Макстын санаалаш жана сауналаш досу, энергобарон Ширшовдун ширин жашоосунан сүртүмдөр
Көз алдыңыздарда турган бул сүрөт эч кандай фото монтаж же атайлап жасалган сүрөт эмес. Кыргызстандын энергетикасын эсепсиз сатып, өлкөнүн миллиарддаган сомдорун сол чөнтөккө солоп, кыргыздардын ырыскысын кызылдай уурдап жүрүп байлыкка чөмүлгөн, энергобарон Алексей Ширшов менен канкор экс-президент Курманбек Бакиевдин кыргызды койго теңеген, эсирген уулу, мансапкор Максимдин, Бакиевдин айтылуу колго суу куяр жан жөкөрү Курманбек Темирбаевдин эрке талтаңы Арстан Темирбаевдердин арамдан жыйылган байлыктарына чартаңбай тээп, тайраңдап эс алып жаткандагы эксклюзивдүү бир учуру. Кыргыздар кымбатчылыкка кекиртегинен батып, таалада тезек терип, көрүнгөн жакка тентип жатканда, булар бул дүйнөнүн "бейишинде" санаалары тынч, сауналап жүргөндөрүнөн бир факт. Жеп-ичерлердин эсирген элестерин 8-беттен көрсөңүз болот.