Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 2
КСДП лидери Алмазбек АТАМБАЕВ:
"КООМГО СӨЗ ЖАНА ОЙ ЭРКИНДИГИ КЕРЕК"
- Сизди жакындан билген адамдар ишенчектигинин айынан бармагын көп тиштеп калат дешет, чынбы?
- Чын, анын эмнесин танат элем. Бирок, Кудай деген адамда ишеним деген сапат болбосо, адамдык касиетиң кайсы. Адамга адам ишеним менен карабаса, коколой башы менен эмне кылалат?
- Турмушта бирок ишенимиңе кирип алган адамдар жабырлантып кетер учурлар болот... Сиз ошондой ишенимге кирген адамдарыңыздан жабырланган учурлар болду беле?
- Аны өткөн жылы биз менен аралашып жүрүп, өзүңүз көрбөдүңүзбү. 23-июлда шайлоо штабыбыздын жетекчисине ишеним артып, анын кеңеши менен журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөнгө макул боло коюп, кийин ал жер муштатып кетти. Көрсө, сценарийдин баары алдынала даярдалып, мени менен да, бириккен оппозиция курамындагылар менен да макулдуксуз жасалган иштин артында чоң балээ турганын баарыбыз билбеппиз. Штаб начальнигибиз ошол күнү саат 11-00дөн баштап эле жер-жерлердеги шайлоо түйүндөрүн текшерер адамдарыбызга "көзөмөлдү токтоткула!" деген команда берип, мени болсо саат төрткө журналисттерге түшүндүрмө берүүгө көндүрүптүр. Натыйжасында КТРге, бийлик көзөмөлүндөгү басылмаларга ошол эле керек болуп турган экен. Ага кошул-ташыл эларалык маалымат каражаттарына да "Атамбаев өз кандидатурасын шайлоодон алып салды" деген маалымат тарап кетти. А мен маалымат жыйынында журналисттердин "кандидатураңызды алып атасызбы?" деген суроолоруна мыйзам боюнча ага укугум жок экенин түшүндүргөм. Кийин билсем, мен ишенген ал адамды ушул кадамга барууга зулум бийлик айласын кетирип мажбурлаптыр. Чындыгында ошол маалымат жыйынында коомчулукка биз эмнени шардана кылып жиберерибизди штаб жетекчисинен башка эчбир жан билген эмес. Ал болсо, "Атамбаев кандидатурасын алып салды" дегенди балп эттирип салды. А биз ал маселе жөнүндө план түзмөк түгүл, талкуулаган да эмеспиз. Кыскасы, өткөн иш өттү. Анын баары мен үчүн турмуштан алган ачуу сабак гана болду.
- "Бириксек колдон келет" деген лозунгуңуздардан улам сурар элем: мейли, апрель окуясына чейинки бирдиктүү оппозиция парламенттик шайлоого чогуу аттаналган жоксуңар. Анын себебин эми териштирип отурбайлы, бирок "7-апрель жаштар кыймылы" деген жаңы партияны эмнеге КСДП (СДПК) өз канатына алалган жок? Себеби, эл менен болгон жолугушууларыңызда "революциянын эркечи биздин партия болду" деп атпайсызбы. Башкасы башка, эч болбосо эмнеге 7-апрелдеги жаштар менен бириге алган жоксуздар?
- Революциянын эркечи эмес, өзөгү биздин партия деп келатам. А эркечи биз болдук дегендей маанайды "БЭК" партиясы кабаттап айтканын күндө теледен көрүп атпайсыздарбы. Чынында мен алардын дээрлик көпчүлүгүн 7-апрель түгүл акыркы 2-3 жылдан бери оппозиция катарынан көрбөптүрмүн. Бирок, анын баарына эл тараза. Революциянын өзөгү биздин партия деген себебим, канча уюштуруу иштерин жүргүздүк, анын ичинде каржынын көбүн КСДП (СДПК) көтөрүп келди. Мунун баары билинбеген менен тамчы ташты көзөгөндөй, акырындап максатына жетер кадамдар болчу. Ал эми "Бириксек колдон келет" дегенибиз саясатчыларга эмес, жалпы элге болгон кайрылуубуз. Эмнеге дегенде, элибизде ынтымак, биримдик болмоюн колубуздан эмне келет? Түндүк-түштүк, сарбагыш, саяк, солто, черик же кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур болобузбу, баарыбыз бирикмейин өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. А "7-апрель жаштар кыймылын" эмнеге канатыңыздарга алган жоксуздар? деген кыйгыл сурооңузга мындай дээр элем, партиябыздын эшиги баарынале ачык болду, бизге киреби-кирбейби, - ал аркимдин өз чечими, өз эрки. Тек гана жаштар өз демилгелери менен саясый атаандаштыкты кааласа керек, бул алардын тандаган жолу. Негизинен КСДПнын (СДПК) курамында деле билимдүү, тажрыйбалуу жаштар жетиштүү. Алар канчадан бери ысыгыбызга да, суугубузга да чыдап келаткан мекендин чыныгы патриоттору. Баштарынан эмне деген гана сыноолор өткөн жок, эң негизгиси саясый тирештерде сынган жок, сатып кетишпеди. Керек болсо алар буга чейин арабызда болуп келген эр ортонундагы таарынычтан көтөрүлө албаган айрым саясатчыларга караганда өздөрүнүн туруктуулугун көрсөтө алышты.
- Партияңыз он жети жылдык тарыхый жолду басып өттү. Өзүңүз адабият астанасын аттап, руханий чөйрөдөн агарып-көгөргөн адамсыз. Эч болбосо ушунча жыл арасында элге китеп чыгаруу жана аны окутууга эмне аракет кылдыңыз?
- Өзүм негизи мактанбайын дегем, бирок элге буга чейин эч айтпай келген иштеримди айттырганы калдың. Адабияты өспөгөн эл эне тилинен ажырайт. А мен тилибиз жоголгон атат, тилибиз өспөй атат деп жер сабагандарды туурабайм, иш жүзүндө жардам кылгандарымды да колко кылгым келбейт. Табиятыман көкүрөк муштаганды сүйбөйм. Кыргыз адабияты жамандыр-жакшыдыр көчүн улап келатат, ошого шүгүр. Болбосо СССР тарагандан бери карай чыгармачыл адамдарды өкмөт камкордукка алалдыбы? Жок. Өзүңүз билесиз, жазуучу-акындарга шарт болсун үчүн "Арашан" чыгармачыл үйүнө жыйырма бир жылдан бери үзгүлтүксүз каражат бөлүп келдим. Адабий фонддун эсебинен 50-60 ардактуу аксакал акын-жазуучуларыбыз үчүн атайы пособие бөлдүрүп койгом. Аны жыл сайын үзгүлтүксүз колдоруна алып, алкышын айтып келатышат.
- Баарыле негизги маселени экономикабыздын чабалдыгына алпарып такайт. А элибиз рухий деградацияга кабылганын 7-апрель окуясы анык көрсөттү. Элибиз эрдиги бар, эси жоктук кылып, талоончулуктарга, канчалаган кыйратууларга жол бергенин эмнеден көрөсүз?
- Албетте, мунун баары сиз айткан рухий деградациядан келип чыккан маселе. Бирок антейин десең, дүйнөнүн башаламандык болгон бардык эле жерлеринде биздегидей талоончулуктар болуп келген, болуп да атат. Керек болсо биздегиден да тиршумдук. А сурооңуздун өзөгүнө келе турган болсок, башкаларын билбейм, биздин партиянын программасында маданият, билим берүү тармагы боюнча атайы блок бар. Анда бул маселелерди чечүүнүн жолдору атайы адистер тарабынан абдан тыкыр каралган.
- Биз билгенден, акыркы 2-3 жылдан бери бир нече гезиттердин ээси экениңиз айтылып жүрөт. Бирок ал гезиттердин бирөө да эл агартуу максатында же маалымат айдыңындагы бейтараптуулукту сактоо үчүн эмес, сиздин таламыңызды бир тараптуу талашкандай "чырылдап" келатышат. Сиз ал гезиттерди саясый курал кылуу максатында чыгардыңыз беле?
- Мен эчбир гезиттин кожоюну эмесмин. Туура, кыйналып турган убактарында акчалай жардам сурап келген журналисттер болду, аларга жардам бергеним чын. Бирок эчбирине менин таламымды талашкыла деген көрсөтмөлөрдү берген эмесмин. Негизгиси бакиевдердин сөз эркиндигине болгон зөөкүр мамилесинен коркпогон ошол журналисттерге кандай болбосун ыраазы болушубуз керек. Себеби, элге оппозициянын ачуу үнүн жеткирип келишти. Андыктан, коомго сөзсүз сөз эркиндигине, ой эркиндигине ээ болгон пресса керек.
- Макул, керек. Бирок сиздин каржылооңуз менен жарык көрүп келген гезиттер сөз эркиндиги десе эле, ээнооздукту түшүнүп алышкан жокпу?
- Ачыгын айтканда мен ушуга чейин журналистке акчалай жардам көрсөткөн күндө да андай жаз, мындай жаз деген шарттарды койгон эмесмин. Койбойм дагы. Атайы бирөөнү жамандатканым да жок, тескерисинче, мага болушкандай бирөөнү жамандагандарын, чукулап жазгандарын койдуралбай эле келатам. Журналисттер негизи кызык калк болосуңар, бирок ошонуңар менен кызыксыңар да. А сөз эркиндигин ким кандай түшүнөт, ал аркимдин иши.
- Өндүрүш тармагын түшүнгөн адам катары айтсаңыз, канчалаган жер-жемиштерибиз бар, сок Орусия, Украина, Казакстандан келет. О.э. кызылча, арпа-буудайын саталбаган баба-дыйкандарыбыз канча. Жадагалса шекерди да Кытайдан алабыз. Өзүбүздөн өндүрүлгөн пиволор деле сапаты жагынан Казакстандыкынан кем эмес чыгууда, а бирок баасы жагынан экөөнүн бир аз эле айырмалары бар. Эмнеге ички экономикабызды өнүктүрүүдө сырттан келген айылчарба товарларына өкмөтүбүз чектөө койалбай келет?
- Албетте, айрым чектөөлөр менен сырттан келген товарларга бөгөт коюп, өзүбүздүн атамекендик өндүрүштү колдоого толук мүмкүн. Сиз айткан баба-дыйкандардын эмгеги кор болбос үчүн алардын картошка, сабизи же кызылча, арпа-буудайы болобу, өкмөт сатып алгандай болушу керек. Мунун баары КСДП (СДПК) программасында абдан тыкыр каралган. Буюрса, алдыдагы шайлоодо чоң ийгиликке жетишип калсак, бул маселе сөзсүз биринчи кезекте каралат. Өлкөнүн киреше булагын өстүрүү колумдан келерин өкмөт башында турганда 1,5 эсеге өстүргөнүмдү билесиздер. Ошондо да Бакиев бийлигинин канчалаган тоскоолдуктарына карабай, 8 айда ошончо ийгиликке жетишкенбиз. Өлкөнүн жеңил өнөржайын көмүскөдөн чыгарып, тигүү тармагын бутуна тургузууга кенен мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнгө жетишкем. Буга чейин Владимир Путин менен болгон бирнече жолугушууларда да Орусия менен биргеликте айылчарба, малчарба азыктарын өнүктүрүү боюнча убадалашканбыз. Алар да биздин айылчарба, малчарбабыздын өнүгүшүнө кызыкдар. О.э. жеңил өнөржайындагы оор маселердин көбүн кантип чечүү жолдорун билем. Себеби мен башынан бери өндүрүш тармагын ийне-жибине чейин өздөштүргөн адаммын.
- Буюрса, шайлоодо чоң ийгиликке жетишип калсак… дегениңиз ишенимдүү угулуп атат, кокус көбүрөк добуш менен башка партиялар сиздердин алдыңыздарга чыгып кетсечи же "ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" болуп, парламентке келүүгө таптакыр мүмкүн болбой калсачы?
- Чочулай турган эчтеңкеси жок, буюрганы. Бийлиги жок деле жашап келгенбиз. Эң негизгиси, шайлоо тынч өтүп, элибизде, жерибизде тынчтык болгонун тилейличи. Шайлоодо өзүбүз күткөндөй санда добуш албай калсак деле ызы-чуу салбай, жеңилүү ызасын тартканга даярбыз. Акаев, Бакиев заманында башыбыздан эмнелер өткөн жок. Мен ишенем, элибиз кайсы татыктуу партияга добушун берерине. Себеби, парламенттик башкаруу жолун тандаган элибиз бу жолу оңой менен алданбайт. Кимдин ким экенин акыркы жылдар көргөзбөдүбү. Андыктан элдин ырыскысын тоноп, мамлекеттин эсебинен байыгандар менен Үзөңгү-Кууш, Каркыраны сатканга катышы барларды элибиз бу жолу саясый майдандан четке сүрүп саларына толук ишенем. Буюрса бул жолку шайлоодо элибиз мурунку шайлоолордогудай жыдыбайт. Шайлоо көзбоёмосуз, таза өтөрүнө да көзүм жетип турат. Себеби, саясый атаандаштыкка чыккан көп партиянын көзөмөлү кенедей нерсени жаздым кетирбейт деп ойлойм.
Олжобай ШАКИР

Материал КСДП саясый партиясынын шайлоо фондунан каржыланды.








кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0929_3.htm on line 41