ГРИМДҮЙНӨ
Асел Жунушова
Эки курбу. Биринин ийгилигине бири сүйүнүп турушат. Экөө тең тың кыздардан. Асел "Ак Марал" бий тобунда тарбияланган бийчи, учурда моделдерди даярдаган "Элдик модель" деген аталыштагы моделдик агенттикте бийден сабак берип, ал жердеги кыздарга өзүн-өзү кантип түз алып жүрүү (подиумда) керектигин үйрөтөт. Былтыркы "Мисс Бишкек-2009" сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү, т. а. "Вице-мисс Бишкек-2009" болуп, экинчи орунга татыган. Ал эми Залина да "тар чөйрөдөгү" модель анан да чет өлкөлүк белгилүү инсандар баш бакмайынча кетпеген "love" барында администратор. Анда кеп кезегин кыздардын өзүнө берсек.


"Амбиция болсо адам өзүн көрсөтөт"

Мен бийчи болсом деп кичинемен эле кыялданчумун. Болгондо да бутунун учу менен бийлеген балерина болгум келчү. Ошондо эле бийге катышканга атам "врач болосуң" деп уруксат бербей койгон болчу. Мектепти аяктаганда да атам "ойлон" деди. Мен бир жылга чукул ойлонуп жүрдүм. Ошол күндөрдүн биринде "Мамлекеттик филармонияга ансамблге бийчи кыздар талап кылынат" деген кулактандырууну апам айтып келди. Түз эле жөнөдүм. Барсам, жыбыраган 30-40дай кыздар, "ии, өтпөй калсам даана шагым сынат" деп коркуп атам. Комиссияга бар талантымды көрсөттүм. Аягында баягы кыздардын арасынан экөө өтүп, бирөө өзүм болдум. Жумушка дароо алышты. Эртеси эле эмгек баракчамды көтөрө келүүмдү айтышты. Ошондо тимеле өзүмдү чоң киши сезгенимди кантейин. Ошентип каалаганыма жеттим. Бирок, ЖОЖдо билим алыш керектигин, диплом эч качан ашыкча болбостугун эске алып, КУУнун экономика факультетине сырттан тапшырып койдум. Ошентип "Ак Марал" бий ансамблинде сонун- сонун күндөр башталды. Ошол жылдар аралыгында ансамблдин арты менен көптөгөн чет мамлекетти көрдүм. Атай кетсем:Германия, Корея, Кытай, Турция ж.б. Андан соң ошол эле филармониянын алдында түзүлгөн "Камбаркан" тобунда да бийлеп жүрдүм. Ошентип, бий менен алектенип жүргөнүмө быйыл жети жыл болот.


Негизи ар бир кызда амбиция болсо, өзүн көрсөтсө болот экенине ишендим. Өзүмдү бий чөйрөсүнөн башка да тармакта көрсөткүм келип, башка үчүн болбосо да өзүм үчүн ачылыш жасагым келди. " Мисс Бишкек -2009" деген сулуулар конкурсу өткөн жатканын курбум аркылуу уктум да, барам дедим. Ошентип ал кастингден да өттүм. Даярданып барып жүргөндө тааныштарыма "басканды үйрөтүп жатат" десем, "бийчи болуп алып басканды билчү эмес белең?" дешет. Мен өзүм деле билем деп ойлочумун, көрсө, ал аздык кылыптыр. Сынак шаардык мэриянын демөөрчүлүгү алдында өттү. Катышуучулар болгон аракетти кылдык. Бирок, чынын айтсам мен өзүмдү ичимден " башкысы жеңүү эмес, катышуу" деп сооротуп жаткам. "Вице -Мисс Бишкек-2009" деп, фамилиямды угузканда ишеналбай турдум. Ошондон кийин мага моделдик тармактан да жол ачылды. "Лаки" моделдик агенттиги кыздарга "бий үйрөт"деген сунушун киргизишти. Аларга бийден тышкары, "постановка" жана "дефиле" боюнча да билгенимди үйрөтүп иштедим. А учурда "Элдик модель" деген агенттикте иштеп атам. Ал жакта 90-60-90 деген критерий жок. Жада калса жашыңа, үй-бүлөлүк абалыңа да карабайт. Мындайча айтканда ар бир аялзатына мүмкүнчүлүктү ченебей берген. Ошондо да ар бир кыздан кандайдыр бир "изюминкасы" табылат. Бул агенттиктин башкы офиси Алматы-да жайгашкан. Ошон-дуктан сынак Алматы шаарында өтөт. Жакында да Алматы шаардык мэриясынын демөөрчүлүгү менен баш байгеге бир квартира коюлуп, өткөнү турат.


Канча жерге барып, канча кызды көрбөдүм, бирок кыргыздан чыккан Таттыбүбү Турсунбаевадай аялзатын кезиктире албадым. Ага керек болсо, "Сулуулуктун эталону"- деп жүрүшкөн Софи Лорен да, Мерилин Монро да жетпейт. Таттыбүбү Турсунбаева атам менен Ташкентте бирге окуптур. Экөө жердеш да экен. Атам Абдрасул Жунушов драматургия бөлүмүндө окуса, Таттыбүбү Турсунбаева актерлук бөлүмүндө. Ошондогу студенттер чогулуп, бирге түшкөн сүрөттөрү үйдө толтура.


Залина Аманкулова
"Мен подиумга тааныштарыма эле чыгам"

Мен да негедир Таттыбүбү Турсунбае-ваны жактырам. Моюну узун, өзүнчө эле ак куунукундай го. Ал эми азыркы замандын талабына ылайык кийинип, өзүн тыкан алып жүргөн саркеч айым деп "Ала-Тоо" маалымат программасын алпарган Гүлжан Кулмамбетовага баа берем. Бирок, сулуулукту сырткы көрүнүш менен эле чектеп койбош керек. Адамдын сулуулугу жан-дүйнөсүндө, анан жылдызында. Мисалы, кээ бир супсулуу кыздар бар, сүйлөшкөндөн беш мүнөт өтпөй качасың. А кээ бир адам сулуу болбосо да кандайдыр бир күч ага тартып турат. "Жылдызы келишип" деп ошондон улам айтылса керек. Мен Асел менен тимеле кичинемден бери ээрчишип жүргөн достордон эмеспиз. Экөөбүз бир жерден таанышканбыз. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишти. Азыр убакыт болсо эле ушакташмайга өтөбүз (күлүп). Быйыл ээрчишип алып көлгө да барып келдик. Биз барганда көл да бизге окшоп сумсайып, толкун жиреп тосуп алды. Ошол учурда экөөбүздүн тең жан-дүйнөбүз ошондой акыбалда болчу. Балким, маанайыбыз жакшы болсо дискотекага кирип, караоке ырдап, жыргап эс алып келмек белек, негедир антпедик. Жөн эле тынчтыкта, көлгө түшүп, кумга оонап кайттык.


Өзүм жөнүндө айтсам: Мен кичирээк чакта азыркыдай жайнаган агенттик жок болчу. Бирок, модель болгум келчү. Ага, үйдөгүлөр караманча каршы болушту. Профессионал боло алган жокмун, бирок менин стилист, модель досторум көп болду. Аларга аралашып, алар уюштурган ар кандай кечелерде подиумга чыгып жүрдүм. Азыр деле ошондой. Жакында эле Жылдыз деген стилист тааныш кызымдын эки жолу катары менен өткөн "Чач жасалга жана бодиарт" боюнча көргөзгөн чеберчилигине катыштым. Мындайча айтканда тааныштарыма чыгам дебейминби (күлүп). Бир-эки жолу клипке чакырышып, тартылгам. Учурда "love" барында администратор болуп иштейм. Чыгармачылыктагы адамдар менен да көпчүлүгү ушул жерден таанышкам. Ырчылар көбүнесе ырларынын клибинин бет ачаарын ушул жерден өткөрүшөт. Чет элден келген атактуулар да биздин барга келип, эсалышат. Алардын айрымдарын атай кетсем: Казакстандан келген ""All Dавай!!!" тобу, актер Марк Дакаскос ж.б. киришкен.

Эльмира Мадиева