"Лозунг"-сериал: сандан санга

Нургүл БЕЙШЕН
Президенттин ойношу
Бирок кыздын оймоктой ооздору, керемет көздөрү аны өзүнө тартып турду. Канчалык ит кыялын көрсөткөн сайын кызды ошончолук каалап баратты. Колундагы бокалдан шампанды шашпай ууртап-татып, Капар Алиевич таттуу кыялдарга берилип алды. Мындай кыз төшөктө да укмуш болуш керек...
Каалоосу күчөп бараткандыктан, Капар Алиевич кыздын башка кылыктарын эстен чыгарып, аны менен жалгыз калууну эңседи. Бирге өткөргөн керемет түндөн кийин кандай гана аял болбосун, баштагыдай ыргыштап так секирбей эркектин ою менен болуп калаары бышык.
- Бокалыңыз бошоп калыптыр. Дагы бир аз шампан куйсам каршы эмессизби?
Турдукан жооп бергиче шампан көтөргөн официант жетип келип, көбүрүп-жабырган ичимдиктен бокалга толтура куйа салды. Капар Алиевич болсо кызды көз ирмемге тигиле карап койду эле, кайрадан бүткөн бою дүркүрөп, капилеттен кандайдыр бир күч денесин ысытып жибергенсиди. Башы айланып, көздөрү караңгылай түштү...
"Эмне болуп атам? Мисирейген бул киши мага кымындай да жаккан жок! Анан эмне болду? Шампандан көбүрөөк ичип алдымбы? Ошондой го, сыягы... Деги абайлайынчы, кызып калып таза шерменде болбоюн... Ансыз деле жеткен келесоо кыз экен деп жаткандыр".
- Менимче, мага көп ичүүгө болбойт, - деп Турдукан акырын баш тартты. Жанындагы эркек албырган бетин байкабайттыр деп ойлоду, - Спирт ичимдигин анча жактырбайм.
- Демек, ичпеген соң сизде бир себеп бар экен да... Кызык, ал кандай себеп болду экен?
Анын үнү ушунчалык жагымдуу, эркелеткендей угулгандыктан, Турдукан бара-бара анын терс жактарын унута баштады. Жооп кылып кандайдыр бир орой сөз айтайын десе ылайыгы келбеди, үнү бүтүп, оозу кургап чыкты.
- Турдукан, Сиз өзүңүздү жакшы сезип турасызбы?
Капар Алиевич жакындап чыканагынан коомай эле кармагандай болгон. Бирок анын алаканы тийген жери алоолонуп күйүп баратты, тим эле темирди кызытып туруп эн баскандай болду. "Мага эмне болду? Эмеле бу кишини жек көрүп атпадым беле? А бирок анын колу акырын тийсе эле, бүткөн боюм дүркүрөп, жандүйнөм балкып баратат да. Шумдугуң кургур.." деп акылы жетпей аң-таң.
- Баары жайында. Болгону бир аз... салкындай түшкөнсүдүбү?..
- Салкын? - Президент кашын серпий таңгала карады. Ресторандын ичи үп болуп турган. Турдукандын эки бети тамылжып, анардан бетер кыпкызыл болуп баратат. Демек, экөөнүн тең каалоосу бир болгонсуйт. Бул маселени чечүүнүн бир эле жолу бар.
- Бүгүн үйүңүзгө кантип жетейин деген оюңуз бар? - деп Президент акырын сурады. Кыз аны кооптоно жалт карады:
- Үйүмөбү? - "Кудайым ай, оозума келгенди оттобосом экен. Эмне деп эле дабдырап атам бу байкеге?" деп ойлоп кетти да, өзүн колго алууга аракет кылды. "Чын эле мени үйүмө жеткизгиси келип жатабы?" - Билбейм, Атырдын досторунун бирин суранам да, же такси чакырам...
- Мен сизге бир башкача сунуш кылайын дегем, - Капар Алиевич дагы жакындап, Турдуканды эркелеткендей колунун учу менен акырын ээгинен өйдө көтөрдү. Кыздын денеси майда ток ургандай "дүрр" дей түштү. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй туйлап-туйлап алды. Көз ирмемге айланадагынын баары айланкөчөк түшүп, бул дүйнөдө эч ким жок, экөө эле калгансыйт, - Жакын жерде жакшы мейманкана бар... Мүмкүн... ошол мейманканада калып, бул түндү чогуу өткөрсөк кандай дейсиз?
- Эмне-е? Чын элеби? - Турдукан оозун араң кыбыратты. "Балекет баскы-ыр, бу киши ушинтип бир ооз сөзү менен эле ээритип салабы? Бир көргөн кишини мейманканага жүр дегени эмнеси? Же оройлугум үчүн менден ушундайча өч алгысы келип жатабы?"
Кыз Президент кармаган колун акырын бошотту.
- Мени таптакыр эле макоо деп ойлойсузбу? Мени эмне сиз жайган торго оңой эле түшөт деп турасызбы? Капар Алиевич, бул эмне дегениңиз? Же эмне башкаларчылап алдыңызда бөжөңдөп баш ийип, белимди бүкпөгөнүм үчүн мени жазалайын дедиңизби?
Капар Алиевич каткырып жиберди. Оюна келбеген нерсени айтып жатканына күлкүсү келди.
- Сиз абдан жаңылышасыз. Бул оюн эмес, сизди кемсинтейин же жүгүнтөйүн деген оюм да жок. Мен чын эле сиз менен өзүнчө отуруп сүйлөшөйүн дегем. Сизди ушунчалык жактырып калдым.
Турдукандын эки бети ого бетер тамылжый түштү, уялганынан маңдайында турган келишимдүү эркектин көздөрүнө тике карай албай жер тиктеп мелтирейт. Колдорун кайда катаарын билбей саамай чачын улам кулагына кыстарды. Анткен сайын Капар Алиевичтин каалоосу күчөп баратты. Алаканы менен кыздын бетин аяр сылап:
- Жүрүңүз, эч ким байкабай турганда.., - деди да, өзүн жоготкон кызды акырын белинен сүйөп, сыртка алып чыгып кетти...






Жанкумар


Көп жыл өтсө да ошол күнкү жолугушууну унутпадым. Ал жолугушуу биринчи жана акыркы болорун билбептирмин. Машинанын арткы орундугунда сени менен жанаша олтуруп бир аз мүнөттө эле кумарга батып бараттым. Демиң демимди сезгендей азгырык көздөрүң менен жылмая тиктедиң. Экөөбүз тең бири бирибизди айттырбай түшүндүк. Сапарыбыз алыс болчу. Ичимден дагы да алыс болсо экен деп тиледим. Жол боюндагы ашканага токтоп, айдоочу бир аз эс алып алайын деп катуу уктап кеткенде, сен дароо мени жетелеп өзүнчө бөлмөгө алып кирдиң. Токтоосуз эринимден өөп, кош колуң кош алмамды эзгилей баштаганда көзүм тунарып эсим ооп баратты. Этегимди кайрып, ич кийимимди шыпырып аялуу жеримди караганыңда көздөрүң кадимкидей күйүп турду. Бир саамга көздөр жайнап тиктешип турдук. Анан бүт денем эригенсип сен берген жыргалды сезип жаттым. Апаладым, акышым салып жыргадым, ар жолкусунда эстен танып дагы, дагы деп жадабай кайталаганымды гана билем. Андан бери көп мезгил өттү. Бирок бир да эркек сенчелик бийик кумарга жеткирбеди

Аңгидоттор


Айылыңар кичине экен
Көптөн бери көрүшпөгөн эки дос жолугуп калат.
- Мен үйлөнгөнү жатам,-дейт бири
- Кимге?
- Акенгүлгө
- Акыл-эсиң ордундабы, аны менен биздин айылда жатпаган адам калган жок.
Бир топтон кийин экөө кайра жолугат.
- Үйлөндүм, досум, болгондо да Акенгүлгө.
- Келесоо, айтпадым беле, айылдагы эркектердин баарына тийип чыккан деп?
- Койсоңчу, досум, айылыңарды көрдүм, он-онбештей түтүн жашайт экен. Анүстүнө жарамдуу эркек деле калбаптыр.
Айымдардын маегинен
- Өлө каалайт, бирок жарабаган эркекти эмне дейт?
- Импотент.
- Жарайт, бирок каалабаган эркектичи?
- Битин сыккан сволуч.
Тилден калды
- Доктор, менин күйөөм толук 150 пайызга импотент болуп калды. Эми кандай айла кылса болот?
- Кандайча 150 пайыз?
- Кечээ анын тили да иштебей калды.
Антип жатууга мүмкүн эмес
Аял төрөтканада толгоосу келбей ары оонап, бери оонап аябай кыйналып жатат.
- Сабыр кылыңыз,-дейт врач, эң баштагы калыбыңызда жатып көрүңүзчү?
- Кантип?.. Ал мүмкүн эмес, анда мен машинанын ичинде элем, эки бутум терезеден ойку-кайкы болуп чыгып бараткан.

Кыз болуп алуу бир паста
Жаш кыз гинекологго келип:
- Доктор, күйөөгө тийип жатам, мени тезинен кыз кылып салыңыз...
Врач кыздын өтүнүчүн орундатат. Бир ай өткөндөн кийин тиги кыз докторго кайра келип:
- Рахмат, доктор, күйөөм эч нерсени байкаган жок. Ал эми тиягымдан аккан кан просто шорголоп кетип жеңелери эч нерсе байкабады. Ошончо шүмшүк болсо да биле албай коюшту. Ал эми күйөөм сеники аябай тар экен, бул жагымды да жаралап таштады, просто укмуш,-деп кубанычы коюнуна батпайт.Бул сизге ыраазычылык үчүн,-деп бир торт менен 100 долларды врачтын алдына коет.
- Жакшы, -дейт врач,- эми столго жат, кыныңдагы лезвияны алып салайын.
Баарынан акча кызык
- Аялдар алиги учурунда төбөнү карап эмне үчүн ойлуу жатат?
- Канча берет экен деп.
Кесибиңди улант
Гинеколог врачтын столуна капысынан бир эркек келип жата кетет. Анда врач:
- Ой сизге эмне болду, бул жер аялдар үчүн?..
- Билем, алар менен эмне иш кылганыңарды, ошол кесибиңди уланта бер...
Башка жерде да чечиндирет
Аял гинекологго келип:
- Түрсүгүм сизде калбаптырбы?
- Жок,-дейт. гинеколог. Бирок бир аздан кийин жанагы аялды коридордон көрүп, түрсүгүңдү таптыңбы? деп сурайт.
- Таптым байке, стаматологдо калган экен.
Эрот Ака