Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 2
"РЕСПУБЛИКА" - Өзгөрүүгө мезгил келди!
Өмүрбек Бабанов:
"Биздин партияда жалаң өз күчү, өз эмгеги менен ушул даражага жеткендер"
2010-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарындагы "Спартак" стадионунда "Республика" саясый партиясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга республиканын бардык аймактарынан келген адамдардын саны 25 000ден ашкандыктан, стадиондун трибуналарына эл толуп, сахнада жана трибуналарда партиянын символикасы жайгашып, туусу желбиреп турду. Жолугушуу Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясынын лидерлерин расмий тааныштыруу аземинен башталып, алар партиянын туусун көтөргөн улан-кыздардын арасынан өтүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда стадиондун түндүк жагында орнотулган сахнага чыгышты.

Өзүнүн кайрылуу сөзүн баштаар алдында Өмүрбек Бабанов быйылкы жылы Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларында курман болгондордун жаркын элесине арнап, аза күтүүгө чакырды. Бул учурда стадиондон асманды көздөй ак шарлар учурулду.

Партиянын лидери өлкөдө соңку жылдары болгон элдик толкундоолорго карабастан, эч нерсе өзгөрбөгөнүнө нааразы экенин жашырбады:
- 2005-жылы элибиз революция жасады. Айткылачы, бир нерсе өзгөрдүбү? Жок! Ушул эле жылы 7-апрелде кыргызстандыктар кайрадан нааразычылыгын билдирип, мурдагы бийлик аларды атып салышты. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе! Ошол атылган октон каза болгон кыргызстандыктардын жүрөгүндө улуу тилектер бар эле... Бирок, учурда ошол улуу тилектер иш жүзүнө ашпай жатат. Урматтуу жердештерим! Заманды өзгөртпөсөк болбой калды. Же эмне мамлекетибиз бүт дүйнөлүк картада жок болгондо эсибизге келебизби же кыргыз жок болгондо эсибизге келебизби? Кеч бололекте эсибизге келишибиз керек. Бүгүн ошол өзгөрүүнү, эл күткөн улуу тилекти биз ишке ашырбасак, ким ашырат? Убакыт келди.
"Республика" партиясынын лидери, аталган партиянын катарын өз мээнети, эмгеги менен зор ийгиликтерге жетишкен адамдар түзөөрүн баса белгиледи:
- Биз, өз күчү менен, өз эмгеги менен ушул даражага жеткендер биригип туруп, "Республика" партиясынын катарында чыгып атабыз. Биздин арабызда жеке өзүлөрү 100 000 ден ашык жумуш орундарын түзүп бере алган инсандар бар. Биз жылуу кабинеттерде олтуруп, өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап тура албайбыз. Өзгөрүү үчүн мезгил келип жетти. Сиздер да добушуңарды алдатпаңыздар . Мен ишенем: кыргыз эли эч качан жерин саткандарга, калп айткандарга ишенбейт. Алар ким мамлекеттин акчасына кол салып, 100 миң долларлык машине минип, 3 кабат үйдү салгандарын жакшы билет. Мына азыр деле ошол жерин саткандар, элинин акчасын уурдагандар ар кай партияга кирип алышып, алдыңкы тизмеде жазылып алып "аппак" болуп жүрүшөт.
"Кыргызстандыктар арзан электр энергиясы менен камсыз болушат!"
Ошондой эле, Өмүрбек Токтогулович бүгүнкү күндө коррупциянын айынан алга жылбай жатканыбызды айтып, ошонун айынан өзүбүздүн колубузда турган электр энергияны өзүбүз сатып алып, жашап жатканыбызга кейиди. Бүгүнкү күндө парокорлук Кыргызстандын экономикасынын таш-талканын чыгарды. Мисалы, суу - Кыргызстандын негизги байлыгы болуп эсептелет. "Биз жаңы гидроэлектростанцияларды курушубуз керек. Электр энергетикасындагы жоготууларды 3 эсеге кыскартуу жолу аркылуу калкыбызды өз баасындагы электр энергиясы менен камсыз кылабыз!",- деп айтканымды, айрым атаандаштарым "Республиканын" бул убадалары негизсиз" деп айтып жатканын уктум. Мындай сөздөр уурдап, жеп көнүп калгандардын оозунан гана чыгат. Энергетика министри айтып жатат, "электр энергиясынын өздүк баасы 1 сом 42 тыйын" - деп. Эгерде андай болсо, биз ГЭСтерди жабышыбыз керек. Ошол айтылып жаткан баага 3 миллиард кВт деп эсептелген жоготуулар да кирет. Бул каражаттар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Эмне үчүн Түркмөнстандын калкы акысыз газ менен, ал эми араб өлкөлөрүнүн жашоочулары арзан мунай менен камсыз боло алышат дагы, а биз эмнеге элибизге арзан электр энергиясын бере албайбыз? Ал үчүн ашкан акылдын кереги жок. Экономикалык так отчет, коррупциянын оозун бууш керек. Аны биз гана жасай алабыз. Кыргызстандыктар арзан баадагы электр энергиясы менен камсыз болот.
Урматтуу жердештерим! Биз бириккенде гана жөнөкөй адамдар жана чиновниктер деп бөлүнгөн азыркы кош стандарттуулук системасын жоё алабыз. Анткени, "Республика" партиясынын башка саясый партиялардан айырмасы так, бардыгына түшүнүктүү программасы бар. Башка партиялардан айырмаланган дагы бир маанилүү жагыбыз - бул биздин "түндүк-түштүк" проблемасын түп тамыры менен жоюуга умтулганыбыз жана катарыбызга бардык аймактардын чыгаан инсандарын чогулта алганыбыз. Эгерде элибиз бизге ишенич артса, айыл чарба кредиттерин 7 пайыздан ашпаган үстөк менен берүү, жаш үй-бүлөлөрдү 9 пайыздык ипотека менен камсыздоо, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча так эсептелген пландар бар. Талаш-тартыштар парламентте жүрүшү керек. Соттор көз каранды эмес болушу зарыл. Ал эми өкмөт күчтүү болуп, экономиканын үстүндө иштеши керек. Биз аймактарга көңүл бурушубуз зарыл, себеби аларсыз өлкөнүн өнүгүүсү болбойт. Бишкек Борбор Азиянын финансылык, бизнес-борбору болушу керек, Ош аймактагы маданий, рухий өнүгүүнүн ордосу жана Ысык-Көлүбүз дүйнөлүк туризмдин мекени болуусу зарыл. Ал эми тышкы саясаттагы приоритеттер тууралуу да айтсам: "Биз стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясы менен бекем достук мамиле түзөбүз. Канчага чейин биз Россияны алдайбыз. Коңшу мамлекеттер менен достук мамиле түзгөндө гана биздин экономикабыз өнүгүп-өсөт. Биз республикабыздын эгемендүүлүгүн сактайбыз. Ошондой эле кыргыз жерлеринин башка мамлекеттерге өтүп кетишине жол бербейбиз!

Жолугушууга келгендердин алдында кайрылуу сөздөрү менен партиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Алтынай Өмүрбекова, Канатбек Исаев чыгып сүйлөштү. Жаштардын атынан бишкектик студент Мирболсун Тынысовдорго сөз берилди.

Алтынай Өмүрбекова:
Биздин катардагылардын орточо курагы 39 жаш"
- Эмне үчүн биз "Республика" партиясынын катарындабыз? Биринчиден, партиянын күчтүү жана так экономикалык программасы бар. Биздин так планыбыз, эсептелип, такталган иш-максаттарыбыз, эң негизгиси, абийирибиз, Мекенибизге болгон сүйүүбүз, анын алдындагы парзыбызды жана жоопкерчилигибизди билген сезимдерибиз бар. Биз ишенебиз, биргелешип биз жаңы, өнүккөн жана билимдүү Кыргызстанды кура алабыз. Өзүбүз да, балдарыбыз да сыймыктана турган өлкө курабыз! Кыргызстан бүгүнкү күндө жаңыланууга муктаж, аны жаңы адамдар, жаңы идеялар аркылуу ишке ашырабыз. "Республиканын" катарындагылардын орточо курагы 39 жаш. Алардын ар бири өз ишинде зор ийгиликтерге жетише алышкан. Алар Кыргызстанды да өсүп-өнүгүүгө алып келет.


Ал эми элибиздин ардактуу аксакалы, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган профессор, белгилүү нейрохирург, академик Миталип Мамытов "Республика" партиясына ак батасын берип, ийгилик каалады:
Миталип Мамытов, академик, профессор:
"Мен бул партияга ишенем"
- Биздин өлкөдө бийликтин партиялары башкарууга келишкен, бирок, эч бир жакшылык алып келе алышпады. Мен бул партияга ишенем! 2010-жылдын 10-октябрында ар бирибиз жүрөгүбүз менен тандоо жасайбыз деп ишенем! Алдыдагы шайлоодо "Республика" партиясы биринчи орунга жетишин каалайм!


Канатбек Исаев:
"Республика" - латын тилинен которгондо "жалпыбыздын ишибиз" деген маанини берет"
- Биздин алдыбызда чоң жана маанилүү сыноо турат! Биз өз тандообузду жасап, өлкөбүздүн келечегин аныктап алышыбыз керек! "Республика" - элдин ынтымагы жана биримдиги үчүн! Биздин мамлекет экономикалык жактан бекем жана өнүккөн болушу керек! Ар бирибиз "Мен кыргызстандыкмын!" деп сыймыктануу менен айта алгандай болушубуз керек. Республика" - латын тилинен которгондо "жалпыбыздын ишибиз" деген маанини берет, ошондуктан, ар бирибиз өлкөнүн жыргалчылыгын ойлошубуз керек. Башка партиялардан айырмаланып, биз куру убада бербейбиз. Көп саясатчылар мыйзамдуулукка чакырып, мыйзам бузушкан, жерди сатпайбыз деп туруп, Үзөңгү-Кууш жана Каркыранын башка мамлекеттерге өтүп кетишине добушун беришкен. Урматтуу мекендештер, алдыда боло турган шайлоодо өз добуштарыңарды сатпагыла! Бугүнкү күндө биздин добушубуздун эмес, Кыргызстаныбыздын тагдыры чечилип жатат! Туура тандоо жасап, добушуңарды татыктууларга бергиле!


Мирболсун Тынысов:
"Эл ишеничин актаган адамдарды көргүм келет!"
- Бүгүн бул жерге бир көз караштагы, бир максаттагы адамдар чогулдук. Апрель жана июнь окуялары элибиздин биримдигин көрсөтө алды. Бирге болсок, бизди эч ким жеңе албайт! Партиянын катарында айрыкча жаш кыргызстандыктар. Биз өлкөнү гүлдөтүп - өстүрүүгө күчүбүз жетет. Жер-жерлерде адамдар эски саясатчылардан тажашты, өлкөбүзгө, кыргызстандыктарга жаңы күч, жаңы ойлор жана туура чечимдер керек! Биздин партия Кыргызстандын кызыкчылыгы жана кыргызстандыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөшөт! Кыргызстан жана биздин жарандар оор кырдаалда турушат, бизге тынчтык жана туруктуулук керек. "Республика" партиясы башкалардан айырмаланып, биринчи кезекте экономикалык көйгөйлөрдү чечет, себеби өзүнүн экономикалык программасы бар.


Майрамдык, салтанаттуу маанайда жана патриоттук духта өткөн бул иш-чара лидерлердин сөздөрү жана Мирбек Атабеков, Ома, Омар, Ильяз Абдразаков, Бактыгүл Бадыева сыяктуу кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын ырлары менен коштолуп турду. Ал эми атактуу "Кыргыз жери" ырын тартуулап, "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабановго колдоо көрсөтүп, ал атасы, белгилүү инсан Токтогул Бабановдун татыктуу уулу болгондугун айткан Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Саламат Садыкованы жолугушууга келгендер өзгөчө жылуу кабыл алышты.
"Республикачылардын" бул жолугушуусуна себелеген жамгыр да тоскоол боло алган жок. Иш-чара бою партиянын лидерлери сахнадан кетпестен, колдоруна "Республиканын" туусун жана Кыргызстандын мамлекеттик туусун жогору желбиретип кармап турушту. Жолугушууга келген эл сахнага жакын өтүп келип, лидерлерди курчап турушту.
Иш-чара бир топко созулган кооз фейерверк менен жыйынтыкталды.
Эльмира МАДИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0922_8_9.htm on line 57