Кулов Атамбаевдин артынан түштү
"Арнамыс" партиясы парламент босогосуна өтүп өтпөгөнү аныктала электе "Атажурт" партиясы менен коалиция түзөм деп айгай салып чыккан Феликс Кулов эми эки ача жолдо башы маң дешет. Анткени "Атажурт" ар тараптан бөлүнүп-жарылып, добушту ким, кандай алганы тууралуу добулбас кагышабыз деп атыптыр. Кайда барарын билбей каңгый баштаган Кулов Алмаз Атамбаевдин артынан түшүп, КСДП менен шерик болуу аракетинде экен. Бирок бир кезде көңүлү үч көчкөн журттай калган Атамбаев "үйрүнө" кошпой атыптыр.


"Атажуртчулар" алыста майлап жүрүшөт
Парламент шайлоосунан "бакыт" жыттана баштаганда эле, б.а., жыйынтыгы толук чыгалекте "Атажурт" партиясынын атамандары алыскы чет өлкөлөргө жылт коюп, жеңишин ошоякта майлап жүрөт. Мисалы, Ахматбек Келдибеков Минскиге барып, Курманбек Бакиевге курмандык өткөрүптүр. Камчыбек Ташиев Москвадагы "Мир" телеканалына түлөө өткөргөнү көгүлтүр экрандан көрүнүп калды. Нариман Түлеев гана кайсы мамлекетте түнөп атканы белгисиз. Анткени "атажуртчулар" Акүйгө соодалап, партиялык тизмеден чыгарабыз дегенден бери безип жок дешет.


Чш-щ, Сариев! Токтайым топ эмес
Борбордук шайлоо комитетинин жыйынтыгын угузуп жатканда "Жашасын, Кыргызстан!" партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева 20 жаш партиянын атынан каршылык көрсөтөбүз, парламентке 5 эле партия өтүшү мүмкүн эмес деп безилдеп-безилдеп жибериптир. Ары жакта турган "Акшумкар" партиясынын анабашы Темир Сариев "анте берсең, көчөгө топтой ыргып түшөсүң" дейт имиш. Сариев сабырдуу эле жигит эле, эмне болуп кетти деп, БШК мүчөлөрү "быш" этиптир.


Мадумаровду Нарынбаев "нары тур" деп мат кылды
Бакиев режиминде Кыргызстан мыйзамдарын кыдырата башкарып турган Адахам Мадумаров парламенттин бул шайлоосу мыйзамсыз маанисинде билдирүү таратты. Акаев режиминде да, Бакиев режиминде да өлкөнүн 7 Конституциясын жазган Данияр Нарынбаев, эми Текебаевдин Конституциясы күчүнө кирди, көп эле күпүлдөй бербе таризинде муздак ташка отургузду.


Курманбек Бакивдин инисинин уулу "ийнин" тапты
Кечээ Бишкек аскерий гарнизон соту К.Бакиевдин инисинин уулу - Санжарбек Бакиевди 10 жыл күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кести. Анын бир өнөгү - Бектурсун Келдибеков 8 жылга, дагы бир өнөгү Базарбай Арзыкулов 4 жылга шарттуу кесилди. Зенруев менен Эрахмедов дегендери шарттуу жаза алды. Алар акасынын бийлигин кайра орнотобуз деп, Жалалабатка казат ачкан.


Кыргыз саясат мыкчыгерлеринин кайсынысына жүрүм-турум жана сүйлөшүү маданиятынан сабагын өтүү керек?
"24.kg" маалымат агенттиги бир топ ишмерлерге ушундай суроо менен кайрылыптыр. Айрым кызыктууларын жарыялайбыз.

Ирина Карамушкина, коомдук ишмер:
- Саясатчылардын көпчүлүгүнө андай сабак керек. Мурда бийлик сересине жетем дегендер ал боюнча билим алчу. Азыр өздөрү да албайт, эчким да бербейт. Аттуу-баштуу эле кишилер ачуусу келгенде өзүн унутуп салат. Андыктан өзүн алып жүрүү боюнча азыноолак сабак өтүп турса...
Мирсулжан Намазалиев, Борбор Азия эркин рынок институтунун деректири:
- Шарт эле айтып ийе албайм. Бирок башыма биринчи "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахам Мадумаров түштү. Эмнеге экендигин сурабай эле койгула. Билбейм. Андан башкасын билбейм. Дегинкиси бизде адис саясатчылар жок. Бардык нерсени баары бирдей түшүнгөндөй таасир калтырат. Сабаттуу башкарып, туура тон берип, эл урматына арзый албайт...

Карина Алиева, дизайнер:
- Мүмкүн Нурлан Мотуев, доктор Апас менен Топчубек Тургуналиев андай сабакка аябай муктаж. Биринчиси, экинчиси сыяктуу эле айныган адамдай жүрөт. Фактысы жок сенсациялуу билдирүүлөрдү жасайт. Үчүнчүсү идеялары менен чыр-чатак чыгарууну көздөйт...


"Атамекен" аш тартууда
Кечээ "Атамекен" партиясын үгүттөп ырдап-чоордогон өнөрпоздор эт-куйрук менен басылган ашка аябай тоюнду өңдөнөт. "Атамекенчилер" абалы бербей эле коёлу деп айнышканбы, айтор палоону парламентке өткөнүнө көзү жеткенден кийин басты.


Алишер Саиповду чыныгы аткандар табылабы?
Үч жыл мурда белгисиз кишилер атып кеткен журналист Алишер Саиповдун өлүмү али табышмак бойдон. Аны атты деп айыпталган А.Расулов күнөөсүн эч моюнга албай келет. А. Саиповдун атасы да баласы А. Расулов колдуу болгонуна ишенбейт. Кесибине байланыштуу дейт. Ош шаарында өзбек тилинде чыгуучу "Саясат" гезитинин редакторунун артынан убагында сая түшкөндөр көп болуптур. Баса, журналисттерге арнап Алишер Саипов атындагы сыйлык уюштурулган. Атасынын айтымында, аны эстеген адам, дос-жоролору деле жок экен. Журналисттин өлүмү боюнча иш кечээ Жогорку Сотто башталды.