12-декабрда
82 жашка толмок
Айтматовдун Шекерден ааламга аттанган жолу байсалдуу болуп, эми насили кыргыз болгону менен, сөөлөтү ааламдык болуп калды. Акыркы жылдары дүйнөлүк билермандар Айтматовду ааламдык адам катары баалап калганы бекеринен эмес. Элестетип көрүңүз - дүйнөлүк статистика боюнча чыгармалары 200гө жакын тилге которулган үч гана жазуучу бар экен. Алар Лев Толстой, Антон Чехов жана Чыңгыз Айтматов. Бирок ушулардын ичинен нускасы эң көбү (6 миллиондон ашык) Айтматовдуку. Аны дүйнөлүк адабият тарыхында бурулуш жасаган, көркөм дөөлөттөрдү жалпы адамзаттык өңүттөн баалап, дүйнө элинин аң-сезимин жаңы сереге чыгарган, жаңыча ой жоруткан Шекспирдин, Толстойдун, Достоевскийдин жана Маркестин катарына коё башташы, аны ааламдык деңгээлде ой чаргыткан, жаңычыл көзкарашын ааламга сереп салдырган инсан экенин дүйнөлүк билермандардын моюнга алышы деп түшүнүү керек.
Анан анын ааламдык адам экенин айгинелеген барандуу наамдары: Кыргызстандагы эң бийик наамдарын кошпогондо, үч жолку СССР мамлекеттик сыйлыгынын, Ленин атындагы сыйлыктын, Эл аралык Ж.Неру атындагы сыйлыктын ээси, Германия Санат Академиясынын корреспондент мүчөсү, Париждеги Европа Илимдеринин Санат жана Адабият Академиясынын анык мүчөсү, Стокгольмдагы Дүйнө Илимдеринин Санат Академиясынын анык мүчөсү, Рим Клубу мүчөсү, Эларалык Ысык-Көл форумунун уюштуруучусу жана төрагасы сыяктуу башка атагы ашкан дүйнө инсандарынан да көп наам, даражалары, анын чыгармалары боюнча жаралган кинофильмдер менен спектаклдер дүйнөнүн дээрлик бардык шаарларында көрсөтүлгөнүнүн өзү эле, аны калетсиз ырастап турат. 15 жыл бою СССР, Россия жана Кыргызстан атынан жүргүзгөн Европа Биримдиги, ЮНЕСКО жана Бенелюкс өлкөлөрүндөгү элчилик кызматы ааламдын эки учун бириктирген, дини, дили башка адамдардын көңүлүн жакындаштырган көпүрө болду. Бул жөнөкөй санактын ары жагында карапайым келиндин сүйүүсүн дүйнөдөгү сулуу сезимге жеткирген, ааламды кырсыктан сактап калуу үчүн баарынан мурда маңкурт болуу коркунучу башбактап турган адамдардын биримдигин бекемдөө сыяктуу пенделик тириликтеги кадыресе көрүнүштөн ааламдык көйгөйдү жалпак тил менен ишенимдүү жеткире алган улуу чеберчилик жатат. "Баарынан мурда сөз болгон" дегендей, ал ааламды ширин сөзү менен алды. Ошон үчүн жан досу Мухтар Шаханов: "Мен дүйнөнү багындырган эки Чыңгызды билем. Бири - дүйнө элин кылычы менен багындырган зулум Чыңгызхан, экинчиси - калеми менен багындырган Чыңгыз Айтматов" - деп анын ааламдык адам экенин таамай айтып отуру го.
Ал канчалык ааламдык адам болгону менен, бүтүндөй жандүйнөсү, тили, дили кыргыз экенин айныксыз ырастап турат. Ал карапайым кыргыз айылы Шекерден ааламга аттанган жолдо биринчи ирет жандүйнөнүн керемети сөз берметтери менен жаңыча ойжоруу аркылуу жаңы кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө мерчем болуп берди, анан орус адабиятында да жаңычыл ойтолгоолору менен биртоп талаштарды туудурган чыгармалары аркылуу не бир чыгаан жазуучуларын акырындап "Чыңгыз феноменин" таанууга аргасыз кылды. Ал эми дүйнө адабиятынын залкарлары менен атаандашып турган орус адабиятынын билермандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкандан кийин пенделик турмуштан тарта дүйнөнү ааламдаштыруу көйгөйүн учурунда көтөрө алганы үчүн тигилердин тилин табуу кыйын эмес эле. Эгер ал мурда орус, анан дүйнө адабиятынан, классикасынан таалим алып, ошо дүйнөлүк сереге жетсе, соңку чыгармалары менен дүйнө адабиятынын жаңыча нукта өнүгүшүнө, жазуучулардын жаңыча ойлошуна, ааламдаштыруу маселеси бардык залкар адамдардын көкүрөгүндөгү көйгөй экенине ынандырып, аларды артынан ээрчитти. Анын кыргыз болуп туруп, ааламдык адам боло алганына далил мына ушунда. Ошол ааламга Чыңгыз Айтматов орус тили аркылуу барды. Кыргыз тили менен орус тили ал үчүн куштун эки канатындай эле. Дүйнөлүк айыңга көтөрүлгөндө да тилдин түпкү муратын унуткан эмес. Ошон үчүн 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеңеши кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялаган атайын токтом кабыл алганда, Чыңгыз Айтматовдун минтип айтканы бар: "Тил - бул ар бир элдин каны-жаны, тил - анын тажрыйбасынын, дүйнө таануусунун, маданиятынын, тарыхынын ашташуусу, акырында, тил - улутуң кубанса - кубанычы, кайгырса - кайгысы жана акыл-эси. Кыргыздар өз тилин бекеринен "энетил" деп атабаган чыгар. Журт өз тилинде өзү аңдап түшүнөт жана өзүн өзгөлөргө түшүнтөт.... Ар бир тилдин өзүнүн энчилүү тагдыры, бийиктеген, төмөндөгөн учурлары, өзүнүн бышып жетилген, айрым учурда өтө оор маселелери менен сыноолору болот. Чынында тилдер ошол тилде сүйлөгөн элдердин башынан кечирген өзгөрүүлөрүн чагылтат...." "Замандан заман өтүп, жер үстүндө кыргыз тили жашап тургуча "Манас" биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек". Тил менен "Манастын" бир бүтүндүгүн мындан артык айтып болбос. Ошо эне тилибизде жаралган кыргыз рухунун туу чокусу. "Манасты" чет элге барганда сөзсүз алабарып, биринчи "Манас" деп оозанарын жашырчу эмес. Чыңгыз агабыз ошентип дүйнө элине "Манас" аркылуу кыргызды таанытса, анын талантына таң бергендер "Манастай" кереметти, Чыңгыздай генийди кыргыздай гана көрөңгөлүү эл бералат деп кеп кылышты.
Ушул жерде бир кезде Энциклопедиянын баш редактору болуп иштеген академик Бүбүйна Орузбаеванын сөзүн кыскарта кетпесек болбос: "Айтматов грузиндер кыздарын күйөөгө бергенде, сеп катары Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" деген китебин беришет экен. Биз да кыздарды күйөөгө бергенде, энциклопедияны кошуп беришибиз керек" деп айткан. Бул тарыхта калар сөз... Кыргыз эли канча жашаса, Чыңгыз Айтматовдун аты ошого чейин сакталат. Бул Шекерден ааламга эчак өтүп, кыргыз менен дүйнө элине рухий көпүрө салып койгон адамдардын шаасына берилген жогорку баа. Эми опол-тоодой ошол инсандын өлбөстүккө аттанып кеткен экинчи өмүрү башталды. Анткени, ал бир кылымда бир келчү, бирок оорду толбос адамдардан. Эми анын чыгармалары башкача көз караш менен окула баштайт, себеби өзү менен кошо бүтүндөй бир доорду ала кеткен инсандын чыгармачылык табылгалары, дүйнө элине үйрөтүп, калтырып кеткен сабактары 2008-жылы 10-июнда бүтүндөй сонундугу, бүтүндөй бийиктиги менен даңкталды. Ошондогу ал асмандагы өчпөс, жылдыздай болуп, бул аалам канча жашаса, кыргыздар канча жашаса, башкалардан жарык, башкалардан нурдуу болуп жаркырап турарына ишендик. Ишендик да, арбагына арнап ич жылытарлык иш кылбадык. Ар бир күнү барктап, даңтап турар Чыкеме эчким чыгынбады. Депутаттар менен Убатылуу өкмөт өз арбайларын согууда.
Киев кең көчөсүнө, Биринчи май районуна Чыкебиздин ысымын берип, анын атын алып жүргөн Эмен багынын ортосундагы Курманжан датканын ордуна айкелин койсо, биз эле эмес, дүйнөлүк билермандар ыраазы болот эле. Ал эми Курманжандын айкелин Фучик гүлбагына алпарып, анын ысымындагы көчө менен гүлбакка даткабыздын атын берип койсо, даражасы кемип калмак эмес. Ал эми илгертен адабий-маданий кызматкерлердин очогу болуп келген "Алатоо" театрынын алдында, Айтматов атындагы орус драмтеатрында, Чыкебиздин айкелинин алдындагы аянтка дүйнөлүк маданий ишчараларды өткөрүүгө оңтойлуу болмок. Бирок боло элек. Убакыт өткөн сайын кыргыздардын кайдыгерлигинен Чыкемдин ааламдык аброю тарых бүктөмүндө муңуп кетчүдөй...

Бөкөнбай Боркеев,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер