Аброюң кандай,
атлет кыз?
"
ESPN" журналы спортчу кыздардын арасында, алардын спорттогу жетишкендиктерин, мүмкүнчүлүктөрүн, сырткы келбеттерин эске алып, "эң сексуалдуу спортчу айымдардын" рейтингин чыгарышты. Ушул рейтингге жараша сегиз тепкичтен турган спортчу айымдардын тизмесин жарыялайбыз.


Элисон Стокк, бийиктикке секирүүчү
Дүйнөнүн эң сексуалдуу спортчусу рейтингинин туу чокусун - чуркап келип бийиктикке секирүү боюнча Калифорниянын эки жолку чемпиону, АКШнын рекордчусу Элисон Стокк ээлейт. Элисон популярдуулукка сырткы келбети эмес, спорттогу жараткан ийгилиги аркылуу жеткиси келет. Элисон Стокк - жөн гана дүйнөнүн сексуалдуу атлетчиси болуудан тышкары, перспективдүү спортчу жана бардык жагынан таланттуу айым.

Каролина Возняцки, теннисчи
4-орун-теги поляк, Дат теннисчиси, профессионал спортчулардын үй -бүлөсүндө төрөлгөн-Каролина Возняцкиге тийди. Энеси, Анна Возняцки өз убагында волейбол боюнча Польшанын курама командасында чыкчу, атасы, Петр Возняцки Даниянын жана Германиянын футбол клубдарында ойночу. Эки жашка чыкканда Каролина сууда сүзгөндү үйрөнсө, кийинчерээк футбол, теннис ойной баштаган. Учурда бул бийкеч дүйнөнүн төртүнчү ракеткасы, спорттогу бийик талантка эле эмес, сейрек кездешкен сулуулуктун ээси.


Гретхен Блейлер, сноубордчу
Ал эми Туринде өткөн олимпиадада күмүш байгенин ээси, Х-Gamesтин чемпиону, сноуборддун тарыхында айымдардын арасындагы эң бир ийгиликтүү жана тажрыйбалуу сноуборд өкүлү - америкалык сноубордчу Гретхен Блейлер 7- орундан жай алды. Гретхен 11 жашынан баштап бул спорттун түрү менен машыгып келет. Сноуборддон башка серфинг, тоо велосипеди менен машыгып, үстүңкү кийимдерди моделдөөгө кызыгат. Андан тышкары, спортчу айым "FHM", "MAXIM" жана "JANE" журналдарына да тартылган.


Линдси Вон тоо лыжачысы
2-орунда дүйнөнүн эки жолку кубогунун ээси жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык тоолыжачы Линдси Вонн. Линдсинин лыжа тебүүгө болгон кичинесинен берки сүйүүсү, кызыгуусу - аны жайкалган Миннесотыдан лыжа тебүүгө ыңгайлуу Вейлге көчүп келүүгө мажбурлаган. Ал дүйнө кубогуна алгач 2000-жылы 18-ноябрда 16 жашында чыккан. Учурда Линдси, Парк Ситиде жашап, Австрияда машыгат жана немецче эң сонун сүйлөйт


Жесика Гисин, волейболчу
3- орундагы коло - профессионал волейболчулардын кызы, Түштүк Калифорния университетинин студенти, волейболчу Жесика Гисинге таандык. Канчалык бийиктикте турса да, Жесика спорттогу ийгилигине олуттуу мамиле кылат.


Даника Сью Патрик, автоайдоочу
Эксперттердин ою боюнча 6-орунда висконсиналык, IndyCar сериясы боюнча учкуч, 25 жаштагы Даника Сью Патрик турат. Профессионалдуу автоайдоочу(автогонщица), сулуу бийкеч, сүйүктүү жар, ашкан ашпозчу Даника- IndyCar жарышы боюнча уткан биринчи аял жана Ширли Малдоуниден кийинки Американын автоспортундагы экинчи аял болуп кала берди. Акыркы кездерде Даника да теледен түшпөй келет.


Танит Жесика, көркөм муз тебүүчү
5-орунду американка жана канадка, муз үстүндөгү бийде Бенжамин Агосто менен түгөй болуп бийлеген Танит Жесика Луиза Белбин ээлейт. Канада жана АКШнын жарандыгына ээ болгон спортчу айым эл аралык аренага АКШнын атынан чыгып келет. Жетишкендиктери: Олимпиада оюндардан күмүш (2006), дүйнөлүк чемпионаттан күмүш (2005) жана коло медалга ээ болуу менен (2006, 2007), жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү (2002) болгон.


Елена Веснина, теннисчи
Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери, (2007-2008) Россия курама командасынын курамындагы Федерация Кубогунун эки жолку жеңүүчүсү, Мария Шараповадан кийинки эле теннис менен эрте жашынан машыгып жана бул спорттун түрү боюнча 2002 -жылы профессионалдардын катарына кирген, россиялык теннисчи Елена Веснина -мыкты теннисчи жана жөн гана сулуу бийкеч катары эң сексуалдуу спортчудардын рейтингинин 8-орунунда.

Бокс
Тең теңи менен...
Өткөн жума этегинде экс-чемпион Шейн Мозли (46-6-1, 39 нокаут) менен мен-мен деген мушкерлердин бири Сержио Мора (22-1-2, 6 нокаут) Лос-Анжелесте кез келишти. Бул мушташ кандыбулоон мүнөздө өттү дегенге ооз барбайт. Беттешүүнүн ортосунан ооп калган мезгилден баштап С. Морага буйтап качуу коргонуусуна өткөнгө байланыштуу, 39 жаштагы Шейн артынан кууп жетем деп "шеясы" катуу тердеди. Мыйтыкей Сержи алдап согуу тактикасы менен Мозлинин "чучугун" соруп салды көрүнөт, акыры бул мушташ калыстар тарабынан тең-тең деген баага эптеп татыды: 115-113 деп Морага бир калыс ырастаса, бир калысы 116-112 деп Мозлиге жеңишти ыйгарды, ал эми үчүнчүсү 114-114 эсеби менен упайды экөөнө бирдей чыгарды.


Оор атлетика
Каныбек кайда бул күндө?!
Түркияда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Антальядагы бул турнирге Үсөн Майназаровдун жетекчилиги менен төрт атлетибиз жөнөп кеткен. Алардын бири Бекзат Осмоналиев (56 кг) 12-орунга татыктуу оордук көтөрдү. Жулкуп көтөрүүдө 115 кг., түртүп көтөрүүдө 141 кг., суммасы 256 кг. болду. Бул көрсөткүч алтын медаль алган чемпиондон 36 кг. аздык кылды.

Футбол
Жөжөнү жазда санайбыз
Клубдар арасындагы турнирлердин туу чокусу эсептелген чемпиондор лигасы түз жолго чыкты.
Эмесе биринчи турдун жыйынтыгы: