Рания
Дүйнөдөгү № 1 адам аталган падыша, ханзаада, президенттердин жеңилин жерден, оорун колдон алган жубайлары ким болду экен? Анда алгачкы сөз Иордания мамлекетинин падышасы Абдулла бин Аль-Хусейндин жубайы ханыша Рания Аль- Абдулла жөнүндө болмокчу.

"Бул биздин падышачылыктын кымбат - баалуу байлыгы болот"- Ранияны падыша Хусейндин апасы элине ушинтип тааныштырган. Чынында эле Рания падышачылыктын гана эмес, бүтүндөй жашоочулардын "байлыгына" айланган.

Эркиндикти сүйгөн Рания
Күйөөгө тийгичекти кадимкидей эле кыздын жашоо образын кечирип, окуп, иштеп, эс алып, кино, кафе, спорт залга барып жүргөн Ранияга дароо ханбийке даражасына өтүш абдан эле кыйын болгон. Азыр баарына көнгөн... Бирок, ошол эле учурда Рания өзүнө чектөө койбойт. Эң башкысы, Рания эркиндикти сүйгөн аял. Ал мусулманчылыкты катуу кармаган чөлкөмдүн ханышасы болуп туруп, табынууну бузган. "Мусулманчылыкта таңуулоо жок" деп башына чадра салынбайт. Бирок, буга карабастан өзүн араб өлкөсүнүн чыныгы аялзаты эсептейт. "Аялдын башындагысына эмес, башынын ичинде эмне бар, ошого кызыгыш керек" дейт ал. Ханыша эл алдына жынсы шымчан, жөнөкөй көйнөкчөн деле чыга берет. Ага мындай жөнөкөйлүк да абдан жарашып калат.

Модельердин музасы
Рания дүйнөдөгү падышачылыктын эң жаш ханышасы. Азыр ал 40 жашта. Чыгыштын салтын азыркы заманбап жашоого айкалыштырып жашаганды билген Ранияны Араб өлкөлөрүнүн эң мыкты элчиси деп коюшат. Дүйнөнүн эң популярдуу модельери Джорджио Армани "Рания улуттук, чыгыш кийимдерин кийип алганда кудум "Миң бир түндүн" ханышасы болуп чыга келет. Бой келбети моделдики, баскан-турганы ак-сөөктүкү, кандай укмуш аял! Ал менин модадагы музам! Аны менен иштешүү ырахатты тартуулайт" деп айткандан тажабайт. Раниянын гардеробунда чыгыш менен батыш стилиндеги кийимдери бирдей илинген. Сүйүктүү дизайнерлери- Эли Сааб жана Армани. Раниянын сырткы келбетине куюлушуп, ички дүйнөсү да сулуу. Жогорку интеллект, адамкерчилик, назиктик, акылмандык, ошондой эле жаратылыш берген татынакай жылмаюу, аны дайыма коштоп жүрөт. Чыгыш аялдарынын сулуулук эталонуна айланган Рания 17 жылдан бери "Дүйнөдөгү эң сулуу жана сексуалдуу айым" деп сурамжылоолордун башкы сабынан түшпөй келет. Өзүнүн Fаcebook сайтында фанклубу бар. Ошондой эле Twitter бош боло калганда кирип, эли менен жөнөкөй тилде пикир алышат.

Сүйүүгө күбө-банк
Рания Кувейт мамлекетинде палестандык качкындардын үй-бүлөсүндө 1970-жылы 31-августта жарыкка келген. Каирдеги Америкалык университеттин бизнес- администрация бөлүмүн бүтүргөн сулуу 22 жашында Иорданияга келип, келечектеги жолдошунун эжесине таандык банкка ишке кирет. Алгач ошол банктын ичинен падышанын мураскери ханзаада Абдулла бин Аль-Хусейн менен көздөр көзгө чагылышат. Көп өтпөй экөөнү ханзааданын досу жакындан тааныштырат. Бири-бирин сүйүп калууга экөөнө көп деле убакыт талап кылынган эмес. Ханзаада ушул кыз анын бактысын ачып, ханбийкеси болуп берерине көзү жеткен да, создуктурбай эле үйлөнүү тууралуу сунушту киргизген. Рания ханыша титулун 1999-жылы Падыша Хусейн каза болгондон үч ай өткөндөн кийин алган. Ал эми Абдулла трондун мураскери болуп, падыша деп жарыяланган.

Үй-бүлөдө...
Ошентип 1993-жылы баш кошкон эки жаш учурда төрт баланын ата-энеси. Ал жөнөкөйлүктү балдарына да үйрөтөт. Кээде үй жумушчуларын эс алууга чыгарып, эки кызы менен ашканага кирип, даамдуу тамактарды жасашат. Ал эми падыша күйөөсү барбекюну (эт менен жасалган стейк) эч кимге ишенбей, өзү гана жасайт. Кечкисин балдарынын сабагы аткарылып жатабы, жокпу, текшермейинче ыраазы болбойт. Рания падыша күйөөсүнүн жубайы гана эмес, мамлекеттик да ишмер. Ал социалдык тармакта, Араб өлкөлөрүнүн аялдарын, балдарын коргоп иш алып барат. Күйөөсүнүн саясый-мамлекеттик ишине кийлигишпегени менен кечки тамак учурунда, күндүз ким эмне жумуш бүтүргөнүн баарлашарын жашырбайт. "Биз бири-бирибизди колдогондон тышкары, сын айтышып да турабыз" дейт.

Бетти даярдаган Эльмира МАДИЕВА