Коёнго койдум бул жылды!
Жаңы жыл келди жаш балбан
Жаныбар жылдан башталган.
Жарты мүшөк бадерке,
Жашик толо бүт шампан!

Аяз ата сакалчан
Октобо кытай "тапанчаң".
"Тарс" аткызып асманга
Тил укпагын атаңдан.

Аяз кыздын аты ким?
Айтпайт го бизге, аттигиң!
Атын билбей келбе деп,
Акыштанат акимиң.

Былтыр жолборс жылында
Атыбыз калды кылымга.
Коён жылы төлү көп
Төө мингизчи ырымга!

Кулагы узун, тул куйрук,
Сураныч бар, жок буйрук.
Бардар заман келсекен,
Берекесин берсекен,
Жыл бүткөнчө жууйлук!




Тиш
Коён менен Аюу "Кумтөргө" геологиялык чалгынга барып, алтын таап алышат.
- Мен биринчи көрдүм!- дейт Аюу бакырып,-алтын меники!
- Жок! Мен биринчи көрдүм, алтын меники!- дейт Коён кашка тишин качыратып.
Аюу амалданат:
- Болуптур, экөөбүз бир мезгилде көрдүк, ошондуктан мелдешели. Ким утса алтын ошонуку болсун.
- Болуптур,-дейт Коён бир аз жумшарып,- кандай мелдеш, айт!
- Биринчи сен мени оозго ур. Анан мен сени оозго урам. Кимдин тиши көп түшсө ошол утулду деп эсептейли, макулбу?!
- Макул,- дейт Коён,- тос тумшугуңду!
Аюу көзүн жумуп, тумшугун тосот. Коён колуна байкатпай кастет кийе коюп, тумшукка берип калат.
Аюу оңкосунан сайылып түшүп кайра турат. Санаса, алты тиши ыргып кетиптир дейт. Кезек Аюуга келип, Коёнду керилип туруп тумшукка бир урат. Коён жыйырма метр алтымыш тогуз сантиметр эки-үч миллиметр учуп барып түшөт. Эсине келип-келалбай жатып тишин санайт да:
- Уй-йаа! Мен уттум! Алтын меники!- деп кыйкырат.
- Канчоо?- дейт Аюу шаштысы кетип.
- Төйтөө!- дейт Коён сүйүнүп.
- Кандайча төртөө?- дейт Аюу ишенбей.
- Меники болгонуле төйт тис!- деп Коён алтынды чөнтөгүнө солойт.




Собол-жооп
- Гинеколог менен тур-оператордун эмне окшоштугу бар?
- Экөө тең эл эсалган жерде тердеп-кургап иштейт.
- Жашыл кишини көргөндө эмне кылуу керек?
- Көчөнүн аркы өйүзүнө өтүш керек.
- Эркектердин ажатканасына кышкысын эмне үчүн таарынды сээп коюшат?
- Жумурткалары жарылып калбасын деп.
- Эмне үчүн горилланын таноосу чоң?
- Анткени анын сөөмөйү жоон да.
- Кандай сааттар суткасына эки жолу туура убакытты көрсөтөт?
- Токтоп калган сааттар.
- Эртең менен кайсы тамакты ичпеш керек?
- Түшкү тамак менен кечки тамакты.
- Эмнени жерден көтөрүп алыш оңой да, алыс ыргытыш кыйын?
- Кебезди.
- Ийне менен аттын кандай айырмасы бар?
- Ийнеге отурсаң секирип кетесиң, атка болсо секирип, анан отурасың.


Сөзирмемдер
Убакыт менен эсептешпеген, акча менен эсептешет
Акча менен курсташ болсоң, ташың өйдө кулайт
Тыйын кезин эстеген сомду алтын балалык оорусу кыйнайт
Өз кагазын агалай албаган акча бирөөнүн кагазын сагаалайт
Валютасын көрсөтсөң, элитасын айтып берем
Көп акча жеңбейт, көп жүгүргөн акча жеңет
Акча сен тарапта, ыштарап тескери тарапта
Сурмалуу кызды суммалуу жигит тооруйт
Акчасы кызаргандын жакасы агарат
Акча деген суу - ичип-жеп түбүнө жеталбайсың
Ачендигиң ким, айтчы?!
Ачендиктин төрт түрү болот экен:




Уртокмок ачендик
Супер-уртокмок ачендик
Анти-уртокмок ачендик
Сыйкырчы-уртокмок ачендик
Уртокмок ачендиктин белгиси:
"Бир урсам, кашка тишиң кайда калганын билбей каласың, түшүндүңбү!"
Супер-уртокмоктун белгиси:
"Бир урсам, отуз эки тишиң кайда чачырап кеткенин билбей каласың, түшүндүңбү!"
Анти-уртокмоктун белгиси:
"Сага колумду булгап жиндиминби, жансакчыларым тишиңди күбңүт, билдиңби!"
Сыйкырчы-уртокмоктун белгиси:
"Мен сени чекеңе чертпей туруп көкмээ кылып коём, түшүндүңбү!"


Орус-киргиз оодарма
Дед Мороз - Колотун Бабай
Снегурочка - Ништяк кызым
Русалка - Килька кызым
Баба Яга- Кашмар Апа
Мальчик с пальчик - Чыпалай малай
Змей Горыныч - Автоген башка
Холодильник - Шайтан сундук
Гранатомет - Шайтан труба
Троллейбус - Шайтан арба
Зебра - Ишак моряк
Мороженое - Колотун айран
Терминатор - Арматур батыр
Буратино - Саксаул батыр
Трактор - Густаман батыр
Санта Клаус - Бугубай тачкист
Бизнесмен - Спекулятор байке
Президент - Кетсинбайке
Депутат - Хендехох братан