы жок, ичиндеги күйүп жаткан отту өчүрүп, ээгин бекем тиштеп, Турдуканга сумкесин сунду. Кыздын алоолонгон бетин карап экөөнүн акыбалы бирдей экенин түшүндү. Ал да экөөнүн жалгыз калышын чыдамсыздык менен күткөнсүйт.
Качаңкы эски имаратты азыркы заманбап стилде кайра кооздоп жасалгалап койсо ажайып кооз мейманканага айланыптыр. Президент айткандай шарты да эң жогорку деңгээлде экен. Атайын жалаң президенттер үчүн салынгансып калың бактын ортосунда заңкаят. Турдукан жыпар жыттуу ваннага кирээри менен эч нерсени ойлогусу келбей көзүн жумуп, ысык сууда ырахатка батып жатты.





"Көп эле жолу "ойноп" кеткем"
Сапар ЭРКЕБАЕВ, ырчы:
- Сапар мырза, сен үчүн секс деген эмне?
- Мм... Секс бул- эгерде аялың экөөңдүн ортоңдо болсо, адам баласына берилген тукум улоо. Аны менен анчалык деңгээлде иш кылбайсың, бири - бириңе аяр мамиле кыласың. Ал эми башка аялзаты менен болсо, анда оюңа эмне келcе, ошону кылышың мүмкүн. Кыскасы, ар бир адамда боло турчу эс алуунун жеткен чеги.
- Эркектик кылып, ала жипти аттагандырсың?
- Аттагам, эмнесин жашырмак элем? Көп эле жолу "ойноп" кеткен күндөрүм болгон. Эгерде үй - бүлөм болсо, анда бул суроого жооп берүүдөн тартынып, жубайымдын мага болгон сезимин өчүрүп аламбы деп коркмокмун. Үйлөнсөм ала жипти аттабаганга аракет кылам, бирок, такыр кыздарга жолобойм деп сөз бере албайм.
- Сүйүү төшөктөн жаралабы же ...
- Сүйүү жөн деле жаралат, бирок,басымдуу бөлүгү төшөктөн жаралган сүйүүлөр. Кээде эркектер "сүйбөйм, бирок көнүп калыптырмын, кол үзө албай койдум" дешет. Себеби, бири-бириңе көнүп аласың. Кечке чогуу жүрөсүң, кечинде бир жаздыкты чогуу жазданасың. Ал адамга көнөсүң, бара-бара сүйүүгө да айланып кетет.
- Эркектердин ортосунда кээде "күндө манты боло бермек беле(?)" деген сөздөр айтылып калат. Муну кандай түшүнсө болот?
- Дени соо эркек башка аялзатына барат. Ала жипти аттабаган эркек эркек эмес болуш керек. Кээ бир эркектердин аялы кызганып коё бербей койгондон чыккан сөз болушу керек.
- "Ойноп" кеткен бир күндүк сүйүүдөн "бала" тапкансыңбы?
- Никелүү жашоомдон бир кызым бар. Калганынан жок болушу керек. Мурдагы убактагы ырчылардыкы эле болбосо, азыр заман талабына жараша кыз-келиндерибиз боюнан каалаган убакта алдырып коюшат.
- Жактырып калдым деп төшөккө тарткандар болду беле?
- Бардык эркектерде болчу көрүнүш. Андай сунуштар болгон. Эсимде калганы бир кыз: "Сиздин ырыңыз жагат. Бирок, ырыңызга караганда өзүңүздү жигитиме окшоштуруп жактырам" деди. Сүйлөшө келсем менден төрөп алгысы келет экен. Ошентип ала жипти аттаганга туура келип калган. Балким төрөп алгандыр деген ой да келе түштү.
- Көчөдөн көзүң кыздарды ээрчип кетпейби?
- Албетте ээрчийт. Көчөдө кетип баратканда же сахнада ырдап жатып жакшынакай кызды көрүп калышың мүмкүн. Концерт учурунда болсо автограф сурап кыздарга кошулуп келип калса, топ кыздардан өзүнчө бөлүп сүйлөшкөнгө аракет кыласың.
- "Сизди сүйөм" деген кыздарга оюң бузулбайбы?
- Эми ар бир кызга оюң бузулушу мүмкүн эмес. Кээде таанышып номерин берген кыздарга телефон чалып, жолугуп сүйлөшөсүң. Жакшы кыз болсо жакын тааныш болуп, сүйлөшсөң болот. Ал эми бузулчу кыздарга оюм бат эле бузулат.
- Башка улуттун кыздарын "татып" көрдүң беле?
- Ооба. Бир жолу Россияга концерт коюп барып калып бурят улутундагы кыз менен таанышып калгам. Алгач кыргыз деп ойлогом, биздин кыздарга аябай түспөлдөшүп турганынан. Сүйлөшө келгенде улуту башка экенин билгем. Ал шаарда эки-үч күн туруп калдык. Бир күнү үйүнө конокко чакырды, түнөп калдым. Калганы түшүнүктүү эле го. Айтпай эле коёюн. Азыр деле кээде сүйлөшүп калабыз.
- Эркектик жашоону качан баштадың эле?
- 7-класста окуп жүргөндө өзүмдөн беш жаш улуу кыз менен болгом. Ал кыз студент болчу. Шаардан келиптир, биз түнкү отуруш уюштуруп калдык. Ошондо биринчи жолу төшөктүн даамын таткам. Кийин 2-3 жолу жолуктук. Анан мен шаарга кетип калдым.
- Кандай абалда болдуң?
- Башкача абалга дуушар болгом. Биринчи балалуу болуп же үйлүү болсоң кандай абал болсо ошондой. Кыскасы чыныгы эркек болгом.
Даярдаган
Кадырбек Темир