[ Керегем сага айтам ]

Кыргызстанда үчүнчү революциянын желаргысы согууда
1. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев -ата-теги Баткенден, оппозицияда жүрүп, орто жерден Бакиевдин командасына "ойноп" кирип кеткени бар. Учурдагы бакиевчилердин бийликке келишине да анын Убактылуу Өкмөттүн башчысы убагындагы ашкере жумшак саясаты шыкак болгонун көпчүлүк айтып келет;
2. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов -Таластын кулуну, бакиевдердин командасына баш багып чыккан. Бирок башкаларчылап кошоматтанбай түз жүрүп, айрыкча Торугарт бажыканасы 1 метр бери жылбасын деген эрдиги элдин эсинде;
3. Вице-премьер-министр, Ибрагим Жунусов -Оштон, каражолтой "Акжол" партиясынын башкы тамадасы, Бакиевдин сүйүктүү колго суу куяр жөкөрү. Обону менен сүйлөгөндөн башка олуттуу иш жасаган эмес;
4. Жантөрө Сатыбалдиев вице-премьер-министр-Оштук, ортозаар чиновник;
5. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов - чүйлүк, кесиби энергетик, ошондой эле милийсанын окуусун бүтүргөн. Кыргызстан эгемендик алганы мамлекеттик кызматка иштөөгө көңүлү чаппай, ишкерликке кеткен.
6 . Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев -жалалабаттык, экс-премьер Данияр Үсөновдун эң эле ишенимдүү кадры, "Акжолдун" активдүү мүчөсү;
7. Жаштар иши боюнча министр Алиясбек Алымкулов -таластык, 7-апрелге чейин мамлекеттик иште да, жаштар менен да иштешкен эмес. Жаңы түптөлгөн ведомствонун ишин кандай жөндөп жатканы тууралуу кабар аз;
8. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Алмасбек Абытов, -мурдагы парламенттин аппарат кызматчысы болгон.
9. Каржы министри Чоробек Имашев -буга чейин кайда иштегени маалым эмес. Кызматка отура элек жатып, Алмаз Атамбаевден тил укканын уктук;
10. Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков -жердиги Жалалабат, өзүн "таластыкмын" деп тааныштырат. Мурдагы Бакиев бийлигинин камчы чабарларынан болгондугу айтылып жүрөт;
11. Калкты социалдык жактан коргоо министри Дүйшөнали Мамасалиев -Шамалдысайдан, буга чейин эмне иш кылгандыгы көпчүлүккө белгисиз, 2008-жылы Бакиев тарабынан Таш-Көмүр шаарына мэр болгону маалым;
12. Юстиция министри Абылай Мухамеджанов -улуту казак, "атажуртчу" Камчыбек Ташиевдин кан кудасы. Жакында эле Жогорку Соттун судьялыгынан Президент Отунбаеванын жарлыгы менен кызматынан кол жууган;
13. Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев, таластык, эл аралык мамилелер боюнча эч кандай ырааттуу иш алып бара элек;
14. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев - Таластын кулуну, министрликке татыктуу иш-тажрыйбасы аз экендигине карабай, ИИМди башкарып отурат.
15. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков -таластык, кызматка келгенине жарым жылдан ашса дагы иши менен көрүнө элек. Тескерисинче, жер-жерлерде окутуучулардын нааразычылыктары күчөп баратат;
16. Саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабеков -таластык, убагында "Акжол" партиясынан депутат болуп шайланган. Бакиевдин командасы менен жакын ымалада болгонун жалпы эл жакшы билет;
17. Айыл чарба министри Төрөгул Беков -жалалабаттык, бакиевдердин жакын адамдарынан;
18. Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев - Оштон, АКБ "Кыргызстан" директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы. Буга чейн мамлекеттик жүктү тартып көргөн эмес жана Максимдин айланасындагылардан болгондугун айтышат;
19. Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов -Чүй облусунан, экс-чиновник;
20. Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев -жалалабаттан. Бакиевдин кол баласы, анын басма сөз катчысы катары асман айга жеткире мактачу. Кийин Максимдин жардамчысы катары кыргыз ММКларын муунтууга чоң салым кошкон. Заманы келип турган маалда "стрес абалыман ырчы-чоорчуларды тизип алып ырдатуу менен чыгам" деп айтканы эле анын кимдигинен кабар берет;
21. Энергетика министри Аскарбек Шадиев -Баткенден. Мурдагы парламенттин эң эле майлуу каржы комитетин жетектеп, "үй-бүлөнүн" кызыкчылыгын ишке ашырууда эпчилдик менен кызмат кылган.
22. Экономиканы жөнгө салуу министри Учкунбек Ташбаев - оштук, Максим Бакиевдин жакын досу болуу менен Кыргызстандын экономикалык тармагына тырмак салгандардын бири;
23. Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев -Жалалабаттан, Бакиев учурунда республикалык автоинспекциясын жетектеген. Жаныш Бакиевдин командасындагы ишенимдүү жасоолдордун бири;
24. Суу чарба жана мелиорация боюнча мамкомитетинин төрагасы Зиядин Жамалдинов-Оштон, экс-"акжолчу"депутат. Трайбалисттик көз караш менен куралданып, мурдагы бийликке оозго аларлык кызмат өтөгөн. Эл үчүн жасаган эмгеги эсибизде жок.
Жогорку тизмени көрүп туруп, чындап эле Нарын менен Ысыккөлдүн бычакка сап уулдарынын мамлекеттик кызматка тартылбаганына кыжырың кайнайт. Же эмне татыктуу талапкерлер жок дегиңер барбы? Башкасын айтпаганда да Алмазбек Шаршенович, бул эки аймактын кыз-жигиттерин кызматка тартууга тийиш эле. Анткени шайлоо убагында так ушул Нарын менен Ысыккөлдүн эли өз добуштарын КСДПга бербеди беле?! Жанагы нааразычылык так ошол үчүн болуп жатканын өздөрү деле жакшы түшүнүшү керек. "Эсиң барда этегиңди жап, кызым" демекчи, кеч боло электе коалициясыбы, башкасыбы, бул катачылыкты оңдоп албаса, эртең үчүнчү революциянын дүр этип кетиши турган иш.
Анткени, Теңиртоо эли 2010-жылы биринчилерден болуп кычыраган кышта, кылыч сунган Бакиевдин режимине каршы чыгып, аны оодарып түшкөнүн эске салган оң. Айталы, азыркы өкмөттүн курамына кирип, ишти жөндөп кете турган Нарын менен Ысыккөлдүн жигиттери чекесинен чыгат. Мисалы, Аликбек Жекшенкуловдон ашып түшкөн дипломат барбы? Миграция маселесин жон териси менен гана эмес, өз башынан өткөргөн Муктар Өмүракуновдон ошол аты-жыты белгисиз Алмасбек Абытов артыкпы? Же болбосо Ысыккөлдүн эли үчүн түн уйкусунан кечип иштеп жаткан Мирбек Асанакуновду губернаторлуктан алууга эмне негиз бар эле? Же элдик кызматчы Султан Урманаевдин тажрыйбасын пайдаланып калууга неге болбосун? Эч болбоду дегенде кримбектер менен ачык күрөшкөн Мелис Турганбаевге эки тизгин, бир чылбырды тапшырганда эмне?!
Кыскасын айтканда, учурдагы бийлик катуу жаңылды. Алардын бул жаңылуусуна албетте, бийликке, мансапка чырмалышкан амбициялар себеп болду. Эптеп эле ээрге минип, бийликти колдон чыгарбоонун аракети ушуга алып келди. Аны канчалык жашырып-жапкан менен эл баарын көрүп турат. Ошондуктан толкундоолор өлкөнүн туш тарабынан шыбыргак болуп чыгып туру. Мындай учкундарга өз убагында маани берип, элдин кеп-кеңешин эске алып турбаса, аягы кандай болорун айтпай ак коёлу!
Тынчтык
АЛТЫМЫШЕВ





[ Пикирофон ]


Бакиевдин куйруктары кайрадан бийликке келишти

Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу?
Мирослав НИЯЗОВ,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидерлеринин бири:
- Жоктон көрө жогору. Техникалык өкмөттүн дагы, Убактылуу өкмөттүн дагы башы асманга же буту жерге тийбей жүрдү эле. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, жоктон көрө жогору. Албетте, нааразычылыктар бар. Булар милдеттемени алышты. Эми аракеттениши керек.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, экс-вице-премьер-министр:
- Жаңы өкмөттүн курамына каршылыгымды пресс-конференцияда да билдиргем. Кайрадан артка кайрылуу керек. Кайрадан эле Акаевдин, Бакиевдин куйруктары бийликке келип атышат. А.Атамбаев катуу турса болмок, "андай куйруктар өкмөткө келсе, иштешпейм"- деп. Партиялар аркылуу үй-бүлөлүк башкарууга аралашпаган, жаштар бийликке келиш керек эле. Өкмөт жалпы элдики, мамлекеттики болгондон кийин, фракциялар эт бөлгөнсүп кызматтык орундарды сулп-сулп бөлүп алышпастан, профессионалдарды тандашы керек болчу.

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ,
саясый серепчи:
- Жалпысынан өкмөттүн курамы купулума толгон жок. Өкмөттүн жаңы курамынын арасынан ишти алып кете алчудай он чакты адам бар. Калгандары регионалдык кызыкчылык менен кызматка келгендер. А.Атамбаев премьер-министр катары жаңы өкмөттүн курамына министрлерди тандай алган жок. Маданият министрлигине кыргыздын маданиятына атан- төөдөй эмгек кылган, Балбай Алагушевдин кандидатурасы туура келмек.

Марс САРИЕВ, саясый серепчи:
- Менимче жаңы өкмөттүн курамына альянска кирген партиялардын гана өкүлдөрү киришти. Эки-үч айдын ичинде кимдин-ким экендиги билинет. Себеби, А. Атамбаев сунуштаган программаны күчтүү менеджерлер гана ишке ашыра алат. Булардын колунан келбейт го. Жаңы өкмөттү түзүп атканда тазалыгын, профессионалдык жагын гана эске алып тандаш керек эле. Керек болсо мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чет элдик күчтүү, профессионал менеджерлердин да кызматынан пайдалануу керек.

Марат КАЗАКПАЕВ, саясый серепчи:
- Жаңы өкмөт түзүлдү. Элдин нааразы болгондугунун негизи бар. К.Бакиевдин убагындагы көч башылар кайрадан өкмөттүн курамын түзүп отурат. Мисалга, Аскар Шадиев - "Ак-Жолдун" алдыңкы сабында жүрүп, Бакиевдин убагында губернатор, Нурлан Шакиев - К.Бакиевдин пресс-катчысы, Учкун Ташбаев - Максимдин орун басары болуп кызмат өтөшкөн. Парламенттин спикерлигине бекиген А.Келдибеков мурунку бийлик убагында салык инспекциясын кармап, канчалаган ишкерлерге кысым көрсөтүп келди. Орун алмашкан менен сумма өзгөрбөйт. "Мекен шейиттери", "Таза багыт" кыймылдарынын нааразычылык акцияларынын жүйөөсү бар. КСДП,"Атамекен" фракциялары коркуп эле баштагы принципке туралбай, ушул жолго барышты. Убактылуу өкмөт элдин ишенимин актай алган жок.
Нурайым РЫСМАМБЕТОВА