"Республиканын" командасы
(Башы 4-бетте)
Арада Казакстанда да ишкердик кылып, жыйынтыгында мекенге кайра кайтып келген.
Өлкө боюнча 10 миңден ашуун жумушчу орундарын түзүп, андан сырткары кайрымдуулук иштерин унутта калтырбай келет. Мамлекеттеги ири салык төлөөчүлөрдүн бири.
Кыргыздын тажрыйбалуу десе тажрыйбалуу, билимдүү десе билимдүү кыздарынын бири, мамлекеттик жана саясый ишмер, окумуштуу - Роза Акназарова да "Республиканын" катарында бара жатат. Социалисттик эмгектин баатыры, белгилүү партиялык ишмер, өмүрүнүн дээрлик бардыгын жетекчилик кызматка арнаган атактуу аксакал Корчубек Акназаровдун кызы. Кыргызстанда бул адамды тааныбаган жана атын укканда урмат менен мамиле кылбаган адам жоктур. Роза Корчубековна өзүнүн потенциалын экономикага багыттагысы келген менен, шарт, мезгил аны министрлик, депутаттык милдеттерге тартты. Учурда ал топтогон тажрыйбасы менен потенциалын "Республика" менен ишке ашырууга аттанды.
"Республиканын" катарында алды-кийин саясатка аралашпаган, ишкерлик менен алектенген, аны менен катар эле кичи мекенине, районуна материалдык жактан үзбөй жардам көрсөтүп келе жаткан нарындык жаш, мыкты жигит Жыргалбек Турускулов аттуу жараныбыз бар. "Жашаганың эмес, жасаганың калат" деген сөздү карманган бул жигит, эгерде партиясы парламентке келип калса, элдин кендирин кескен көйгөйлөрүн карап, чечүүгө мамлекеттик органдарды милдеттендирип, анын аткарылышын колдон келишинче көзөмөлгө алып, өзү да көмөк көрсөтөм деген максаты бар.
Партиянын дагы бир көзгө басар мүчөлөрүнүн бири Бакыт Төрөбаев . Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты. "Аккан арыктан суу агат" демекчи, ал - Кыргызстандын эконономикасын калыптандыруучулардын анабашында турган, өлкөнүн эмгек сиңирген энергетиги, парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты Эргеш Төрөбаевдин уулу. Б.Төрөбаев учурда өлкөгө кубаттуу инвесторлорду тартуу, ал үчүн инвесторлорго жакшы шарт түзүп беришибиз керек, ат тезегин кургатпай келе берген ар кыл текшерүүчүлөрдүн санын азайтуу зарыл деген бекем принципте. Адатта, Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин артында дайыма узун сөз, кылмыш иштери калса, Бакыт Төрөбаев бул министрликти жетектеп кеткенден кийин, анын артынан андай сөз ээрчиген жок.
Кыргызстанда чыныгы жана ири өндүрүшчүлөр өтө деле көп эмес. Алардын бири Бейшенбек Өскөнбаев мырза. Бул адам жетектеген "Арвин" ишканасынын продукциялары Кыргызстандын рыногунун бир топ бөлүгүн ээлеп турат. Анын өлкөгө салымы катары - түзүп берген жумушчу орундарын, мамлекеттик казынага төккөн салыгын жана жасаган кайрымдуулук иштерин келтирсек жетиштүү болот. Эл арасында анын жөнөкөйлүгү жана иш билгилиги ишин ийгиликке жеткирген сапаты катары бааланып жүрөт. Бейшен мырзанын "Республиканын" катарында турушу, анын мындан аркы да келечектүү кадамдарынан кабар берет.
"Республикачы" Асхат Молдобаев Ысык-Көлдүн уулу, сыртка Кыргызстандын атын башкалардыкына окшобогон туристтик жайларыбыз менен таанытууну максат кылып, иштеп келе жаткан жигиттерибизден. Бизнес менен катар социалдык проблемаларды чечүүгө багытталган аракети ал башкарган "Таsma Travel" фирмасын башкалардан айырмалап турат деп айтышат.
Өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдоп, андан сырткары мал чарбачылыгы менен шарты татаал региондордун абалын жакшыртууга негизги көңүлдү бөлүү керек деп күйүп-бышып жүргөн, өз ишин билген мыкты адис, атбашылык Алмазбек Баатырбеков "Республиканын" катарында. Эгерде мындай иш билги адамдар Кыргызстандын мыйзам талаасына келсе, албетте, утушубуз көп болот.
Таластагы "Токчулук" дыйкан чарбасынын жетекчиси, айыл чарбасы, кредит алуу, техника маселелери боюнча мыкты адис Кенжебек Бокоев да "Республиканын" катарында туруп, дыйкан-фермерлердин кызыкчылыгын коргойм деген ниетте. Бул киши жергиликтүү гана эмес, коңшу мамлекеттерге каттап, ал тургай океандын ары жагына барып, ал жердегилердин иш тажрыйбаларын үйрөнүп, аны өз регионунда колдонуп жүргөн учуру. Кенжебек мырза айыл чарбасында дыйкан-фермерлер план түзүп иштебесе, жыйынтык болборун, алган акчаны той-топурга эмес, жерди иштетүүгө максаттуу пайдаланыш керектигин айтып келет.
Партиянын катарындагы жаш талапкерлердин бири, Бишкек шаарынан чыгып жаткан Алтынай Өмүрбекова ишке көзү каныгып калган юрист, буюрса, кези келгенде укуктук талаада Кыргызстандын бир жагын чоё турган келечектүү адистердин бири.
Мамлекеттик кызматтарды басып өткөн, парламентте отурганда элдин бир топ көйгөйүн чечүүгө үлгүргөн, саясатта өз ордун алып калган Замирбек Эсенаманов "Республика" менен Жогорку Кеңешке кайрадан аттанып турган чагы. Партиялаштары анын кесипкөйлүгүн жогору баалап келишет, эми кайрадан ишеним көрсөтүү кезеги элде, шайлоочуларда турат.
"Республиканын" катарында Баткен элинин оозуна алынып калган ишкер Назарали Арипов да бар. Россиянын Волжск автомобиль заводунда эмгектенип, бирок, мекенине кайтып келип, учурда жердештерине моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп келе жаткан жараныбыз. Башка жасаган иштерин эсепке албаганда да, бир нече кыш заводдорун куруп, миграция кесепети менен алыска кетип жаткандарга жумушчу орундарын түзүп берип жаткандыгы колдоого арзый турган эмгек.
Партиянын катарында окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор Элмира Жумалиева бар. Эмгек жолун элеттен экономист болуудан баштап, кийин "Азат" сыяктуу ири ишканаларда иштеген. Учурда К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык Университетинде кафедра жетектеп, азыр факультеттин деканы кызматында. Элмира айым "Республика" менен бирдикте экономикалык жаатта топтогон иш тажрыйбасын мыйзам талаасында колдонуу максаты бар.
Ынтымак, достук ийгиликтин жандоочусу. Партияда буга да маани берилип, башка улуттардын өкүлдөрү унутта калган эмес. Партиянын биринчи ондугунда учурда Сокулук айылында жашап жаткан, ошол жерде чоңоюп, элеттин жашоосун көрүп-билип, ага аралашып калган Алевтина Завгородняя аттуу 25 жашар талапкер бар. Партиянын бул мүчөсү жаштык дем менен парламентте жалпы жаштардын жана элеттин маселелерин көтөрүп, аны чечүүгө пайдам тиет деген ниетте турат.
Гезит бетине ылайык "Республика" партиясынын бардык 120 мүчөсү берилген жок. Бирок калган кандидаттардын иш тажрыйбасы, эл үчүн арнаган эмгектери аталган кандидаттардан ашса ашат, бирок кем эмес...