Текебаевдин аялына тил тийди
Экс-спикер Мукар Чолпонбаев өткөн жумада өтө чоң жаңылык ачып, "Эл сөзү" гезитине Кыргызстан Конституциясын Өмүрбек Текебаев түн ичинде аялы экөө жазган деп чыкты. Убактысында уктасаңарчы, денсоолукка зыян деп эчким айтпаптыр. Дегинкиси, шайлоо алдында "Атамекен" партиясына асылбаган адамдар сейрек. Кыязы, бийлик алардын колуна өтүп кетеби деп кооптонгондор көп сыяктанат. Эми Өмүрбек Чиркешовичтин "душмандары" Текебаев мейманканада ойноп, анысын "үч тамгасыбы", башкасыбы, видеого тартып алып, гезит, телевизорго жайнап чыккан ойнош аялын өлтүрүп кетиптир деген өтүрүк сөз таратып атышат. Атаандаштар менен минтип ыплас атсалышкан болбойт го?


Муралиев "мурдунан алысты" көрөт
Эки баштуу кыргыз өкмөтү парламент шайланса, өзүнөн өзү жок болору турулуу. Техникалык өкмөттүн биринчи премьер-министри Амангелди Муралиев "карт карышкыр" эмеспи, анын жытын небак сезип, президенттин администрация башчысы, жаш өнөктөшү Эмилбек Каптагаевден кайсы бир облуска губернатор кылдырып кой деп, суранып аткан имиш. Дагы бир божомол: эгер биз шайлоодо жеңсек, сизди премьер-министрликке сунуш кылабыз деп бир партиянын лидер жердеши катуу убада берген дешет.


"Үч тамганын" үрөйү уча баштады
Эмнеден дээрсиз? Эмики партия жетекчилеринин эбегейсиз чоң амбициясынан. Шайлоо учурунда жана анын эртеси муш көтөрүп эмес, курал көтөрүп согушуп кетеби деген коркунуч бар. Аны Кыргызстан коопсуздук комитетинин секретары Марат Иманкулов да "ИА Regnum Новести" агенттиги кабарчысына каңкуулады. Элдик дружиналар баш кошуп, атайын бирикме түздү, коогалаң болуп кетсе, алар бардыгын коргоого даяр деди ал.


Бекназаров кайда безип кетти?
Айтылуу "изкубар" Азимбек Бекназаровду өткөн жумадан бери ит менен издетип таппай атышат. Президент күч органдары жетекчилерин алмаштырып, колун кыскартканына кыжыры келип, Өзбекстандан жардам сурап кетти деп бирөөлөрү ушак таратса, бирөөлөрү жок, Отунбаеванын БУУда сүйлөр сөзүнө жардам бергени кетиптир дешет.


Рыкунова Качиеванын карааныбы?
Роза Качиева деген журналист боло турган. Феликс Кулов менен жакын сыяктанган. Чынбы, жалган жалаабы, айтор аферисттик аракеттер менен айыпталып камалган. Бирок кандайдыр бир жол менен сотко жетпей бошотулуп, ошол бойдон "дайынсыз жоголгон". Ушу тапта "БЭК" партиясынын атынан шайлоого катышып жаткан Раушан Рыкунова дал ошол Роза Качиева дешет. Казакстанга барып, аты-жөнү өзгөртүлгөн паспорт алган имиш. Ошондой эле болгой! Анын чын-төгүнүн "БЭКтин" "атасы" Азимбек Бекназаров билбесе, билгендер аз.


Бакыт Бешимов Садыркуловдун өмүрүн улап атат?
Белгилүү экс-депутат-диссидент Бакыт Бешимов эмне үчүн Американы аша качканы эмдигиче табышмак. Абалы Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабын башкарып, акчасын жеп алып качыптыр деген аңыз кеп тараган. Аны үйүн сатууга алдынала кулактандыруу жарыялап, үйбүлөсүн көчүрүп, анан өзү артынан кеткени менен түшүндүргөн. Өзү болсо, АКШдан качып кетпесем, мени Садыркуловдун өлүмү күтүп турганын "үч тамганын" ишеничтүү эле кишилери айтты маанисинде армандуу интервью берген. Бирок бийлик алмашса деле АКШда чардап жашап атканын кандай түшүнөбүз? Садыркуловдун ордуна АКШдабы?


"СССРди талкаладыңар эле, эми анын атындагы партия калдыбы?"
Экс-депутат, экс-министр, экс-түрмөчү Ишенбай Кадырбеков түзгөн "Союз ССР" партиясынын күркүлдөрүнүн бири Василий Воробьевду шайлоочулар менен жолугуу учурунда сабап кетишти. Ишенбай мырза "Ал шайлоо атаандаштыгына байланыштуу, СССРди талкаладыңар эле, эми анын наамындагы партиянын көзүн тазалагыңар барбы!" деп жер муштап жатат дешет.

"Чистка кадров" чийинден чыкты
Кубатбек Байболов Генпрокурор болгону прокуратуранын бардык тармагын шыпыргысы жок эле тазалап атат деп, нааразы болгондор көп. Айрыкча Азимбек Бекназаровдун "армиясын" аябайт имиш. Анткени, Азикең "Байболов прокуратурада бир күн иштеген эмес, Генпрокурорлук кызматка мыйзам боюнча ошол тармакта 15 жылдан кем эмес эмгек кылгандар дайындалышы керек эле" деген билдирүү жарыялап, жаман жаңылыптыр.

"Лозунг-пресс"