Асел Айдарова, балерина:
"Cезимди кытыгылаган бийлер жагат"
- Асел, өзүңдү окурмандарга тааныштырып кетсең?
- Мен Бишкек шаарында төрөлүп-өсүп, 1- класстан 5 -класска чейин көпчүлүк "Белгилүүлөр окуп калган гимназия" деп билишкен № 5 гимназияда билим алгам.
- Бий дүйнөсүнө таштаган алгачкы кадамың?
- Гимназияда окуп жүргөндө эле бий ийримине катышып жүрчүмүн. Бир курдай Турцияга барып келгеним да эсимде. Мектепте окуп жүргөнүмдө хореографиялык орто окуу жайында балдарга тандоо жүрүп жатканын угуп, мектептен документтеримди алганы барсам, мугалимим "балким сени албай калсачы?" десе, ишенимдүү "алат!" деп айткан элем. Айткандай, сыноонун 3 бөлүгүнөн тең өтүп кеттим. Буга менин өзүмө бекем ишенгеним жана бийге болгон сүйүүм жардам берсе керек. Өтөрүн өтүп алып, абдан кыйналдым. Бирок, ошол кыйналган күндөрдү чет жакка чыккан гастролдор жууп кетчү. Күндө балет көнүгүүлөрүн жасап жатып, "Жизель" менен "Аккуулар көлүндө" спектаклинде качан бийлер экенмин деп, ошол күн мага алыстай сезилчү. Ошентип, хореографиялык окуу жайда 8 жыл окудум. Азыр ошол кыялдарым орундалып, А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист болуп иштеп, бардык балеттик спектаклдердин башкы партияларын аткарып келем.
- Балетке болгон сүйүү кимдин таасири астында болду?
- Менин таякем Кулубек Ишеналиев балет адамы болчу. Анын аркасы менен кичинемде театрга көп барчумун. Ошондо эле мен аккуудай моюну койкойгон, учуп кетчүдөй болуп жеңил секирген, супсулуу балериналарды карап отуруп суктанчумун. Бирок, анда балетке ушунча эмгек, кара тер кетерин билген эмес экенмин. Сахнада баары оңой көрүнчү да.
-Өнөрүңдү өркүндөтүүдө кандай максаттарың бар?
- Анүчүн алгач кыргыз балети өнүгүшү керек. Биздин өнөрүбүздүн өркүндөшү ошого көз каранды да. Ким эле биздин спектаклдердин чет өлкөлөрдө коюлушун каалабасын. А биз аны эки эсе каалайбыз. "Саманчынын жолу" менен "Кызыл жоолук жалжалымды" биздин эле театрда эмес, эмнеге башка өлкөлөрдүн театрына тартууласак болбосун. Бул чыгармалардын автору улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду деги дүйнө жүзү бүт билет. Советтер Союзу убагында "Саманчынын жолу" балети канча деген бийик наамдарды алды эле.
- Эгерде дүйнөлүк балерондордун ичинен бири менен бирге сахнага чыгуу мүмкүнчүлүгү болуп калса, ким менен чыгышты каалар элең?
- Жакшы суроо экен. Бирок, чындыгында мен бул жөнүндө такыр ойлонбоптурмун. Анткени, менин азыркы сахнадагы кыргыз өнөктөштөрүм КР эмгек сиңирген артисти Д. Садыркулов жана эл аралык конкурстардын лауреаты Т. Осмоновдун мыктылыгынан болсо керек.
- Кайсы белгилүү балеринаны кумир тутасың?
- Албетте, Б.Бейшеналиева. Ал бийик жылдыз. Искусствого жан-дили менен берилип иштегендиги жана бийдин магиясы аны ушундай даражага жеткирген. А менин балерина болуп калыптанышыма хореографиялык орто окуу жайындагы мугалимдеримдин, өзгөчө Эл артисти Р. Чокоеванын эмгеги зор. Анын бизге койгон катуу талабынын аркасында ушул деңгээлге жетип отурам.
- Былтыр "Жыл адамы" наамын алганыңды билебиз, ошол нерсе стимул болуп бере алдыбы?
- Чындыгында мамлекеттик администарция тарабынан бул наамга татыганымды билген эмесмин. Фамилиямды укканда шок болдум. "Жыл адамы" наамы мамлекетке кызмат кылган ар тармактын айрым өкүлдөрүнө жыл сайын берилет эмеспи. Былтыркы жылы театр менин жана сахнадагы өнөктөшүм Талант Осмоновдун фамилиясын беришиптир. Чын эле өзүңдүн эмгегиңдин акыбети кайткандай болуп, дагы алдыга умтулуу болот экен. Наамды искусстводон тыш адамдар тапшырып аткан соң андан бетер. Быйыл 2-ноябрь -Маданият кызматкерлер күнүндө да президент Роза Отунбаева мамлекеттик сыйлык тапшырды. Искусстводо биздин кесип ансыз да кыска мөөнөттүк да, анан ушундай көңүл буруулар чындыгында төбөнү көккө жеткирет экен.
- Бий жөнүндө жаңылыктарды кайдан аласың?
- Бизге гостролерлор бат-баттан келип турушат эмеспи. Алар менен пикир алышуу аркылуу көп нерсени билем. Андан тышкары интернеттен дайым балет боюнча жазылган материалдарга көз салып турам. Балет боюнча биз жалаң кесиптештер менен эле сүйлөшө алабыз. Анткени башка тармактын өкүлдөрү анын ийне-жибине чейин билишпейт да. Кээде менин тааныш-досторума балет жөнүндө берилип айтып жатып, алардын баш ийкеп гана угуп отурганын байкайм. Бирок, аларды дайымкы болуп турган менин катышуумдагы спектаклдерге чакыра берип көндүрдүм. Айрымдары "балетаман" болуп кетишти. Кээде мага сын да айтып калышчу болду "мындай бийледиң, тигиндей бийледиң" дешип. А негизи балетке көпчүлүгү балеттин чыныгы фанаттары гана келишет. Алардын басымдуусу биздеги чет элдиктер.
- Балеттен башка бийдин кайсы түрүнө кызыгасың?
- Классикалык бий- бардык бийлердин курамы эмеспи. Ошондуктан мен бардык бийди бийлей алам десем болот. Бирок, мага өзүбүздүн улуттук бийлер жана танго сыяктуу сезимди кытыгылаган бийлер жагат.
- Сенин оюңча сулуулуктун сыры эмнеде?
- Мен буга "Сулуулук - бул бардык нерсенин гармониялуу болушу" деп А. Чеховдун айткан сөзү менен жооп бермекмин. Адам сулуулукту да бага билиши керек. Мындайча айтканда жаш кезден баштап ага кам көрүш керек.
- Балеринага тийиштүүсүчү?
- Сулуулук, келбет деле башкы ролдо деңизчи, бирок ошону дисциплина жана эмгекти сүйө билүү менен чогуу алып жүрсөң, чыныгы искусствонун адамысың. Ал эми балет адамдары албетте, салмакты сактап жүрүшүбүз керек, болбосо өнөктөштөрүбүз бизди көтөрө албай калышат (күлүп). Кээде алар өздөрү "арыкта, көтөрө албай калдык" деп ачык эле айтышат. Андай учурларда диетага отура калабыз. Кээде кечинде суу ичип жатып алсаң, эртеси өнөктөшүң көтөргөндө кадимкидей оор болуп каласың. Мен 5 жылдан бери 46 кг. салмакта келатам. Учурда да ушул салмакты сактоого аракеттемин.
Эльмира Мадиева