Нургүл БЕЙШЕН
Президенттин ойношу
- Мен үйлөнүү үлпөтүндө Атырга белек тартуулаган жокмун. Эми деле кеч эмес. Курбуңа белекти сен тандасаң жакшы болот эле...
Турдукан эмне деп жооп берээрин билбей калды.
- Кандай дейсиң? - Капар Алиевич шаштырды.
- А эмнеге белекти убагында тартуулаган жоксуз?
- Өткөн жумада Стамбулдан шашылыш келип, ылайыктуу белек тандай алган жокмун.
"Белек бербесең кудай алат беле, баары бир үйлөнүү үлпөткө кеткен чыгымды төлөдүң го" деп айтканга оозу барбады. "Президентибиз колу ачык, берешен киши" деп Атыр жаналы калбай мактап аткан. Бирок Турдукан ичинен кыжырлана берди.
- Менден башка кеңеше турган кишиңиз жокпу? - Турдукан "кантип эле ошондой болуп калсын" дегенсип ийиндерин куушурду. Кыздын жакындагысы келбей жатканына бу кишинин башы жетпей жатабы? Ушундай чоң концерндин Президенти болуп туруп... Же мүмкүн жөн эле сынап жаткандыр. Жөнөкөй кызга кантип эле ашык болуп калсын?
- Ал сенин сырдана курбуң, анын табитин сенден жакшы ким билет? Андыктан мага жардам берип койсоң жакшы болот эле.
Капар Алиевичтин үнүндө чын эле акылдан адаштырган, аргасыз өзүнө багындырган бир касиет бардай. Турдукан аргасыздан анын айтканына муюп, макул боло тургандай абалга келди. Бирге өткөргөн түн ал үчүн кадыресе көрүнүш болгон соң, аялдарга ушундай мамиле кылганга көнгөн да... "Башымды айландырбай тезинен сөздү бүтүрөйүнчү" деп чыгынганы менен телефондун трубкасын койгусу келбеген Турдукан:
- Атыр эмне белек берсеңиз да кубанат болуш керек. Тандап отурбай эле ала бербейсизби? - деп сууга чөгүп баратып бир тал чөптү кармаган адамга окшоду. Капар Алиевич менен дагы бир ирет жолугушаарын эстегенде жүрөгү опкоолжуп кетти! Эми дагы бир ирет жолугушуп койсо эмне болот эле... Кайсыл эле карапайым кызды миллионер үйүнө чакырып жатыптыр? Турдукандын ордунда башка бирөө болсо төшөккө чогуу жатканды коюп, жанында турганына сүйүнгөндөн жүрөгү жарылмак.
- Өзүңдүн жакшы көргөн курбуң үчүн ушундай арзыбаган нерсе жасап коюш да колуңдан келбейби? - Капар Алиевич уят-сыйытты жыйыштырып, акыркы чабуулга өттү.
- Албетте, колдон келет дечи.., - Турдукан аргасыздан ага баш ийди, - Макул. Саат канчада келейин?
- Эртең жумушуңан чыкканда Касым тосуп алат. Көрүшкөнчө, кайыр кош!
Үчүнчү бап
Пальто салынган баштыкты бекем кучактаган Турдукан жакындаганда айнек эшик өзү эле шарак этип эки жакка ачылып кетсе, ал бир чети чочуп, бир чети таң калган тейде буйдала түштү. Анан өзүн-өзү кармап, калтырап-титиребей чымырканган бойдон чоң үйдүн кенен далисине бут койду.
Чын-чынына келгенде кыз Капар Алиевич менен кайрадан жолугушууну самаган эмес. Ушул учурда бирөө сунуш кылып, экөөнүн бирөөсүн тандап ал десе, дарга асынууну тандамак. Кычыраган кара "Лексус" менен жол жүрүү да, бардык шарты бар укмуш чоң үй да анын маанайын көтөргөн жок.
Бирок эшиктер эки жакка ачылып, алдынан ак чачтуу улгайган каракочкул күрмөчөн адам тосуп чыкканда, сылыктык иретинде жылмаюуга аргасыз болду.
- Саламатсызбы, мен Турдукан Жумаевамын. Капар Алиевич менен жолугушат элем...
- Ооба, билем. Кириңиз, сизди Президент мейман залында күтүп атат. Пальтоңузду алууга мүмкүнбү?
Турдукан ушул жерден эле колундагы баштыкты буга кармата салып терс бурулуп чыгып кеткиси келди. Бирок өзүнүн терс кыялын көрсөтүп, тааныш эмес кары адамды кыйын абалга калтыра албай, эшик аганын аркасынан ээрчип келе берди. Тегерегинин баары мрамор менен капталган далис аркылуу мейман залына киришти. Эшик ага Тур-дукандын атын атады да, чыгып баратып, калдайган зор каалгаларды кайра акырын жаап койду.
Капар Алиевич от жагылган чоң каминдин жанында күтүп туруптур. Кызга боюн көтөрө текебер карап мылжыйып тургандай туюлду. Эмне тууралуу ойлоду экен? Кызды өз эркине баш ийдиргенине маашырланып турса керек...
Турдукан аз жерден кетенчиктеп кайра кетип кала жаздады. Бул кишиден чынында эле коркуп турду. Анын жансыз кара көздөрү кызды салкын жана тааныбагансып карады. "Келесоочо бул жакка неге келдим, неге макул болдум? Биринчи эле таанышкан күнү коюндашып жатканым жетишет. Ушунчалык өзүмдү кол жоолук кылганым жакшыбы..". деп өзүн жемелеген кыз эрдин тиштенип:
- Мен убада боюнча... пальтону апкелдим, - дегенге араң жарады.
- Көрүп турам, - деди Капар Алиевич.
Экөө тең унчукпай калышты, ыңгайсыз абалдан кутулуунун айласын таппай Турдукан бушайман болуп тура берди. Бир шылтоо таап кетүүгө камынды. Аңгыча Капар Алиевич:
- Отурбайсыңбы, эмне турасың? Пальто тууралуу анан сүйлөшөбүз, - деди.
- Сүйлөшкөндө эмне?.. Мына, апкелдим, - деп кыз өзүн жоготпоого аракеттенип баштыкты үстөлгө койду.
- Эми, отурбайсыңбы! Кел, чай ичели, же пай ичесиңби?
Ичмек түгүл отургусу да келген жок. Бир гана тилеги - эртерээк үйүнө жетүү. Өзүн-өзү мажбурлап дивандын четинен орун алып, окуучу кыздардан бетер колдорун тизесине койду. Эң сонун эмеректер коюлган кооз бөлмөгө астыртан көз чаптырып, өзүн артыкбаш адамдай ыңгайсыз сезип отурду.




Билгенден билелегиң көп
Негизинен бардык эркектер төшөктө аялдардын башкаруусун ичтен каалашат. Бирок бул жөнүндө айтуудан тартынышат. Бирок иш башталып ал кызуулаганда аялдар астынан жылт берип үстүнө чыкса көп деле каршылык көрсөтүшпөйт. Аялдар ар убак күчтүү эркектрди каалаганы маалым. Бул үчүн эркек төшөктү өлө каалап дүүлүгүп турушу кажет. Төшөк кумарын изилдөөчүлөр эркектер таңкы саат 6-7 лер чамасында абдан күүгө келерин байкашкан. Бул учурда жыныс гармондору башка убакытка караганда көп иштелип чыгат. Ал эми аялдар адатта кечки саат ондон тарта козголо баштайт. Саат он бир жарымда абдан күүгө келери байкалган. Ал эми энеден туума кучакташып жаткан түгөйлөр түн ичинде козголуп кетишсе алардын айкашуусу өтө таттуу жана табигый мүнөздө болорун жыныс кумарын изилдөөчүлөр ырасташат. Аялдардын төшөктөгү аракети, алардын сексуалдык ачкычы экенин да унутпоо керек. Аялдын ачкычын тапкан эркек анын мүдөөсүн оңой канааттандырат. Аялдардын 80 пайызы кулагы менен сүйөт деген сөзгө да абдан маани берүү зарыл. Мисалы, көпчүлүк аялдарга төшөктө кошулуп жатып анын жан жерин мактап "аябай ысык же кыздыкындай тар экен" сыяктуу жылуу сөз айтсаңыз көлкүлдөп эрип кетиши мүмкүн. Жыныс мүчөнү укалоо эркектерге болуп көрбөгөндөй рахат тартуулайт. Эгер муну ургаачылар флейта ойногондой чебер жасаса, анда күдөр үзө албаган узак мөөнөттүү көңүлдөш болушу мүмкүн.

Аялдарга эле жыргал
Аялдар бир жолку кошулуудан эки же андан көп жыргалга батууга жөндөмдүү (оргазм). Эгер эркек таттуу лаззаттан кийин денеси шалдырап, тыягы шөлбүрөп жатып калса, аялдар жылуулугун андан кийин деле сактап тура алат. Мындайды 25 пайыздан артык аял баштан кечирет. Эркектердин уруктук суюктугу ченелүү болгондуктан, аны топтоого кайра убакыт керек. Бирок Батыштын дарыгерлери акыркы кезде аялдардан деле оргазм маалында кадимкидей сперма агат деп эсти оодарып жатышат.

Самынды көбүрткөн пайдалуу
Жыныстык жол менен жугуучу дарттар жөнүндө аңыздар толтура. Аны айыктыруу боюнча кеп-кеңештер көп. Бирок капыскы жолугушууларда сөзсүз презерватив колдонуп, самын менен жышып жуугандан мыктысы жок экенин айта кетели. Себеби ычкыр оорууларынын 90 пайызы жуунбай ыплас жүргөндөн таралат. Эгер дартты жугуздум деп шектенип калсаңыз биринчи кеңеш, дүрбөлөңгө түшүп кыжаалат болбоңуз. Дароо дарыгерге келип толук текшерүүдөн өтүп, дарыланмайынча секске жолобоңуз.

Кулагың чуулдаса, ычкырың тынч
Климакс доору аялдарга эле эмес, эркектерге да келет. Ал да климакс деп аталат. Мунун мааниси уругуң түгөнүп, тыяктын башы көтөрүлбөй жатып калганы. Мурда бул мезгилге эркектердин басымдуу бөлүгү 70-80 жашта туш болсо, азыр бул курак 60-70 жашты түзөт. Музыканы өтө катуу уккан эркектин аңгилик дараметин басаңдатып, төшөктөгү табитин жогото турганы дайын болду. Эгер буга чөнтөк телефону менен порнографиялык видео, сүрөттөр кошул-ташыл болсо, жакынкы жылдарда жигиттерибиз 30 жашында жаа бою качып калышы мүмкүн.