Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Марс Сариев, саясый серепчи:
"Улуу дөөлөттөр үчүн Кыргызстан жөн эле оюнчук"
- Россия 4 аскерий базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4.5 млн. доллар төлөйт экен. 1993-жылдан бери өзгөртүлө элек келишимди кайрадан карап, ижара акысын 3-4 эсеге көтөрсөк, Россия менен мамилебизди бузбайбызбы?
- Россиянын Кыргызстандагы обьектилеринин баарын аскердик база деп айтуу туура эмес. Аскердик базасы Кантта, калгандары аскердик обьектилер. Азыр Кыргызстан "ошол обьектилердин баасын кайра карашы керек" деп маселе көтөрүп атышынын себеби, менимче АКШнын аскердик базасы "Гансинин" мөөнөтү былтыр июлда бир жылга узартылгандыгынан чыгып атса керек. Бийлик бул сырды жарыялабай жашырып келсе да, шайлоонун алдында ачылып кетти. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Парламентте, өкмөттө бул маселе каралбаса, автоматтык түрдө узартылып кете берет. Россиянын буга реакциясынан азыркы бийлик чочулоодо. Россия ушундай жагдайдан пайдаланып, "булар жашырып келишкен" деп чуу кылымыш этип, ушундай жол менен кысым жасап, өзүнүн обьектилерин көтөрөлү деп атат. Россияны колдогон жергиликтүү гезиттер "60 млн.доллар каякка кетти?" деп, ар кайсы ушакты айтып, антипиар көтөрүүдө. Россияда 1 миллинго жакын гастербайтер бар, бардык мамилелер боюнча Россияга көз карандыбыз. Маалыматтык чалгындоодон революция чыккандай эле, бир заматта экономикалык блокадага алып коюшу мүмкүн. Ошондон чочулап кыргыз бийлиги:"Ош полигону боюнча Бакиевдин убагындагы маселени жана башка аскердик базаларды карайлы" деген демилге менен чыгып, жакында эле Кыргызстандын коргоо министри Россияга барып: "Кыргызстан Россияга эле стратегиялык өнөктөш, Россиянын Кыргызстандагы базаларын карайлы",- деп келди.
Ижара акыны көтөрө албайбыз.Себеби, Кыргызстан Россияга экономикалык көз каранды, ОДКБга мүчө, биздин аскерлерди ал жакта даярдап атат. Баасын көтөрүүнү Кыргызстан кааласа да эч натыйжа чыкпайт.
- Акыны акчалай эмес, аскерий техникасы менен төлөө сунушун коргоо министри А. Кудайбердиев киргизүүдө. Ушундай жол менен аскер күчүбүздү чыңдап алалабызбы?
- Биз өнөктөш болсок, Россиянын бийлиги бизге чоң жардам берет. Бирок, алардын деле эсептеше турган парламенти, эли бар. Ал эми курал менен ижара акысын төлөй турган болсо, жаңы заманбап, модернизацияланган кымбат техникаларын деле бербейт го деп ойлойм. Ошентсе да, азыр мурдагыдай автомат, БТР өңдүү куралдарга зар болуп атабыз. Анткени, бүгүнкү күнү абал абдан кооптуу болуп турганда, ижара акысын аскердик жабдуу менен алсак жакшы эле болмок. Бирок, бизге курал берүүдө Россия Өзбекстандан чочулап атат. Жакында эле Казакстанда өткөн ШОСтун аскердик окуусуна Өзбекстан катышпай, байкоочу болуп эле турду. Ушул жерден эле Өзбекстандын позициясы билинип калып атат.
- Россия түштүккө биргелешкен аскерий машыгуу борборун курууну сунуш кылды. Буга сиздин пикир? АКШ эмне дээр экен?
- Американын полигону тууралуу сөз жүрбөй калды. Аны курабыз деп Баткенге акча бөлүнүп калгандан кийин дароо апрель төңкөрүшү башталып, токтоп калды. Россия АКШны Ферганага киргизбейт. Кыргызстандын жоокерлерин даярдайбыз дешкени менен ал жакта инструкторлор, техника америкалык болот. Ал полигонду базага айлантыш оңой, б.а. НАТОнун Фергана өрөөнүнө өтүшүнө шарт түзүшү ыктымал. Иран менен согуш баштоо ыктыяры турат, пайдаланып кетиши мүмкүн. Америка Кыргызстандын түштүгүн кармаса, Индия, Пакистанды да кармайт. Россиянын полигонуна Кыргызстан макул болот. Андан Өзбекстан да сестенип турат. Ошон үчүн Кыргызстан Россиянын базасынын түштүктө болуусун калайт, Өзбекстан каалабайт. Бирок, бул жерде чечүүчү сөз Кыргызстанда эмес, маселенин чечилиши Медведев менен Каримовдун сүйлөшүүсүнө байланыштуу. Медведев ушул шартта "Кыргызстандын түштүгүнө база ачам" деп Каримовду да коркутуп атат, Каримов болсо батыш менен байланышып, бир айла издеп атыр.
- Демек, Россиянын Кыргызстандын түштүгүндөгү полигону кыйыр мааниде алганда, Өзбекстан менен алакасы экен да?
- Туура. Булардын дагы бир аракети, Ошто Өзбекстан, Тажикстан, Афганистанды байланыштырган чоң наркотрафиктин уюгу бар. Ал наркотрассага боевиктерден баштап, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан бийлик өкүлдөрүнө чейин чоң-чоң топтор аралашкан. Ал жерде миллиардаган акчалар ойнойт. Россия ошону көзөмөлдөгүсү келип атат, ага баары каршы. Бакиевдин Россиянын базасына каршы турганынын себеби да ушунда болчу.




Шайлоого барчу партиялардын үгүт иштерине ишенесизби?
Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл артисти:
- Ишенбейм, себеби канааттандырбайт. Кыргызстанды кризистик абалдан чыгаруу тууралуу конкреттүү программа бир да партиянын платформасында көрсөтүлгөн эмес. Экономикабыздын абалы бул болуп турса, жумушсуздукту кыскартабыз, айлыкты 30 миңге көтөрөбүз дешкени кандай? Кантип деген маселени коюшпайбы? Кудайды карап жазышса боло.

Өмүрбек Суваналиев, генерал, "Соодружество"партиясынын лидерлеринин бири:
- Шайлоого карата ар бир партия алына жараша үгүт иштерин жүргүзүп атат. Акчасын берип, жылкысын союп, концерт берип, канчалык чачылса да, ар бир партиянын өзүнө тийиштүү электораты бар, ошолор эле добуш берет. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет, 29 партиянын кимисинин деңгээли канчалык экенине эл тараза. Партиялардын өткөргөн үгүт концерттерине 10-20 миңден киши келди деп атышпайбы, анын баары ошол партиянын шайлоочулары эмес. Бири программасы менен таанышканы, кээси сынаганы, кээси колдогону келет.

Данияр Нарынбаев,
Конституциялык кеңешменин мүчөсү :
- Айрымдарына ишенсе болот. Алгач окуп көрүп, ой жүгүртүп, бүгүнкү биздин шарт менен салыштырып, анализдеп көрүш керек. Кээ бир партиялар "асмандагы айды алып берем" деп куру сөздү да айтышууда.

Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо агенттигинин директору:
- Ишенем, убада берип аткандан кийин жөн убада беришпесе керек. Эми, ишенбейм деп айтып койсоң, кээ бирөө таарынат.




Үч башкага
үч бирдей собол
1. Кадыр Маликовдун "азыр партияларда "Хизб-ут тахрир" уюмунан да мүчөлөр жүрөт" деген билдирүүсүнө кандай пикириңиз бар?
2. А.Бекназаровдун кадр саясаты боюнча Р.Отунбаевага каяша кылганы кызматтык этикага жатабы?
3. Кайсы акындын ырларын сүйүп окуйсуз?


Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
1. Саясый партияларда "Хизбутчулар" гана эмес, башка уюмдардан, криминалдар, Акаев, Бакиевдин өкүлдөрүнөн да бар. Анын ким экендигине карабай эле, акчасына кызыгып, партияларга каттап атышат. Кечээ издөөдө жүргөн Н. Түлеев "Ата-Журт" партиясына кирип албадыбы, "депутаттыкка талапкерлер кол тийбестикке ээ" деген мыйзамдын чегинде, бийлик эч нерсе кыла албай калды.
2. Кызматтык этикага жатпайт. Президентке каяша кылганы - бул А. Бекназаровдун одоно ээнбаштыгы. Ал аткаруу бийлигинде жүргөндөн кийин буйрукту угушу керек. Каршыбы, арызын жазып, кызматтан кетсин да, каалашынча сындай берсин.
3. Акыркы 20 жылдагы элдин тагдырын ырларында чагылдырып келген Шайлообек Дүйшеевдин ырларын жактырып окуйм. Абдан курч, жакшы ырларды жазат.


Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:
1. Бул тууралуу мен референдумга чейин эле айтып чыккам. "Хиз б-ут тахрир" уюмунан сак бололу, аларды партияга кирбе деп айтканга эч кимдин укугу жок" деп Ө.Текебаев менен "Ыңгайсыз суроолорго" чыкканда да эскерткем. "Хизбутчулардын" партияга кирип кетиши толук мүмкүн.
2. Бир дагы этикага жатпайт. Убактылуу Өкмөт шайлоонун алдында баардыгы отставкага кетсе дагы, А.Бекназаровдун бийликте калып, "Сот системасын өзүм тейлейм" дешин, бийликти басып алууга жасаган аракети деп эсептейм.
3. Алыкул Осмоновдун ырларын жактырам. Бул акынды кыргыздын Пушкини деп айтсам жаңылбайм.



Шайлообек Дүйшеев, кыргыз эл акыны:
1. Кадыр Маликов адис да, анын айтканында чындык бар деп ишенем. Бул жагын жакшы билип туруп, коомчулукка жарыяласа керек. "Хизб-ут тахрир" уюмунун иштерине тиешеси бар" деп отузга жакын адам камалып кетип, кайра чыгарышпадыбы. Ошол камалып чыккандардын арасындагы кыргыз жигиттин: "Биз баары бир "Ислам халифатын" курабыз" дегенин ММКлар аркылуу угуп калдым. Булар ушул максатта партияларга кошулушу толук мүмкүн.
2. А. Бекназаровдун президентке каяша кылышын туура эмес кабыл алдым. Р.Отунбаеванын жүргүзгөн кадрдык саясатына элдин көпчүлүгү ыраазы эле болуп атышат. Бийликтегилер бир команда болуп, анын үстүнө элдин президенти болгондон кийин Отунбаеванын жүргүзгөн ишин сыйлашы керек эле.
3. Бардык эле акындардын ырларын жактырып окуйм.
Бетти даярдаган
Нурайым РЫСМАМБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"




Яндекс.Метрика