Адамы - Роза Отунбаева
Кыргызстан кыйчалыш абалга кептелип, бир кыргынды башынан өткөрүп, боорун жерден көтөралбай турганда өлкө жүгүн көтөрүүнү моюндады. Өлкөгө жоопкер кишилер чартарапка качышып, мамлекет чаржайыт калганда ички-сырткы душмандарга талатып жибербей, өлкө бүтүндүгүн сактай алды. Борбордук Азия чөлкөмүндөгү "түшпөс хандыктардын" сепилин талкалап, өлкөнү демократиянын анык жолуна салып, парламенттик республикага айлантты.


Лидери - Өмүрбек Бабанов
Өзүнүн саясый деңгээлине, билими менен тажрыйбасына таянып, "Республика" партиясын түзүп, аны кыска аралыктын ичинде алдыңкы беш партиянын катарына чыгара алды. Ошондой эле уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, дипломаттык ийкемдиги менен Президент ишенип тапшырган иштин аягына чыгып, бириккен парламенттик коалицияны жана коалициялык өкмөттүн курамын түзө алды. Ашыкча амбициялардын кулу болбой, эл үчүн бардык кызыкчылыктардан баш тартаарын айгинеледи.


Оппозиционери - Аликбек Жекшенкулов
Өткөн бийликтегилердин оппозициясынан айырмаланып, бул бийликтин оппозициясы интеллектуалдык деңгээли, саясый даярдыгы жагынан кыйла бийик болуп чыкты. Атургай биримдик, ынтымактуулугу жагынан да өздөрүн көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Анын мисалы, парламенттик шайлоодо жеңилген партиялардын бардыгы биримдикке келип, бирге иш жүргүзүп жатышкандыгы. Булардын башын бириктирүүдө Аликбек Жекшенкулов өзүнүн лидерлик сапатын көрсөтө алды.




 [ Керегем сага айтам ]

Кыргызстанда үчүнчү революциянын желаргысы согууда
Жогорку Кеңештин бириккен коалициясынан сунушталган Өкмөт курамы ишке отуруп-отура электе, өлкөнүн туш тарабынан нааразычылыктар чыга баштады. Айталы, кечээ оппозициянын лидери Аликбек Жекшенкуловго Нарын, Ысык-Көл аймактарынын мыктылары чогулуп, өлкөнүн учурдагы абалын талкууга алышыптыр. Жыйынга катышкандардын сөздөрүнө сарасеп салсак, Өкмөткө кайрадан эле канкор бакиевчилер келип, жылуу-жумшак орун алышкан. "Биз ушулардан арылалы, ушул паракор, саткын, күн карама адамдардан кутулалы деп революция жасаганбыз. Ошол максаттын артынан канчалаган азаматтарыбыздан айрылганбыз. Булардын кайра бийликке келишине жол бергендер да эл алдында жооп берсин",-деген талаптарды айтышкан көпчүлүк, Өкмөттүн курамын түзүүдө аймактык баланстын сакталбаганын, Ысыккөл, Нарын облустарынан бир дагы адамдын Өкмөттүн курамына, министрликти мындай кой, агенттиктин башчылыгына дайындалбаганын айтып чыгышты. Албетте, мындай кландык саясаттын арты эмне менен бүтөөрү маалым. Ошондуктан буга эртелеп бут тосуп, мыйзамдуу кадамдарга баруу керектиги ошол жыйында отургандардын негизги пикири болду. Биз дагы бул себептерге маани берүү менен, учурдагы коалициялык Өкмөт курамын сыдыргыдан өткөрүүнү эп көрдүк.

уландысы 2-бетте