Нургүл БЕЙШЕН
Президенттин
ойношу
Турдукан аргасыздан баш ийди. Эң сонун жасалгаланган кенен далистин көрүнүшү эле жупуну кийинген кызды чүнчүтүп жиберчүдөй. Асты-үстүнөн бери көз тайгылта жалт-жулт эткен бул дүйнө ага тааныш эмес, көнүмүш да эмес эле.
Капар Алиевич кызга бурулуп аны сатып ала турган товарды караган сыңары аябай үңүлө карады.
- Мага досторум конокко келишкен, - деди үй ээси мейман залдын эшигин көрсөтө, - Алар сени менен таанышабыз деп чыдамсыздык менен күтүп отурушат.
- Каяктагы... достор? - Турдукан апкаарый сурады, - Сиз... мен ойлогом, экөөбүз эле.., - Мыйыгынан жылмайган агайына карап терең дем ала дүкүлдөгөн жүрөгүн зорго басты, - Коноктор келет деп айткан жок элеңиз...
Алгач купкуу болуп турган кыз, купуя жолугушуудан үмүт кылып келгенин байкабай билгизип алганда кызарып уялып кетти.
- Ардагым, экөөбүз өзүбүзчө болобуз деп ойлодуң беле? - Эркектин үнү акырын назик угулду.
Капар Алиевич Турдуканга жакын келип, анын муздак колун кармалады. Ушунчалык жакындагандыктан эркектин кайталангыс жыты эсин оодара бур этти... Ансайын кыздын жүрөгү капаска түшкөн чымчыктан бетер тыбырчылап-тыбырчылап алды...
- Жок!
Ушул учурда Турдукан бир гана нерсени каалады: мрамор төшөлгөн астана тең жарылып астына түшүп кетсем экен деп тиледи. Ушинтип шерменде болгондон көрө өлгөн жакшы!
- Агай, мен эч нерсени күткөн эмесмин. Мен болгону жолугушуудан баш тартканы келдим...
- А мен сенин калышыңды каалайм, - Бул сөз өтүнүч эмес, буйрук бергендей угулду.
Кудай ай! Эптеп качып кетишке эч мүмкүнчүлүк жокпу? Капар Алиевичтин өзүнө окшогон бай досторуна таптакыр көрүнгүсү келген жок. Жупуну кийинген кызды, катардагы мектеп мугалимин ошолор жактырмак беле? Бүгүнкү сүрөт тартуу сабагынан кийин тырмагынын астында бойоктор да калып калган тура! Анысын жашыра колдорун аркасына катты.
- Мен чын эле кире албайм. Чакырганыңызга да, машина жибергениңизге да рахмат. Мен автожоопбергич менен сүйлөшкөндөн көрө деп эле келгем.
Капар Алиевич кыздын өжөрлүгүнө жана бекемдигине суктанып турду. Бирок... Президентке да ушул убакка дейре эч ким жок деп даап айта алган эмес. Андан сырткары бул кыз аны жактыраарын жакшы билет, ал гана эмес өзү да Президентти аябай жакшы көрөт.
- Кел, плащыңды чечкенге жардам берейин, - Турдуканды таң калтырып агайы жайбаракат плащтын топчуларын чече баштады.
Турдукан жарылып баратты:
- Мен айтпадымбы калбайм деп!
Капар Алиевичтин капкара көздөрү жука жемпирге жана кыз дем алган сайын өйдө-ылдый термелген бийик көкүрөгүнө кадалды. Анан ылдый түшүп жемпир менен шымдын ортосунда көрүнүп турган аппак ичке белине... Бул кийим, албетте, модалуу эмес, кечеге кийүүчү айымдардын азем көйнөгү эмес. Бирок Турдукандын фигурасына, келбетине жарашып, эрте жетилген жогорку класстын окуучу кызына окшоштуруп турат.
- Мен мындай салтанаттуу кечеге даяр эмесмин... Ушул кебетем менен кантип...
- Эч кам санаба, менин досторум түшүнүктүүлөрдөн экенин азыр көрөсүң. Алар сени көрүп сөзсүз кубанат.
Кайда-ан? Босогону аттап мейман залга кирээри менен өзүн дароо башкача сезди. Колдоруна бокалдарын кармап маектешип отурган адамдардын бири калбай баарысы мелтейип Турдуканга тигиле карап калышты. Кычырай кийинип кыдыратасынан отурган күркүлдөрдү көргөндө Турдукан канчалык аракет кылса да бул адамдар аны эч качан өзүлөрүнүн катарына кошпосуна дагы бир ирет ынанды.
Эгер Капар Алиевич эшикти тосуп, белинен акырын сүйөп турбаганда шарт артка бурулуп, аттап-буттап сыртка атып чыгат беле... Эми кеч болуп калды, эч жакка кача албайт.
- Достор, таанышып алгыла, бул сулуу мен айткан Турдукан деген бийкеч. Ал атайы кечеге катыша албайм деп айтканы келиптир. Мен болбой үйгө киргиздим.
Минтип ачык айтканы кызды бир жагынан ызалантса, экинчи жагынан анын сырткы кебетесин түшүндүрүп актагансыйт. Бирок баарынан да отургандар жашырбай эле үстү-башын сынай карап жаткандарына кыздын жини келди. Элүүгө таяп калган бир эркек уялбастан эле тийишкенсип жылмая вино сунуш кылды.
- Куурчактай болгон Турдукан, сиз өзүнчө эле суйкайып суудан чыга калган Ак Мөөр экенсиз. Жантай хан Ак Мөөрдү адеп көргөндө ал курбулары менен Сөң-Көлгө түшүп аткан тура. Сизди көргөндө менин көз алдымда ошол элес пайда болду.
- Кайран Абдыбек, өзүңдү Жантай ханга теңегиң барбы? Капар эле болсо сага Ак Мөөрүн кармата берет дейт, ха-ха-ха! - деп ары жактан бирөө каткырып калды.
Береги тийишкен неме анын сөзүнө кулак кагып да койбой дагы эле Турдуканды көзү менен чечиндире:
- Чынын айтсам Капар Алиевич сиз жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Кантип табышып жүрөсүздөр? - деп сурады шилекейин кылк жутуп.
- Үйлөнүү үлпөтүндө таанышканбыз, - деп агайы Турдукан оозун ачкыча озунуп жооп берди.
- Мына кызык! Кимдин үйлөнүү үлпөтүндө болду экен? - Эркек таңгала каштарын серпти, - Жакында эле министр Мамбетов уулун үйлөнттү деп уккам. Бирок биз ошол маалда Анталияда эс алып жүргөнбүз. Андан соң Парижде он күндөй кармалып калдык...
- Ой, Парижде болсоңор Эржан мырзага жолуктуңарбы? Ал биздин Кадыр инибиз менен биргелешип кымыз чыгаруучу ишкана ачтык деп аткан.., - деп бир айым сөздү башка жакка бурду.




  [ Киндикатор ]

Жанкумардан жапайычылыкка бой ургандар...
Акыр замандын моралдык деградацияга малынган коому барган сайын уят-сыйыттан ажырап барат. Айрыкча интим маселесинде. Акысыз порно-сайттар менен эрөөнү жок эротикалык фильмдер адамзаттын трагедиясына айланды. Бирок, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү болгон Япония, Швеция, АКШ жанкумар үчүн ашынган жапайычылыкка барып, бөтөнчө секстин оралдык жана аналдык түрү менен "ооругандар" улут коопсуздугун коркунучка кептеп атканын коңгуроо кылышууда.

Оралдык секс рак оорусунун башкы себепчиси
2004-жылы Лион шаарындагы рак ооруларын изилдөөчү эл аралык агенттик Европа, Канада, Австралия, Кубан, Судан өлкөлөрүнөн 1600 ооз жана кекиртек рагы менен ооруган оорулардын абалын изилдеп, француз окумуштуулары шок болушкан. Себеби, орто жаштан өтүп, арак менен тамекинин сазайын берип, рак оорусуна кабылгандарга караганда, жаман илдеттерден алыс жаштар бул илдетке көп кабылышкан. Башкача айтканда, басымдуу бөлүктү түзгөн экинчи топтон HPV (жыныстык мүчөдөгү рак оорусун пайда кылуучу микроб) вирусу көп табылган. Көрсө, булар башкаларга салыштырмалуу оралдык сексти 3 эсе көп оозанышкан экен. Дагы бир кызык жагдай, ооз, кекиртек рагы арак , тамекиден келип чыкса, аны дарылоо жеңил, ал оору оралдык секстен пайда болсо, дарылоо кыйынга туруп, рак шишиги айыккыс шишикке (злокачественный опухоль) айланып кетүү мүмкүнчүлүгү көп экен.


Оргазмдан сокурлукка бир кадам
Хокайдо университетинин профессору Сигдаки Ононун "Оралдык секс сокурлукка алып келет " деген макаласы Японияда чоң коомдук талкууну жараткан. Профессордун макаласынан таасирленген жаштар массалык түрдө анализ тапшырганы бейтапканалардын эшигин жыртып башташкан. Натыйжасы, улуттук масштабдагы трагедияны жараткан. Анткени, анализдин жыйынтыгы Токионун 20 жаштын тегерегиндеги тургундарынын 40%ы "жыныстык сөөл" менен ооруларын ачыкка чыгарган.
Оралдык секстин жемиши болгон "жыныстык сөөл" көп учурда кыздардын жатыны менен балдардын урук бездеринде кездешкен. "Жыныстык сөөл" көп учурда айыккыс рак шишигине айланып кетүү мүмкүнчүлүгү да көп экени тастыкталган. Бул ооруга эч кандай антивирустук дары табыла электигине байланыштуу , "жыныстык сөөлдөн" арылуу үчүн операция гана талап кылынат. Операция оор өтсө, кардар тукум улоого жарбай калат экен.
Негизи эле дүйнөлүк медицина оралдык секс менен ооз, кекиртек органдарында рактын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн 32 (!) эсе көбөйтөрүн изилдеп чыкты. Эгер жыныстык катнаштагы түгөйлөрдүн бирөө гонорея же гонококк оорулары менен ооруса, экөө тең сокур болуп калышы толук мүмкүн экен. Себеп дегенде, оралдык секс учурунда жуккан венералогиялык оорулар көздү тез арада талкалап, коюуга жөндөмдүү.
Ошондуктан, жанкумар үчүн бардыгына барбай напсини тыя билиш керек. Мындан жети кылым мурда эле Ислам дини оралдык секс сокурлукка алып келерин айтып, эскерткен. Эмки санда аналдык секстин зыяндары тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Эрот Үка