"Асеманын апасы Бакиевдин кудасымын деп кордоду"
Кыргыз Республика президенти Роза Отунбаевага,
Кыргыз Республика УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге,
Кыргыз Республика Башпрокурору Кубатбек Байболовго
Менин сиңдим 2005-жылы көп кабаттуу үйлөрдөн ипотекага толук бүтө элек квартира алган. Документтери жайында, банкка ай сайын төлөп турган квитанциялары бар. Ал 2008-жылы Нарынга турмушка чыгып, оорулуу кайненесин багуу үчүн жумуштан бошоп кетти. Бишкекке бат-бат келүүгө шарты жок болгондуктан квартирасын мен ремонттон өткөрүп бермей болдум. Баш-аягы 10 миң сомдон ашык акчага курулуш материалдарын сатып алып, кара шыбактан башка эч нерсеси жок квартираны толук бүтүрүү үчүн жумушчу издеп жүргөм. Бирок, 2009-жылдын 15-мартында коңшулар чалып, квартирга кимдир бирөөлөр кирип алганын айтышты.
Барсам, айткандай эле жашы 60ка чамалап калган Жумагүл аттуу аял отурган экен. "Сиз ким болосуз, эшикти ким ачты, материалдар кайда?" деген суроомо "менин үйүм, сатып алдык" деп жооп берди. Аны уккандан кийин үйгө барып, бардык документтерди көтөрүп келдим. Ордерди, келишимди, банктын квитанцияларын көргөздүм. Анын документтерин карасак, жөн эле ксерокөчүрмөдөн өткөн кагаздар болуп чыкты. Көрсө, квартиранын үстүнөн белгисиз бирөө тон бычып, ага 13 миң долларга саткан экен. Мунун баары ачыкка чыкканда тиги аял чалкасынан кетип, "жакшылыкча чыгып кеткиле, мен "Бозсалкын" фильминдеги Асеманын апасы болом, үй анын наамында, ал Бакиевдин келини" деп коркута баштады. Ошентип, өмүрү көрбөгөн адамдар менен үйдүн айынан чырыбыз күчөдү. Мен тийиштүү органдарга кайрылып, 16-мартта милицияга арыз жаздым.
Бул окуядан кийин 1-2 ай өткүчө менин арызым Ленин РИИБинде каралбай жатты. Ошондой күндөрдүн биринде баламды ээрчитип, квартирага бардым. Күүгүм кирип калган маал эле. Каалганы эптеп жаап коюшуптур, түртсөк ачылып кетти. Анан мен уулума "сен бул жерде туруп тур, мен кулпу алып келейин" деп өзүм чыгып кеттим. Үйгө келип, издесем кулпу жок экен, тааныш-билиштерден сурагыча көз байланды. Аңгыча эле уулум "эрте келиңиз, быякта ызы-чуу болуп атат" деп чалып калды. Барсам баягы Жумагүлдүн абышкасы, Дастан деген баласы бар экен. Мени көрөр замат "бул жерде 3800 доллар бар болчу, биз аны ремонтко жумшамакпыз, тапкыла" деп бакырып киришти. Аны уккандан кийин алар менен "ушул эшик-терезеси бүтпөгөн каркаска ким акча коет, башы чечилбеген үйгө кантип ремонт жасайсыңар?" деп аябай уруштум. Баласы экөөбүз жакалашканга чейин бардык, оозубуздан ак ит кирип, кара ит чыкты. Дастан Токтобеков деген неме экен. Ал мага "сага көргөзөм, алдагы минип жүргөн машинең акыры меники болот" деп сөөмөй кезеди. Анан баарыбыз чогуу Ленин РИИБине келдик, алар "3800 долларыбыз жок" деп арыз жазды.
Бул окуядан кийин эки ай өткөндө, тагырагы, апрелде "баягы үйдү ортодон саткан аял кармалды, жүрүңүз" деп милициялар келиптир. Алар "үйдө кичине кызымдан башка эч ким жок эле, жок дегенде кийинип алайын" дегенге да карашпай, дегдеңдетип сүйрөгөн тейинче Биринчи Май РИИБине алпарышты. Барсам, баягы мени жакалап, коркуткан Дастан Токтобеков ошол жерде жүрөт. Көрсө, ал Биринчи Май РИИБинде иштейт экен. Ал М. Мухамедалиев аттуу тергөөчүнүн бөлмөсүндө отурсам, мурда биздин фирмада иштеп кеткен Г. Отунчиева аттуу келинди алып келди. Байкуштун тирукмуш, бети көгала. Аны көрүп таңгала түштүм. Дастан мени да, тергөөчүнү да көзүнө илбей, ага "акчаны Айдаралиева аркылуу алгам де, коркпо мен турбаймынбы" деди. Анан тергөөчү М. Мухамедалиев Г. Отунчиева экөөбүздү суракка алды. Ал келин, Дастандын буйругу боюнча "Так билбейм, болжолу менен 15-16 миң доллар берсем керек. Жанымда эч ким жок эле" деп көргөзмө берди. Анан аны алып кетишти. Чыгып баратып келин "эже, мени күнөөлөбөңүз, менде айып жок" деди. Көрсө, аны каршы көргөзмө берүүгө мажбурлашкан экен. Аны кийин уктум. Ошону менен мени камап салышты, кечке маал Дастан өзү келип чыгарып, жанындагы шериги экөө мени кайдадыр алып жөнөдү.
РИИБден алыстагандан кийин Дастан бир далдоо жерге токтотуп, мени коркута баштады. "Мен сени каматам дедим беле, сөзүмө турдум" деди. "Камай бер, менин күнөөм жок" деп көпкө алымсабак айтыштык. Ал ортодо Дастан РИИБге чалып, менин машинамды карматууга буйрук берди. Анан мага "баланчаң-түкүнчөң бар экен" деп санашып, "кайсынысын бересиң? Айт азыр эле бошотобуз" деп жарга такай башташты. Мен "эч кандай күнөөм жок болсо, эмне үчүн беришим керек, мага десеңер өмүр бою камагыла" деп көшөрдүм. Ошондо берки бала чачымдан алды да жерге ныгыра басты. Бейкапар отурган жаным катуу чоочуп, үнүм чыкпай калды. Анан мени кайра РИИБге алып келишти. Эшиктин астында агам турган экен, аны менен да сүйлөштүргөн жок. Алып кирип, камап салышты. Аңгыча, ошол жерде иштеген бир таанышыбыз, "буларды бирөөлөр сыйлап кетти, акча берди окшойт, кыймылдагыла. Иш татаалдашып баратат" деп айтып калды. Анан мени тергөөчүгө алып келип, дагы бир Рахат Сулайманова аттуу аял экөөбүздү беттештирди. Көрсө, ал дагы "үй берем" деген аферистке алданган неме экен. Р. Сулайманова "ооба, мен Отунчиеванын жанында тургам, ал буга акча санап берген" деп Г. Отунчиеваныкына окшошпогон бөлөк көргөзмө берди. Кийин уксам, аны Биринчи Май РИИБинин начальнигинин орунбасары Б. Заидов "тааныбасаң деле ушинтип айта бер, акыры моюнуна алдырабыз" деп көндүргөн экен. Мени сүйлөтүшкөн жок, адвокат тыйып койду. Ошону менен эки айга камоого санкция берилип, мени Убактылуу кармоочу жайга жөнөтүштү.
Анан Дастан "эми сен СИЗОго кетесиң, ал жерден атайын кишилерге сага кандай мамиле кылышты айттым, ошондо мага жалынасың" деп табалады Ага да макул дедим. Бул ыкмасы өтпөсүнө көзү жеттиби, айтор, "баягы 3800 доллар боюнча балдарыңды камайбыз, эч болбосо чөнтөгүнө нашаа салам" деп күпүлдөдү. Айткандай эле күйөөм менен агам эртеси келип, "үйгө милийсалар барып атат, балдарды сыртка чыгарбай атабыз" деп айтып кетишти.
Кантсе да энемин да. Балдарымды айтканда чын эле коркуп кеттим. Кичүүсү 18де, улуусу 19да. Экөө тең студент, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек. "Кыйнап, моюнуна алдырып, камап салса тагдырлары кандай болот?" деп ойлонуп отуруп, акыры Дастандын талабына көнүүнү чечтим. Агама, күйөөмө кеңешсем, "берсең бер, эптеп чыгып алып анан биротоло күрөш" деп кеңеш беришти. Айла жок Дастандын талабына макул болдум. Машинени түндөп, А. Нышанов аттуу адамдын наамына катташкан экен. Убактылуу кармоочу жайда 20 күн камалып жаткандан кийин акталып, эркиндикке чыктым.
Үйгө келгенден кийин катуу оорудум. Түрмөдө жаткан кезде уйку безге суук тийип, күчөп кеткен экен операция жолу менен аман калдым. Кара жандын кайгысы менен көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Анан бир күнү ооруканада жатсам, баягы мага каршы көргөзмө берген Р. Сулайманова өзү издеп келиптир. Ал Д. Токтобековдун айтканы боюнча жалган көргөзмө бергени үчүн абийири тынчытпай атканын айтып, астыман өттү. Анан экөөбүз чогуу барып, моралдык жактан кордоп, басым жасаганы үчүн М. Мухамедалиев менен Б. Заидовдун үстүнөн Башпрокуратурага арыз жаздык. Д. Токтобековдун үстүнөн арызданган жокмун. Анткени, ал кезде бийлик алмаша элек болчу. Бакиевдин кудасы болгондон кийин иш баары бир каралмак эмес. Тилекке каршы, берки экөөнүн үстүнөн жазылган арыз боюнча кызматтык иликтөө болуп, адилет чечим чыккан жок. Жаза сөгүш берүү менен чектелди. Айла түгөнгөндө УКМКга да бардым. Ал жерден "Биринчи Май райондук прокуратурага кат жөнөттүк, иш козгойт" деген. Барсак, эч кимди сурабай, протокол номери жок ишти жаап коюшуптур. Аны көргөндөн кийин шаардык прокуратурага арыздандым. Ал жерден иш козголду дегенинен Биринчи Май райондук прокуратурасына барсам, тергөөчү "мен иш козгой албайм" деп ачык эле айтып, арызды кароодон баш тартканын тастыктаган кагаз берди. Аны алып шаардык прокуратурага барсам, "алар кароого милдеттүү, анан бизге келесиз" деп кайра райондук прокуратурага жөнөттү. Ошентип, эки ортодо убара болуп жүргүчө апрель окуясы болуп, Бакиевдин режими кулады. Бул окуя биздин үй-бүлөбүз үчүн трагедия болду. Мен ден-соолугуман ажырадым. Нерв бузулду. Жолдошумдун, балдарымдын, бир туугандарымдын жүрөгүнө так түштү. Дос-туугандын алдында сөзгө сындым. Ал эми Бакиевдин кан кудасы Д. Токтобеков менен ага жардам берген Б. Заидов өз ордуларында бейкапар иштеп атат. Угушума караганда, менин арызымды Б. Заидовдун Биринчи Май райондук прокуратурасын жетектеген У. Асакеев каратпай жатат. Ал Б. Заидов менен жакшы мамиледе экен.
Менин арызым райпрокурордун карамагынан чыга элек. Аргам калбагандыктан мамлекет башындагыларга кайрылып жатам. Арызымды карап, калыс чечим чыгаар деген үмүтүм зор. Айтмакчы, Д. Токтобеков учурда оозумду басыш үчүн үй-бүлөмдү, тууган-туушкандарымды сураштырып, илинчек издеп жүрүптүр.

Райкүл Айдаралиева,
Бишкек шаары