КТРКнын "Замана" студиясынын башкы редактору Жыпара Арыкова:
"Энекемдин эшик чертип чуркаган издерин ийилип өпкүм келет"
- Жыпара эже, алгач "Замана" студиясына кандайча продюсер болуп келип калганыңыздан кеп салсаңыз?
- Бул маселе мындайча болгон. 7-апрель күнү аянтта ок ортосунда жүргөндө мен жумуш, кызмат жөнүндө ойлонгон да эмесмин. Тегерегимде ок жеп кулаган жигиттерди көрүп жүрөгүм түтпөдү. Эл баштоочу лидери жок аянтта чындыкты, чыныгы жашоону каалап, талап кылып турушту. Ошондо көпчүлүккө чыга турган бир катар камалган лидерлер А. Атамбаев, О. Текебаев жана башкалардан бөлөк да аттуу- баштууларды издедик, айрымдарына өзүм да чалдым. Эл алдына сүйлөп, эл менен болгулачы дедик. "Чалба, чыга албайм" дешкендер, "УККкызматкерлери жүрөт, коркобуз" дегендерди эртеси Жогорку Кеңештин алдынан көрүп жаныман түңүлдүм. Алар октон коркуп аянтка келе албай, аш бышкандан кийин жегени келген коноктой пайда болушту. 7-апрелде таппай аткан адамдарды көрдүм, алар ар кайсы кабинеттерди аралап, кызмат сурап жүрүштү. Мен ЖК имаратына кирип баратсам К. Иманалиев көрө калып айтат: " Жыпара, похоронный комиссияга жардам аябай керек болуп жатат, давай киргин да ММК менен байланышты колго ал",- деди. Ошондо ок жеген балдардын Саламаттык сактоо министрлигинен, тийиштүү ведомстволордон келген алгачкы тизмелери менин колума келип түшүп жатты. Ок жеген балдардын тууган- туушкандары тизмеден балдарынын аты-жөнүн таап, ыйлаган муңга өзүм күбө болуп турдум. Ал жерде жалгыз мен эмес, ЖКнын мурдагы аппаратындагы кызматкерлер тобу менен чуркап жүрүштү. Биз кызмат, акча дегенди ойлогон жокпуз ок жеген балдарды жерге берүү маселесин чечкендерге колдон келген жардамдарды берип жаттык. Ошол өлгөндөрдүн алгачкы тизмеси азыркыга чейин менде турат. Ал тарыхый кагаз. Балдардын үй- бүлөлөрү менен сүйлөшкөндө, көпчүлүгүнүкү жалгыз бала же колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдары болуп жатты. Биз кандай жумуш тапшырылса күнү-түнү аткарганга даяр элек. Ошол күндөрү ММК менен иштешкендер К. Иманалиев башында турган прессанын өкүлдөрүнүн жыйынында мени КТРКнын башкы директорунун радио боюнча орун басарлыгына көрсөтүштү.
Кийин кадрдык кеңешүүлөрдүн жыйынтыгында "Замана" студиясынын жетекчилик орду сунушталды. Мен КТРКга жаңы адам эмесмин. КТРКга 19 жашыман келип, жаштар, балдар редакциясында продюсерликте 2000-жылга чейин иштегем. Демек, мен бул ишти аркалап кетүүгө кудуретим жетмек, Кубат Оторбаев менен жолукканда да мен теленин бир өңүтүн тартышууга жардам береримди айткам. Анан ал эскерткен , "айлык аз, капа болбо" деп. Мен айлыкты деле кызыгып сурабадым, менин жүрөгүмө жакын жумушка иштегим келди. "Замана" студиясы КТРКнын эфиринин айына алтымыш саатын жаба турган чоң редакция, күнүнө таңкы беште башталган жумуш кызматкерлер үчүн оор эле. Мен бул жерде ондогон жылдар иштеп келе жаткандарга ыраазычылык гана айтам. Мен "Замана"студиясына башкаруучу болуп келген жокмун, аларга жардам бергени, студиянын ички көйгөйүн жетекчилик менен биргелешип чечүү, алар менен чыгармачылык ийгиликтерге жетүү максатында келдим.
- Жетекчилик кызмат башында сизге жат болсо керек? Же бат эле жуурулушуп кеттиңизби?
- Жетекчиликте узак мөөнөттүү тажрыйбам жок, бирок жат эмес. Мен радиодо 25 жашымда продюсердин орун басары, продюсер болуп иштегем. Ошондо жаш, тажрыйбасыз болчумун. Каталыктар да кетчү. "Заманага" келгенде бат эле жуурулуштук, себеби жамаатта жаштар, тажрыйбалуу кызматкерлер, мурдагы менин кесиптештерим иштейт экен. Жуурулушканыбыздын ийгилигин айтып кетсем, 8-декабрь- телевидение күнүндө бир кызматкерибиз А. Кожогулов Президенттин ардак грамотасын алса, эки кызматкерибиз КТРКнын мыкты кызматкери болушту. Көптөгөн кабарчы, журналисттерибиз ички сыйлыктарды, министрликтердин ардак грамотасын, төш белгилерин алышты. Жамаат өзү белгилегендей "Замананын" он беш жылдык тарыхында мынчалык көп сыйлык алган учур болбоптур. Бул жамааттын канча жылдап изденген эмгегинин, анан акыркы алты айда көрсөткөн иштерибиздин үзүрү.
- "Заманага" сиз келгени эмнелер өзгөрдү, жаңычылдыкка аракеттер барбы?
- Жалгыз эле "Замана" эмес, бүтүндөй КТРК жаңылануунун алдында турат. Биз коомдук болуп кайра түзүлдүк, демек идеологиялык саясат азыр биринчи орунда. "Замана" таңкы каналы мурда көңүл ачуу программалар болсо, азыр коомдун талабына ылайык маалыматтык-тааным концепциясын жетекчиликке сунуштап, ошонун негизинде аз -аздан өзгөртүүлөр кирип жатат. Он беш жыл ичинде "Замана" көрсөтпөгөн идеялар калбаган чыгар, айрым учурда ошол түптөлгөн нерселерди кайтаруу ишин да ойлонобуз. Жаңы жылдан кийин жаңы декорация даяр болот, техникалык жактан жабдуулар аз-аздап сатылып алынууда. 2001- жылдан бери монтаждык компьютерге жетпей келген студия, жаңы жетекчибиз К. Оторбаевдин колдоосунда тез арада чечилип, бир монтаждык комплект компьютердүү болдук. Идеялар бар, мүмкүнчүлүктөрдү таап, аларды учурунда көрөрмандарга сунуштайбыз деген үмүттөмүн.
- Кээ бир алып баруучулардын деңгээли төмөндүгү байкалат. Аларды кандай критерийлер менен жумушка аласыздар? Алардын кийимдерин камсыз кылып, койкойтуп чыгарганга"Замананын" кудурети жетеби?
- Алып баруучулук бул искусство, тилекке каршы мыкты, бардык жагынан төп келген алып баруучулар жетишсиз. Себеби, мыктылар келсе, гонорар талабы чоң, КТРКнын шартына жооп бербейт. "Замананы" сүйгөн, күндө таң атпай беште турган, айлыкка, акчага кайыл фанат болушу керек. Азыр өзүбүздүн алып баруучуларыбыз ошондой эфирди сүйгөн адамдар. Алып баруучуларды окута турган мастер класстар болсо, семинарлар же чет өлкөгө тажрыйба алмашкан окуулар болсо деген кыялдар ишке ашса жакшы болор эле. Бизде иштеген алып баруучулар журналисттер, ал эми штаттан тышкаркы келгендерге критерий, туура дикция, өң- келбет дайымкы талап болсо, эң башкысы-ички билим деңгээли. Ал башка кесиптин ээси болсо да билим деңгээли ар тараптуу, көрөңгөлүү болсо деген талап. Кастинг түрүндө тандалып жетекчиликке сунуштайбыз.
Костюм маселеси идея боюнча КТРК нын бюджети же атайын эсеби, акча болушу керек, бирок ал маселени чечүү акыркы орунда турат. Костюмдарды алып баруучулар өздөрү алышат. Кээде ачык эле айтайын, айрым ишкерлер алып беришет. Быйыл жайкы кийимдерди ошондой булактардан таптык. Себеби, алып баруучунун 2000 сом гонорары эмнеге жетет. Кийимдер сезон сайын алмашылат, анын үстүнө күндө эфирге чыгыш- бул бүтүндөй чоң гардеробду талап кылат. Костюм маселесинде "Замана" "эртең эмне кийебиз?" деген суроо менен күндө таң тособуз. Кечинде алып баруучудан "эртең эмне кийесиң?" деп сурасам, эртең менен жетиде телевизорду карап, эмне кийип чыкты экен деген санаада дайыма ооруйм.
- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Убакытка уттурбай элесизби?
- Убакыт бизди күтпөйт, бул ачуу чындык. Чыгармачылык чынын айтсам "Заманага" келгени токтоп турат. Азыр "Камактагы кыялдар" китебимди чыгаруунун аракетиндемин. Быйыл "Жан муза" деген ат менен ыр жыйнагым чыкты, өткөн жылы обондуу ырлардын ыр табагын чыгаргам. Мен камалганда көп кол жазмам жоголуп кетти. Ошого өкүнөм.
- Сизди "влюбчивая" деп айтышат экен? Балким ушул сапатыңыздын аркасынан ушундай жанга жаккан ырлар жаралып жаткандыр? Өзүңүз кандай дейсиз?
- Кызык суроо экен. Кимдер айтышат антип? Мен радиодо иштеп жүргөндө "Сүйүү жөнүндө диалог" деген түнкү берүүнү даярдап алып барчумун, ошондо летучкадан "сүйүүнүн адиси" деп тамашалашчу. Кеп ошондон калса керек. Ыр жазган адамдын баары эле"влюбчивая" деш туура эмес. Мен буга макул эмесмин. Адам жашоосунда чыныгы сүйүүсүн издеп жүрүп кээси кеч табат, кээси эрте табат. Ага чейин жактыруу, идеал тутуу деген сезимдер менен жашайт. Чыныгы сезимдин баасын отуздан ашканда терең түшүнө баштайсың. Жаштыгыңда баары сага сүйүү болуп көрүнүшү мүмкүн. Мен ушундай ойдомун. Ырларымдын маанисинде адашуу көп, издөө, сагынуу бар. Жаралган ырларымда чыныгы сүйүүмдүн сырларын өзүнө каткан саптар бар.
- Учурда жан дүйнө бөксөсүн толтурган жакын адамыңыз барбы?
- Жогоруда айтпадымбы, чыныгы сезимди жаш өтө баштаганда түшүнөт экенсиң деп. Жакын адамым бар. Мен аны жоготкум келбейт. Бирок, тагдыр бизге кандай сыноо койду, ал Теңирден. Экөөбүз сүйүп ырдаган бир ыр эсиме түштү. Эң башкысы экөөбүздө эркиндик бар. Ушул эркиндигибизге эч ким, эч нерсе тоскоолдук кылбаса дейм. Теңирден сураганым ушул.
Билесиңби тагдырдын жазганы табышмак,
Кандай болмок экөөбүз кечикпей табышсак...
- Сиздин баштан өткөн окуяны билебиз. Ошондон кийин сизде өзгөрүү болдубу, мисалы, адамдарга болгон мамиле деп коёлу..?
- Албетте, өзгөрүү болду. Мен жашоону, эркиндикти сүйгөндү үйрөндүм. Мурда өзүмдү өзүм камап, жакшы нерселерден чектеп рамкага түртө берчүмүн. Азыр баары башкача. Адамдарга да мамилем ошондой. Жакындарымды ар бир саатты баалаганга чакырам.
- Ошондой кыйын кырдаалда, дегеле жашоодо сизге түткөн адамдарыңыз ким болду?
- Кыйын кырдаалда мага күйгөн, мага чуркагандар көп болду, кесиптеш, досторумдан тарта, туугандарга чейин. Аларга ыраазымын. Бирок күнү менен түнүн билбей чөгөлөп, Кудайдан жалына ыйлаган энемдин мага болгон күйүтүн, санаасын эч нерсеге алмаштыра албайм.
Анын эшик чертип чуркаган издерин ийилип өпкүм келет. Энеке, арабызда аман бол, алдыңда чоң карызым бар.
- Жашооңузду китеп кылып жазсаңыз баш сөзүн кантип баштаар элеңиз, а темасын кантип коёр элеңиз?
- Жашоомдун толук болбосо да азыноолак учурларын китеп кылып жазып "Камактагы кыялдар" дедим. Бул китеп менин автобиографиялык китебиме жакын жазылды. Баш сөзү ушундай башталат.
"Мен абдан бактылуу жашоону жашап өттүм. Менин курагымдагы миллиондогон адамдарга караганда мен жолдуу экенмин. Мен көп азап чектим, жөнөкөй адамдар көрбөгөн нерсени баштан кечирип, сезип, жашап көрдүм. Мен бактылуумун."
Эми өзүмдүн эмес энемдин жашоосун жазгым келет. Кыялымдагы китебимдин аты АЯЛ. Баш сөзү жазыла элек...
Маектешкен
Эльмира Мадиева