Парламенттик шайлоо таза өттү деп ойлойсузбу?
Мирослав Ниязов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидерлеринин бири:
- Башка шайлоолорго караганда, ишеним көрсөткөн шайлоо болду. Бүгүнкү жүргүзүлүп аткан саясатка ишенбегендиктин кесепетинен, шайлоочулар аз катышты. Шайлоочулардын ичинде тууганчылыкты көздөп, акчага азгырылып кеткендери да болду. Ал эми "Ата-Журт" партиясынын алдыга чыгышы, элдердин Убактылуу бийликке нааразычылыгынын натыйжасы.

Эдил Байсалов, "Айкөл эл" партиясынын лидери:
- Шайлоо эң таза өттү. Тарыхыбызда мындай болгон эмес. Мен Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда шайлоодо байкоочу болгом. Бирок, шайлоочулар да, пресса деле акчанын артынан түшүп алды. Эларалык эксперттер: "шайлоого катышкан партиялар тууралуу элге таза, синтездүү маалымат жеткирилген жок" деп айтышууда. Биздей майда, акчасы жок партияларды деле чагылдырып коюшса болмок. Бирок эл-тараза, эл-сынчы. Калк өзүнүн тандоосун жасады. Биз да келечекте аракет кылабыз.

Дамира Ниязалиева, КСДП партиясынын лидерлеринин бири:
- Мен 3-4 жолу шайлоого катыштым. Чындыгында мурунку шайлоолорго салыштырмалуу ачык өттү. Башкасын айта албайм, Нарын областында абдан таза өттү. Бирок, эл көп эмес, 50-60% гана катышты.
Ушунчалык көп байкоочу иштеп, бардыгын тыкыр көзөмөлдөп турдук. Ошого карабастан, башка партиялар тарабынан "эски технологиялар"колдонулган учур да байкалды. Биз тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.

Абдыжапар Тагаев, "Акыйкат" партиясынын теңтөрагасы:
- Мурункуга салыштырмалуу шайлоо таза өттү. Таң калтырганы, түштөн кийин добуштарды сатып алуулар болгондугу тууралуу жер-жерлерден коңгуроолор болуп атты. Өзгөчө Таласта айтылуу беш партиянын акча тараткандыгын айтышты. Административдик ресурстарды технологиялык жактан колдонуу болду.

Акматбек Келдибеков, "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири:
- Биз жеңдик, ошон үчүн таза шайлоо өттү деп ойлойм. Мага кайрылсаң, бул тууралуу кенен интервью берет элем.

Турусбек Мамашев, " Содружество" партиясынын лидерлеринин бири:
- Менимче, таза эле өттү окшойт. Эң негизгиси, шайлоону тынчтыкта өткөрүп алсак деп аттык эле, тынч өткөнүнө сүйүнүп атабыз. Эч бир партия тарабынан мыйзам бузууларды байкай алган жокпуз.

Гүлнара Дербишева, "Акшумкар" партиясынын лидерлеринин бири:
- Тилекке каршы, шайлоо таза өткөн жок. Кодекске кол койгондоруна карабай, партиялар абдан ыплас ыкмаларды колдонушту. Шайлоодо түндүктүн партиясы түштүктөн өтпөй калсын деген аракеттер болду. Айрым партиялар акчаны аябай чачышты. "Акшумкар" партиясы аягына чейин таза шайлоо үчүн туруп бердик. Айта кетүүчү нерсе, бийлик эчбир жакка тартпастан, административдик ресурстарды колдонгон жок.

Эрнис Кыязов, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидерлеринин бири:
- Эми, бул шайлоодо көптөр үчүн күткөн да, күтүлбөгөн да натыйжалар болду. Жеке мен үчүн, мен мүчө болгон партия үчүн- бул өзүбүздүн дараметибиздин канчалык экенин билип алууга мүмкүндүк болду деп ойлойбуз. Биз шайлоодо көп добуш алган алдыңкы он партиянын ичиндеги партия экенибизди түшүндүк. Элдин ишеничи "Мекен ынтымагына" бар экенин түшүндүк. Биз үчүн ушул өтө маанилүү.
Парламентке өтпөй калган бир катар партиялардын мүчөлөрү өзүнчө кайгырып, ызаланып жүрүштү. Үгүт иштеринин жүрүшүндө кээ бир партиялардын күргүштөп акча чачып жатканын көрүп, артисттерди апкелип ырдатып, чоордотуп, көп адам чогултканын көрүп, шайлоо учурунда машине, маршрутка, автобус менен эл ташып келип добуш бердиртип аткан ыкмаларды көрүп, "демек биз деле ушунткенибизде мындан да көп добуш алмак экенбиз" деген ой келди. Бирок биз ушунун баарын көрүп туруп , шайлоодо мындай жолдорго барбайбыз деп чечтик.
Шайлоо бүткөнү менен биз ишибизди улантып жатабыз. Эл менен жолугушууларды улантабыз. Турмушту жакшыртууга болгон өзүбүздүн партиялык көз карашыбызды, идеяларыбызды элдин жүрөгүнө жеткирүүнү уланта беребиз.

Турдукан Жумабекова, "Кыргызстан үй куруучулар" партиясынын лидерлеринин бири:
- Эми, анча-мынча кемчиликтерге карабастан, шайлоо таза эле өттү. Мурунку шайлоолорго караганда кадимкидей өзгөрүү байкалды.

Руслан Бекназаров, "БЭК" партиясынын лидерлеринин бири:
- Бийлик тарабынан административдик ресурс колдонулган жок. Ошондуктан, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу шайлоо таза өттү десек болот. Кээ бир жерлерде гана КСДП тарабынан административдик ресурстарды колдонуу, коркутуп-үркүтүү болду. Эл деген - эл экен, арасында акчага алданып калгандары да болбой койгон жок.

Нурайым РЫСМАМБЕТОВА