Корупция "боо!"
дегенден коркпойт
Бийликке келсек коррупцияны жоёбуз, таза коом курабыз деп, Кудайдын аты менен карганган Убактылуу өкмөт (УӨ) тушунда төбө чач тургузган финансылык кылмыштар биринин артынан бири чубалып, элдин эсин эки кылды. Президент Роза Отунбаева оппозицияда жүргөндө коррупцияга байланыштуу сөздү көп оозанса, республика бийлик тизгинин колуна толук алганы, негедир аз сүйлөп калды. Убагында Акаев менен Бакиев да ушинтип опурулуп-жапырылып барып жели чыккан.

Өткөн жумада апрель окуясынан кийин бакиевчилердин банк эсептериндеги миллиондогон акча каражаттарын өлкөдөн чыгарып кетүүсүнө көмөктөшкөн кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абылов жана орунбасары М.Нишанов кызматынан четтетилгендигин генпрокуратура билдирди. Себеби, Валерий Белоконь, Турсун Турдумамбетов, Михаил Надель, Евгений Гуревич жана бакиевдердин жакындарынын Кыргызстандагы банк эсептерине коюлган камак прокуратура тарабынан алыныптыр. Демек, канча жүздөгөн миллиондорду сыртка чыгарып кетүүгө шарт түзүлсө керек. Бул жерде банк эсебине коюлган камакты көрүнгөн эле прокуратура кызматкери алып салбашын да айта кетели. Эгер сөз чын эле миллиондор жөнүндө болуп жатса, анда бул иш менен экс-прокурор жана республиканын күч тармагын жетектеген куратор А.Бекназаров сөзсүз билүүгө тийиш болчу. Андыктан Кубатбек Байболов төмөндөн жогору, Азимбек мырзаны көздөй "жортуул" жасап баратат десек болчудай. Башкы прокурордун "Азаттык" радиосуна:
"Акаев менен Бакиев учурундагы прокуратура ошол бийликтин камчысына айланып, көбүнесе саясатка кийлигишкен болсо, апрель окуясынан кийинки прокуратура беш айдан бери мүлктү мыйзамсыз бөлүштүрүүнүн амалына айланган. Мына ушуга байланыштуу азыр тирукмуш кылмыштардын бети ачыла баштады. Ошолордун ичинде мүлктү мыйзамсыз камоо жана мыйзамсыз бошотуу учурлары бар. Маселен, бакиевдердин каржылык пирамидасын түзгөндөрдүн банк эсептериндеги камоону алып салышкан. Анын кесепетинен миллиондогон акчалар сыртка чыгарылып кеткен" деп айтты
Эгер Генпрокурордун айтканына ишенсек, 7-апрель күнү кечинде өлкөдөгү банктардан 170 миллиондон ашуун АКШ доллары өлчөмүндө каражат которулуп кеткендиги аныкталган. Бул боюнча Улуттук Банктын жетекчилигине кылмыш иши козголгон.
Анан дагы 7-апрелден кийин УӨ мүчөлөрү бакиевдердин банктагы ячейкаларынан уютулган алтын табылды деп коомчулукту кабардар кылган. Бирок, азыркы күндө ошол алтындардын кайда экени белгисиз. Мисалы, 170 млн. доллар АКШ акчасы абдан эле көп каражат. Азыр өлкө бюджети өлөсөлүү абалда, тартыш болуп жатканда бул акча казына үчүн абдан огожо болмок.
Убактылуу өкмөттүн 7-апрелден кийинки аракетине азыркы шайланган парламент өз баасын берип, бүтүм чыгарышы кажет. Анткени бул боюнча айрым кишилерде өтө коркунучтуу маалымат-далилдер бар экени айтылып жүрөт. Балким, Башпрокурор Кубатбек Байболов ушунун өтөсүнө чыгайын деп жүргөндүр. Эгер УӨ алты айдагы айтканы менен аракетине назар салсаң, алардын эки ача чыкканын байкайсың. Мисалы, өздөрүн коргоого келгенде апрель окуясында курман болгондорду калканыч катарында бетке тартат да, башка учурда бакиевчилердин иш-аркетине, саясый таасирине кенен жол беришет. Айталы, жогорудагы эле бакиевчилер тарабынан сыртка чыгарылып кеткен миллиондогон долларларды ошол мезгилдеги финансы министри Темир Сариев, УӨнүн орун басарлары Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров да билбейт экен. Муну кандайча түшүнсө болот? Бакиевдерди моюнунан муунтууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жок дегенде финансылык булактарын муунтушпайбы. Ушуга алы жетпегенден кийин булардан дагы эмне үмүт кылууга болот?!
Ошого карабай, кесиби милиция, ээлеген кызматы Коопсуздук комитетинин төрагасы болгон Кеңешбек Дүйшөбаев да өлкөдө жасалган бир катар иштерге бакиевдер күнөөлүү деген билдирүү таратты. Алардын бири 7-октябрда Казакстандан келе жаткан машинадан табылган 700 миң Америка доллары. УКМКнын айтканына ишенсек, акчаны дагы эле бакиевдер кайсы бир саясый партияга жөнөтүшкөн. Буга чейин деле 50 миңден 500 миң долларга чейин жашыл сөлкөбайлар жанагы партияга келип турган. Акча Казакстанда жайгашкан эл аралык банктардын филиалдарына жөнөтүлүп, ал жерден накталай алынып, жеңил унаа менен Бишкекке жеткирилген. Атайын кызматтар тарабынан колго түшүрүлгөн 700 миң доллар "Хонда Одиссей" машинасынан табылган. Болгондо да 20 таңгак экен. Атайын кызматтын бул жөнүндө видеотасмасы да бар. Алып келе жаткандардын бирөөсү камакка алынган. Эскерте кетсек, окуя шайлоого 3 күн калганда болгон. Бирок УКМК төрагасы акча каражаты кайсы партияга багытталганын, кайсы банктан алынганы жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбады. Кеңешбек Дүйшөбаевдин сөзү боюнча бавкиевдер ал акчаны шайлоо алдында абалды күчөтүү үчүн жөнөткөн. Кайсы партияда өткөн бийликтин өкүлдөрү көп болсо, акча ошолорго багытталган. Бул К.Дүйшөбаевдин сөзү.
Эгер чын эле акча кармалса, ошол партиянын атын атап, акчаны кайда кириштей турганын айтышса, бир топ ынанымдуу болмок. Азырынча бул "кара пиар" катары гана таасир калтырып, жанагы бакиевчилердин катары көп партияга кошумча упай алып келди. Балким бул окуяны да башпрокуратура иликтеп көрүшү зарылдыр. Балким акча А.Атамбаевге арналгандыр. Дегеним, ал деле Бакиев менен коюн-колтук иштешпеди беле.
Жогорку окуяларга удаа эле 7-октябрда Кыргызстанда коммерциялык банктардын биринен 3 млрд. 700 млн.(!) долларлык банк векселдери табылган. Вексель - баалуу кагаздардын бир түрү. Анын мааниси мыйзам чегинде белгиленген акча каражатын билдирет. Төлөм документи катары колдонулат. Демек, кайсы бир өлкөгө акча ордуна которууга болот. Кыскасы, артында акча турат. Эскерте кетсек, бул баалуу кагаз кайсы бир фирманын генералдык директоруна тиешелүү делинип, ал эртеси камакка алынган. Эгер дүйнөлүк финансылык көз бойомочулуктарга көз чаптырсак, вексель ар дайым акчаны адалдоо максатында пайдаланылат. Бирок, экономикасы жакыр Кыргызстанда кандай акча адалданышы мүмкүн, деген суроо да ойлондурбай койбойт. Анүстүнө векселдин көлөмү өлкөнүн эки жылдык бюджетине тете болуп жатат. Эсиңиздерде болсо, мурдагы финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Жогорку Кеңешке "Аль-Каида" эларалык террористтик уюмдун акчалары Кыргызстанда адалданып жатат деген маалымат таратканда, буга ошол кездеги эл өкүлдөрү анчейин маани берген эмес. Финансылык чалгындоо кызматы да ошол маалыматты андан ары иликтөөгө албады.
Кыскасы, Р. Отунбаева башкарган УӨ финансы ишмердигинде, коррупцияга каршы жүргүзгөн "күрөшүндө" жоопко карганда, суроо көп. Эң негизгиси, алар деле 2005-жылдагы революция жыйынтыгы сыяктуу жоопсуз калабы деген кооп күч. Анткени азыркы бийлик ишмердиги андан башканы каңкуулай элек.
Келдибек Назиров





"Азаттыктан" сүйлөйбүз!
Арасат АзияУниверсалбанктын айланасындагы оюндар
Cот билеби же "Селсебет" билеби?
АзияУниверсалбанкын улутташтыруу жөнүндөгү өкмөт токтому чыккандан кийин "Кыргызөнөржай курулуш банкынын" мурдагы акционерлеринин үлүшүн бөлүп берүү маселеси кайрадан талашка түшүп, ал ушу кезге чейин так чечилбей келатат. АзияУниверсалбанкын улутташтыруу демилгесин көтөрүп чыккан Убактылуу өкмөт мүчөсү, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров маселенин бир жаңсыл чечилбей жатышынын тамыры тереңде экенин белгилеп, ири каржылык мекемени таасирдүү колдон чыгарбоонун болгон айла-амалы ушу тапта деле жасалып жатканын маалымдайт.
- Мурда "Кыргызөнөржайкурулушбанк", "Кыргызкредитбанк", "Ысык-Көл инвестбанк" - ушулардын эсебинен АзияУниверсалбанкты түптөндүрүшкөн. Булардын ою боюнча, муну мамлекетке өткөргөндөн кийин деле кайрадан бөлүп-жаруу менен мурдагыдай эле бир банк, түбү келип ошол эле адамдарга бара турган банк кылалы деген саясатты улантып жатышат. Биздин Улуттук банкта отургандар ошо заказды аткарышууда.
Жакшы банк - жаман банк
АзияУниверсалбанкынын ушу таптагы утурумдук жетекчиси Гүлзара Өмүрзакова бул каржылык мекеме мамлекет карамагына өткөнүн, ушу тапта консервация режиминде турганын маалымдады. Ал эми анын эсебинен "Кыргызөнөржайкурулуш" банкынын мурдагы акционерлеринин үлүшүн бөлүп берүү маселеси сот тарабынан четке кагылган. Банктын утурумдук жетекчилиги болсо банкты экиге бөлүү аракетин көрүшүүдө.
- Эки банк деген себебибиз сапаттуу активдер менен сапаттуу милдеттер бүгүнкү күндө жаңы мамлекеттик банкка бөлүнүп берилет. Активдерден башка да милдеттердин арасында Соцфонддун дагы башка мамлекеттик мекемелердин акчалары милдеттенмелеринде көп. Ошол себептен сапаттуу активдер менен сапаттуу милдеттер жаңы мамлекеттик банкка өтүүгө тийиш. Начар активдер менен начар милдеттер АзияУниверсалбанкта эле калышы керек. Булар баягы банкроттукка алынып келинет.
Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбалытегин апрель окуяларынан кийин республикадагы системалуу каржылык мекеме катарында турган АзияУниверсалбанкын сактап калуунун аргасы катары ага 3 миллиард сомдук кыска мөөнөттөгү кредит берүү демилгеси көтөрүлгөнүн ырастап, банктын биротоло жок болуп кетишинен сакташ үчүн бир топ аракеттер жасалып жатканын мындан бир ай илгери эле билдирген.
- Ойлонулган нерселер ишке ашкан жок. Азыр биз соттун чечими менен консервацияны кайра киргиздик. Биз атайын сотко кайрылган элек. Атайын администрлөөнү баштап, банкроттукту баштап, ошонун негизинде реструктуризация жүргүзөлү дегенбиз. Анын негизинде жакшы банк, жаман банк түзүлөт. Жакшы банкка өкмөт жардам бермек. Ошол банкты биз да колдомокпуз.
Азимбек Бекназаров болсо ири банктын айланасындагы оюндардын улантылышына жалаң өкмөт эмес, башка күчтөр деле кызыкдар деген пикирде.
- Бул маселени башка адамдар, менден башка ошол тармакка кураторлук кылган өкмөт мүчөлөрү тейлегендиктен биз ошолордун пикирине көбүрөөк макул болгонбуз. Тоскоол болуп аткандар бул тарапта абдан көп.
Мамлекет ээлигине өткөрүлгөн банкты экиге бөлүп, анын бирөөнү банкротко багыттап, экинчисин баштагы калыбында калтырууга жалаң Убактылуу өкмөт эмес, ушу тапта чет жерде жүрүп деле оңой эмес акчаларды айланткан таасирдүү күчтөр кызыкдар экени маалымдалууда. АзияУниверсалбанктын мурдагы кожоюну М.Наделдин дүйнө-мүлкүн коргоп, сотко кайрыла тургандыгын жарыя кылган жайы бар эле, азырынча андан андай шек-шыбаа билине элек. Ал ортодо Башкы прокуратура мурдагы бийлик башчыларына тиешелүү делген акчалардын чыгарылып кетишине жол берген кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин козгоду.

Бекташ ШАМШИЕВ
(Кыскартылды)