Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 2
Ай, америкалык!
"Трибуна" эмнеге тилин тартпайт, ыя?
"Атамекен" партиясынын алдыңкы саптарында турган анык мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов КТРдин таңкы "Замана" телеберүүсү аркылуу "Лозунг" гезитин айда "ашатты". Көрсө, "Лозунг" кайсы бир санында (18.08.10) анын партиясынын "ажарын" ачам деп атып, анча-мынча ачуурак сын айтып ийиптир. Калайыкка кас - душман менен Америкада жатып жан аябай күрөшкөн "эр жүрөк баатырга" ал аябай катуу тийиптир. Угушубузга караганда, "бул кимдин гезити?" деп муштум кезеп жиберсе да керек. Сабыр кылып, редакциянын дайын-дарегин карасаңыз, "гезит ээси: Кулмендеева Ж.А." деп жазылып турат.
Кеп албетте, анда эмес. Андан он күндөн кийин "Трибуна" гезитине (28.08.10) Өмүрбек Абдрахманов менен "Атамекен" партиясы, анын анабашы Өмүрбек Текебаевди өкүртө сындап, "абактагы" айыбын айдап чыккан юрист Нурлан Токталиевдин интервьюсу жарыяланган. "Членов ВП будут судить за все, что они натворили" деп аталат. Негедир ал тууралуу айткысы келбейт.
Эгер окубай калса, аларга тиешелүү айрым эжерлерин кыскартып которуп берели (тили, дили англистешип кетип жүрбөсүн деп саксынганбыз). Ошентип...
"Айрым чиновниктер кулаган бийлик мүчөлөрүнө бизнесин сатып жиберип, төңкөрүш болор замат жаңы бийликтин мундирине көзжаш төктү; менин бизнесимди тартып алды, талап кетти ж.б. деп. Мамлекет рейдерчилигинин эсебинен фирмасын кайтарып алып, сатылган бизнесинен түшкөн акча ошол аферисттин чөнтөгүндө калды" дейт юрист.
"Тактап айтыңызчы, кимди айтып жатасыз?" деген кабарчынын суроосуна; "Аны алыстан издеп кереги не? Абдырахманов Өмүрбекти. Анын аялы бюджетке салыктан 2 млн сомго жакын карыз болгон. Өмүрбектин өзүнө эч ким тийишкен эмес. Адвокат да жалдабаган, анткени утуларын беш колдой билчү" деп ирмелбей жооп берет юрист.
Анан "Неман" дары-дармек фирмасынын кожоюну, Осмон Артыкбаевди атайт. Ал дагы бизнесин арзан эмес баада сатып, эми бекер кайрып алыптыр.
"Азыр Түштүктү колдон чыгардык деп аңкоолор менен жалкоолордон башкасы бүт айтууда. Атүгүл Текебаевдин тегерегиндегилерде да босстун "боздотуп" кеткени тууралуу каңкуу катуу. Түштүктүктөр Текебаев Кодыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Алишер Сабировду түштүк облустарынын губернатору кылам деп олчойгон пара алды деп айыпташат. Түштүктө Теке деп коюшкан партия лидерин өзбек тилине расмий статус алып берем, Ошту, Баткен, Сузак райондорун автономия кылам деген убадасы үчүн да жек көрүшөт. Текебаев Кыргызстандын жарымын өзбектерге сатып, ошон үчүн кан төгүлүп, суудай акты дегенди укпаган жан кыргыз элинде жоктур, - деп сөз улайт Н.Токталиев. - Жалал-Абад менен Ош облусунда миңдеген жарандарыбыздын ок жеп өлгөнүнө, албетте Текебаев эле эмес, утурумдук өкмөт мүчөлөрүнүн баары күнөөлүү".
"Бул эми эл оозунда элек жок" деген кеп да... Сиз утурумдук өкмөт мүчөлөрүн укмуштуудай кылмыш менен күнөөлөп атасыз" деген кабарчынын кайырына, юрист: "... кыйыр түрдө болсо дагы анын чындыгын Кодыржан Батыров өзү бекемдеген... Сиз билесизби ал (Текебаев - ред.) үйүнүн тегерегин бийиктиги үч метр, калыңдыгы эки кирпичтен турган коргон менен тосуп атат. Ага-туугандарынын үйүн автомат менен кайтарышат. Жыйырма жылдан бери президенттердин үйү да мындай кайтарылган эмес" - деп жооп берген. Ушул жерден узун сөздү кыскарта туралы.
Иса
Кыдыралиев




Бүксүп кеткен го?
"Темир" генералдын "желим" сырлары
Биз сот болбогон соң, кимдин ким экенин, анын жасаган кадамдарынан, билдирүүлөрүнөн жана өзгөлөрдүн берген баасынан билебиз. Биз "темир" аталаган генерал туурасында сөз кылуудан мурда анын өткөндөгү кыңыр иштерине, шектүү байланыштарына токтолуп кеткенибиз оң. Айрым маалыматтар боюнча Ф.Кулов СССР учурунда КГБ генералы В.Н. Ушаковдун Кыргызстандагы жашыруун тыңчысы деп жүрүшөт. "Гончаров" деген жашыруун ат менен иштечү экен. Өздүк делосунун номери-"РД87-32". Генерал Ушаков андан кийин Россия ФСБсында иштегени маалым. Демек, Кулов Ушаков менен сөзсүз байланышта болгон. Эгер эсиңиздерде болсо, Куловдун Бакиев менен тандеми бузулуп, премьер-министрлик орундан кеткенден кийин түз эле Москвага сапар тартат. Бир айдан кийин Феликс мырза Кыргызстанга келип, көз тайгылткан кымбат баалуу 3-4 "Джип" машинасынын коштоосунда жүрөт. Анысы аз келгенсип, 2007-жылдагы апрель митингинде акчаны самандай чачып, "Бакиев бир жумада бийликтен кетет" деп жарыялайт. Айрым серепчилер "ошол митингде Ф.Кулов кеминде 30 миллион сом чачты" деп айтып чыгышкан. Эң эле өкүнүчтүүсү, мурдагы КГБ, кийинки ФСБнын тапшырмасы менен Кыргызстанда жазыксыз кишилер жабыр тарткан деген каңшаар да тегин жерден эмес. Албетте, бул бир эле Ф.Куловго белгилүүдүр.
Феликс Кулов 1991-92-жылы ИИМ министри, андан кийин вице-президент болуп турганда, чет өлкөлөргө сатылган кыргыз самолетторунун чыры да Куловдун ысымы менен байланышкан. Андан кийин А.Акаевдин жапайы менчиктештирүүсүндө генерал Кулов төрт жыл бою өлкөдөгү эң алдыңкы облус болгон Чүйдү башкарды. Натыйжада эң ири завод-фабрикалар, жүздөгөн колхоз-совхоздор текейден арзан бааланып, таланып, тонолуп жок болду. Облустун экономикалык-социалдык абалы мышык ыйлай турган абалга кептелди. Мында да финансылык махинация жасап, 1,5 миллион долларды мойсоп кеткени боюнча айыпталган. Куловду жакындан билгендер ченемсиз байлыкты ошондо жыйнады деп айтып жүрүшөт. Ал эми 1998-99-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп иштегенде, борбор таштандыга айланып, кароосуз калганына эл күбө.
Коопсуздук кызматын башкарып турганда "Калкан" аттуу терроризмге каршы топ түзөт. Ага укук бузуу менен кызматтан алынган милиция кызматкерлери жана криминалдык чөйрөдөгү адамдар тартылат. "Калкан" бир гана Куловго баш ийген жана чоң кызматтагы адамдардын, бизнесмендердин сүйлөшүүлөрүн тыңшаган. Арадан көп өтпөй биргелешкен кыргыз-орус "Лукойл" компаниясынын жетекчиси Юсуп Көлбаев атылган. Бул окуя да Куловдун ысымы "Калкандын" иши менен байланыштырылып жүрөт.
Темир генерал түрмөдө да жөн жаткан жок. Өзү милициянын генералы, саясый ишмер экенине карабастан, ал зонада жатып мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев менен байланышат. Айрым маалыматтар боюнча Батукаев кайсы бир эжесинин 1974-жылы туулган Фатима аттуу кызын Куловго аял катары алдырып берет. Ф.Куловдун таңгалыштуу жана табышмактуу өмүр баяны кызыктарга өтө эле бай. Баарынан да ал чечен киллери Казбек менен байланышта болгондугу. Казбек менен Феликсти зонада Азиз тааныштырган деп жүрүшөт. Экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрү да бар. Анда Кулов галустук тагынып турат. Сыягы бул окуя 2005-жылдан кийин болгон. 2007-жылы, апрель митингинде бакиевчил гезиттер Куловду "Казбек менен тыгыз байланышта, ал кандай жол менен болсо да жалдап киши өлтүрүүгө барышы мүмкүн" деп жазышкан. Ал эми ошол кездеги окуяларды талдай турган болсок, Кулов премьер кезинде Молдовановкадагы коллонияда башаламандык чыгып, ЖК депутаты Тынычбек Акматбаев зонада батукаевдер тарабынан атылып, жантаслим болот. Ал эми ошол кездеги Коопсуздук кызматын башкарган Таштемир Айтбаев Куловду Азиз Батукаев менен зонада бир сааттай сүйлөшкөнүн жарыя кылган.
Дагы бир сырдуу жагдай, Баяман Эркинбаев жалданма киши колдуу болуп өлгөндө Ф.Кулов: "Баяман менин артымдан ким аңдып өлтүрөм дегенин билем, бирок ал кишинин ким экенин сот алдында гана айтам" - дейт. Чындыгында ал кишинин ким экенин Ф.Кулов сотто атады. Көрсө, ал белгилүү кримавторитет- Рысбек Акматбаев экен. Чындыгында Рысбек Акматбаев Кулов жөнүндө далай компроматтардын башын ачкан. Алардын бири - Кулов ИИМ министри кезинде Азиз Батукаевге "таажы" кийгизүү аземине катышып, ага кызыл түстөгү "Жигули" тапшырганы. Ошондой эле Акматбаев Куловду инисин өлтүрүүгө катышы бар деп айыптайт. Ал эми ошол 2005-жылдан кийинки абалга көз чаптырсак, Кулов менен Бакиев криминал чөйрөсүн экиге бөлүп, алар аркылуу тирешкени байкалат.
Чындыгында Ф.Кулов олуттуу жеңилүүгө учурабады. Түрмөдө жатканы менен анысы Куловго ийгилик гана алып келди. Акыркы кездерде анын таскагы басаңдап келет. Себеби, темир генералдын ким экени элге белгилүү болуп баратат. Апрель митингинде ал элди арасат жолго таштап качып кетти. Муну А.Атамбаев "эчки койлорду эткомбинатына ээрчитип киргизип, качып кетти" маанисинде сыпаттады. Анда миңдеген митингчилерди айтты эле. Ал эми миллиондогон элге айланбаса болду.
Мурза Койчуманов








кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_6.htm on line 42