"Кутурган"
Равшанчик ээсин кабабы?
Р.Жээнбеков СДПК, "Республика", "Ата-Мекен" коалициясына каршы беле?
Калың эл билбесе да, парламентке өткөн партиялардын өкүлдөрү жакшы билген бир чындык бар. Кадимки Равшан Жээнбеков СДПК партиясы коалиция курап жаткан мезгилде СДПК, "Республика", "Ата-Мекен" үчилтигине "Республиканын" киришине караманча каршы чыгып, акыр аягына чейин күрөштү. Анысынын себеби, баягы эле көрө албастык. Ө.Бабановдун ити чөп жеп, иши илгерилегенине итатайы тутулуп, ичкени ирим, жегени желим болуп келет. Анткени, экөө тең таластык. Ө.Бабанов өзү бир бакандай партияны жетектеп, шайлоодо жеңишке жетишти. Ал эми Равшан болсо катардагы эле бир депутат. Ошон үчүн шефи Ө.Текебаевди Ө.Бабановго каршы тукуруп, колунан келишинче экөөнү кайраштырууга далалат кылды. Кандай болгон күндө да бул партиялардын коалициясын кулатуу максатында "Ата-Мекендин" талаптарын абдан оорлотуп, кылдан кыйкым издеп, туруп алды. Бирок, анысынан майнап чыкпай, аталган үч партиянын коалициясы куралып кетти. Жалпы журт дагы мындай тандемди туура кабыл алганы байкалып турду. Коалициянын эң акыркы сааттарга чейин созулуп, бир беткей болбой турганынын себеби мына ушунда.

Равшан Ө.Текебаевге каршы добуш бердиби?
Албетте, каршы добуш берди. Өзү эле эмес, партиясындагы эки-үч жакшы санаалашын дагы кошо ала кеткени шек туудурбайт. СДПК, "Республика" "Ата-Мекен" коалициясына башынан аягына чейин каршы турган неме, Кудай уруп ал союзду бекемдөөгө добуш бере коёбу. Ал СДПК менен "Ата-Мекен" мага десе, шайтан менен бириксин, бирок, "Республика" менен коалиция курбашы керек деген принципти карманып турду. Спикерди шайлоо бүтөөрү менен "Республика" партиясынан эки депутаты "ички ынанымдарына ылайык", Ө.Текебаевдин спикер болушуна каршы добуш бергенин ачык айтып чыгышты. Ал эми калган жетөө кимдер? Албетте, анын бирөө Р.Жээнбеков. Муну ошол сүйлөшүүгө катышып жүргөн депутаттар абдан жакшы билишет. Атүгүл, Ө.Текебаев деле билет болушу керек. Бул жерде Равшандын "ичтен чыккан ийри жылан" же "өздөн чыккан жат" болгону талашсыз.

Президентке айбат
СДПКнын коалиция куроосу аяктагандан кийин президент Р.Отунбаева кезекти "Республика" партиясына берди. Ошол замат Равшан ММКлар аркылуу "эмне үчүн "Ата-Мекенге" бербей, "Республикага" берет?!" деп жер сабап чыга келди. Эгер ал укпай, билбей калса, биз айтып коёлу. Президент адегенде бардык фракциялардын жетекчилери менен жолугуп, Ө.Текебаев баш тарткандан кийин "Республикага" ыйгарды. Баарынан кызыгы, Равшан "президент эмне үчүн Ө.Текебаев менен эле чечип коёт. Бул жакта биздин ойду эске албай?" деп чыкканы болду. Анын оюнча Р.Отунбаева парламенттеги 120 депутаттын оюн бирден текшерип отурушу керек окшойт. Эгер анчалык өз оюн олуттуу кылып, элдин эске алышын кааласа, анда өзү партия курап, лидер болуп парламентке өтүп келбейт беле. Же эмне президент коалиция куроону кимге берүүнү Равшандан сурашы керек беле.

Равшан Текебаевдин ордун көксөйбү?
Партия лидери демекчи, өзүнүн "Алиби" гезитинин 10-декабрдагы санында "Ата-Мекен" партиясы лидери Текебаевди алмаштырабы?" деген материалын бакыйта жайгаштырып, жыландын башын кылтыйтып олтурат. Ө.Текебаев сүрөтү менен гезиттин үчүнчү бетинен орун алган материалда саясий серепчи Нур Омаровдун "акыркы кездери "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн арасында башкы "атамекенчини" алмаштыруу демилгеси көтөрүлүп жатат" деген билдирүүсү баяндалат. Дал ушул жерден Равшандын түпкү максаты белгилүү болуп олтурат. Демек ал "Ата-Мекен" партиясына лидер болууну көксөп, Текебаев тууралуу ушундай маалыматтарды элдин мээсине сиңире баштады. Эптеп бир айласын кылып, "Ата-Мекендин" эки тизгин, бир чылбырын колго алсам дегенде эки көзү төрт. Бирок, лидер партиянын съездинде делегаттар аркылуу шайланарын эске алсак, мунун кыялынын орундалышы кыйын. Анткени аталган партия акыркы съездинде Равшанды лидер кылмак түгүл, катардагы кандидат да кылбайбыз деп чыкканынан кабарыбыз бар. Чындап эле Р.Жээнбековду кошуу менен "Ата-Мекен" өз кадырына көлөкө түшүрүп алды. Аны эл арасында болуп келаткан кептерден улам жакшы билебиз.

Асылганын койбогон "Алиби"
Парламенттик шайлоонун башынан-аягына чейин аталган гезит Ө.Бабановду колунан келишинче каралап, ар түрдүү жалган ушактарды чыгарып, жамандап атып эси ооду. Анан шайлоо бүтүп, "Республика" "Ата-Мекенден" да ашып түшүп, Ө.Бабанов бийликтин бир бутагын ала тургандай жагдай түзүлүп калганда Равшандын атасы Б.Жээнбеков "Биз деген бир тууган болобуз. Агалык колумду сунайын, мындан ары чабышпайлы" маанисинде макала жазып чыккан. Себеби, Бабырбек мырза Монополияга каршы агенттиктин баштыгы эмеспи. Кайып каскагынан болуп ишимен кол жууп калбайын десе керек. Ошону менен "Алибинин" атала куйганы токтогонсуган. Бирок, андан аз өтпөй эле баягы көнгөн адат уланып, каралоонун экинчи стадиясы башталды. Атүгүл, гезиттин эң акыркы номурунда да Бабановдун сүрөтү биринчи бетке коюлуп, "Бабанов кредит кайда?" деген провокациялык маанайдагы материал жайгашкан. Ошол эле санда Ү.Касыбеков деген немеси жалаяктай болгон бир беттик макаласы менен баштан аяк Бабановду, "Республика" партиясын шыбаган. Мындан тышкары Равшан ар түрлүү маалымат булактарына "Республикага" асылууларын жайгаштырууда. "Деньги и власть" гезитинде орун алган Ca-News маалыматында "Республиканын" экономикалык программасын болушунча шылып чыккан. Ал же бир экономист болбосо, анан апрелден кийин океандын ары жагынан келе калып эле экономика адисинин милдетин аткарып жибергени күлкүнү келтирет.

Корутунду
Элдин баары эски бийликтин кордугун көрүп, азабын тартып жүргөндө Р.Жээнбеков алыскы Америкага качып кеткен эле. 7-апрелден кийин желдей сызып жетип келип, атасын Монополияга каршы агенттикке койдуруп, өзү болсо "Ата-Мекендин" тизмесине кирип депутат болуп алды. Убагында министрлик орунга жеткирген Акаевди, кийин элчи кылган Бакиевди саткан, 2007 -жылкы парламенттик шайлоодо таластык жердештерин саткан, кыйын кезеңде АКШга качып кетип элин саткан, спикерди шайлоодо лидери Ө.Текебаевди саткан бу жигит эч качан кыргызга керектүү кызмат кылбасы бештен белгилүү.

Иса КАДЫРАЛИЕВ