Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 2
Өмүрбек БАБАНОВ:
"Кыргыздын бир да сантиметр жери кимдир бирөөгө өтпөшү керек!"
Региондор "республикачыларды" жылуу маанайда тосууда
""Республика" саясий партиясы шайлоочулар менен жолугушуу, шайлоо алдындагы программасын эл менен талкуулоо ниетинде алгачкы иш сапарын улуу Манас жердеген, касиеттүү Талас жергесинен башташты. Жолугушуу 2010-жылдын 10- сентябрына белгиленип, "Республиканын" атынан барган башкы лидери Өмүрбек Бабанов жана алдыңкы лидерлери Замирбек Эсенаманов, Роза Акназарова, Актан Арым Кубат ар бир кыргыз үчүн ыйык деп эсептелген, Манастын күмбөзү жайгашкан "Манас Ордо" улуттук комплексине барып, Талас областынын бардык райондорунан келген аксакалдар менен жолугушту.
Алгач Манастын күмбөзүнүн алдында ата-бабалардын арбактарына багыштап жана ошо күнкү Орозо айт майрамына арнап куран окуп, бата тиленди.
Жолугушууда аксакалдардын сүйлөгөн сөздөрүнөн келтирсек:
- "Жаш болсоң да ак эмгегиң, таза мээнетиң менен бизнесте, экономикада жана саясатта зор ийгиликтерге жетише алдың, эл арасында сый-урматка татып келген чыгаан уулдарыбыздын бири, "Россия" колхозун көптөгөн жылдар бою ийгиликтүү жетектеп келген атаң Токтогул Бабанов сыяктуу эл үчүн аракетиңди аябай, анын татыктуу уулу боло алганың бизди кубандырат!"
Жолугушуунун катышуучулары "Республика" саясый партиясын колдой тургандыгын жана анын алдына коюп жаткан ой-максаттары менен тилектеш экендигин билдиришти.
Аталган иш-чара байыртадан бери келаткан салт боюнча каалоо-тилектерди айтып, ак бата берүү менен жыйынтыкталды. Аксакалдар "Республика" партиясына алдыда боло турган парламенттик шайлоодо ийгилик, ал эми жалпы элибизге Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо акыйкат, акылмандык, тазалык каалашты.
Мындан тышкары, "Республика" партиясынын лидерлери Талас областын кыдырууда Өмүрбек Бабановдун жеке каражатына курулган жолдун ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышуусу пландаштырылган.
Эртеси 11-сентябрда да "Республика" саясый партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Талас областына болгон иш сапары уланды.
Шаардык ипподромдо өткөн "Республиканын" лидери менен болгон жолугушууга Талас областынын бардык райондорунан келген беш миңге жакын адам катышты.
Жолугушуу партиянын лидерлеринин ипподромго аттарга минип кирип келиши менен коштолгон кооз көрүнүштөн башталды.
Эски бийликтен, эски чиновниктерден тажаган Талас эли бул жерге Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, жаңы муундагы саясатчылардын программалык сөздөрүн угуш үчүн келишкен.
Иш-чара башталаар алдында Өмүрбек Бабановдун демилгеси боюнча чогулгандар быйылкы жылдын апрель айында Бишкекте жана май-июнда Ош, Жалал-Абад шаарларында курман болгон мекендештерди эскеришти. "Республика" партиясынын лидери кыргыз эли эч убакта ач көз башкаруучуларга башын ийип бербестигин жана бийликтегилер менен карапайым калкка эки башка мамиле жасагандык, элдик байлыкты тартып алуучулукка моюн сунбастыгын кошумчалады. Өз сөзүндө ал ошондой эле Кыргызстандын эң негизги проблемасы катары коррупцияга малынган чиновниктерди айтты.
Белгилүү болгондой, "республикачылдардын" арасында өз билими, мээнети менен зор ийгиликтерге жетишип, ири компанияларды жетектеп, көптөгөн кыргызстандыктарды жумуш орду менен камсыз кылгандар арбын. Жумушсуздук, акыйкатсыз соттор, энергетика, кредитердин жогорку пайыздары - мунун бардыгы мамлекеттин алдында турган негизги проблемалар. Аларды мамлекеттик деңгээлде чечиш үчүн, Өмүрбек Бабановдун айтымында, ар бир кыргызстандыктын аң-сезимин өзгөртүү зарыл.
Республика боюнча 200 миңге жакын партия мүчөлөрү, эки миңден ашык партия бөлүмдөрү бар. Өмүрбек Бабанов бул сандарды "Республика" партиясынын өлкө боюнча колдоого алынып жаткандыгынын далили катары келтирди. "Республика" өлкөбүз келечекте гүлдөп-өнүгүүгө багытталган максаттарга жетишүүдө Кыргызстандын бүткүл элин бириктире алган негизги күч боло алды.
Ошондой эле жолугушууга катышкан партия лидерлери Актан Арым Кубат, Роза Акназарова, Замирбек Эсенамановдор өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча партиянын максаттары тууралуу айтып беришти.
Өз кезегинде, таластыктар Өмүрбек Бабановго жана "Республика" партиясына зор ийгиликтерди каалап, алдыга коюп жаткан ой-максаттарынын аткарылышына тилектештигин билдиришти.
Иш-чаранын соңунда Мирбек Атабеков, Омар, Ома жана башка кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусу менен концерт болуп өттү.
Ордолуу Ошто: "Түндүк- Түштүк деп бөлүнбөйбүз"
12-сентябрда "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы иш сапары менен Ош шаарына келди.
Таң эртеңден тарта Өмүрбек Бабанов, Актан Арым Кубат, Нурбек Алимбеков, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Чолпон Султанбекова, Аманылло Иминов, Юрий Низовский, Исхак Пирматов жана Бейшен Өскөмбаев ыйык жай -Сулайман-Тоого зыярат жасашты.
Партиялаштар жергиликтүү аксакалдар менен биргеликте ыйык тоонун түбүндө ата-бабаларга куран түшүрүп, таазим кылышты. Куран окулуп бүткөндөн кийин шаардын аксакалдары Өмүрбек Бабановго жана "Республика" саясий партиясынын башка талапкерлерине ак батасын беришти.
Партия лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочулар менен жолугуп, аларды "Республика" саясий партиясынын экономикалык программасы менен тааныштыргандан сырткары, шаардыктардын күндөлүк жашоосунда кездешкен көйгөйлөр туурасында маалымат алды.
Ал эми эртеси 13-сентябрда Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы иш сапарын Баткен областына караштуу Кадамжай районунда улантты.
Ушул эле күндүн экинчи жарымында Ош шаарынын борбордук стадионунда өлкөнүн түштүк аймагынан келген 20 000ден ашык адамдын катышуусунда шайлоочулар менен өткөн жолугушуу Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясынын лидерлеринин аттарга минип кол чабуулардын коштоосунда кирип келишинен башталды.
Өзүнүн кайрылуу сөзүн "Республиканын" лидери быйыл Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларындагы трагедиялуу окуяларда курман болгондорду эскерип, таазим этүүдөн баштады.
Жолугушууга келгендердин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Өмүрбек Бабанов партиянын шайлоо алдындагы программасы тууралуу, өлкөнүн азыркы таптагы негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө кеңири айтып берди. Өзгөчө басым 7 пайыздан жогору эмес деңгээлде айыл чарба кредиттерин берүү долбооруна жана ипотекалык программага жасалды.
Өмүрбек Бабановдун айтымында, партиянын алдына коюп жаткан негизги максаттардын бири болуп Түндүк-Түштүк проблемасын түп-тамыры менен жоюу.
Биздин партиянын катарында жаш да болсо бизнесте, саясатта, билим, медицина, маданият жана спортто өз эмгеги, мээнети менен зор ийгиликтерге жетише алган инсандар көп", - деп билдирди "Республиканын" лидери.
Шайлоочулардын атынан чыгып сөз сүйлөгөндөр "Республика" партиясынын программасын жана алдына коюп жаткан пландарын толук бойдон колдой турганын айтышты. Ноокат районунан келген ардактуу эс алуудагы аксакал А.Сатыбалдиев Өмүрбек Бабановго карапайым дыйкандар менен фермерлердин негизги көйгөйү болуп жаткан айыл чарба кредитинин үстөк пайызын төмөндөтө тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан бүгүнкү күндө Өмүрбек Бабанов жана "Республика" партиясынын башка өкүлдөрү сыяктуу жаш, акылдуу жана эр жүрөк лидерлерге муктаж болуп жаткандыгын айтып: "Мамлекеттин келечеги Силердин - жаш саясатчылардын колунда!" - деди.
Ошол эле күнү 13-сентябрда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана депутаттыкка талапкер Актан Арым Кубат Кызыл-Кыя шаарынын Төрөбай Кулатов атындагы стадионунда шаардын шайлоочулары менен жолугушту.
Кызыл-Кыя шаардык стадионуна 8 миңге жакын адам чогулуп, алардын басымдуу көпчүлүгүн жаштар түздү.
14-сентябрда партиянын лидерлери, депутаттыкка талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Актан Арым Кубат, Шаршенбек Абдыкеримов, Уланбек Жаанбаев, Алмазбек Баатырбеков, Самарбек Уметов жана Канатбек Исаев иш сапары менен Нарын областында болушту.
Эртең менен Өмүрбек Бабанов Ат-Башы районуна келип, Чеч-Дөбө ыйык тоосунан хан Кошой жана Алмамбет баатырдын арбактарына таазим этти.
Андан соң райондук акимчиликтин алдында Ат-Башы районунун шайлоочулары менен жолугушуу болуп өттү. Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө шайлоо алдындагы программа тууралуу жана "Республика" партиясы ишке ашыра турган кризиске каршы багытталган программанын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.
Жолугушууга келген атбашылыктардын атынан сөз алып сүйлөгөн Казыбек айылынын тургуну Сулайман Садыков, Өмүрбек Бабановго анын биринчи вице-премьер-министр болуп турган кезинде чечкиндүү жеке аракеттери аркылуу "Торугарт-Автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктун 60 километрге Кыргызстандын аймагына ичке карай жылдырууга жол бербей койгондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Партиянын лидери бул боюнча: "Өкмөттүн айрым мүчөлөрү ошондо Кытайдын бажысы 1000 километр ичинде турат деп айтышты. Кытайдын бажысы 1 000 эмес, 10 000 километр ичинде турса болот, бирок, биздин бажыбыз жана чек арабыз ордунда турушу керек, бир да метр жылбай. Кыргыздын бир да сантиметр жери кимдир бирөөгө өтпөшү керек ", - деди.
Жолугушууда ошондой эле "Республика" партиясынын Ат-Башыдан чыккан айрым мүчөлөрүнө сабак берип келген мектеп мугалими Тамара Ивашева сөз сүйлөп: "Мектепте окуп жүргөндө эле алар мыкты демилгелерди көтөрүп, жакшы иштерди жасоого умтулушчу. Мен аларга ишенем жана алдыдагы шайлоодо сөзсүз колдойм!",-деди ал.








кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0918_2.htm on line 58